СААДИ: Махабат мастыгы жөнүндө (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

ҮЧҮНЧҮ БАП

Бир керемет махабаттын күндөрү,
Бир керемет күйүн-жанып сүйгөнүң.

Тагдырыңда таттуубу же ачуубу,
Таткан жыргал махабаттын насибин.

Уруп койбой таажы менен тактыңы,
Издейт алар бакырлыктан бактыны.

 

Кайыл болуп кыйноосуна жаранын,
Кангыча ичет кайгы-муңдун шарабын.

Күнү-түнү күйүт тартып саруулап,
Бир-бирине болуп турат зарурат.

0 ашыктар, чын сүйүүнүн азабын
Бул дүйнөнүн керемети атагын!

Кереметтин келер жолун торогун,
Мас буурага, кеппи, чөлдүн бороону.

Аймап алса ашыктыктын жалыны,
Анын кулу турат улам табынып.

Кайгы тартып, кабары жок жашашып,
О ашыктар — жалгыздыктын паашасы!

Адашканды алай-дүлөй болгондо,
Алар гана алып чыгат оң жолго.

О аларды аздар билет, бүт билбейт,
Агат алар мүрөк сындуу түпкүрдө.

Алар сырттан — сыны кеткен дубалдай.
Алар ичтен — касиеттүү храмдай.

Көпөлөктөй көөнө шамды айланган,
Ашык көөнү бир жарыкка байланган.

Сулуулуктан суусун канбай канчадан,
Эриндери жарылганча чаңкаган.

Кашык сууга жетпейт дебейм, бил кайра,
Кандыра албайт бирок аны Нил дайра!

ИКАЯ

Самарканда бир бозулан бар эле,
Ал бозулан ынды кызга зар эле.

Жоодураса кыздын күндөй жамалы,
Соолуп калчу сопунун да амалы.

Бу дүйнөнү бүт жараткан бир кудай,
Кыз жаратты канбай карап тургудай.

Ооба, аны миң сан көздөр карашчу,
Карар замат акылынан адашчу.

Биздин улан калбай ээрчий бергени,
Бир күнү кыз кармап алып: «Эй! — деди,

Айран калам акылыңдын жогуна,
Түшчү менби, сенин жаман торуңа.

Көлөкөдөй күндө мени ээрчибе,
Кулдарга айтсам, турат өлүм энчиңе!»

Кимдир бирөө айтты биздин уланга:
«Кур кыялга өңдөн азып, кубарба.

Ойдо туруп обо тоону эңсебе,
Алар биздин кол жетпеген нерселер».

Оор үшкүрүп, көздү тике карады ал,
Минтип айтты, сөздөн болуп жарадар:

«Каным агып кайрылбаган изимде,
Калса мейли, башым кылыч мизинде.

«Тоодой экен, — деп айтышар, ырысы,
Башын кескен сүйгөнүнүн кылычы».

Мейлиң тилде, мейлиң сөккүн, кордогун,
Бирок билгин ансыз жашоо болборун.

Акыл айтып, үйрөтөбү, дүйнөдөн
Өз башынан башкаларды сүйбөгөн?

О, ал мени аткарса да өлүмгө,
Жылдыз жайнап, мээрим турат өңүндө.

Түнү ал мага күлүк санаа мингизип,
Күндүз турат бар экеним билгизип.

Босогодо өлсөм мейли, о анын!
Эртеси айтам тирүүлүктүн саламын».

Махабаттан миң бир ирет жеңилген,
Саади тирүү! Калгын кайрат, деминде!

* * *

Дагы бирөө чөлдө чаңкап өлөрдө,
«Кай бактылуу деңизде өлөт?» — деген дейт.

Жолдошу айтат: «Кара мунун тилегин!
Чөлдө өлөбү, көлдө өлөбү — бир өлүм».

«Айткан жокмун, — дептир,- сууда өлүү үчүн,
Айтып жатам Рухтун албуут деңизин».

Чаңкап, чөлдөп чындык издеп жүргөндөр,
Деңиз терең, кереңби деп, күймөлбөйт.

Кайыл болот өлүм, өмүр баарына,
Кайыл болот толкунуна, шарына.

Махабаттын терең жайган тамыры
Алам десе, сууруп бергин жаныңды.

Аттап өтүп тозок оттун азабын,
Анык сенин бейиш даамын татарың.

Дыйкан жазда төккөн тердин үзүрүн,
Көрөрү чын, жыйган кезде түшүмүн.

Чын, үлпөттөн чоң ыракат аларың,
Жуткан кезде эң акыркы шарабын.

ИКАЯ

«Не соолуйсуң кыйган чырпык сыяктуу? –
Деп Мажнундан даа бир жолу сурашты.

Карамүртөз, ташбоор болдуң кай күнү?
Карап бакчы, кан-сөлү жок Лайлини!»

Деди Мажнун жашын төгүп жамгырдай:
«Койгулачы өз жайыма бир курдай.

Жарат сындуу жабыркады бүт денем,
Жаппагыла ал жарамды туз менен.

Өчүп-жанып, жанып-өчүп кайгы-муң,
Экөөбүздү жазмыш күчү айрыды».

Алар айтты: «О, чын сүйүү чырагы,
Айт кабарың, биз жеткирип туралы».

Мажнун айтты: «Жок, угузба дайнымды,
Дайнымды укса, ырбайт дарты Лайлымдын».

Кыргызчалаган Алым ТОКТОМУШЕВ