О’ГЕНРИ: Жүрөк жана кол (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ

Денверден чыгышка кетүүчү Балтимордук экспресс поездге жүргүнчүлөр агылып түшө баштады. Ыңгайлуу жана комфорт вагондордун бирөөсүндө жакшынакай кийинген, отурган орунтугун саякатта керектүү буюмдары менен толтуруп алган жаш, сулуу айым отурат. Жаңы түшкөндөрдүн арасында да эки адам бар, экөө тең жаш жигит, биринчиси – келишимдүү, тайманбас, жарык жүздүү; экинчиси – өзүнө камдуу, түнт, чымыр денелүү, жөнөкөй кийинип алган. Алар бири-бирине кишен менен кошоктолгон.

Поезд коридорундагы жалгыз бош орундук сулуу айымдын бет маңдайында эле. Колдору кишенделген экөө айымдын маңдайына көчүк басышты. Жаш айым көз кыйыгы менен маани бербегендей карады, кийин кызыл эриндерин көрккө бөлөгөн бир жылмаюу менен боз мээлейлүү колун сунду. Жагымдуу жана таттуу сүйлөөгө көнүп алган кимдир бирөөнүн адаты менен сөзүн баштады:

— Ээй, мистер Истон, байкашымча мени биринчи сүйлөсүн деп күтүп турасыз го. Макул ошентейинчи. Силер эски тааныш адамдарыңарга Батыштан жолугуп калсаңар саламдашпай коесуңарбы?

Жаш айымдын жагымдуу үнүн угар замат өзүнө келе түштү, бир аз болсо да уялгандай түр көрсөтүп, кайрадан дароо эле өзүн токтоо кармап, сол колу менен айымдын бармактарынын учунан аярлай кармады.

— Кантип тааныбай коеюн Мисс Ферчайлд, — деп жылмайды. — Сол колум менен учурашканым үчүн кечирим сурайм. Себеби оң колум азыр бош эмес.

Оң колун акырын өйдө көтөрүп, тиги адамдын билегинде жаркыраган браслетти көрсөттү. Кыздын жүзүндөгү бактылуулуктун жылмаюсу коркунучка айланып, өң алекеттен кетип, таң калуудан оозу жарым жартылай ачыла түштү. Истон тамашалап каткандай жумшак күлүп, кайрадан сүйлөөгө умтулганда, жанындагы адам андан озунуп сөзүн жула качты. Курч жана орой көз карашы менен кызды карап турган эле.

— Сөзүңөрдү бөлгөнүм үчүн кечирим сурайм айым. Шериф менен тааныш экениңерди көрдүм. Түрмөгө барганыбызда мен үчүн эки нерсени айтышын өтүнүп коюңузчу. Айтар болсо, мен үчүн ал жактагы иштерим кыйла жеңилдей түшмөк. Мени Ливенуорт түрмөсүнө алып баратат, жасалма акча жасаганым үчүн жети жылга соттолдум.

— Ах, ушундайбы… — деп кыз терең дем алып, бозоргон өңү оңоло түштү. – Демек, бул жакта ушул иш менен алектенет экенсиз да. Шериф турбайсызбы!

— Сүйүктүү Ферчайлд айым, Вашингтондо жашоо үчүн акча табуу керек. Бир нерсе кылышым керек болуп, мына ушул жумуш үчүн Батышка келдим. Шерифтин иши элчинин жумушундай маанилүү эмес дечи, бирок…

— Элчиби? – деди кыз. — Бизде эч качан болгон эмес. Ал үчүн батышка баруунун деле кажети жок. Муну силер билишиңер керек. Эми болсо Батыштын жапайы баатырлары сыяктуусуңар, атына секирип минип, коркунучтун ичине курал көтөрүп чуркаган. Вашингтондогу жашоодон тап такыр башкача. Ал жакта эски тааныштарыңыз да жок.

Кыздын көздөрү сыйкырланып калгандай, жаркыраган кишендерге кадала түштү. Берки адам:

— Күмөн санабай эле койсоңуз болот, мадам. Бардык. Шерифтер күнөөкөрлөрдү качпасын деп, кишендеп алышат. Истон мырза өз ишин жакшы билет, — деди.

— Жакында сизди кайрадан Вашингдондон көрө алабызбы, — деп кыз суроо узатты.

— Билбейм, жакында барбайм го, — деди. – Көрүнүп тургандай, саякаттоочу күндөрүм өтүп кетти.

— Мага батыш аябай жакты, — деди кыз, сүйлөшүп жаткан темаларына эч тийешеси жок болсо дагы.

Жымыңдаган көздөрү менен поезддин терезесинен сыртты карады. Маданияттуу сүйлөгөнүн токтотуп, дагы да жүрөктүн түпкүрүнөн, жагымдуу үнү менен сөзүн баштады. – Апам экөөбүз жайды Денверде өткөрдүк. Ал бир жума мурун кайтып кеткен. Себеби атам бир аз ооруп калыптыр. Батышта калып бактылуу боло алмакмын, бул жактын абасы да жакты, акча баарын чечет дебеш керек, бирок адамдар туура эмес түшүнүп алып, келесоодой мамиле жасашат…

— Шериф, бул акыйкатсыздык ко, — деди айыпкер болуп отурган адам. – Күнү бою суу ичкен жокмун. Жетиштүү эле сүйлөштүңүз окшойт. Мени тамеки тартчу вагонго алып барасызбы, мурдум курттап өлөйүн деп турам…

Бири-бирине байланган жүргүнчүлөр ордуларынан өйдө болушту. Истон жүзүндөгү жылмаюу менен:

— Тамеки тартам десе эч нерсе дей албайм эми. Саламатта калыңыз Ферчайлд айым, кызматым мени чакырып атат, — деп коштошуу үчүн колун сунду.

— Чыгышка баратканыңар кандай гана өкүнүчтүү, — деди эски калыбында. — Ливенуортко барышыңар керекпи?

— Ооба, Ливенуортка кетишибиз керек.

Эки адам тамеки тартчу вагонго баруу үчүн коридорго чыгышты. Жанында отурган эки жүргүнчү булардын сөздөрүнө кулак салып отурушкан. Бирөөсү:

— Шериф жакшы адам өңдөнөт. Батыштыктардын кээси ушундай болушат…

Экинчи жүргүнчү:

— Мындай кызмат үчүн өтө эле жаштык кылат ко? – деп сурады.

— Жашпы? Эмнеге?.. Байкаган жоксуңбу, ушуга чейин күнөөкөрдүн кишенин оң колуна тагып алган шерифти көрдүң беле?

Которгон: Урматбек НУРСЕЙИТ уулу