СЭ Слава: Римский-Корсаков. Шахерезада (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

«Шахризада» балетин барып көрдүм. Балет коючу, акчанын көбүн аракка салып, колготки менен юбкалардан үнөмдөптүр. Бийчилерге чанда бир жерине алтын түстүү бадыраң түшүрүлгөн сууга түшүүчү ак майкелерди кийгизиптир. Болду, андан башка эч нерсе жок. Курсактарына чейин буттары жылаңач. Мен Персияны ушу сыяктуу элестетчүмүн. Алыскы катарлардан балет кар жаап жаткандай көрүнөт. Кичинекей ак периштелер ары-бери чуркап жүрүшөт. Жакындан бардыгы башкача экен. Бийчилер кадимки эле жөнөкөй аялдарга окшош. Тизелери сүрүлүп айрылган, көк ала болгон жерлерин бети май менен калың шыбап алышкан.

Биздин ашканабызда деле буларга окшогон үшүгөн, шишигендерди жолуктурса болот. Бир айырмасы, биздин аялдар салатты шпагатка олтуруп алып жасашпайт. Карап олтуруп көп нерсени түшүндүм. Көрсө, жакындан карасаң алардын деле мурундарынын суусу агат экен! Көпчүлүгүндө көчүк бар. Бир тобунуку фарфор дечи, бирок арасында жумшак эттүүлөрү да кезигет. Бөтөнчө Шахрезада адамга жагымдуу экен. Анын сандарынын жоондугуна эле эл артисти деген наам берсе болчудай. Принцесса Бадур, тескерисинче, арык, кулактары эле делдейет. Аябай сулуу экен. Арык-скелет айымдардан сулуулар чанда бирөө чыгат. Алар кырк беш килодон аз салмакка атайылап карап туруунун деле кереги жок деп эсептешет. Мага алардын упалары чачырап жатты. Болгондо да бекер!

Мен бардыгы натуралдуу болушун жактырам. Аялдар деле ыктытат. Аларды гороскоптор, дубалар жана сүйүү жөнүндө көрсөтүүлөр буза албайт. Кыйшык тиштери болсо андан да жакшы.

Оюндун аягында Шахерезада арыктап баспай калган аялды ойноду. Миң бир түн бою ал жомок айтты. Бул аны алсыратты. Бийчи буралып барып, кыймылдабай туруп калды. Мен мунусун туура эмес деп эсептейм. Сантехник арыктаганда, жерге кулап түшөт да, ашата сөгүнөт. Режиссёр ошол ыкманы колдонсо жарашмак. Башталышында дагы бир кемчилик бар. Шахрияр шах энесинен башка киши өбө элек жапжаш кыздарды өлүм жазасына буюрду. Көпөлөктөй болгон байкуштарды, койкойгон моюндары, сулуу буттары, татынакай колдору менен кылычка салып берди. Эркек көрүүчүлөр көргөн көздөрүнө ишенишпей, ачууланып жатышты. Жакпай калдыбы же андан тажадыңбы — акчаны колуна кармат да дүкөнгө жибер. Сөзсүз эле өлтүрүш керек беле?

Мен перстердин гареминдеги айымдардын сүрөттөрүн изилдеп көрдүм. Айбанчылыктын кандай деңгээлге жеткенин билгим келди. Билесиңерби, бул жерде оңой эмес экен. Шахты да түшүнсө болот. Гаремдин сулуулугу андагы сулуулардын жүздөрү менен чектелген. А бирок андагы көзгө көрүнбөгөн шумдуктарга чек жок экен. 19-кылымдагы перс айымынын келбетин мурут да буза албайт эле, анткени буза турган деле эч нерсеси жок болчу. Ал эми алтынчы бөлүктө эмне болду?

Эгерде гаремиң жалаң моджахеддерден турса, анда-мында алардын эң көрүнүктүүлөрүнөн бир-экини  өлүмгө жөнөтсөң болот. Искусствонун чындыктан алыс болгону абдан жакшы. Мен балериналардын бардык жанрларда өнөрлөрүн көсөтүшүнө макулмун. Мейли, Бродскийдин ырларын бийлеп, буттары менен көргөзүшсүн. Көзүмдү албай карап эле олтурмакмын.

P.S. Римский-Корсаков шумдук!

Которгон Абийрбек Абыкаев