СААДИ: Кесир күтпөө жөнүндө (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

ТӨРТҮНЧҮ БАП

Тамчы үзүлүп түшөрүндө талаага,
Деңизди ойлоп, баткан экен санаага.

«Карачы анын тереңдигин, кеңдигин,
Деңиз турса демеленген мен киммин?!»

Деп тагдырга наалат айтып күйүндү.
Түнөк кылып калды бирок үлүлдү.

 

Ал тамчыдан жубар бермет жаралды,
Жубар бермет кан таажыга кадалды.

Тамчы өзүн тамчымын деп жектеген,
Бирөөлөргө таңсык болду жетпеген.

Мөмөсүнөн шагы ийлиген күнү-түн,
Кесир күтпөө – кеменгердин үлүшү.

ИКАЯ

Бир кембагал төбөлдөргө кошулуп,
Килем салган төргө калат отуруп.

Кембагалдын жыртык, тешик, кир кийми,
Үй ээсинин күйбөгөнүн күл кылды.

Деди ага: «Эй, агайын, угуп тур,
Мындай олтур, же болбосо туруп тур.

Кимдер менен олтурасың? Сен кимсиң?
Жайыңды айтчы, бу жер билсин, эл билсин.

Алыңды бил, анан барып төргө чык,
А билбесең, коёр бирөө көргөзүп.

Баарыбыздын башка келет бир өлүм,
Уят андан катуу экенин биле жүр.

Мыш болбоюн деп ойлосоң эгерде,
Мышык туруп, арстанга теңелбе».

А кезекте тагдыр менен алышкан,
Ал кембагал болчу анык даанышман.

«Ү» деген бир үн чыгарбай тигиге,
Көчүк басты босогонун түбүнө.

Анан барып сөздөр сөзгө уланды,
Талкуулашып жатышты алар Куранды.

«Төө» деп айтса, «Жок, төө эмес, бээ» дешти,
Төбөлөшүп, мастар сымал мээни эзди.

Нары айлантып, бери айлантып көрүштү,
Кудум бала короздордой тебишти.

Чаламолдо Ыйык жазуу, Курандын,
Мына ушинтип чалдыбарын чыгарды.

Чакчелекей чаташтырып салышты,
Өздөрү анан учун таппай калышты.

Үстү-башы самтыраган даанышман,
Чыдай албай сөз баштады алыстан:

«Эй, акыйкаттын ак жолунда жүргөндөр,
Шарыятты шашпай жаттап билгендер!

Билгичсинип, бириң какпай бирөөңү,
Изин издеп, далил тапкын жүйөлүү.

Анын жайы мындай», — деп ал баштады,
Каткырыктан үй жарыла жаздады.

«Айткын, — дешти шылдың кыла, — угалы».
Ал сүйлөдү, ооздон шекер чубады.

Жүйөө тапты өткүр кылыч мизиндей,
Бир да сөзүн калышкан жок түшүнбөй.

Кубаттуу акыл башат көзүн ачты эми,
Күдүк ойду, талаш күүсүн басты эми.

Жапырт баары: «Жаша, — дешти, — пендеден
Акылмандар чыгат сендей кемде-кем».

Үйдүн ээси — бул аймакта казы эле,
Эшек курту түшүп калды бат эле.

Оор үшкүрүп, баштан алды чалмасын,
Деди акырын, кеткен өңдүү аргасы:

«Менде айып болбосо да, кечиргин,
Барктай албай калыптырбыз өзүңдү.

Бизден терең, бизден кенен экенсиң,
Байкабаппыз. Эми сыйда өтөрсүң».

Кызматчысын чакырды да, селдени
Олуяга сый ордуна бер деди.

«Албайм! — деди анда акылман, — өзүңдөй
Селдең дагы толуп турат кесирге.

Ороп алып бул элүү кез селдеңи,
Олуядай көрүнгөнүм — өлгөнүм!

Акселдеге чалбасам да башымды,
«Ашкан аалым» деп айтышат атымды.

Мейли алтын, чопо идишке куюшсун,
Тунугунан танбайт такыр тунук суу.

Акыл кенчи башта болот катылуу,
Селде таппайт а башта жок акылды.

Ооба, селдең ашкабактай бар экен,
Бирок анын мээси барбы ага тең?

Селдем бар деп серейбегин — бөздүр ал.

Мурут коюп мулуйбагын — чөптүр ал.

Акыл даарып турбаса адам мүнөзүн,
Адам эмес, ал — адамдын сүрөтү.

Өз бийлигин өзү жеңип албаса,
Адамдарга алып келет каргаша!

Бардык эгин жарары чын саманга,
Бирок алар дан бербесе жаман да.

Айран калам, акылды ашка алмашып,
«Адаммын» деп жүргөндөргө жер басып.

Бир келесоо сыныктарын айнектин,
Балчык казып издеп жатса, ал дептир:

«Эй, келесоо, издей бербей көп эле,
Менин наркым бучук булга тең эмес».

Гүлзарларга жайган менен чочкону,
Качан чочко адал малга окшоду?

Эшек бойдон калат эшек түбөлүк.
Кийим эмес, адам наркын билелик!»

* * *

Дүр меники дегендерди дүйнөдөн,
Мына ушинтип куйкалаптыр тил менен.

Кошмиз канжар сөз кезеги келиптир,
Мына ушинтип катыктарын бериптир.

Акылманга батса акмактык сазайы,
Мына ушинтип албай койбойт жазаны.

Казы олтурат бир кызарып, бозоруп:
«Калктын бетин кантип карайм о, шорум!»

Кайыл болуп койгулоого өз башын,
Кайрыганга табалбады сөз такыр.

А жолоочу дубанадай кийинген,
Жолго чыгын узап кетет билинбей.

Көптөн кийин эсин жыйып төбөлдөр,
Жарашты араң: «Бул ким эле?» дегенге.

Издегендер таппай кайра келишти.
Карапайым калктан сурап көрүштү.

Айтты баары: «Тегин пенде эмес бу;
Улуу устат Саади деген эмеспи!

Акыл менен акмактарды шым кылган,
Алкыш ага, бир эле эмес, миң курдай!»

ИКАЯ

Улуу Улукман өңү арап өзү эле,
Келбети жок, бою болчу бекене.

Качкын кул деп байлап алып аны шак,
Калк башына үй курдуруп салышат.

Кул катары көрбөгөндү көрүптүр,
Бир жыл иштеп, бир үй куруп бериптир.

Качкан кулу келген кезде табылып,
Ээси билет калгандыгын жаңылып.

Чөгөлөптүр Улукманга буркурап,
Анда Улукман күлүп-жайнап унчугат:

«Мен көргөндү жашың жууй албастыр,
Зулумдугуң эстен чыгып калбастыр.

Бирок пендем, кектебеймин, кечирем;
Сага — пайда, сабак болду өзүмө.

Сенин жарпың жаңы үй күтүп жазылды,
Менин көзүм дагы жаңы ачылды:

Сен сыяктуу менин да бар кулдарым,
Мен да аларга кылбаганды кылгамын.

Эми антпеймин. Мен пейлимди оңдодум,
Сенде жүрүп азап тартып, кор болуп…»

Күйүт тартып, өзү эзилип көрбөгөн,
Күйүмү жок болот белем пендеге.

Сени ошентип кордоп жатса улугуң,
Жайын ойло укугу жок кулуңун.

Бахрамдын осуятын эсиңе ал:
«Бакырыңа катаал болбо, өкүмдар!»

Орусчадан оодарган Алым ТОКТОМУШЕВ

1991-жыл, январь-февраль