НЕСИН Азиз: Элдин акчасы… (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

– Бул мейманкананын курулушу бүтпөс болду го!

– Ооба, бул убакта бир мейманкана эмес, бүтүндөй шаар курса болмок.

– Эмне үчүн мынча чоюшту? Балким, иш начар фирмага тапшырылгандыр?

– Мейманканы курууга чет элдик бир нече фирма ат салышкан. Эмне үчүн ушул фирманы тандашты – айтуу кыйын. Балким баарынан аз сураштыбы, балким мурда ушул сыяктуу курулуштарды мыкты курушканбы же баардык коюлган шарттарга моюн толгобой тез макул болушканбы. Эмнеси болсо да мен силерге өзүмдүн байкаганымды айтып берейин.

Баары өз ирети менен өтүп жаткан: чоң салтанат болуп, лента кесилди, жогорку даражалуу ишмер адам өз колу менен биринчи кирпичин коюп берди. Андан соң катышкандардын эсинен чыкпагандай чоң банкет өткөрүштү, гезиттерде сүрөттөрү менен макалалар чыкты.

Акырындап келечекте  курула турган имараттын элеси түшө баштады. Кудайдын бир күнүндө курулуштун астына үч жеңил машина келип токтоду. Андан жөнөкөй кишилер эмес, өлкөбүздүн беделдүү кызматкерлери түшүп чоң курулушту кыдырып жүрүштү.

– Эмне үчүн коридору тар болуп калган? – деп сурады топтун башчысы.

– Долбоор боюнча, мырза, – деп жооп берди инженер, – коридордун туурасы беш метр…

– Сиз, балким, бизди мейманканаларды көргөн жок деп ойлойсузбу? Чет мамлекеттерде мен токтогон мейманканалардын коридорлору кенен болчу. Мейли, коридор долбоор боюнча ушундай болсун, бирок бул жетишсиз… Мейманкана болсо — анан коридорлору аз болгону кандай? Курганга жараша жакшылап куруш керек да. Элдин акчасы, мамлекеттин акчасы! Аны аяй билиш керек…

Инженер унчуккан жок.

– Сиздер эмне дейсиздер? Ушундай чоң мейманканага коридорлор  аз болбойбу? – деди жетекчи жанында курчап жүргөн коштоочуларына.

– Аз, бей-эфенди.

– Аз, мырза.

– Аябай эле аз…

Ошентип долбоорду сунуш кылган фирма менен келишим бузулду.

Соттогу териштирүүлөр бүткөнчө, долбоор өзгөртүлдү — коридорлордун санын көбөйтүштү жана аларды кеңейтишти.

Жаңы долбоор боюнча иш жаңы эле кызый баштаган кезде, бир күнү жол жээгине бир нече жеңил машина келип токтоду. Кайрадан жетекчилер курулушту көргөнү келишиптир. Астыда баарынан таасирлүүсү бараткан. Ал бир эшикке баш багып, суроо салды:

– Бул жерде эмне болот?

– Бул жерде салон болот, – деп жооп берди жаңы фирманын өкүлү.

– Салон? Эмне болгон салон?

– Жумуштар али бүтө элек, мырза, тактайлайбыз, шыбайбыз, жасалгалайбыз…

– Түшүнөм, демек, салон деңизчи… А эмне мында ат чабыштар болобу? Ипподромдой болгон эмне деген салон? Элдин акчасын аёо деген болбойбу…

– Биз долбоордо кандай болсо ошондой жасап жатабыз, мырза.

– Сиз айтып жаткан долбоор деген неме кудай сактасын, Курандын аяты эмес го! Долбоорду өзгөртүш керек, долбоорду өзгөрткүлө да ишти бүтүргүлө…

Фирма каяшасыз макул болду. Жаңы долбоордо салондордун аянты бир топ кыскартылды. Курулуштагы иштер улантылды, бирок бир нече күндөн кийин зуулдаган жеңил машиналарды минишип, кайрадан жогорку башчылар келип түшүштү да мейманкананы карай башташты. Алардын жетекчиси жалпысынан иштин жүрүшүн жактырып, кетүүгө камданган эле. Капыстан эле чыга бериштен шыпка көз жүгүрттү да:

– А куполдор менен эшик-терезелердин үстүндөгү оюкчалар  кайда?— деп сурады таң калгандай түр менен.

Мындай суроону күтпөгөн жаш архитектор  эмне айтарын билбей далдырай түштү да, бир аздан кийин өзүнө келип кайра суроо узатты:

– Кечиресиз, түшүнбөй калдым, кайсы куполдор менен оюкчалар жөнүндө айтып жатасыз?

– Бул түрктөрдүн архитектурасы да. Бул жерде чет элдикдер келип турушат, ошондуктан биз өзүбүздүн түрк стилиндеги мейманкана курушубуз керек… Ал эми Турцияда куполсуз жана оюкчаларсыз имаратты көрдүңөр беле?

– Бирок мырза, биздеги долбоор боюнча…

– Долбоор деген эмне? Долбоорду чет элдиктер жасаганда дайым ушундай болот. Башкалар биздин архитектурабызды, жан дүйнөбүздү түшүнүшмөк беле?

Коштоп жүргөн ишмерлер баштарын жерге салып туруп беришти.

– Мындай имараттын кимге кереги бар? Сөзсүз куполдору менен оюкчалары болсун. Элдин акчасын болор болбоско коротуп…

Имаратка толугу менен купол жана оюкчалар орнотуу кымбат болгондуктан, аны коюуга оңой болгон жерлерине эле коюп, улуттун жүзүн көрсөтүшмөй болушту.

Курулуш алга жүрүп, бүтө жаздап калганда жеңил машиналар менен чоңдор кайрадан баш багышты. Алдыда келаткан башкы ишмер капа боло үн катты:

– У-у-у! Коридорлор мынча эмне көп… Бөлмөлөрдөн да көп окшобойбу… Бул коридорлордон токойдо жүргөнсүп адашасың го… Атаңдын көрү ай, элдин акчасы бекер чачылганына ичиң күйөт да!

Кайра куруу менен оңдоолор бардык мөөнөттөрдү узартып жиберди. Жумуштун аягы көрүнбөйт. Гезиттерде сын айтылган курч макалалар чыга баштады. Ишти ылдамдатуу үчүн чатырдын формасын өзгөртүштү. Кайрадан түрдүү көз караштар чыгып, талаш-тартыштар чыгып жатты. Эмне менен жабыш керек? Көнүп калган эле жергиликтүү черепица жакшыбы же марселдин черпепицасы мыктыбы? Талаш жөн гана бетондоп жабуу менен аяктады. Мына ошентип курулуш да аяктап бараткан. Кайрадан жеңил машиналар чаңын аркасына созолонтуп кирип келишти.

– А дубалдарын эмне үчүн оюу салып кооздогон жоксуңар? Улуттук оюу салынбаса түрк мейманканасы деп атоого болобу? – деп таңкалды текшерип келгендердин баштыгы холлго киргенде.

Андан салонго киришти, анда бир дагы колонна деген неме жок болуп чыкты. Топтун жетекчиси билерманданып жатты:

– Бул жерде колонна коюлбаптыр, ансыз болмок беле. Чатыр кулап кетсе эмне болот…

– Тынчызданбай эле коюңуз, мырза, кулабайт, бардыгы эсепке алынган…

– Эсептедиңерби? Мунун баары урап түшсө силер эсебиңер менен кайда каласыңар, ошону билесиңерби?

Ал артында тургандарга бурулуп:

– Айткылачы, сиздер кандай ойлойсуздар, кулашы мүмкүнбү?

– Мүмкүн, мырза…

– Сөзсүз кулайт, карабайсызбы канча салмак басып турат! Дагы буюмдар киргизилет да… Эл толтура болот… Кулайт…

– Кулаганда да кандай кулайт, чаңы эле чыгып калат…

– Канча акча асманга сапырылды дей бер… Өкмөттүн акчасы бекер корогону өкүнүчтүү… Уктуңузбу, баары айтып жатышат кулайт деп… Анын үстүнө колонналар башкача бир көрк да бермек…

Жаңы каалоолордун натыйжасында салондордо колонналар орнотулду. Кийинки топту жетектеген ишмерге  төрт бурч колонналар жаккан жок. Ал мектепте окуп жүргөн кезде окуу китептеринен грек храмдарындагы тоголок колонналарды көргөнүн эстеп, өкмөттүн каражаты бекер чачылганына жаны күйүп жатты.

Бул оңой эле нерсе, мырза, заматта тоголоктой коёбуз…

Сырткы дубалдарга оюулар менен мозаикаларды жасап бүтүшкөндө, кароого келген чоң кызматкер жекире карады:

– Учурга шайкеш имараттардын маңдайы айнектелип жасалат, а силердики эмнеге окшоп калган?

Акыры курулуш аяктады деп айтчу учур да келди. Эң акыркы кемчиликти жоюш гана калды. Аны кезектеги чоңдордун бири тапты, ал мейманкананын тепкичтери өтө эле бийик экенин айтып чыкты. “Кары кишилерге кыйын болуп калат” ,— деди.

– Мырза, лифтер бар да… Улгайган коноктор лифт менен көтөрүлөт…

– Анда тепкичтерди эмнеге койдуңар? Өкмөттүн акчасы кетсе мейли да! Же тепкичтер баары бир керекпи, я?..

Тепкичтерди алмаштырган соң, мейманкананы чет өлкөлүк атактуу архитектор көрүп чыкты.

– Бул – укмуштуудай архитектуралык чыгарма… Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасы кылса куп жарашчудай! Имараттын маңдайкы бөлүгүндөгү жана айрым коридорлордогу кооз оймо-чиймелер, куполдор жана көркөм оюкчалар, мандалак түрүндө кооздолуп согулган темир торлор, чатырдын астындагы айрым кооз карниздер түрк дүйнөсүн мыкты чагылдырса, жалпы чатырдын жабылышы таза скандинавия стилинде экен. Салондогу аркалар түрк султанынын хан сарайынан көчүрүлүп келгендей түр берет. Башкы салон Афинадагы эң бийик, эң кооз сепилден да ашып түшүптүр. Бул жерден италиянын алдыңкы үлгүдөгү архитерктурасын жолуктурдум. Туалет менен ванна америкалыктардын стилинде жасалыптыр. Индиянын, кытайдын архитектуралары бири-бирине айкалышып калыптыр.

– Жарайсыңар, – деп мактай чалды атактуу чет элдик архитектор, – ушунун баарын кантип бир имаратка сыйдырдыңар?

–Тогуз жылдан бери кайра-кайра оңдоп-түзөп жатып ушул шедевр курулду!  Бардыгынан да канчалаган элдин акчасын үнөмдөп калдык, – төшүн кагып мактана кетти курулуштун жетекчиси.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ