НЕСИН Азиз: Маанилүү тапшырма (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Ал күнү эртең менен шеф саясый полициянын чиновнигине төмөндөгүдөй буйрук берди:

– Чжан, мен сага маанилүү тапшырма берем. Көзүңдү кара! Бул сен үчүн кызматка киргенден берки тапшырылган эң сыймыктуу тапшырма. Алибетте, аны аткара алсаң.

Чжан, эскирген батинкесинин башын карап, уялыңкы сурады:

– Мырза башчы, сыйлык берилеби?

– Алибетте, эгер ийгиликтүү аткарсаң. Үч миң юан аласың. Кулагыңды тазалап жакшылап ук.

Саясый полициянын башчысы тапшырманы түшүндүрүп жатты, бирок Чжан эч нерсе түшүнгөн жок. Анын башынан үч миң юан кетпей койду. Үч миң юан көп эле акча сыяктанат, бирок базарда андай акча менен көп деле жүрө албайсың.

– Сен америкалык адистердин жашыруун окуусунан өткөнсүң да ээ? – деп сурады шеф.

– Эмне дейсиз? – жакшы укпай кайра сурады, оюнун баары үч миң юан ээлеп алган Чжан.

– Америкалык адистерден дейм, –  кайталады шеф.

– А-а-а, ооба, ооба… Эң жогорку бааларга окугам.

– Анда сага ишенсе болот экен. Чжан көңүл коюп жакшылап ук. Сен эч ким тааныбагандай эски-уску кийим кийип, тиги Чань Ань-цзе көчөдөгү күлгүн түстүү имараттын астына туруп алып кайыр сурайсың. Түшүндүңбү? Эртеден кечке чейин ошол жерде турасың.

– Түшүндүм, шеф. Мага ал анчалык деле кыйын эмес.

– Кирип чыккандардын баарын эсиңе сактап, ар бир кечте мага жазуу түрүндө кабар берип турасың.

– Айтканыңыз аткарылат, шеф.

Чжан кебетесин ушунчалык өзгөрттү, аны көптөн бери тааныган тааныштары деле: “Бул адам туулганда эле кайырчы болуп туулса керек”, – деп ойлошмок. Бүткүл Кытай боюнча андан жакшы кайырчы жок болучу.

Биринчи күнү кайыр сурай баштаган Чжандын жанына келген шеф, ага көз жүгүртүп, алдына жайылган кол жоолукка майда тыйын ыргытты да, мындай деди:

– Куттуктайм, Чжан. Эгерде сени өзүм жибербесем такыр таанымак эмесмин.

Биринчи эле күнү, ал алдына чогулган акчаларды чогултканга араң үлгүрүп жатты. Өз тапшырмасын аткарышка убактысы да калган жок. Көрсө бул жакыр өлкөдө, бирөөнүн кайгысынана кайдыгер карабаган, боорукер адамдар көп экен!

Ал көчөнүн кесилишине жүз аарчысын астына жайып олтурар замат, анын бетинде акчалар пайда боло баштачу болду.

Чжан таң калды. Үч күн ордунан жылбай олтуруп, ал полицияда күнү-түнү жүгүрүп жүрүп, бир айда тапкан акчадан көп акча таап алыптыр.

Экинчи жуманын бир күнүндө Чжан так кулагынын түбүнөн ышкырып чыккан үндү укту:

– Чжан, сен ушул күнгө чейин бир дагы кабар жиберген жоксуң!

Кайырчы чочуп кетип башын өйдө көтөрсө шеф туруптур:

– Кудай үчүн… Эртең кечинде барам… Боорукер мырза, аяп коюңуз… Жазуу түрүндө берем, шеф… бактысыз адамга кайрымдуулук кылып коюңуз, бир аз акчаңызды таалайсыз адамдан аябаңыз…

Эч нерседен шек албаган адамдар кайыр садакасын таштап кетип жатышты.

Шеф шыбырады:

– Эртең кел!

Чжан бир айча кайыр сурады. Ал бул ишти баштап жатып, мынчалык көп акча чогулат деп ойлогон да эмес. Анын үстүнө эч күч коротпойсуң. Негизгиси, ал эч кимге баш ийбей, эркин болчу. Кааласаң ишке чык, каалабасаң жатып ал. Ал бир чечимге келди да, эртең менен шефинин маңдайында турду.

– Көпкө келбей жүрүп, келип калганыңа караганда жакшы кабарың бар сыяктуу?

– Ооба, – дейт анда Чжан, – мына менин арызым! Шеф баракты алып окуганда аны сары өңү, күрүчтөй аппак боло түштү. Чжан иштен бошотууну суранып арыз жазыптыр.

– Сага жин тийгенби, Чжан? Сенин пенсияга чыга турган убагыңа аз калбадыбы? Ушунча жыл иштеген кызматыңа түкүрүп саласыңбы?

– Түкүрдүм, – деп жооп берди Чжан.

– Сендей тажырыйбалуу кызматчы…

– Мейли…

Шеф Чжандын ийнине колун коюду. Көп жылдан бери саясый полицияда иштеп кандым болгон көз карашы менен Чжандын каректерине тигилип, анын түпкүрдө катып чыгарбай жаткан сырын аччуудай үңүлө карап жатты…

– Чжан, сен менин көзүмдү оңой эле будамайлай албайсың, бул жерде менден жашырган бир нерсең бар….

Чжан шефинен чочулап, бир карап алды да, чөнтөгүнөн эки бүктөлгөн дептерди алып чыгып, анда жазылган күндө чогулган акчанын суммасын көргөздү:

– Бул акчаны сиз болбосоңуз чогулта алмак эмесмин, ошондуктан сизге ачыгын айтып жатам, башка эч бир адамга көрсөтпөйт болчумун.  Сизден суранарым – башка кызматчыларыңызга бул жөнүндө ооз ачпаңыз.

Шеф Чжанга ыраазы боло карады да мындай деди:

– Кадырың жам болсун! Сен да бул жөнүндө эч кимге айтпа… Бул сырды экөөбүз эле билелик. Мен дагы бир элдүү жерден орун таап, сендей болуп, жүз аарчымды жайып олтурууну чечтим.

Которгон Абийрбек Абыкаев