НЫЗАНОВ Муратбай: «Жакында кызык болот» (аңгеме)

Боордош эл адабиятынан

Каракалпак элинин таланттуу жазуучусу, сатирик жана сценарист Муратбай Нызанов 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. “Ашык болбогон ким бар” (роман, 2013), “Аба кемесиндеги экөө” (повесть, 2014), юмор, интермедия, аңгеме, сатира, пьесалардан куралган “Мага күлкүлүү” (1987), “Сага болбойт” (1990), “Башка өлкөдөгү жети күн” (1992), “Жакында кызык болот” (1999) китептеринин автору. 2012-жылы жарык көргөн “Маргия” ж.б. фильмдердин сценарийин жазган. “Бердак” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Учурда “Каракалпакфильм” студиясынын деректири.

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

САТИРА

Адам баласы акыл-эстүү жан болгон соң ар дайым кыял менен жашайт. Жаш болсо үйлүү болууну эңсейт, үйлүү болсо мал-мүлктүү, перзенттүү болууну, перзенттүү болсо аларды адам катарына кошууну, кыскасы; өмүр бою, так түштөн кийин дүйнөдөн өтөрүнө көзү жетип турса да, түшкө чейин оюнан кыялдануу кетпейт. Лекин, аны кээде бала-чакасына, кээде өтө көкөйүнө тийгенде жоро-жолдошторуна айта калбаса, өзүнө гана маалым нерсе!
Бирок Айтан аганын кыялы андай эмес. Анын кыялы дайыма тилинин учунда. Адатта адам баласы кыялданган учурда көңүлү көтөрүлүп, өзүн жеңил сезип, билинер-билинбес күлкү пайда болот. Айтан аганын кыялы бүтүндөй башкача. Ал муштумдарын түйүп, кайрадан жазып, буту менен полду оюп жиберчүдөй ныгыра басып, тиштерин сынып кетчүүдөй шыкылдатып кыялданат.
— Али көрөрсүңөр, жакында кызык болот! – дейт айланасындагыларга ызырынган түр көрсөтүп.
Кебинин төркүнүнө карасак ал айткан “кызыгы” өзүнө гана пайдалуу, бирок башкалардын баарына апаат келчүүдөй сезилет.
Мен аны менен институтту бүткөрүп келген жылдары кесиптеш болдум. Ошондон акыр-аягына чейин. Жашы элүү бештерге келип калган, чачтарынын жарымынан көбүнө ак кирген, маңдайы кабат-кабат бырышкан, жумушуна караганда башка нерселерге көбүрөк алектенген адам экен. Мени кош көңүл кабыл алды.
— Бул жерге кантип келип калдың? – деди бир күнү.
— Эч, өзүм… Жумуш сурап келдим, алды.
— Билем го, тилиңдин астында эмне бар экенин! Айтан ага тетири карап туруп калды. Дүйнө өзү ушундай шумдуктар менен курулуп баратат. Лекин, өзүн кудай сезгендердин тумшугун муздун тешигине тыгам! Аз-маз чыдай тур, иним, кызык болот.
Ал ушуну айтары менен эшикке чыгып кетет же бөлмөнүн ичинде буттарын жерге салмактуу таштап, нары-бери баса берет.
— Ээй, иним, ушундай! Көрөсүң али, жакында тамаша болот, тамаша көрсөтөм буларга!
Арадан үч-төрт күн өткөн соң баягы айтканын дагы унутуп калат.
— Бул жерге кантип келип калдың, иним?
— Эч, өзүм эле… Жумуш сурап келдим, алды.
— Хм-м! Билем го, бул жерде кандай кеп барын. Чачым бекеринен агарыптырбы, маңдайымдагы бырыштар жөн эле түштү дейсиңби? О-ой, иним, баарынан кабарым бар, “азап бергендерге азап берермин” деген, чыдап тура бермек белем, кызыкты көрсөтөм буларга!
Жумушка киргениме бир ай болбой жатып ушул кепти үч-төрт мертебе уктум. Өзүмдөн өзүм күмөн санайм. “Менин бул жакка келүүмдө кандай кеп болду экен? Башчы агам болбосо, жогорудан эч ким колдоо көрсөтпөсө, айлыгым кеңседегилердин баарынан аз болсо… Айтан агага кош колдоп салам берем. Акыркы келген мага карап тишинин суусун соруп, баякы ырын баштайт”.
— Сен жашсың, иним! Түшүнбөйсүң! Лекин, түшүндүрөм! Чыдай тур, ошол убакта көрөсүң тамашаны!
Күн санап күтө турчу адатты чыгардым. Кандай тамаша болор экен? Магабы же башкаларгабы? Мен эмне жасаганга үлгүрдүм? Же башчыны отурган жеринен колуна кишен салып кетеби? Мекемебиз жабылып калабы? Балким, жертөлөөгө бир нерсе коёюн деп жүргөн чыгар бул!
Кыскасы, таң азандан кечке чейин кандайдыр бир жаман кабарды күтөм, кечинде “үх-х” деп демимди ичиме басып үйгө кетем. Азанда кайрадан Айтан агадан күндөгү кабарды күтөм. Ал менин үмүтүмдү бошко кетирбейт.
— Отурасыңбы, иним? – дейт сырттан келери менен. – Бул агаң бекерге кечигип жүргөн жок. Чыдай тур, бардыгы оордуна келет, шымаланып туруп тур, мына, ошондо көрөсүң кызыкты.
Күндө миң мерте угуп жүргөн кеп болсо да, акылым жетпейт. Эмнени чамалап жүрөт, кандай кызык болот? Адам кызык нерсени кубанып күтөт, бирок мунун айта турганы кооптуу. Акыркы келген мен дагы жамандык күтө турган болдум. Көрөлүчү, кандай кызык экен? Бир байкуш “кызык болот” деген чоң үмүт менен жашап жатат ко.
Бир күнү түштөн кийин Айтан ага эшик оозунда өзү теңдүү бир киши менен сүйлөшүп турган экен.
— Кечээ жыйналышта сүйлөгөн сөзүн уктуңбу?- деди Айтан ага аны карап. – Капталынан аары чагып алгандай болду го. Эми изине түшөт, башталганы башталган. Көрөсүң го, жакын арада кызык болот!
— Болсун!
Мен жумушка кирип кеттим.
— Жанакы агаңды көрдүңбү? – деди ал сырттан көңүлдүү кирип. – Мына, ошондой он жигит болсо, дүйнөнү түп-түз кылууга болот.
Таң калдым. Астапыралла! Биз жашап турган дүйнө кыйшык бекен?
— Зыяны жок, — деп ал бир топтон кийин сөзүн улап. – Экөөбүз деле бир нерсеге жарайбыз. Алардын колунан келсе бизди курмандыкка чалып жибермек, лекин, биз моюн бербей жүрөбүз, моюн бербейбиз! Мен деле алардын өздөрүн таманымдын астына алып жанчам. Мына, ошондо көрөсүң тамашаны!
Менин түшүнүүм ката болбосо Айтан аганын жана жанакы жоросунун күчтүү душмандары болсо керек. Ар дайым каардуу, алда нерселерге наразы, “үх-х” десе оозунан жалын балп этет. Эмне дарты барын билгим келет, бирок сурагандан тартынам.
Кийин тийди-качты кылып сөз байтадым.
— Айтан ага, кызык болбой калды го.
— Күлбө иним! – дейт ал кыжынып. Кырсык айтканды билет, бирок кеп башталган убакта ошону бошко кетиргиси келбейт. – Сен али жашоо маанисин билбейсиң. Балким билбей өтүп кетерсиң. Лекин, мен бардыгын оордуна коём. Дүйнөнү түзөтөм, иним! Чыдай тур, булар кызык болот.
Бечаранын мээнетин берип, кызык боло калса жакшы. Күндөн күнгө Тораңгылдын күзкү жалбырагындай саргайып бараткан жүзүн көрүп, аяй турган болдум. Мейли, кыялы оорундалсын. Болсун кызык! Акыр заман болуп, асман жерге кулап түшпөс.
Бир күнү тазалыкчы аял келип эшиктин жанында туруп калды. Билдим, тамекинин алаң-булаң түтүнү жакпады. Жанараакта Айтан аганын дагы бир жоросу келип, үстү-үстүнө үч-төрт тамекини чегип, кеңсени будуң-чаң кылып кеткен. Экөө “дүйнөнү оңдойлу” деп аткан соң, мен да үндөгөн жокмун.
— Айтан ага, терезеңизди ачып койбопсуз да, бөлмөңүздүн баары быкшып кетиптир, — деди келинчек.
— Ой-бул, карагым-ай, бул дүйнөнүн өзү быкшып атат, — деди Айтан ага оордунан туруп. – Ушуну оңдойм деп, оордуна коём деп канча нервим короду.
— Бир өзүңүз чырылдай берип эмне кыласыз?
— Жоок, андай дебе! Бир өзүм болгон менен мен миллион кишиге татыймын. Себеби, мен Айтанмын! Аз-маз чыда карагым, кызык болот.
Адам көңүлүндөгү дарттан узак убакыт кутула албаса, жиндинин бержагы болот окшойт. Айтан ага ошонун өзү. Байкашымча, буга кимдир бирөө кыянаттык кылган. Алар көп, бул жалгыз сыяктуу. Күрөшөт, күчү жетпейт, үмүт кылат. Ичинен күбүрөнөт. Түшүнөн көрөт, ишинин абалын суроо үчүн отура калган адамга дартын божурайт. Бирок эмне дарт экенин өзү билбесе, эч ким түшүнбөйт.
— Чыдап тургула, жакында кызык болот!
Ал эмне болгон кызык, кантип болот – табышмак.
Түшкү тамактанууга кетер алдында күндө терезеден жалтаңдап сыртты карайт да, муштумун түйүп кыжынат. Анан мени кашына чакырып:
— Тигилерди көрдүңбү?
— Эмнени?
— Жеңил машиналарды.
— Көрдүм.
— Жакында булардын ээлеринин баарын “жыгач атка” мингизем. Мына, ошондо көрөсүң тамашаны!
Жүрөгүм шуу дей түшөт. Ал жакта жыйырмалаган машина турат. Алардын ээлерин “жыгач атка” мингизүү чоң апаатчылык. Билем, түштөгү автобустун тыгылышы Айтан аганын жүрөгүн өйкөп жүрөт.
Күз айларынын аягында башчыбыз келди.
— Акмак! Мунун ийнинде турган баш эмес – суу ашкабак! – деди Айтан ага ал кеткенден кийин. – Жүрүшүн көрдүңбү, басыгында башкача мандем бар. Ошол буттарын! Мына, ошондо кызык болот!
Бир күнү Айтан ага сырттан кубануу менен кирип келди. Бирге иштешип атканыбызга төрт жылдын жүзү болуп калган. Ошол убакыт ичинде анын бүгүнкүдөй кубанганын биринчи көрүшүм. Аны шаар жетекчиси кабылдамасына чакырткан экен. Арыз-муңу болсо керек. Чакырган убагына дагы эки күн бар болчу. Ошол эки күн өткүчө Айтан аганын мактаганы бир гана шаардын жетекчиси болду.
— Сен жетекчинин өзүн көргөнсүңбү? – деди мага.
— Жок.
— Бешенеси кең жигит! Өзү айбаттуу, эки ийнинде эки жолборс отургандай.
— Коюңузчу?!
— Бул жигит өз уузуна тойгон жигит. Ач көз эмес. Калктын насибине көз артпайт. Ушу жигит келгенден бери калаа көрктөнүп калды.
Туруп-туруп эле дагы баштайт.
— Ал сүйлөгөн жыйналыштарга катышып көрдүңбү?
— Жок.
— Көрүшүң керек. Анын сөздөрү чакмактын ташындай. Көбүн туурап, бирин айтат.
Кетээринде кайра:
— Эл – эл болоюн десе, башсычы шер болуш керек. Мунун ата тегинде бар, иним. Атасы кыдыр жылоологон адам.
Ээ алла, заман оңуна айланып баратабы, Айтан ага Айтан ага болгону – оозунан мындай жакшы сөз чыккан эмес. Аны жаштайынан тааныгандар ушуну айтып таң калып атты. Бир-эки күндөн бери “жакында кызык болот” дегенин койду. Эми алла ынсап берип, эртеңки кабылдамада шаар жетекчиси мунун көңүлүн тапса кандай жакшы болмок. Эрте менен кабылдамага кеткен Айтан ага, шашке болбой таш-талканы чыгып келди.
— Ушу дагы калаабы! – деди келери менен терезеден сыртты көрсөтүп. – Таң азандан кечке чейин сасыйт. Багы ачылбаган калаа бул! Таштанды таштай турчу урнанын өзү! Башка эч нерсе эмес! Башчысы ууру, соту паракор, милийсасы мыкаачы… Көрсөтөм мен силерге! Мени менен ойношот! Мен жөн адам эмесмин. Айтты, койду дебегиле. Чыдап тургула, кызыкты көрсөтөм!
Башына каран күн түшкөн адамды кантип жубатуу керектигин билбеген кишидей лам дебедик.
Ушундай болду, эки күнкү тынчтыктан кийин кайрадан күндө “кызык болот” болуп кетти.
— Ушул базар дагы базарбы? – деди бир күнү тушуна келгенде. Кээде аны менен бирге кайтчубуз. – Жалаң ууру-кескинин мекени бул. Муну базар эмес, мазар кылам. Мына, ошондо көрөсүң кызыкты!
Жол боюндагы бассейиндин жанынан өтөбүз.
— Бассейин деген ушубу?! – дейт Айтан ага тиштенип. – Башка жагын келишип турабы? Легенге чөмүл! Мунун түпкүлүгүндө бир кеп болушу керек, коё тур, айтканым туура чыкса кызык болот!
Ушунтип универсал дүкөндү, супермаркетти, стадионду, учуп бараткан вертолётту “жакында кызык кылууга” ант берип сөккөндөрүнүн күбөсү болдум.
Арадан жылдар өттү. “Кызык болот” деп жүрүп Айтан ага алтымышка чыгыптыр. Бир күнү аны пенсияга чыгарышмак болду.
— Кетпеймин пенсияга! – деп туруп алды.
— Эмнеге?
— Болгону ошол, кетпеймин.
— Акыры, алтымыш жаш пенсия курагы да.
— Ким айтып жүрөт аны?
— Мыйзамда жазылган.
— Мыйзам – мына мен. Менин калоомдон чыкпаган мыйзамдар, көрөсүңөр али, кызык болот!
Кыскасы, аны эч ким пенсияга кетире алган жок. Аны менен үч жыл бир жерде отуруп мен, сегиз жыл отуруп Зилийха, алты жыл отуруп Таңатар “жакында кызык болушун” күттүк.
Күндөрдүн бир күнүндө эң акыркы кызыкка чекит коюлду. Айтан ага “али көрөсүңөр, жакында…” деп отурган маалында капысынан кеңседен үзүлүп кетти.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына бирибиз калбай бардык. Эч ким анын “жакында кызык болдусун” оозанбады.
— Бечара, жакшы адам эле, — дешти.
Азыр көрүстөнгө алып чыгабыз деген маалда ызы-чуу пайда болду.
— Молдо кайда?
— Молдону чакыр!
— Молдону алып келгиле!
Молдо жетип келди.
— Таксыр, биз сөөктүү жууп атканбыз, — деди карыялардын бирөөсү, — маркумдун көкүрөгүндө көк сыя менен оюп жазылган “жакында кызык болот” деген жазуу бар экен. Кесип алып таштабасак, кетире албай койдук.
— Бечара абышкам-ай, — деди тыңшап турган кемпири. – Аскерге барганда жаздырып келген эле. Ар күнү эрте менен көйнөгүн кийбей күзгүдөң карап, окуп алып баладай кубанар эле.
— Маркумдун денесинен эт кесилбейт, — деди молдо сөөк жуучуларга. – Ошондой көмө беребиз, алланын өзү кечирсин. Денесинин бир мүчөсү да топурактан сыртында калбашы керек.
Ошентип, Айтан аганын көкүрөгүндөгү “жакында кызык болот” деген жазуу өзү менен бирге тигил жакка кетти.
3.01.1999-жыл