ОСЕЕВА Валентина: Балдар үчүн аңгемелер — 1 (которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Валентина Овсеевнанын мектепке чейинки жана башталгыч мектептин окуучуларына арналган таалим берүүчү кыска аңгемелерин сунуштайбыз…

Көк жалбырактар

Катянын эки жашыл карандашы бар эле. Ал эми Ленада бирөө да жок болчу.

Анан Лена Катядан бир карандашын сурабайбы:

— Жашыл карандашыңды берип турчу.

Катя ага минтип жооп берди:

— Мамамдан уруксат сурап келейин, анан берейин, макулбу.

Эртеси күнү алар мектептен жолугушту.

— Мамаң уруксат бердиби?— деп сурады Лена.

— Мамам го уруксат берди, агамдан сурабай калыптырмын,— дейт Катя үшкүрүнүп.

— Мейли анда, агаңдан да сурап кел, – деди Лена. Эртеси алар кайрадан жолугушту.

— Кандай, агаң эмне деди, сурадыңбы?

— Ал го берсең бер деди, бирок сен аны сындырып аласыңбы деп коркуп жатам.

— Мен абайлап колдоном,— деди Лена.

— Көзүңдү кара, – дейт анда Катя, — учтаба, катуу басып жазба, оозуңа салба. Анан кечке эле сүрөт тарта бербе.

— Жок, – дейт Лена, – мен дарактын жалбырагын боёп алып эле кайра берем. Анан бир аз чөптөрдү тартам.

— Ой-ий, ал көп да, – дейт Катя кабагын бүркөп. Анын бети-башы тырышып, бергиси келбей жатканын көргөн Лена, карандашты албай бурулуп басып кетти. Анын бул кылыгына таң калган Катя артынан жүгүрдү:

— Ой сага эмне болду? Мына, ал!

— Кереги жок,— деди Лена.

Сабак башталып, тапшырманы текшерген мугалим сурады:

— Леночка, сенин бактарыңдын жалбырактары эмнеге көк?

— Эжей, жашыл карандашым жок болчу.

— А эмнеге курбуңдан сурап алган жоксуң?

Лена унчуккан жок. А Катя кыпкызыл болуп уялып кетти:

— Мен ага берсем албай койгон.

Экөөнү алмак-салмак караган мугалими Катяга мындай деди:

— Ала тургандай кылып бериш керек эле да.

Танянын ийгиликтери

Ар бир кеч сайын атасы колуна карандаш, дептерин алып, Таня менен чоң энесинин жанына олтуруп, алардын бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтерин жазып туручу.

— Кана айткылачы, бүгүн кандай ийгиликке жеттиңер? – деп сурачу ал.

Атасы ага бир күндө жасаган жакшы жана пайдалуу иштердин бардыгы ийгиликке кире турганын түшүндүргөн болчу. Танянын ийгиликтерин атасы калтырбай дептерге жазчу.

Бир жолу ал адатынча карандаш дептерин камдап алып суроо узатты:

— Кана, бүгүнкү жетишкен ийгиликтериңерди айта баштагыла?

— Таня идиш аяк жууду анан бир чыныны сындырды, – деди чоң энеси.

— Гм…— деген үн чыгарды атасы.

— Ата!!! – деди Таня. – Жаман чыны экен, ал өзү эле түшүп сынып калды! Аны менин ийгиликтериме жазбай эле коюңуз! Жөн эле Таня идиш жууду!— деп жазыңыз.

— Жакшы болот! – деди атасы жылмайып. – Ал чыныны жазалайбыз, эмики жолу идиш жууганда башкалары секирип кетпей сак болушсун!

Валентина Осеева — балдар жазуучусу, акын жана педагог

Ошонуңар жаман

Ит жулунуп үрүп жатты. Андан корккон мышыктын кичинекей баласы дубалга көчүгүн такап айласы кетип, оозун чоң ачып, адамдын боору ооругандай мыёлоду. Жакын эле жерде эки бала андан ары эмне болор экен дегенсип кызыгып карап турушту. Терезеден көрө койгон аял жүрүрүп чыгып, итти кубалады да карап турган балдарга ачуулана мындай деди:

— Ай, балдар бул кылганыңар уят эмеспи!

— А эмнеге уят? Биз эч нерсе кылган жокпуз! – деп таңкалышты балдар.

— Так ошол эч теке кылбаганыңар жаман! – деп жинденди аял.

Болбойт дегенден кийин болбойт

Бир жолу апасы атасына мындай деди:

— Кыйкырбай сүйлөчү!

Атасы ошол замат шыбыраганга өттү.

Ошондон кийин Таня катуу сүйлөбөй калды; кээде жини келгенде же жөндөн жөн  эле кыйкыргысы келет, бирок өзүн өзү тыйып араң токтойт. Анан кантсин! Ал эмес атасы катуу сүйлөй албай жатса, Таня эмне болуп калыптыр?

Болбойбу! Демек болбойт!

Чоң эне менен небере

Апасы Таняга жаңы китеп алып келип берди.

— Таня кичинекей кезде чоң энеси окуп берчү, эми ал чоңойду, өзү чоң энесине окуп берет,— деди апасы китепти Таняга карматып.

— Кел олтур, чоң эне! – деди Таня. – Азыр сага бир аңгеме окуп берейин.

Таня китепти окуй баштады, чоң энеси көңүл коюп угуп жатты. Апасы тиги экөөнү карап мактап койду:

— Менин акылдууларым, жарайсыңар!

Үч уул

Эненин үч уулу бар эле, үчөө тең пионер болушкан. Жылдар өттү. Согуш башталды. Энеси үч уулун — үч жоокерди фронтко узатты. Бир уулу душмандар менен асманда согушту. Экинчиси душмандарды кургакта талкалады. Үчүнчүсү душмандар менен деңиз үстүндө кармашты. Согуштан энесине үч баатыр — учкуч, танкист жана матрос кайтып келишти!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ