НЫЗАНОВ Муратбай: Реклама (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

АҢГЕМЕ

Жоро-жолдоштун болгону жакшы экен. Кыйналганыңда кеңешин айтат, кубансаң бирге кубанат, капа болсоң кайгыңды тең бөлүшөт. Досуң көп болсо жүгүң жерде калбайт.
Бактымды сынап көрүү үчүн башымды жеке ишкерликке байлагандан бери ар кимдин маслахатына муктаж болуп калдым. Эмне кылсам да ишим жүрүшпөйт. Же акча табылбайт, акча табылса сарптай турчу иш табылбайт. Эми жок оорууга туш болгон адамдай көңүл бурган киши болсо ак жеримден жарылып кетем.
— Ишиң эмнеге жүрүшпөй жатканын билесиңби? – деди бир күнү досторумдун бири.
— Кайдан билейин. Эсеп-кысапка чоркок окшойм.
— Кеп анда эмес. Эсеп-кысап экинчи маселе. Биринчи маселе иштин көзүн билүүдө.
— Иштин көзү кайда экен?
— Сенин талабыңа жараша иштин көзү – реклама.
— Жок-эй!
— Эмнеге жок-эй! Өнүккөн өлкөлөрдө рекламаны өмүр деп аташат. Ансыз жеке ишкер болуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Сен эле ошону түшүнө албай жүрөсүң. Ушунтип жүрсөң бир күнү тагдырыңа наалат айтасың. Мисалы, сенде тактай барбы, — бар, билген киши барбы?
— Сен билесиң, Доспанбет билет, Эржандын кабары бар, Нурабылла уккан, башка…
Досум күлүм жиберди.
— Жаш баланын кебин айтасың! Биз, ар бирибиз ондон кишиге айткан күндө да элүү же алтымыш киши уккан болор. Аларга тактай керек, балким керек эмес. Эгер реклама кылсаң бир күндө жүз миң киши угат, эртеси жарым миллион, үчүнчү күнү бир жарым миллион адам угат. Мына ошондон кийин сенин соодаң жүрүшпөгөнүн көрөйүн.
Ойлоп көрсөм сөзүнүн жүйөсү бардай. Эки вагон тактай түшүргөнүмө эки ай болду, араң беш кубун саттым. Фанералар жерден ным тарткан сайын бала-чакамды “кырып-жоюп” күн сайын оордуларын өзгөртүп жыйнайм. Шыйпырларым өз салмагынан сынып бүткөнү калды. Эгер рекламага бергенимде ушул убакка чейин баарын сатып жиберип, фирмам алдыга жылып калмак беле.
Эртеси радиого реклама бердим, андан кийин телевизор аркылуу, үч күндөн кийин бардык гезиттерде “Табарман-тутарман” фирмасында (менин фирмамда) каалаган түрдөгү курулуш материалдары табыла тургандыгы тууралуу рекламалар басылып чыкты. Реклама кардар чакырат дегени ырас экен. Телевизордон айтылган күндүн эртеси бир жигит келди.
— Кечээ сиздин фирмаңызда тактай бар деп айтышты эле.
— Ооба, бар.
— Кандай тактайлар бар?
— Каалаганыңыз табылат. Шыйпыр кактыруу үчүн страпила керекпи, үстүнө орнотууга тоголок карагай, полдоого үчтүк-төрттүк тактай, эшик-терезе жасатууга бештик, кыскасы, баары бар.
— Кийгизиле турчу тактай барбы?
— Бар. Кышын жакшылап койсоң, ага устанын кереги жок, өзүң кураштырып кага бересиң.
— Кана, ошол тактайлардын документтерин көрөлү, — деди жанагы жигит бир маалда мага өктөмсүнүп.
— Кандай документин, менде баардыгы бар.
— Мисалы, бажыкананын уруксаты барбы?
— Бар.
— Көрсөтүңүз.
— Эмнеге көрсөтүшүм керек.
“Кардар” кичинекей күбөлүк кагазын көрсөттү.
— Бажы башкармалыгынанмын. Күмөндүү мүлктү текшерүүгө уруксатым бар.
Бирөө-жарым сурайт деп ойлоптурмунбу? Үч айдан бери жаткан документти аңтарып-теңтерип жүрүп араң таптым. Тактай алат деген кардарыбыз үңүлүп бираз отурду. Үн жок, сөз жок, кабагы карыш түйүлгөн. Кагаздарды кайтарып бергиче күмөн санап турдум. Такыр жерден чаң чыгарып, кемчилик таппаса кандай жакшы. Ойлогонумдай чыкты.
— Мыногул уруксаатнааманы ким берди?
— Аты-жөнү жазылган чыгар?
— Жазылгандан кийин сурап жатам да. Арыкчырай келген, узун жигитпи?
— Эсимде жок.
— Эстей албасаң ошол – Бекжанов деген азыр камакта жатат.
— Камакта? – алгач коркуп кеттим, кийин өзүмө келип, — анын мага кандай тиешеси бар?
— Азыр ал уруксат берген мүлктөрдүн баары текшерилип жатат. Биздин бажыканабыздын атына кара так түшүрүп, уурдалган мүлктөрдү көз жаздымга салып өткөрө берген.
— Ошондо менин тактайларым уурдалганбы?
— Ким билет. Мүмкүн ошондой болгондур. Муну текшерип көрүү керек.
Ошентип майда-чүйдө сөздөрдүн учугу уланып кетти. Ал “уурдалган мүлк” деп күмөн санайт, мен документтерин астына ыргытам, ортодо талаш жаралды. Анын айтуусу боюнча тактайды алган жериме кайра жеткирип, жаңы документ даярдатышым керек экен. Ошондо чыныгы таза мүлк экени такталат имиш. Болбосо мамлекет эсебине дүңүнөн өткөрүлүп кетет деди. Башты оорутуп кечке чейин кекиртекке суу бүркүштүк. Реклама боюнча келген ондогон адам эшикти улам каккылап, сагаалап турушат, алар менен жолугушууга бизде чама жок. Өлдүм-талдым дегенде бир пикирге араң келдик.
— Жакшы-ыы. Кожоюн, эми мындай кылалы, — деди бир маалда. – “Өз айлыңа килем сатсаң, бир учуна өзүң отурасың” деген экен ата-бабалар. Ошондуктан эл үчүн тактай алып келген экенсиң, мен муну чукубай эле коёюн. Бирок билесиң го, кармаган жерден кан чыгышы керек.
Бажы кызматкери бир сом бербей үч куб тактайды жүктөп кете берди. Түштөн кийин эсим ооп кайтып келсем, эшик алдында жети-сегиз адам турган экен.
— Агайындар, силер коё тургула, мен эки ооз сөз сүйлөшүп чыгам, — деп бирөөсү жулунуп кирип келди.
Түшкө чейин жүрөк заада болуп бүткөн жаным “а” дегенде эле жүзүнө жалт карадым. Андай адамга окшобойт.
— Кечээ рекламадан көргөн элем, — деп жаныма отура кетти. – Курулуш буюмдары экен да. Шыйпыр дагы барбы?
— Бар.
“Биттин ачуусун бүргөдөн алууга” болмок беле, үч куб тактайды бекер карматып жиберип, ичим сыйрылып турса да, билдирбестен материалдарымды мактоого өттүм.
— Өтө сапаттуу шыйпыр. Жарылган, кемтилген жери да жок. Үстүнө чыгып топ ойносоң да былк этпейт.
— Орустардыкыбы же өзүбүздүкүбү?
— Орустардыкы.
— Сатып алып келдиңби же башка бир нерсеге алмаштыңбы?
Көзүмдүн кыйыгы менен бетине жекире карадым. “Мунун кандай жумушу бар, сатып алып келемби, сурап алып келемби, карызга сураймбы?”
— Шыйпыр аласызбы? – дедим, кабагымды чытып.
— Аламынбы, албаймынбы бул экинчи маселе. Сиз мага жанакыга жооп бериңиз, сатып алып келдиңизби же алмаштыңызбы?
Мына кызык! “Жардынын оозу ашка тийсе мурду канайт” деген. Рекламага берсең ташың өйдө кулайт дебеди беле. Башталбай жатып балакет басты.
Алиги кардарым коррупцияга каршы кызматтан болуп чыкты. “Эки ооз сүйлөшүп чыгам” деген мыйзамдын камчысы, күн батарга жакын эки жүз шыйпырымды алып жаны тынды.
— Коркпо иним, корксоң жумушуң жылбайт, — деди кетип жатканда ийнимден таптап, — өзүм сага чаң жугузбайм.
Эртеси үйдөн чыкпай жатып алдым. Кечке жуук телефон шыңгырады.
— Рекламага бересиң да өзүң жашырынып жатып аласың, — деди бирөө. Оп баракелди! Дагы кимиси болуп кетти?
— Жашырынган жерим жок. Бираз маанайым жок болуп…
— Кайдан маанайың болсун, арам жол менен жан баксаң.
— Кандайча арам жол? Эч кандай арам жол менен жан бакканым жок.
— Кабарыбыз бар, таң эрте бардык документтериңди көтөрүп алып, салык башкармалыгына кел. Мен Бодыковмун, 44-кабинет.
Барганымда эле Бодыков мүдөөсүн айта калса канакей. Жок, майдалап тийишип отурду. Фирмам жумушун баштагандан бери салыгын кемитип төлөгөн, айрымдарын жашырган, документтер жасалма имиш…
Кыскасы, күн уясына эңкейгенде көңүлүндөгүсүн айтып тынды. Элүү фанера керек экен.
Үч күн өтпүй-өтпөй жатып рекламадан качууга жер таппай калдым. Фирманын эшигин ачпайм, телефонду сууруп таштагам. Ошондо да эбин таап, участка инспектору он терезе, тергөөчү отуз даана оргалит, соттун милдетин аткаруучу он сегиз даана тоголок карагай жүктөп кетти.
Арманымды, арыз-муңумду кимге айтаарымды билбей дагы жалдырап отуруп калдым. Ушундайда жоро-жолдоштун болгону жакшыкен. Дагы ошолорго жолуктум.
— Рекламага бер! – деди алар.
— Рекламадан оозум күйүп отурам го.
— Айтканды кыла берсеңчи.
— Эмне деп?
— Фирмада мүлк жок, эч кандай соода-сатык жүргүзбөйт, — деп жар сал.
Айткандарындай кылдым. Башка аргам жок эле. Рекламада сөз көп экен. Кулагым тынчып эле калды.
Эми өзүмдүн товарларымды өзүм шыбырап сата турган болдум. “Курулуш материалдары керекпи? Бир жерде бар, керек болсо таап берем. Тсс — ссс”