О’ГЕНРИ: Ранчодогу санаторий (аңгеме, которгон Таалайбек АБДИЕВ)

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

АҢГЕМЕ

Эгер ринг хроникасына көз салып жүрсөӊүз, бул окуяны дароо эле эстейсиз. Токсонунчу жылдардын башында чек арадагы бир дарыянын аркы өйүзүндө чемпиондук таймаш болуп, ал болгону бир мүнөт, анан бир нече секундга гана созулган. Мындай кыска беттешүү сейрек болот жана муну алдамчылык десе да болот, анткени чыныгы спорт күйөрмандарынын үмүтү таш каап атпайбы. Кабарчылар жанталашып жатышты, бирок алардын айткандарын эске албаганда, беттешүү абдан эле кызыксыз болду. Чемпион атаандашын дароо эле сулаткан соӊ, бурула берип: «Билем, бул өлүк эми турбайт»,- деп күӊкүлдөдү да, мээлейин чечсин үчүн секундантка мачтадай узун колун суна берди.

Ушундан улам эртеси таӊ атпай модалуу жилетчен, ар түрдүү галстук тагынган кабагы салыӊкы жентельмендер Сан-Антонио вокзалында Пульман вагондорунан чубуруп түшүп жатышты. Вагондон атып чыгып, ыкшып жөтөлүп жаткан «Чегиртке» Мак-Гайрдын ит ыйлагыдай абалына да бир чети ушул себеп болду. Мындай ыкшыган жөтөлгө сан-антониолуктар көнүп калышкан. Дал ушул учурда платформадагы таӊкы күндүн бозомук нурларын аралап Нуесес аймагынан келген малчы Кертис Рейдлер бараткан эле.

Малчы таӊ атпай турган, анткени үйүнө шашып, түштүккө кетчү поездге үлгүрүп калайын деп келаткан. Тиги байкуш спорт күйөрманынын жанына келип, техас акценти менен боор тарта сурады:

— Эмне болду, тууганым, жаман болуп турасыӊбы?

Мурунку жеӊил салмактагы боксёр, жокей, ат чабыштардагы тыӊчы, бар менен спорт клубдардан башы чыкпаган «Чегиртке» Мак-Гайр өзүн «тууганым» деген немени чакчая карады.

— Жогол, Телеграф Мамысы,- деп кыркырады ал. – Мен сени чакырган жокмун.

Кайрадан ыкшып жөтөлүп, ичеги-карды аралашып, алы кете түштү да, жүк ташыган кол арабага отура кетти. Рейдлер жөтөлү басылганча күтүп, тигинин ак шляпасын, кыска пальтосун жана жоон сигарасын карап турду.

— Сен түндүктөн окшойсуӊ, тууганым?- деп сурады ал, жөтөл кайтып калганда. – Бокс көргөнү бардыӊ беле?

— Бокс?- деп бырс күлдү Мак-Гайр. – Куушмак ойномой! Бир койду да, сулап, эсинен танып жатып калды. Бокс имиш! – Анан чакап кетип, кайра жөтөлгөн соӊ малчы менен сүйлөшкөнчө дартын айтып кирди. – Жок, эми мен алданбайм. Бирок мындайга Рокфеллер да алданмак. Корктон келген бала үч раундга чыдабайт деп акча сайгамын да! Болгон акчамы акыркы центине чейин коюп, Отуз жетинчи көчөдөгү Жим Диленден алмак болгон түнкү кабактын жыты мурдума келип калган. Анан мындай болуп калбадыбы. Жок дегенде сен айтчы, Телеграф Мамысы, кандай келесоо тиги эки акмактын урушуна колдо болгон байлыгын сайып салат?

— Туура айтасыӊ,- деп күркүрөдү тиги заӊкайган малчы. – Анын үстүнө акчанын баары кеткен турбайбы. Сен эми, тууганым, жакшысы мейманканага бар. Жөтөлгөнүӊ жаман экен. Канча болду?

— Өпкө,- деп так кесе жооп берди. – Тапканым ушу болду. Жарым жыл калды, өзүӊү жакшы кармасаӊ, балким, бир жылга барасыӊ дейт кара оозуӊа кан толгур доктур. Ошондон улам бир жерге отурукташып, кичине адам катары жашайын дедим эле. А балким, ошол үчүн акчамы сайып ийдим окшойт. Куруттай болгон миӊ долларым бар болчу да. Утуп калсам, Дилендин кафеси меники болуп калмак. Тиги келесоону биринчи раундда сулап калат деп ким ойлоптур?

— Ооба, жаман болгон экен,- деди Рейдлер, арабага сүйөнүп турган Мак-Гайрдын кедейген кебетесин тиктеп. – Тууганым, эми сен мейманканага бар да, эс ал. Бул жерде «Менжер», «Маверик»…

— Анан «Бешинчи авеню», «Уолдорф-Астория» деген да бар,- деди Мак-Гайр аны какшыктай туурап. – Уккан жоксуӊбу? Күйүп кеттим деп атпаймынбы. Азыр мына бул ыштаным менен он центтен башка эч нерсем жок. Мүмкүн, Европага кеткеним, же болбосо яхтам менен саякатка чыкканым жакшыдыр?.. Эй, гезит берчи!

Ал гезит саткан балага он центин берди да, «Экспрессти» алып, арабага жайланышып отуруп, көбүртүп-жабыртып жазылган өзүнүн Ватерлоо согушун окуганга киришти.

Кэртис Рейдлер чоӊ алтын саатын карады да, Мак-Гайрды ийинге түрттү.

— Жүр, тууганым,- деди ал. – Поезддин кетишине үч мүнөт калды.

Мак-Гайр, сыягы, табиятынан кераяк болсо керек.

— Эмне, менин байге утуп алганымы көрдүӊбү? Айтпадымбы жана сага, колумда кокон тыйыным жок деп. Бар, жолуӊа түш, досум.

— Сен менин ранчомо барасыӊ да, айыкканча ошол жерде жашайсыӊ,- деди малчы. – Жарым жылдан кийин ооруӊ сен көр, мен көр болот, тууганым. – Ал бир колу менен Мак-Гайрды тургузду да, поездге дегдеӊдетип алып жөнөдү.

— А анын акысын кантип төлөйм?- деп сурады Мак-Гайр, каршылык көрсөтүмүш болуп.

— Акысын? Эмненин акысын?- деп таӊ калды Рейдлер. Алар түшүнбөй тиктешип калышты. Ар биринин ою өз огунда, карама-каршы багытта чимирилип жатты.

Түштүккө бараткан поезддин жүргүнчүлөрү узун-кыска болгон бул экөөнү кызыга карап жатышты. Мак-Гайрдын бою болгону беш фут бир дюйм эле. Кебетесине караганда дублиндик, а балким, иокогамалык деп айтышы да мүмкүн. Тикчийип караган, чап жаак, бетинде тырыктары бар, көптү көргөн тарамыш дене бул жигит урушчаак короз кейптенип турат жана бул жакта мындайлар көп. Рейдлер болсо башка жердин кулуну эле. Бою алты фут эки дюйм, далысы бир кулач келип, Батыш менен Түштүктүн ширелишинен бүткөндөй болуп турчу. Бизде мындай кишилердин сүрөттөрү аз, анткени сүрөт галереяларыбыз кичинекей, ал эми кино өнөрү Техаска али жайыла элек. Рейдлер сыяктуу эбегейсиз зор адамды алкакка салынбаган, фреска сыяктуу кенен, бейкут, жөнөкөй нерсе гана чагылдыра алмак.

Экспресс аларды түштүккө карай алып учуп баратты. Көз жетпеген жашыл прериялар токойлорду салааланта жарып өтүп, ар кайсы жердеги топ-топ дарактарга айландырып салган. Бул ранчолордун өлкөсү, уй королдорунун ээликтери болчу.

Мак-Гайр бурчка жабышып, тигил малчынын кебин шектенип тыӊдап келатты. Бу заӊкайган неме кайда алып баратат, эмне кылайын деген ою бар? Анын жөн эле жакшылык кылайын деп атканы Мак-Гайрдын оюна да келген жок. «Бул фермер эмес,- деп ойлоду туткун,- алдамчы дейин десеӊ, ага да окшобойт. Ким болду экен бул? Эми сак бол, «Чегиртке», мунун бир амалы бардыр, балким. Болору болду эми, эч кайда кете албайсыӊ. Кургак учук алкымдап турса, чөнтөгүӊдө болгону беш центиӊ болсо, тынч отургандан башка эмне кылмак элеӊ. Былк этпей отур да, эмне кылар экен байкап тур.»

Сан-Антониодон жүз миля узактагы Ринконго келгенде, поездден түшүп калып, станцияда Рейдлерди күтүп турган арабага отуруп, жеткенче дагы отуз миля жол жүрүштү. Ушул жерге келгенде, ансыз да шек санап келаткан Мак-Гайр эмне үчүн туткундалып келатканын аӊдагандай болду. Алар кеӊирсиген саванна менен келатышты. Ойноктогон эки испан аты желип, кээде ээлиге түшкөндө дыр коюп келатат.Таза аба шарап сымал мас кылып, сергитип, жолоочулар дем алган сайын талаа гүлдөрүнүн буркураган назик жытын искешет. Бир маалда жол чөпкө сиӊип кетти да, араба көк чөптө сүзүп калды. Бирок тажрыйбалуу Рейдлерге алыстан бүлбүлдөп көрүнгөн бадалдар, дөбөлөр жол көрсөтүп турду. Мак-Гайр болсо чалкалай отуруп, малчыдан шек санап, ээн талаадан башка эч нерсени көрө албай келет.

«Мунун эмне ою бар?- деген ой кетпей койду. – Бул дөө эмне кылайын деп турат?» Горизонт менен гана чектелген көз жеткис мейкин талаада келаткан Мак-Гайр ушинтип тар кварталда жашаган шаардыкча ойлоп барат.

Бир жума мурун Рейдлер прерияда атчан келатып, бададан адашып калып, мөөрөп турган бир оорулуу торпокту таап алган. Аны эӊип алып, ээрге арта салып барып, ранчодогу ковбойлоруна бакканга берген. Эми болсо Рейдлердин көзүнө өзү да ошол торпоктой көрүнүп, оорулуу, жардамга муктаж жарым жан болуп турганын Мак-Гайр кайдан билсин. Рейдлер ага жардам бере ала турганын көрдү жана ушунун өзү ал үчүн жетиштүү болду. Анын ою боюнча, мунун баары жөндүү, демек, туура болчу. Мак-Гайр жетинчиси болду, Рейдлер буга чейин да Сан-Антонионун тар көчөлөрүндө миӊдеген көк жөтөлдөрдөн алтоону алып келген. Бешөө Солитодогу ранчодо сакайып, тыӊыганча жашап жүрүп, кийин меймандос малчы менен ыйлап коштошуп кетишкен. Алтынчысына өтө кеч болуп калган экен, бирок ал да кыйналып жүрүп аягында бактын бейкут бурчундагы көлөкөлүү дарактын түбүнөн жай тапкан.

Ушундан улам араба крыльцого келип токтоп, Рейдлер оорукчан немени алып түшүп, верандага киргизгенде, ранчодогулардын эч кимиси деле таӊ калган жок.

Мак-Гайр айланасын таӊ калып карады. Солито ранчосундагы үй аймактагы үйлөрдүн мыктысы болуп эсептелчү. Жүздөгөн миля жерден ат менен алып келген бышык кирпичтен салынган бул үй бир эле кабат болчу, андагы төрт бөлмө «галерея» деп аталган веранда менен курчалып турчу. Аттар, иттер, ээрлер, арабалар, мылтыктар жана башка ковбойдун күндөлүк турмушундагы буюмдар шаардык бечара спортсмендин көзүнө бир башкача көрүндү.

— Мына, үйгө да келдик,- деп куунак үн катты Рейдлер.

— Жердин түбү турбайбы! – дегенге араӊ жараган Мак-Гайр верандага отура кетип, ыкшып жөтөлүп калды.

— Биз сени жакшыраак жайгаштырганга аракет кылабыз, тууганым,- деди үй ээси. – Албетте, үйүбүз ак сарай эмес, бирок ээн-эркин жүрөсүӊ, сен үчүн бул эӊ негизги нерсе. Мына сенин бөлмөӊ. Эмне керек болсо, тартынбай сурай бер.

Рейдлер Мак-Гайрды үйдүн чыгыш жагындагы бөлмөгө алып барды. Жылаӊач пол таза жуулуптур. Салкын жел терезедеги ак пардаларды каалгытат. Чоӊ өрмө кресло, эки отургуч, гезиттер, канжалар, тамеки, шпоралар, мылтыктын патрондору жайнап жаткан узун үстөл – булардын баары бөлмөнүн ортосунда экен. Бугунун жакшы катырылган бир нече башы жана бир килейген камандын башы дубалдан карап турат. Бурчта кендирден жасалган бүктөмө керебет. Тегеректегилер үчүн Солито ранчосундагы бул конок бөлмөсү кан сарайдай эле болчу. Мак-Гайр муну көрүп тишин көрсөтө жылмайымыш болду. Чөнтөгүнөн беш центин алып чыгып, шыпка ыргытты.

— Акчам жок деп алдап атат деп ойлосоӊ керек. Мына, эми кааласаӊ, тинтип да көр. Акыркы акчам ушул болчу. Кана, эми ким төлөйт?

Рейдлердин ачык боз көздөрү ак чалган каштарынын алдынан коногунун кара көздөрүнө тигилип калды. Бир аз унчукпай турган соӊ, жай айтты:

— Ушул акча тууралуу мындан ары кеп кылбай койсоӊ, мен сага ыраазы болот элем, тууганым. Айтылды – бүттү. Мен конокторумдан акы албайм, алар да адатта берели дешпейт. Кечки тамак жарым сааттан кийин даяр болот. Мына бу кумурада суу бар, а тигил галереядагы кызылында иче турган муздак суу болот.

— А коӊгуроо кайда?- деп сурады Мак-Гайр, тегерете карап.

— Коӊгуроо? Эмнеге?

— Бир нерсе керек болгондо чалганга. Бул жерде жок экен. – Анан ал айласы кетип жарылып кетти. – Мен сенден ушул жакка алып кет деп сурандымбы! Же сенден акча сурадымбы! Мен сага жалынган жокмун, сен өзүӊ жабышпадыӊбы! Мен деген оорулуу кишимин! Кыймылдаганга алым жок! А мында болсо элүү чакырым жерде бир кызматкер жок. Кайдан да келип калдым! – Мак-Гайр керебетке жата кетти да, солкулдап ыйлап ийди.

Рейдлер эшикке барып, кызматкерди чакырды. Келбеттүү, жыйырмалардагы мантайган кызыл бет мексикалык жигит бөлмөгө кирип келди. Рейдлер анын менен испанча сүйлөшө баштады.

— Иларио, мен сени күзүндө Сан-Карлостогу лагерге vaquero кылып жиберем деп айтсам керек эле?

— Si, Senor, ошондой дегенсиз.

— Анда кулак сал. Бул Senorito менин досум болот. Өзү абдан оорулуу. Сен буга кызмат кыласыӊ. Жанында болуп, айткандарын аткарып тур. Буга камкордук, сабырдуулук керек, Иларио. Ал айыкканда же … ооба, айыкканда, мен сени vaquero эмес, де ля Пьедрас ранчосуна mayordomo1 кылып дайындайм. Esta bueno?2

— Si, si, mil gracias, Senor!3 – Иларио ыраазы болгонунан тизелей калайын деди эле, Рейдлер аны тамашалай тээп:

— Болду, болду, балетиӊди кой…- деп койду.

Он мүнөт өтпөй эле Иларио Рейдлерге кайра келип калды:

— Кичинекей Senor сизге таазим кылып, салам айтты,- деди ал. (Рейдлер муну Иларио өзү кошуп айтып атканын билди). – Ал чагылган муз, ысык ванна, кытырак токоч, сельтер менен бир порция джин, бир куту сигарет, Нью-Йорк геральд» сурап, бардык терезелерди жаап, парикмахер чакырып, анан бир телеграмма жөнөтүп кой деп жатат.

Рейдлер шкафынан бир бөтөлкө виски алып чыкты да:

— Муну алып барып бер,- деп койду.

Солито ранчосунда кежир коноктун заманы ушинтип башталды. Алгачкы жумаларда Рейдлердин соӊку табылгасын көргөнү алыскы жайыттардан келишкен ковбойлордун көзүнчө Мак-Гайр ооз көбүртө мактанып, менменсинип жүрдү. Мак-Гайр алар үчүн жаӊылык эле. Ал бокс өнөрүнүн купуя сырларын айтып берип, коргонуу менен кол салуунун амалкөй ыкмаларын көрсөтүп берчү. Адис спортчулардын киши укпаган жашоосун айтып берип тигилердин оозун ачырчу. Алар болсо анын жаргон толгон сөздөрүн тамшана угуп, черлери жазылчу. Анын ымдоо-жаӊсоолору, жүрүм-туруму, жылаӊач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөгөнү тигилерди биротоло тартып алды. Алар үчүн Мак-Гайр башка дүйнөнүн кишиси болчу.

Бирок таӊ калыштуусу, өзү туш келген жаӊы дүйнө Мак-Гайр үчүн жок сыяктуу эле. Ал кирпич менен акиташ дүйнөсүнөн чыккан өзүмчүл неме эле. Тагдыр ооз көптүрүп мактанганын таӊ калып тыӊдаган бир нече угармандан башка эч ким жок ээн жерге таштап койгондой туюлуп жүрдү. Көз жетпеген күнөстүү талаалар, жылдыздуу түндөрдүн улуу жымжырттыгы анын жан дүйнөсүнө кенедей да таасир эте алган жок. Авроранын көз уялткан боёкторунан спорт журналынын кызгылтым беттерин артык көрдү. Анын урааны бекер жашоо, эӊсегени Отуз жетинчи көчөдөгү кафе болчу.

Эки ай өткөн соӊ Мак-Гайр ден соолугум начарлап кетти деп даттана баштады. Ушундан баштап ал Солито ранчосунун башына түшкөн бир балээ болду. Каардуу сыйкырчы чалдай же тажаал катындай болуп бир бурчка отуруп алып арыз-арманын айтып муӊканат, ыйлактайт, баарын каргап-шилейт. «Айтпай-дебей туруп ушул кудай урган ээн талаага алып келип таштап коюшту, кароосуз калып ушул жерде өлмөк болдум» – анын болгон арыз-арманы ушул. Бирок күн өткөн сайын начарлап баратам деп даттанганы менен анын кебетеси такыр өзгөргөн жок. Кара көздөрү дагы эле шайтан көздөнүп жылтылдайт, үнү дагы эле чаӊкылдайт, баягы сөөккө каптагандай бети жетер жерине жетип арыктап, андан ары арыктаганын токтотту. Кечкисин уркуйган бети кызарып (термометр коюп көрсө кандай болор эле), сүйлөгөнү бир өпкөсү менен дем алгандай туюлганы менен Мак-Гайрдын кебетеси эч өзгөргөн жок.

Иларио жанынан жылбай кызмат кылып жүрдү. Аны кожоюндун убадасы кармап турду, болбосо Мак-Гайрга киши чыдай алмак эмес. Бөлмөдөгү терезелердин баарын жаптырып, пардалардын баарын жылчыксыз түшүртүп койгондуктан, таза аба жок болчу. Тамекинин ачуу жытынан дем кыстыкчу. Мак-Гайрга ким кирсе да, түтүнгө тумчугуп, ушул кичинекей шайтандын ызы-чуулуу карьерасы жөнүндөгү апыртмаларын тыӊдап отурганга мажбур болчу.

Баарынан кызыгы – Мак-Гайр менен үй ээсинин ортосундагы мамиле эле. Оорулуу ага боорукер атасына ыгы жок эркелеген обу жок кежир баладай мамиле кылчу. Рейдлер бир жакка кеткенде, Мак-Гайр түнөрүп унчукпай отура берчү. Бирок ал келери менен кергиштеп, какшыктап кирчү. Рейдлердин ага жасаган мамилеси да киши түшүнгүс болчу. Сыягы, ал өзү да Мак-Гайрдын айткандарына толук ишенип, өзүн каардуу эзүүчү, залим сезип кетчү. Коногунун ден соолугу үчүн өзүн жооптуу сезип, тигинин жемесин айыптуу немедей чыдап укчу.

Бир жолу Рейдлер Мак-Гайрга мындай деди:

— Таза абага чыгып көрбөйсүӊбү, тууганым. Менин арабамды ал да, кааласаӊ күн сайын сейилде. Кааласаӊ, бир-эки жума балдар менен жайытка барып кел. Ал жакта шартыӊды жакшы кылып берем. Таза абада, талаада жүрсөӊ, тез эле оӊолуп кетмексиӊ. Филадельфиялык бир бала (анын абалы сеникинен да жаман болчу) Гвадалупада эки апта койчулар менен талаада түнөп жүрүп, дароо эле айыгып кеткен. Таза аба менен жер-суу дары келет. Кааласаӊ, ат минип жүр. Менин бир жоош атым бар.

— Мен сага эмне кылдым эле?- деп чаӊырды Мак-Гайр. – Мен сени алдап кеттим беле? Ушул жакка алып кет деп жалындым беле? Эми болсо жайытка барат экенмин да? Минтип кыйнаганча, бычак менен сайып сал мени! Ат минет имишмин! Мен бутумду араӊ сүйрөп жүрөм! Түшүндүӊбү? Беш жашар бала сабаса, кол кайрый албайм азыр. Сенин кудайдын каарына калган ранчоӊ менин түбүмө жетмей болду. Жейин десеӊ, тамак жок, көрөйүн десеӊ, эч нерсе жок, сүйлөшкөнгө киши жок. Жанагы түркөйлөр болсо бокс кабы менен омар салатын ажырата алышпайт!

— Бизде чын эле көӊүлсүз,- деп актана кетти Рейдлер. – Баары кеӊири, бирок жөнөкөй. Эгер бир нерсе керек болсо, балдарды жөнөтөлү, алып келишет.

Серкл Бар малчыларынан келген Чед Мерчисон деген уйчу Мак-Гайр жөн эле анткор деген түкшүмөл оюн биринчи болуп ачык айтты. Чед ага отуз миля жерден ээрине байлап алып бир себет жүзүм алып келген эле. Түтүнгө ышталган бөлмөдө бир аз отуруп чыккан соӊ, кожоюнга шек санаганын айтты.

— Мунун колу алмаздан катуу,- деди Чед. – Баягыда «ичке түз урганды» үйрөткөндө, мени мустанг тепти го деп ойлогомун. Бул шайтан сизди алдап жүрөт, Керт. Мен кандай оорулуу болсом, бул да ошондой оорулуу. Айткандан уяласыӊ, бирок бул айбан бекер жашаш үчүн эле сизди алдап жүрөт.

Бирок ак көӊүл малчы Чеддин айтканын кулак сыртынан кетирди. Бир нече күндөн кийин Мак-Гайрды докторго көрсөткөндө, анын оюнда эч нерсе жок болчу.

Бир күнү түш ченде эки киши ранчого келип, арабадан түшүштү да, аттарын байлаган соӊ, үйгө кирип, дасторконго отурушту. Үйгө келген киши сөзсүз тамакка кошулат: бул аймактын салты ушундай. Коноктордун бири Сан-Антониодон келген атактуу доктор экен. Ок жаӊылган бир бай малчыга келиптир. Эми болсо аны темир жол станциясына узатып баратышыптыр. Түшкү тамактан кийин Рейдлер аны четке алып чыгып, жыйырма долларды сунуп туруп, мындай деди:

— Доктор, бир жигитти карап бересизби? Ал тигил эле бөлмөдө. Абалы кандай экенин, эмне кылсак болорун билейин дедим эле.

— А мен сиздин тамагыӊыз үчүн канча төлөшүм керек?- деп нааразы болду доктор, көз айнегинин үстүнөн карап. Рейдлер жыйырма долларын кайра чөнтөгүнө салды. Доктор дароо Мак-Гайрдын бөлмөсүнө кетти да, малчы болсо галереянын бурчунда турган ээрлерге көчүк басып, доктордун бүтүмү жаман болсо эмне кылам деп кыжалат боло баштады.

Бир аздан кийин доктор Мак-Гайрдын бөлмөсүнөн шыпылдай басып чыкты.

— Бул жигиттин ден соолугу,- деди ал Рейдлерге,- меникинен жакшыраак экен. Өпкөсү жаӊы чыккан доллардай болуп турат. Пульсу жакшы, температурасы менен дем алганы да жаман эмес. Дем чыгарышы төрт дюйм. Оорунун эч кандай белгилери жок. Албетте, бактериологиялык анализ жасаган жокмун, бирок туберкулёздун бациллалары жок деп кепил боло алам. Диагнозуна кол койгонго даярмын. Ал турсун тамеки менен сасыган аба да таасир эте албаптыр. Жөтөлүбү? Жөтөлүш милдеттүү эмес экен деп айтып коюӊуз. Эми эмне кылсам деп турат окшойсуз. Менин кеӊешим: муну телеграф мамыларын орноткону же мустанг үйрөткөнү жибериӊиз. Аттар да даяр болуп калды окшойт. Жакшы калыӊыз, сэр. – Анан талаанын салкын желиндей болгон доктор жол жүрүп кетти.

Рейдлер периланын жанындагы мескиттин жалбырагынан алды да, ойлонгончо чайнай баштады.

Малга тамга баса турган маал жакындап калган. Эртеси эрте менен малчылардын башчысы Росс Харгис жыйырма беш чакты жигитин ранчонун короосуна чогултуп, Сан-Карлоско барып ишти баштай турган болуп калды. Саат алтыда аттар токулуп, азык-түлүк арабага жүктөлүп, уйчулар аттанып калганда, Рейдлер токтой тургула деп калды. Атчы бала дарбазага дагы бир токулуу атты жетелеп келди. Рейдлер Мак-Гайрдын бөлмөсүнө барып, эшигин ачты. Ал жылаӊач бойдон керебетинде тамеки чегип жатыптыр.

— Тур!- деди малчы. Анын үнү кернейден чыккандай даана, өкүм чыкты.

— Эмне болду?- деп таӊ калып сурады Мак-Гайр.

— Тур да, кийин. Мен үйүмдө кара чаар жыланды багышым мүмкүн, бирок алдамчыга орун жок. Бол, канча жолу кайталашым керек! – Ал Мак-Гайрды желкеден алып, төшөктөн тургузду.

— Эй!- деп кутургандай чаӊырды Мак-Гайр. – Сен эмне, кутуруп кеттиӊби? Мен оорулуумун, көрүп турбайсыӊбы! Кыймылдасам, өлүп калам. Мен сага деги эмне кылдым? Мен сага жалындым беле?.. деп ыйлактай баштады ал адатынча.

— Кийин!- деп өкүм айтты Рейдлер.

Кийимине чалынып-чулунуп, күӊкүлдөп сөгүнүп, жинденген малчынын зор сөлөкөтүнөн көз албай калтыраган колу менен шымын, көйнөгүн эптеп кийди. Рейдлер аны кайра желкеден алды да, короо менен дыркыратып сүйрөгөн бойдон дарбазанын жанындагы токулуу атка алып барды. Атчан уйчулардын оозу ачылып калды.

— Муну ала кеткиле,- деди Рейдлер Росс Харгиске. – Иштеткиле. Айтылгандай иштесин, оӊ келген жерде уктасын, бергенди жесин. Билесиӊер, балдар, мен бул үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Кечээ Сан-Антонионун менмин деген доктору муну карап көрдү да, өпкөсү качырдыкындай, өзү букадан соо деп айтты. Кыскасы, муну сага тапшырдым, Росс.

Росс Харгис мыйыгынан күлүп койду.

— Аа, ушундай дечи!- деди Мак-Гайр, Рейдлерди карап жылмайып. – Карыган шайтан мени соо деген турбайбы, көрсө? Мени жөн эле анткорлонуп жатат деген экен да? Демек, сен аны атайын жиберген турбайсыӊбы? Силердин оюӊарча, мен алдамчы экемин да. Ооба, мен ороймун, билем, бирок… Менин ордумда болсоӊор, көрөт элеӊер… Ооба, унутуп калган турбаймынбы… Ооба, менин деним соо… Жанагы карыган доктор айткан турбайбы. Болуптур, тууганым, иштеп берейин. Ушинтип эсептешет турбайсыӊбы!

Ал ээрге ыргып минди да, ээрге кыстарылган чыбык камчыны алып, атка камчы салды. Ошентип, Хоторндагы ат чабышта «Уланды» марага биринчи алып келип, элди байгеге марыткан «Чегиртке» кайрадан үзөӊгүгө бут салды.

Мак-Гайр дарбазадан учуп чыккан атчандардын алдында эле, артта болсо ыраазы болгон уйчулар кыйкырык-ышкырык менен чаӊ аралаш келатты. Бирок бир миля өтпөй эле жайлап, анан атчандардын такыр эле артында калды. Бир бадалга кирди да, тизгин тартып, чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыгып, оозуна басты. Бетаарчы кыпкызыл канга боёло түштү. Аны бадалдын арасына ыргытып ийди да, кыркыраган үнү менен «Чү!» деген боюнча уйчулардын артынан кетти.

Кечинде Рейдлерге өзү өскөн Алабама шаарынан кабар келди. Туугандарынын бири каза болуп, мурас бөлүштүргөнгө келип кет дешиптир. Ал таӊ атпай арабасы менен станцияны көздөй жөнөп кетти.

Үйүнө эки ай дегенде келди. Үй ээн экен, аны карап жалгыз гана Иларио калыптыр. Жаш жигит кожоюнга иштер кандай болуп атканын айтып берди. Малга тамга басып бүтүшө элек экен. Ураган болуп, мал ар кайсы жакка чачылып кеткендиктен, тамга басыш кыйын болуп атыптыр. Лагерь азыр жыйырма миля алыстагы Гвадалупа өрөөнүндө имиш.

— Айткандай,- деди Рейдлер бир нерсени эстеп,- баягы мен балдар менен жиберип ийген, жигит, Мак-Гайр, эмне болду? Иштеп жүрөбү?

— Билбейм,- деп жооп берди Иларио. – Уйчулар азыр ранчого кээде эле келишет. Музоолор кыйнап жатышат дейт. Жок, ал жөнүндө эч нерсе укпадым. Качан эле өлүп калды болуш керек.

— Эмне деп атасыӊ!- деп жиберди Рейдлер. – Кандайча өлүп калат?

— Анын абалы өтө эле жаман болчу,- деди Иларио, ийинин куушуруп. – Ал кетерде эле көп болсо бир ай жашарын билчүмүн.

— Болбогон кеп!- деди Рейдлер. – Сенин да башыӊды айландырган турбайбы. Доктор көрүп, куландан соо дебедиби.

— Ошентип айттыбы?- деп сурады Иларио, мыйыгынан күлүп. – Керек болсо, ал аны көргөн да эмес.

— Чынын айт!- деп буюрду Рейдлер. – Эмне деп эле башымды оорутуп жатасыӊ?

— Доктор бөлмөгө киргенде,- деп айта баштады Иларио,- Мак-Гайр галереяда суу ичип отурган. Ал мени кармады да, колу менен мына бул жеримди каккылап көрдү. – Ал төшүн көрсөттү. – Мен эмнеге антип атканын түшүнгөн жокмун. Анан кулагын төшөп, бир нерсени тыӊшады. Мына бул жерди, анан бул жерди. Эмнеге, билбейм. Анан бир айнек таякчаны алып чыкты да, оозума салды. Колумдан алып, мына минтип кармалады. Анан акырын жыйырма, treinta, cuarenta4 деп санап тур деди. Анын эмне үчүн мындай кылганын ким билсин?- деп колун жайды Иларио. – Балким, тамашалагандыр?

— Үйдө кайсы аттар бар?- Рейдлердин сураганы ушул болду.

— Пайсано оттоп жүрөт, Senor.

— Дароо току! Тез!

Бир нече мүнөттөн кийин Рейдлер атка минди да, жөнөп кетти. Кебетеси анча болбогону менен тез чуркаган бир куштун атынан коюлган Пайсаного жол түтпөй, аркырап баратты. Эки саат өтүп-өтпөй эле Рейдлер бир дөӊсөөгө чыгып, Гвадапулада жаткан лагерди көрдү. Лагерге жеткенде эмне кабар угар экемин деп жүрөгү опкоолжуп, аттан түштү да, ат тизгинин таштап койду. Ак көӊүл неме Мак-Гайрды өлтүрүп алган экемин деп өзүн өзү жеп келатты.

Лагерде ашпоздон башка жан жок экен. Ал уйчулардын келишин күтүп, табактарга куурулган уйдун сулп эттерин салып, кофе ичкенге темир чөйчөктөрдү коюп жүрүптүр. Рейдлер көӊүлүн өйүп турган суроону дароо бере алган жок.

— Лагерде кандай, жакшыбы, Пит?- деп кооптонуп сурады ал.

— Жакшы эле,- деп койду Пит. – Эки жолу азыксыз калдык. Ураган балакетти салды: тегеректеги кырк миля жердеги бадалдарды тинтип жүрүп малды араӊ дегенде чогулттук. Мага жаӊы кофе кайнаткыч керек. Чиркейлер быйыл аябай кутуруп кетти.

— А балдар кандай… баары жакшы жүрүшөбү?

Пит оптимист эмес болчу. Анын үстүнө уйчулардын ден соолугун суроо ашыкча эле болбостон, ашыкча жумшактык да болчу. Кожоюндан мындай сөз угуш чынында таӊ калыштуу нерсе.

— Калгандар тамакка эки жолу чакыртышпайт,- деди ал акыры.

— Калгандарбы?- деп каргылдана кайталап ийди Рейдлер. Анан Мак-Гайрдын бейитин издегенсип айланасын карады. Жакында эле Алабамадан көргөн ак таш плита көзүнө көрүнгөнсүп кетти. Анан өзүнө келип, уяла түштү.

— Ооба,- деди Пит. – Калгандары. Уйчулардын лагеринде эки айдын ичинде өзгөрүү болбой койбойт да. Айрымдары кетип калышты.

Рейдлер чымырканып туруп акыры сурады:

— А баягы мен бул жакка жөнөткөн жигит… Мак-Гайр… Ал эмне…

— Сиз,- деп анын сөзүн бузуп ийди Пит, эки колуна эки жүгөрү нанды кармай ордунан туруп,- ошондой оорулуу немени уйчулардын лагерине кантип жибердиӊиз? Ошондой бир буту көрдө турган немени соо деп айткан докторуӊузду тогоолуу басмайыл менен жакшылап бир сабаса болор эле. А жигит өзү кыйын экен! Чатак салат да турат! Биринчи түнү эле балдар аны уйчу кылмак болушту. Росс Харрис аны камчы менен бир басты эле, ал эмне кылды дебесизби? Ыргып туруп Росс Харристи сабап салбадыбы. Ооба, сабап салды. Катуу сабады. Росс эптеп турду да, темселеп жата турган жер издеп кетти. А тигил Мак-Гайр болсо тигиндей барып, чөпкө бети менен түштү да, кан кусуп ийди. Туптуура он сегиз саат жатты – бирөө да тургуза албай койду. Анан өзүнө теӊ келгендерди сыйлаган Росс Харрис киришип, доктор аттуулардын баарын ашатып сөгүп чыкты. Жонсон Жашыл Бутак экөө Мак-Гайрды чатырга алып киришип, чийки эттен берип, вискини шыкай башташты. Бирок тигинин айыккысы келген жок окшойт. Түндөсү чатырдан качып чыгып, кайра чөпкө көмкөрөсүнөн түшүп жатып алды жаан себелеп турганда. «Көзүмө көрүнбөгүлө,- дейт,- тынчыраак өлөйүн. Мен алдамчымын, анткормун. Мени жайыма койгула!»

— Ошентип, эки жумадай жатты,- деп сөзүн улантты ашпозчу,- оозунан бир сөз чыккан жок, анан…

Аӊгыча катуу дүбүрт угулду да, бадалдан чыккан жыйырмадай атчан лагерге кирип келди.

— Кокуй,- деп ийди ашпозчу, ары-бери чуркап. — Үч мүнөттөн кийин тамагын бербесем, булар менин башымды жулуп алышат.

Ал эми Рейдлердин эки көзү жалындап күйгөн оттун жанында аттан түшүп, кашкая күлүп келаткан кичинекей күнгө тотуккан жигитте эле. Ал Мак-Гайрга окшобойт, бирок…

Анан эле Рейдлер аны ийининен тарта колун силкилдетип калды:

— Тууганым, деги кантип калдыӊ?

— Жерге жакын бол дедиӊ беле?- деп бакылдады Мак-Гайр, Рейдлердин колун кыса кармап. – Мен дал ошондой кылдым, мына эми көрүп турбайсыӊбы, жакшы болуп калдым.

Анан жөн эле акмак болуп жүргөнүмү түшүндүм. Ыракмат сага, тууганым, мени ушул жакка кууп жибергениӊ үчүн. А тигил карыган докторду айтпайсыӊбы? Терезеден карап турсам, тигил мексикалык жигиттин төшүн каккылап жатат.

— А сен эмне айтпай койдуӊ, иттин баласы?- деп күркүрөдү малчы. – Доктор мени караган жок деп айтып койбойт белеӊ?

— Э, болдучу! Башымы оорутпагыла,- деп күӊкүлдөдү Мак-Гайр, адатынча ачууланып. – Менден сурадыӊбы? Айтчуӊду айтып туруп сүйрөп чыкпадыӊбы. Анан мен да болуптур дедим да. Бирок тууганым, уй кайтарган сонун нерсе экен. Балдар да мыкты, мен мындай сонун команда менен жүргөн эмесмин. Мага бул жерде калганга уруксат бересиӊби эми?

Рейдлер Росс Харгиске карады.

— Бул акмак,- деди Росс ичи элжирей,- лагердеги эӊ мыкты уйчу. А мушташканын айтпай эле коёюн…

  • улук ат үйрөткүч (испан.).
  • Макулсуӊбу? (испан.).
  • Ооба, ооба, ыракмат, сеньор (испан.).
  • отуз, кырк (испан.).