СААДИ: Саади: Соопкерчилик жөнүндө (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

ЭКИНЧИ БАП

Бул дүйнөнү тепкен пенде билмеги ак:
Баары өтөт алгычакты бир карап.

Агат баары агын суудай жарышып,
Калат жалгыз максат менен маңызы.

Калк көңүлүн эгер бүтүн кылбаса,
Кара жерде кантип адам тим жатат?

А дүйнөнү ойлоо керек бу жайдан,
Антпесең кеч… жардам болбойт кылайган.

 

Ак жолуна түшөм десең жеңилдеп,
Башкалардын тагдырын да жеңилдет.

Казынаңды ачкын бүгүн калтырбай,
Калбас үчүн эч керексиз артыңда.

Жолго чыксаң жол азыгын камдай жүр,
Жолугар деп, бейүмүткө калбай жүр.

Эртеңкиге эртелеп кам урганы,
Эстүү жанды энчи күтүп турганы.

Терең сууну тайыз кылып албагын,
Өзгөлөргө өз салмагың салбагын.

Болгонуңду алып чыккын, чач баарын,
Баалуу таштай жер астына катпагын.

Кайыкканды ким ызгардан калса жаап,
Кудай аны күнөөлөрдөн калкалайт.

Бозгондорду босогоңдон куубагын,
Качандыр бир өзүң бозуп турбагын?

0 даанышман, соопко бел байлагын,
Жакшылык кыл, тийбей койбойт жардамы.

0 даанышман, дартка даба камдагын,
Качандыр бир өзүң ооруп калбагын?

Өз башыңа түшөт бир күн жана бил,
Өзгөлөрдүн кадыр сообун ала жүр.

Кайырчыдан кайырыңды аяба,
Кайыр сообу тийбей койбойт сага да.

И К А Я

Бир жолоочу келе жатып чөлдөгү
Ит жатканын көрөт чаңкап өлгөнү.

Ошол замат суу апкелет, а бирок
Ал байкуштун туруп кетер түрү жок.

Каруу кирип, ит бутуна турганча,
Баккан экен куштап-баптап бир канча.

Ал кылганын жараткан да сезиптир,
Ошон үчүн бүт күнөөсүн кечиптир.

Каардуу аким, анча катуу болбой жүр!
Канеткенде актанарың ойлой жүр!

Итке аралжы болгон алды кечирим,
Итче жокпу, жетим, бакыр, жесириң.

Кайрымдуу бол, берешен бол калкыңа,
Айкөл болсоң артат анын наркы да.

Байлар мейли, сенден да көп чачышсын,
Бирок кымбат сенин сыйлап жатышың.

Жазмыш соту бербегенди бер дебейт,
Арким колдон келгендерин берген эп.

Оор болот чегирткенин үлүшү,
Кумурсканы тепсеп турган пил үчүн…

И К А Я

Дербиш келип сопулардын тобуна,
Мына муну айтып берди кобурап:

Аймандын* бир өкүмдары болуптур,
Башына бак, үстүнө кут конуптур.

Байлыгы эч байыбаган бай экен,
Бирок ашкан марттыгы да бар экен.
Букарага, кудум жазгы булуттай,
Күмүш тыйын жаадырчу дейт унутпай.

Жек көргөнү Хатам** экен, өч экен,
Майыгынан бир жылмайып дечү экен:

«Калк башкарып, сепил курбай, үй курбай,
Хатамың не? Тентип жүргөн бир кул да!»

Мына ошол бадышасы Аймандын,
Чоң той берип, курду нарктуу майрамды.

Бардык жактан көп коноктор келишти,
Бирок баары «Хатам үчүн» деп ичти.

Бадышанын басышты алар куйругун,
Желдетине мына минтип буйруду:

«Тапкын бачым, токтобостон жөнөгүн,
Башын алгын бак талашкан неменин!»

Көчүп жүргөн талаасына Хатамдын,
Учкан бойдон чаап кетти башалгыч.

Катуу жүрдү калганыча зоругуп,
Кан жолунан бирөө калды жолугуп.

Тил десе тил, дил десе дил бар эле,
Желдетти үйгө сүйрөп кирди шар эле.

Эл жүрбөгөн ээн талаа, бу жерде,
Сый көрсөттү кийин айта жүрөргө.

Таң атканча таттуу сөздөр уланды,
«Дагы конуп, сый көргүн» деп суранды.

Жооп берди: «Калалбайм, — деп, ырымга,
Шах буйругу мойнумда бар чынында».

«А не буйрук? — деп сурады ал дагы,
Тийип калар мүмкүн менин жардамым».

Жооп берди: «Пейлиң таза экен чын,
Айкөл дагы, майкөл дагы экенсиң.

Каалар элем бул сыр жабык болушун:
Издеп жүрөм тайлык Хатам конушун.

Хатам аты бүт дүйнөгө ыракмат,
Башын алып келгин деди бирок шах.

0 азиз дос, аттын башын тартып бер,

Хатам кайда экендигин айтып бер!»

«Кылычыңды сууру, — деди үй ээси.
Хатам кайда экендигин билесиң.

Азиз мейман, шах ошентип айткан соң,
Хатам — менмин. Даяр мойнум башты алсаң!»

Турган желдет бүт дүйнөнү унутуп,
Чоочуп кетип, колдон түштү кылычы.

Селейгенден учту оозунан келмеси,
Уялгандан күйгөнсүдү селдеси.

Деди анан алып колун бооруна:
«Башыңды алсам шал тийбейби колума.

Арким бетке бир түкүрүп өтпөйбү,
Адам эмес, дөбөт экен дешпейби!»

Бек кучактап, өптү дагы Хатамды,
Чөл аралап, Айман бет алды.

Айман шахы жаткан эле күтүнүп,
Айттырбастан биле койду түшүнүп.

«Кесип кел деп, мен жиберген баш кана?
Айткын — деди, — жашырбастан айт, кана!

Күнү-түнү күч сынашыь көрдүңбү?
Жеңе алдыңбы, же жеңилип келдиңби?»

Деди желдет шах бутуна жыгылып:
«Бардым, көрдүм, о султаным, улугум!

Хатам калктын айтканындай бар экен,
Акылы ашкан эң бир айкөл жан экен.

Кенен экен, терең экен, ак экен.

Кең дүйнөдө жоктур адам ага тең!

Кан көксөдүм — калыстыкка урундум.
Жан көксөдүм — кечиримден жыгылдым».

Ал айтканды угуп акыл калчаптыр,
Айман шахы Таи уруусун алкаптыр.

Элчисин да сыйга аябай бөлөптүр,

Ага Хатам жоомарттыгы себептир.

Калкка сиңген актык менен ушундай,
Хатам аты нурдай, гүлдүн жытындай».

Кыргызчалаган Алым ТОКТОМУШЕВ