НЕСИН Азиз: Рыфат-бейдин эти эмнеден кычышты? (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

– Алло! Алло!.. Рыфат-бей! Салам досум! Көрүнбөй кайда жоголуп жүрөсүң? Канча күндөн бери дайының чыкпайт!

– Кемал-бей, бул сенсиңби, кымбаттум! Ах, Кемал-бей…

– Мен сени губернатордун кабыл алуусунда көрбөй, аябай тынсыздандым. Кечкисин да дайының чыкпай калды. Сен жок карта ойногондой болбой жатабыз…Ушунча убакыт кантип жашырынып жүрөсүң дейм да…

– Айтпа, айтпа… А ден-соолук жөнүндө сурабай эле кой!

– Эмне болуп кетти?

– Оорулуумун, оорулуумун…

– Вах! Дарыланыш керек, кымбаттуу эфендим! Сен мени аябай капалантып койдуң! А эмне болгон оору экен?

– Бөрү жатыш сыяктуу бир оору жабышты.

– Эмне дейсиң?

– Бөрү жатыш…

– Бөрү жатыш дейсиңби?..

– Кыскасы, этим кычышып жатат… Күнү-түнү тырманып чыкчу болдум…

– Ошондойбу? Вах, вах!.. Кайсы жериң кычышып жатат?

– Бардыгы! Кычышпаган жерим жок!..

– Аллах, Аллах! Ошону бөрү жатыш деп коюшат бекен?

– Ооба, доктурлар ошондой дешти.

– Ал эмнеден болот экен, кымбаттум! Эмне себептен кычышат экен?

– Ой, өзүм да билбейм. Жана фарш салынган үндүк бышырышыптыр, укмуш даамдуу болуптур. Ошондон кызыгып үч чоң жилигин жеп койдум эле. Сен кандай ойлойсуң, ошондон эмеспи ыя?

– Койчу эй, эфендим! Үч жилик үндүктүн этинен жаман эч нерсе болбойт, андай боло турган болсо мен жыл бою бөрү жатыш болуп жүрмөкмүн. Мен бир жегенде эле андай фарш салынган бир үндүктү жеп салам, эч нерсе болбой эле жүрөм го?

– Эч жериң кычышпайбы?..

– Кенедей да …

– Мен анын бөйрөктөрүн да жеп алдым эле…

– Кайсы бөйрөктү?

– Куурулган…

– Куурулган бөйрөкпү? Куурулган бөйрөк котур кылганын кайдан уктуң эле? Андан башка бир деме жеп жүрбө?

– Азыр эсимде да жок… Адегенде табитимди ачабы деп айран кошулган бадыраң салатын жегендей болгом, анын чесногу көбүрөөк болчу.

– Жок, кымбаттум, чеснок уктатат, бирок котур кылбайт.

– Кайдагы уйку! Этиң жаныңды жеп кычышып атса… Аллах ушундай ооруну эч кимге бербей эле койсун! Халвадан болбойбу? Тамактан кийин десертке беришкен…

– Аш болсун!

– Ал го аш болду! Бирок денем жыш кызарып жатпайбы…

– Кымбаттум, аны халвадан көрбө! Кечээ кечинде мен бир табак халва жегем, денемде бармак басымдай да кызыл так жок!.. Башкадан болуш керек…

– Ошондойбу… Анда эмне болуп кетти? Кечки тамакка майонез салынган окунь балыгын жедим эле же ошондонбу!

– Ал мүмкүн эмес! Майонез кошулган окунь ден-соолукка зыяны тийбестиги эчак эле аныкталган…

– Мен экини катары менен жегем да!

– Мага десе жыйырма болсун! Мейли, бардыгы майонезке чылансын. Эх, майонез кошулган окунду канча болсо да жей бермекмин!

– Шашпа, мен айыгайын, буюрса жейбиз…

– Кудайым бергенди унутпасын, сен батыраак айыгып кет! Демек, эмнеден кычышып жатканын дагы эле таба элек турбайсыңбы?

– Уксаң, балким, таттуу токочтон болуп жүрбөсүн? Каймакка малып жедим эле…

– Шумдукту айтпачы, Рыфат-бей! Андан болсо мен теримди илгери эле сыйыртып салмакмын!

– Бирок мен төрт кашык буйволдун накта каймагынан малып жегем…

– Каймактын бул жерде тиешеси жок! Ошондон кантип кычышсын?

– Анан эмнеден деп ойлойсуң?

– Себебин башкадан изде!

– О кудай! Мен котурдун порошогун жеген жокмун го…Ооба, бир нече банан, бир аз кокос жаңгагын жедим. Дагы…

– Канча жаңгак жедиң эле?

– Ах, кандай айтсам. Менимче, аз эле, бир жарым жаңгак…

– Кокос жаңгагы негизи дарылыгы бар, андан зыян болбошу керек. Пайдалуу жемиш…

– Анан эмнеден болду?

– Балким, догдурлар жаңылып жүрүшпөсүн, сеники бөрү жатыш эместир…

– Жаңылса жаңылышкандыр, бирок кычышып атпайбы…

– Эми ким билет, балким башка бирдемедир!..

– А эмне?

– Эми, такыр эле бөлөк нерсе!

– Ох, эстедим, жатарда туздалган миндаль менен куурулган фисташка жеген элем… Ошол каргыш алгырлардан болуп жүрбөсүн…

– Жоок… Мен деле төшөккө жатканда аларды чайнап жатам.

– Кычыштырбайбы, анан?

– Жок… Миндаль, жаңгак дегендер – кубат берет…

– Дайыма жатар алдында бир стакан сүт ичем, а кечээ экини ичкем, балким ошого ууландымбы…

– Сүт – бул ден-соолук, Рыфат-бей… сүт тескерисинче, котурду жок кылбайбы…

– А эртең менен эки жумуртканы сүткө салып, чайкап ичкем, кандай ойлойсуң, ошондон эмеспи?..

– Андай болсо, мен отуз жылдан бери тырманып жүрмөкмүн…

– А кычышардын мурдакы күнү кечинде, кара икраны сары майга кошуп, швецария сыры беле же башка сыр беле эсимде жок, көбүрөөк жеп алган окшойм…

– Канча жесең да, икрадан эч нерсе болбойсуң…

– Эмне кылыш керек? Айлам кетти…

– Дагы эстеп көрчү, башка эмне жедиң эле?

– Дагыбы, дагы!!! Кечээ эмне жегеним эсиме келбей атат. Бул жумада эмнелер гана болбоду! Анын баары башыңа да батпайт. Фарш салынган жашылчалар болгон… Куурулган козу этине кошуп берип атышкан…

– Кайсы жашылчалар эле?

– Зайтун майына бышырылган баклажан… жакшы көрүп, алты-жетини жеп  алгам.

– Зайтун майы мененби?

– Ооба…

– Анда эч нерсе эмес, ал жеңил, бат эле сиңип кетет. Дагы эмне жедиң эле?

– Андан кийин бир аз кашар сыры менен бышырылган макарон жедим…Уксаң, балким балээнин баары уксуста болуп жүрбөсүн?

– Уксус ичтиң беле?

– Жок ай… Салатка кошуптур болчу…

– Жок, андан эмес. Уксус тамакты сиңирет…

– Салатта ачуу калемпир да бар болучу… Артынан минерал суу ичип койгом…

– Так, дагы эстеп көр, дасторкондо башка эмне бар эле…

– Эмне бар эле?! Эмне бар эле? Жок, башка эч нерсе ичкен да жокмун, жеген да эмесмин… Виски ичкем, анан зарына болуп, ашказаным кыжылдап чыкканынан бир кашык сода  ичтим… Да-а-а-а,  ресторанда бир таанышым менен шишкебек жегем, ал жерден дагы эт менен токоч жедим… Андан кийин эттүү палоо жегеним эске түшүп атат… Горчицаны көп жегендей  болгом… Этти горчица менен жегенди жакшы көрөм. Баса, андан кийин пирожки жегем, кызык балким ошондондур? Скумбрия менен жасалган салатты да ошондо жедим окшойт. Скумбриядан болбойбу я?

– Андан деле болбойт…

– А буурчак сорподончу? Жакында буурчак сорпо ичким келгенин аялыма айтсам, ал ысыкта ичпей эле койбойсуңбу дегенине болбой бышыртып ичкем. Сонун сорпо болуптур…

– А эмне, көп ичтиң беле?

– Жоок, эки табак эле…

– А доктур, эмнеден экенин айткан жокпу?

– Мен ага сага айткандын баарын айттым, ал тамактан эмес дегендей кылды. Балким, туздалган тамактардан болуп жүрбөсүн?

– Кайсы туздалган тамак?

– Эми ар кандай… Мисалы, кантка малынган миндаль?..

– Кантка малынган миндалдан котур чыкса, анда болгон кондитер ишканалары жабылмак…

– Анан мага кайдагы бөрү жатыш жабышты?

– Жакшылап ойлон, балким жеген нерселериңдин бардыгын эстей албай жаткандырсың?

– Андай деле көп тамак жей албайм. Өзүң билесиң да, табитим жок… Тамагым сиңбей калганда айран ичем. Жакшы жардам берет.

– Кымбаттуум, сен акыркы күндөрү нан жедиң беле?

– Нан?

– Ооба, нан…

– Эмне нан?

– Жөнөкөй эле жапкан нан…

– Ооба, жарым кесим жегем.

– Эми түшүнүктүү… Жөнөкөй нан бардык эле адамдарга жага бербейт.  Ага көнүш керек. Жарты эле кесим жегениңе Аллахка алкыш айт, бир бүтүн же андан да көп жесең ошондо көрмөксүң көргүлүктү. Көрүнгөн дубалга сөйкөнүп жүрмөксүң кырчаңгы болгон аттай болуп…Бардыгы түшүнүктүү, Рыфат-бей… Эми дарылан, тезирээк айыгып чык!

– Рахмат, кымбаттум!

– Дагы чалып турам. Көрүшкөнчө.

– Сени да кудайым сактасын, менин кымбаттум.

Которгон Абийрбек Абыкаев