НЕСИН Азиз: Сиздин өлкөдө эшек жокпу? (аңгеме, которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ

Тиши ооруп жаткандай бир колу менен бетин басып алып, башын оңго-солго чайкай кирип келди да:
— Тфу! Уят болдук, уят эле болдук… – дей берди.
Болбосо өзү маданияттуу адам. Эшиктен кирип кирбей, саламдашууну унутуп, “Тфу! Уят болдук” – деп кажанганына таң кала түштүм.
— Кош келдиңиз, — дедим, — өтүңүз… Отуруңуз кичи пейилдикке…
— Уят болдук, уят…
— Кандайсыз?
— Дагы кандай болмок элек, эми кандай болорубуз калды дейсиңби, уят болдук мына… Тфууй!…
Каргашалуу окуяга туш болгонго дедим, балким үй-бүлөсүнө байланыштуу болуп жүрбөсүн.
— Жердин түбүнө түшүп кетели, баркыбыз эки тыйын болду, эки тыйын.
— Эмнеге, эмне болуп?..
— Дагы эмне болсун, бир карыган котур эшекти эки миң беш жүз лирага саттык.
Артка кетенчиктей калып, жакшылап жүзүн карадым: Акылдан азып баратканбы? Коркконумду жашырбайм. Аялымды чакырууга шылтоо болсун деп:
— Кофе ичесизби? – дедим.
— Коё турчу кофеңди, — деди, — уят болдук… Бир дагы такасы жок картаң эшек эки миң беш жүз лира болчу беле?
— Эч качан эшек алып же сатып көрбөгөнүм үчүн кайдан билейин…
— Мен дагы эшек соодагери эмесмин, бирок эшектин эки миң беш жүз лира болбосун билем…
— Жиниңиз келип калган го сиздин?
— Келди… Менин жиним келбегенде кимдин жини келет? Сиз эки миң беш жүз лирага бааланган эшек көрдүңүз беле?
— Жыйырма жылдан ашып калды, эшек көрө элегиме…
— Мен сизден эшек эки миң беш жүз лира болобу же болбойбу деп сурап атам.
— Эмне дейин, билбейм… Өнөрлүү эшек болсо, балким ошончо болоттур…
— Кайдагы өнөр, эшек да бул… Акыл айтмак беле элге… Кадимки ЭШЕК… Анысы аз келгенсип карыган, анан да котур… Эки миң беш жүз лирага сатышты. Эң жаманы эмне дебейсизби, бул соодага мен дагы катыштым.
— Ааа… Кандайча болуп кетти бул иш?
— Мен дагы ошону айтып берүүгө келдим… Стамбул университетине Американын коногу катары аялым экөөбүз барбадык беле… Билесиз да, Америкада бир жыл жашап келгенбиз.
— Билем.
— Америкадан бир профессор менен тааныштык, дос болдук… Мага көп жардам берди. Жакшылыгын аяган жок. Түркияга кайткандан кийин дагы кат алышып турчубуз. Түрктөрдүн досу, бизди жакшы көрөт. Бир катында жакын досу Түркияга келе турганын, антикалык килемдер боюнча адис экенин, килем тууралуу даярдап жүргөн китеби үчүн Түркиядан изилдөө жүргүзөрүн жазып калды. Жардам берер бербесимди сурады.
Мен дагы килем боюнча адис досу университет каникулга тараганда келер болсо, кубануу менен тосуп алып, колумдан келген жардамды көрсөтөрүмдү жооп кылып жөнөттүм. Килем боюнча адис алгач Индияга, андан кийин Иранга барып изилдөө жүргүзүп келе тургандыгы үчүн убактысы мага дагы ыңгайлуу болуп калды.
Адис июль айларында келди. Америкалык профессор досумдан менин адресимди, телефон номурумду алган экен. Отелден бир күнү мага чалды. Дароо отелге жөнөдүм. Немис улутундагы америкалык. Еврей да болушу мүмкүн, балким германиялык еврей, кийин Америкада жашап калса керек.
Буга чейин кыдырган жерлеринен төрт килейген чемодан толтура килем, таар, палас ала келиптир. Чемодандарын ачып антикаларын көрсөттү. Булар эски килем, таар, паластардын кесиндилери… Топтогон буюмдарына өтө эле ыраазыдай көрүнөт. Баасы бычылбай турчу казына экенин айтып өттү. Туурасы үч карыштай, узуну беш, он карыштай эски килем кесиндисинин баасы отуз миң долларга барабар экенин божурай калды. Бирок муну Ирандагы бир айылдыктан бир долларга сатып алганына мактанды. Ал гана эмес кедей ирандык киши бир долларга барабар динарларды колуна алганда таң калып, бата тиленип жибериптир.
Эскирген килем кесиндисинин эмнеге мынча баалуу экенин сурадым. — “Анткени” — деди, — “бул килемдердин ар бир сантиметр квадратында сексен илмек бар. Бул деген шедевр.” Берилүү менен токтолбостон килем туурасында маалымат берип атты. Азыркы учурда сантиметр квадратында жүз илмеги бар дубал килеми бар экенин, ал дагы кайсыл бир музейде жатканын айтты.
Эчкинин ийленген терисин көрсөттү, — “Муну сексен центке алдым,” — деп кылган ишине маашырлана күлдү. — “Бул тери жок дегенде беш миң доллар,” — деди. — “Кантип арзанга аласыз мындай кымбат нерселерди?” – десем, – “Кырк жылдан бери ушул иш менен алектенем,” – деди, — “Биздин дагы өзүбүзгө жараша методдорубуз бар.”
Укмуштуудай методдорун айтып берди эле, оозум ачыла түштү. Килем альбому менен, килем тууралуу үч китеп жарыялаптыр. Дүйнөдөгү эң бай килем коллекциясынын ээси экен.
Анадолуну кыдырууга чыктык. Айылды айылдай, районду райондой кыдырдык. Мечиттердеги көзүнө түшкөн түстүү килемдерди сүрөттөргө тартты, токтолбостон бир нерселерди да жаза калат. Бир канча кишиден килем, палас, таар, ийленген эчки терилерин сатып алды. Айтышына караганда бул жерден сатып алгандары Индия, Афганистан, Кытай, Түркмөнстан, Ирандан алгандарына салыштырганда эч нерсеге татыбай калат. “Баалуу түрк килемдери болорун, бирок эч эле кездештире албай жатабыз” деди.
Археологиялык казуу иштери кызуу жүрүп жаткан аймакка келдик. Америкалык жана германиялык топтор бири-биринен беш же он километрдей алыстыкта лагерь куруп алышкан. Жерди астын үстүнө аңтарып жатышат, тоолордун, чокулардын пахтаны майдалагандай чакчалакейин чыгарышкан.
Казылган жердин чоңдугу бир шаарчага барабар. Бир канча чатыр тигилген. Бул жерде Исадан мурунку онунчу кылымдан азыркыга чейинки цивилизация топурактын астында калган имиш. Жер астынан бир эмес бир нече шаар табышкан, хан сарайлар, күмбөздөр…
Өтө кызыктуу жер болгону үчүн тарыхка жана археологияга кызыккандардын машиналары котурап жүрөт. Турист деген тим эле жүнүн жейт.
Казылган жерге жакын жашаган айылдыктар да бул жерге толуп алышкан. Жер астынан казып алган тарыхый жана археологиялык кумура, табак сыныктарын туристерге сатып жатат. Туристер талашып баса калат. Айылдык балдар дагы жол боюна тизилип алып, туристерге жер астынан чыккан жазуусу бар таштарды, сынык вазаларды сатууда. Кичинекей жылаңаяк кыздар, балдар “Уан доллар”, “Ту доллар” дешип туристердин астын тосо жүгүрүшкөнүчү.
Эмнеси болсо да ушул жерге чейин келгеним үчүн мен дагы бир нерсе сатып алайын дедим. Он жаш чамасындагы сары чачтуу бир кыздын колунда вазанын капкагы, жанындагы баланын колунда адам башындай көк таш турат. Бул көк таш шакектин ташы болушу мүмкүн деп ойлодум.
— Балам, канчага сатасың? – дедим.
Кыз вазанын капкагына кырк лира, бала көк ташка он беш лира сурады.
Билгеним үчүн эмес, арзан алайын деп:
— Кымбат ко, — дедим.
Кыз менен бала чоң кишидей түшүндүрүп баштады. Кайдан арзан болсун. Атасы күндөп жер казып, аларды жердин беш метр тереңдигинен табышыптыр.
Алат элем. Бирок америкалык досум, булардын тарыхый же археологиялык мааниси жоктугун, чыгышты кыдырып келгени үчүн бардык жерде абалдын бирдей экенин айтты: Ал жактарда ушундай. Туристер бара турчу ушундай жерлерде айылдыктар, аялы-эркеги, бала-бакырасы менен туристердин алдын тосо беришет. Колдоруна эмне тийсе антикалык доордуку деп алдашат.
Митаам айылдыктар эски чыгармаларды укмуштуудай туурашат. Буларга атактуу археологдор да алданып келген. Ал гана эмес жүндөрүн устара менен шыпырып салган иттин өлүгүн падыша мумиясы деп сатып жиберишкен. Айтып жатканда кыт-кыт күлгөнгө да жетишти. Бирок бул көз боёмочулук жерде кала турчу нерсе эмес, улуу өнөр, адистешкен адамдын иши. Мисалы, жанакы баланын колунан көргөн көк таш… Оңой бекен ушундай ишти жасоо…
Ижарага алган жип менен кетип баратканбыз. Күн өтө эле ысык… Жол үстүнөн эки, үч терек жана кудук көрдүк. Көлөкөлөп тамактаналы дегенбиз. Теректин көлөкөсүндө карыган айылдык адам чала уйку болуп жаткан. Айылдыктан бир аз нараакта эшек оттоп жүрөт.
Карыган адам менен саламдашып, сүйлөшө кеттик. Айылдыктын сөзүн англисчеге которуп, америкалыкка түшүндүрүп аттым.
— Бул жактагы айылдарда эмне өсөт?
— Эч нерсе өспөйт… — деди, – мурун оруп-жыюу болчу, тахыл бышчу. Бирок бул казуу иштери башталгандан бери жыйырма жыл болду, айылдыктар жалкоолонуп, эч нерсе айдабай калды…
Америкалык:
— Башка жерлерде да дал ушундай.
Карыган адамга:
— Анда кантип жашашат? – деп суроо узаттым.
— Жердин астынан кумура сыныгын, таш-паш сыныктарын казуу мода болгондон бери, казгандан эмне тапса, ушул жерге келгендерге сатышат…
Америкалык:
— Башка жерлерде да дал ушундай, — деди.
Айылдык:
— Бул жактын адамдары өтө акылсыз, — деди, — мамлекеттин бардык казынасын болбогон баага чет элдиктерге сатышты… Топурактын астынан эмне деген асыл таштар, күмбөздөр чыкты, булардын өз баасын бычып сатканында, ушундай Түркиядан ону курулмак. Бул чет элдик дегениң ким? Баары уурулар… Топурактын астынан чыккан антикаларды уурдап кетишти… Бул жактан алып кеткендери менен өз өлкөсүнө барып калдайган шаарларды куруп жатат… Кээ бирөө өзү казып алды, кээ бирөө айылдык байкуш казып тапканды бекер алып кетти…
Америкалык:
— Башка жерлерде да дал ушундай болгон… – деди.
— Эми топурактын астынан казып алар эч нерсе калган жок… Бар болсо дагы өкмөт көзүн ачты, эч кимге эч нерсе карматпайт ко. Бу чет элдиктер дагы эле уурдап жаткан болсо, өкмөттөн уурдап жатат. Өкмөт өз баасын бычып сатып жатса керек…
Америкалык:
— Ооба, — деди, — башка жерлерде да дал ушундай болгон.
— Андай болсо, айылдыктар кантип жашап жатат?
— Анан… Бул жакта алты айыл бар. Үйлөрүнө барсаң, үрүп чыгар ити да көрүнбөйт, табак, чака, чайнектен дайын жок… Баарынын үйү жылаан сыйпагандай…
— Эмнеге?
— Эмнеге болсун, туристерге сатышты. Үйлөрүндө эч нерсе калган жок. Бардык нерсесин антикага айлантып сатты. Топурактын астына чиритип, дат түшүрүп антикага айлантышат. Адамдардын адебине доо кетти. Өткөн күнү карап турсам кенедей бала менин эшегимдин мойнундагы мончокторун уурдап баратат. Мончокторду жерге көмүшөт, түшүнүп атасыңбы, анан антика деп сата берет… Келин боло турчу кыздар антика адиси болуп чыга келди. Колуна бармактай таш тийсе кесип, оюп өнөрүн көрсөтүп ар нерсени жасап чыгат… Эшектин такасынан медаль, эски метал акчаларды жасашат.
Америкалык:
— Мен сизге айткам, — деди, — башка жерлерде да дал ушундай.
Карыган айылдыкка:
— Сиз кантип күн өткөрөсүз, эмне иш кыласыз? – дедим.
— Мен эшек алып сатам… – деди.
Ушуларды айтып атканда, кудуктан суу сузуп, эшегине берди. Эшек суу ичип атканда америкалык оордунан тура калып, эшектин жанына жетип барды. Биз айылдык экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз.
— Эшек соодасы менен жашаганга мүмкүнбү?
— Кудай кут кылсын… Беш жылдан бери ушуну менен жашап келетам, шүгүрчүлүк…
— Мисалы эмне табасыз?
— Белгилүү эмес… Кээде үч ай, беш айлап эшек сатылбайт, колунда кала берет… Кээде карап турсаң бир күндө беш эшек сатылып кетет…
Америкалык жаныма келди. Кубанып алган:
— Оо кудай, — деди, — оо кудай…Эшектин үстүндө килемдин үзүгү турат, көрдүңбү?
Англис тилинде сүйлөшкөнүбүз үчүн айылдык түшүнгөн жок. Эшектин үстүндө эски-уску, баткак болгон килемдин үзүгү бар эле…
— Тетигил баткак кездемеби? — дедим.
— Оо кудай, — деди, — бул деген шедевр… Жанатан бери экөөң сүйлөшүп атканда, мен аны карап чыктым. Өңү, оймо-чиймеси бир укмуш, жасалышы ажайып.. Сантиметр квадратында даана жүз жыйырма илмек бар. Дүйнөдө мындай нерсе болгон эмес, бул деген керемет да…
— Сатып аласызбы? – дедим.
— Ооба, бирок…- деди, — айылдык килемди алаарымды билип калбасын… Мен мындайларды жакшы билем. Ыргытыла турчу чарыкты алам десең, демек антика экен деп дүйнөнүн акчасын сурайт. Сурагандары эч нерсе эмес, канча акча берсең көздөрү тойбойт, баасын көтөрүп жиберет… Ошон үчүн айылдыкка эч нерсе сездирбейли…
Ошол учурда карыган айылдык адам:
— Бул каапыр эмне деп атат, — деди.
— Эч нерсе, — дедим, — бул жак өтө жагып калыптыр.
— Жага турчу эмнеси бар экен бул жактын, жайдак тоолор…
Америкалык:
— Мен сизге арзанга сатып алуу методдорум бар дебедим беле, карап туруңуз бирөөсүн колдоноюн, — деди.
— Кантип?
— Килемге маани бербейбиз, эшекти сатып алабыз. Албетте, килемдин баркын билбегени үчүн килемди эшектин үстүндө калтырып коёт… Биз килемди алып, эшекти бошотуп жиберебиз. Эми менин эшекти алуу каалоомду айтыңыз айылдыкка…
Айылдыкка:
— Сиз эшек сатам дедиңиз беле? – дедим.
— Ооба, эшек сатам, — деди.
— Мисалы бул эшекти канчага сатасыз?
— Аларманына жараша…
— Биз алсакчы…
Күлүп:
— Мени менен тамашалашып турасыңарбы? Силерге окшогон мырзалар эшекти эмне кылмакчы?
— Анысын сиз эмне кыласыз… Алабыз эшекти. Канчага бересиз?
— Аларманына жараша дебедимби… Сен аласыңбы же тигил каапырбы?
— Ошол алат…
— Кайсы улуттан?
— Америкалык…
— Мммм… Бөтөн эмес экен, өзүбүздөн турбайбы… Бул карыган эшек да, ага айтып көрчү, эч нерсеге жарабайт.
Америкалыкка айттым.
— Оо кудай, абдан жакшы, демек арзан сатат, — деди.
— Карыган болсо деле, макулмун дейт…
— Америкалыкка уят болот, өз өлкөсүнө барып алып, түрктөр мени алдап кетти дебесин.
Америкалыкка айттым.
Бул адам намыстуу, түз жүргөн адам, — деди, — башка жерде болгондо дароо сатышмак. Жакшы адам экен, мен дагы жакшы төлөп берем.
Айылдыкка:
— Америкалык ыраазы болду, — дедим.
— Жакшы, бирок бул эшек Америкага жетпей жолдо өлөт. Анан да калса котур болуп кеткен…
— Сата бериңиз.
— Алла, Алла… бул ургаачы эшек эмес, башка ишине жарай турчу… Эмне кылмак эле карыган, котур эшекти?
— Сиз аны эмне кыласыз… Ала турчу акчаңызды айтпайсызбы… Канчага сатасыз эшекти?
Айылдык:
— Абдан таң калып турам, — деди, — америкалыктан бир сурап көрчү, өлкөсүндө эшек жок бекен…
— Сиздин өлкөдө эшек жокпу, — деп сурап атат.
Америкалык бир саамга ойлоно калып:
— Бар, бирок мындай эшек жок деңиз…
Айылдыкка айттым.
— Мммм… Демек, өз эшеги эмес түрк эшеги жагып калыптыр. Ээ, эмне кылалы, менден күнөө кетти… Мен эшекти башы көзүмдөн садага чаптым. Эми чет элдиктин көңүлүн оорутмак белек, болгондо да котур эшек үчүн… Саталы анда…
— Канчага?
— Сиз үчүн он миң лира болот…
— Эмнее? Келесоосуңбу сен же акылың кемби? Асыл тукум арап аттары эки, үч миң лира…
— Андай болсо эшекти эмне кылат, арап атын алсын, асыл тукумунан…
Америкалыкка он миң сураганын айтканымда:
— Айтпадым беле, — деди, — аларман болдуңбу, ушуну кылышат… Демек, баркы жогору деп көп сумманы айтат. Килемди алабыз десек, жүз миң лира сурамак. Эшекке он миң лира берейин, бирок берейин десем, элүү миң дейт… Ошондуктан жакшылап соодалашалы…
Айылдыкка:
— Чынын айтыңызчы, бул эшекти канчага алгансыз?
— Мен калп айтпайм, — деди, — азыр дааратым менен турам. Мен бул эшекти терисинен чарык жасоо үчүн беш лирага алгам. Эмнеси болсо да бүгүн же эртең өлөт. Мен да терисин сыйрып алам, башка эч нерсеге жарабайт.
— Ынсабын кара… Беш лирага алган эшекти он миң лирага сатасыңбы?
— Биз сатуучу болгон жокпуз, силер алам дедиңер… Карыган дедим, котур дедим, ургаачы эмес дедим, эртеңки күндү көрбөй калышы мүмкүн дедим, баарына макул дедиңер. Аз жерден унутуп кала жаздапмын, арткы бутунан аксайт…
— Макул…
— Көрдүңөрбү? Демек, мен көрбөгөн бир баалуулугу бар мунун. Болбосо америкалык каапыр эмнеге аксак, котур, карыган эшекке жабышсын… Туурабы? Он миң… Андан аз төлөсөңөр, сатпайм…
Америкалыкка:
— Айткан баасынан түшпөй жатат, берелиби он миңди? – дедим.
Эки саат соодалаштык. Ортодо баш тарткандай болуп жөнөп калдык. Ал такыр алданган жок. Кайрылып жанына келдик…
— Кайтып келээриңерди билгем, — деди.
— Кантип билдиң, — дедим.
— Билинип калды. Ушундай арзан эшекти таап алып, анан кантип таштап кетип калмак элеңер…
Жиптин шоопуруна машинаны алысыраак айдап барып, бизди күтүп турушун айттым. Эшекти ошол жерден бошотуп жиберип, кетип калмакбыз.
— Талашып тартышып отуруп, соодалашуунун жыйынтыгында эки миң беш жүз лирага макулдаштык. Акчаны санап колуна карматтык. Айылдык эшектин жонундагы килемди сыйрып алып, чылбырын колубузга ыргытты.
— Кана эмесе, пайдасын көрө бергиле, — деди.
Кошумчалап койду:
— Арзан кетип калды карыган, котур эшегим, мейличи… Пайдасын көргүлө.
Америкалыктын көздөрү жалжылдап, айылдыктын колундагы килемден өтүп атты. Эми эмне болмокчу?
— Эч нерсе сездирбейли, — деди. – Эшекти алып бир аз басалы, кайрадан эч нерсе билбегендей кайтып келип, “эшектин бели үшүп калбасын, жаман таарыңды бериңиз, жаап алалы дейли…” Бизге килемдин үзүгү керек экенин билип калбасын.
Эшекти жетелеп жөнөдүк. Жөнөдүк, мойнунан байлаган иттей болуп… Америкалык артынан түртөт, мен алдынан тартам, дегеле баспайт… Карыган эшекте баса турчу дарман деле калбаптыр… Килемди айылдыктын колунан алаар замат, дароо качып жөнөйт элек да, атаганат…
Эшекти сүйрөп отуруп, жыйырма, отуз кадам илгериледик, айылдык аркабыздан кыйкырып калды:
— Токтой тургула, эшектин эмеси калып калыптыр…
Оо кудай! Килемди өзү алып келатат деп кубанып кеттик… Чуркап келди:
— Ээ, — деди, — эшектин темир казыгын унутуп калыпсыңар. Америкага алып барганда чылбырын менен эмнеге аркандайсыңар? Ойлонбоптурсуңар: казыгы жок эшекти сатып алчу беле. Тажрыйбаңар жок экени билинип калды…
Учу ушталган темир казыкты да колунан алдык… Америкалык мага:
— Кана эми учуру келди окшойт, килемди сурап көрчү… Сездирип койбо… “Кереги жок килемди бизге бер” де…
Айылдыкка:
— Бул эшек өтө арык экен, оорукчан окшойт… Үшүйт ко, — дедим. -Жанакы килемиңди бизге бер, үстүнө жаап алалы…
— Жоок, — деди, — бере албайм… – Силер менден эшекти сатып алдыңар, килемди эмес…
— Ооба, эшекти алдык… Аны да үстүнө жаап алалы. Ансыз деле эски экен… Жарытып пул деле болбосо керек.
— Ооба, эски жана кирдеген. Пул деле болуп бербейт… Бирок бербейм.
— Эмнеге?
— Бере албайм, мырзам… Атамдан калган мурас, берилбейт… Атамдан калган эстелик… Бербейм.
Америкалыкка:
— “Бербейт, атасынан калган мурас экен, ” — дедим. — “Эмне ишине жарайт экен сурап көрчү” — деди.
— Эмне кыласың муну, — дедим?
Айылдык олуттуу жооп кайтарды:
— Кандайча эмне кыласың, азыр башка котур эшек алып үстүнө жабам. Ал дагы сиз сыяктуу бирөөнү табат. Кудайдын буйругу менен аны да сатам… Бул акжалтой килем… Мен силерге казыкты бекер бердим. Ага акча сураган жокмун го?
— Килемге бир аз акча төлөп жаап алалычы байкушту…
— Кийинки эшектерди кантип сатмак элем?… Беш жылдан бери карыган, котур эшектерди ушул килемдин аркасы менен сатып келетам… Кана эми жакшы баргыла…
Америкалыкка катуу тийет ко деген ой келди. Айылдык бир канча кадам аттагандан кийин кыйкырды:
— Эгер эшекти калтыра турган болсоңор, убара болуп жетелебегиле, чарчап калбайын…
Эшекти ошол жерге таштай салып, жипти көздөй жөнөдүк.
Америкалык:
— Башка жерлерде ушундай нерсе жок болчу, — деди, — баары окшош эле, мунусу башкача болду.
Жипке отурдук. Казык дагы эле колунда болчу, ыргытып жибербептир.
— Эмне кыласың темир казыкты, — дедим.
— Эстелик катары бул казыкты килем коллекциямдын арасына кошуп коём, — деди, — кымбат казык, эки миң беш жүзгө арзан алдык…
— Мынааа, уят болдук баарына, уят… Тфу…
“Уят болдук” деп колу менен башын койгулай берди.
Которгон: Урматбек НУРСЕЙИТ уулу