ХЕМИНГУЭЙ Эрнест: Чоочун өлкөдө (которгон ШОРУКОВ Эрмек)

Англисчеден которгон Эрмек ШОРУКОВ

АҢГЕМЕ

Күз келгенине карабай дале согуш жүрүп жатты, бирок биз ага катышкан жокпуз. Күзгүсүн Милан суук келип, күүгүм эрте кирет. Кечкисин электр шамдары жанганда көчө бойлоп басканга не жетсин. Соодагерлер дүкөндөрүнүн кире беришине не бир айбанаттын кебин илип коюшат. Бураңдаган кар коно калып түлкүнүн терисин алда канча кооздосо, шамал куйругун кайра булаңдатат. Ичи көңдөй калдайган эликтин кеби зыңкыйса, шамалга жүнү уйпаланганына кайыл майда канаттуулар учуп-конгонун койбойт. Мезгил суук тарта тоо тараптан чыкыроон жел согот.

Күндө түш оой госпиталга барар элек. Ал жакка түнөргөн шаарды аралап, түрдүү жол менен барууга туура келчү. Канал бойлой эки жол боло турган. Узак жол. Кандай болбосун госпиталга жетиш үчүн көпүрөдөн өтүү зарыл. Үч көпүрөдөн. Биринде бир аял жер жаңгак кууруп сатчу. Жер жаңгак алганча жыгач көмүрдүн ысыгына туруп жылууланып алса болот. Калтага түшкөн төө буурчак бир далайга чейин жан жыргаткан жылуулугун жоготпой турат.

Эски болсо да сынынан кетпеген госпиталдын бир жагынан кирип, короодон өтүп, башка тарабынан чыгып кетсе болот. Короодон башталган аза күтүү зыйнаты – адаттагы көрүнүш. Эскирген госпиталдын ары жагында кирпичтен салынган жаңы имарат боло турган. Ал жерден күндө жолугуп, үмүт отун жандырган шайманга отуруп, жылыш болуп атканынан бири-бирибизден астыртан кабар алып турчубуз.

Дарыгер мен отурган шайманга жакын келип сурады:

– Согушка чейин эмнеге кызыкчу элеңиз? Спорт менен машыктыңыз беле?

– Ооба, футбол ойночумун, – деп жооп бердим.

– Эң сонун, – деди ал. – Топту мурункудан да жакшы кубалайсыз.

Бутум тиземден бүгүлчү эмес. Саныма илип койгон тулуптай кызыл ашыкка чейин кыймылсыз. Эт түгүл ичинде чучук бар экенине шегим бар. Тээгин айландырганда үч дөңгөлөктүү велосипеддей болгон шайман тизени ийип түзөйт. Тизем баары бир ийилбей койду, кээде шайман темирлигин карматып иштебей калчу.

Дарыгер көңүл жооткоткон үн катат:

– Баары өтүп кетет. Багың тоодой экен, дагы жашсың. Футбол чемпиону болбосоң мурдумду туурасынан кесип берейин.

Башка шайманда колу чүрпөнүкүндөй кичине майор отурат. Дарыгер ийилбеген манжаларын тартып көрүп, кайыш боого кыстарылган колун карап атса, мага көзүн ымдап:

– Мен дагы футбол ойноймунбу, жолдош медицина кызматынын капитаны?

Согушка чейин ал Италиядагы мыкты фектовальщиктин бири эле.

Дарыгер залдын тиги башындагы иш бөлмөсүнө барып, шайманда дарылаганга чейин жана андан кийинки колдун сүрөтүн алып келди. Адегенде аныкы да майордукундай болуп ичкерип кеткен эле. Кийин ордуна келгендей болгон. Майор соо колу менен сүрөттү кармап, андан көзүн албай туруп:

– Жарадар болдуңуз беле? – деп сурады.

– Өндүрүш жаракаты, – дарыгер жооп кылды.

– Кызык, абдан кызык, – деди майор сүрөттү дарыгерге кайтарып жатып.

– Эми ишендиңизби?

– Жок, – деген жоопту укту дарыгер.

Ар күнү мен курдуу үч жигит келчү. Үчөө тең миландык. Бири адвокат болгусу келсе, башкасы – сүрөтчү, үчүнчүсү аскер кызматчысы болууну кыялданат. Шайман менен “эмделгенден” кийин кээде кайтып келатып “Скалага” эшиктеш “Кова” кафесине киребиз. Төртөөбүз коммунисттер кварталынан кыска жол менен өтчүбүз. Ал жактагылар бизди жек көрөр эле. Биз, офицерлер өтүп баратканда вино дүкөнүнөн кимдир бирөө үн кезейт: “A basso gli ufficiali![1]. Кээде бизге бешинчи болуп кошулган жигит жибек кара жүзаарчы менен бетин жаап алчу. Бучук мурдуна пластикалык операция жасатмак. Ал аскер академиясынан түптүз согушка кетип, майданда бир саат да болбой жарадар болгон. Мурдун оңдоп бергендей болушкан, бирок ак сөөк келбетин баштапкы калыбына келтире алышпады. Кийин ал Түштүк Африкага кетип, банкта эмгектенди. Ал учурда кимибизди эмне күтүп турарын ким билиптир. Согуш уланат, болгону биз ага катыша албасыбызды гана билчүбүз.

Бетин чүмкөгөн жигиттен башкабызда окшош медаль. Медаль алгандай майданда көп деле болгон жок да. Адвокат болгусу келген кубакай жүздүү, бою шыргыйдай узун жигит “Ардити[2]” лейтенанты болчу. Аныкындай медалдан ар бирибизде бирден болсо, анда үчөө эле. Өлүм менен алпурушкандай өзүн бизден обочо кармачу. Күндө түштөн кийин жолукканыбыз болбосо, бизди байлаган эч нерсе деле жок. Вино дүкөндөрүнөн ыр-күүгө аралаш чыккан жарыкты эш кылып, түн жамына ушул кооптуу чөлкөмдү аралай “Ковага” келебиз. Айрым учурда топтошкондорго туш болуп, өтүп кетиш үчүн түртүшкөнгө туура келчү. Эмнени гана башыбыздан өткөрбөйлү, бизди бир муштум кылып бириктирип турганын түшүнгүсү келбеген, ал турсун жек көргөн кишилер…

“Ковада” баары жайында. Жылуу, кызыктуу, күңүрт жарык, кээде күрү-гүү, тамеки жыттанган, үстөл тегеректеген кыздар, дубалга илинген оймо-чиймелүү журналдар. Андагы кыздар мекен дегенде ичкен ашын жерге коёт. Дегинкиси мен өлкөдөгү эң мекенчил деп “Ковадагы” кыздарды айтар элем. Азыр да ошол бойдон калды болуш керек.

Адегенде жигиттер медалдарыма кызыгуу менен карашып, кайсы эрдигим үчүн алганымды сурашат. Кооз тил менен жазылган медаль китепчелеримди көрсөттүм. Чынында андагы тилдик каражаттарды мындай коюп карачу болсок, мен америкалык болгонум үчүн сыйлангандыгым жазылган. Ушундан кийин алардын мага кылган мамилеси бир аз өзгөрө түшкөндөй болду. Башкаларга мурункудай алардын досу бойдон калдым. Медаль китепчелерди көргөндөн кийин аларга мен башка киши элем. Анткени алар төш белгилерин таптакыр башка нерсе үчүн алышкан. Ооба, жарадар болгонум чын, бирок ушундан кийин бул чынында кырсык экенин баары билишти. Ага карабастан сыйлыктарыма арданчу эмесмин. Айрым учурда коктейлдин дүрмөтү менен алар кайсы бир эрдиги үчүн алышса, мен да эрдик кылып алгандай жел өпкөлөнүп калам. Кайра кечинде ээнсирей түшкөн жол менен суукка кайыгып, жарыктардан алыстабай, жабык дүкөндөрдү аралай үйгө кайтып келатып бир нерсени түшүмдүм. Алар жасаганды мен жасай алмак эмесмин, өлүмдөн корком, кээде жалгыз жатып, кайра майданга жөнөтүшсө кантем деп ойлоном.

Тиги үч орденчи табындагы аңчы шумкарлардай. А мен шумкар эмесмин, болсом дагы илбээсин ала албаган жаман ителгимин. Бул үчилик баарын жакшы түшүнүп, акырындык менен бири-бирибизден оолактай баштадык. Майдандын биринчи эле күнү жарадар болгон жигит менен дос бойдон калдык, анткени мындан ары өзүн кандай алып жүрөрүн билчү эмес. Андыктан аны деле кошмок эмес, ал мага жакчу. Андан деле шумкар чыгарына күмөнүм бар эле.

Учурунда белгилүү фектовальщик болгон майор жанаша шайманда отурганда баатырлыкка ишенбеген жаны грамматикалык катамды оңдогондон тажачу эмес. Башында италияча сүйлөгөнүмдү мактачу, бул тилде эркин божурашчубуз. Бир күнү италия тили ушундай жеңил, кала берсе үйрөнгөнгө көп деле кызыгуум жок, баары жөнөкөй экенин айтсам:

– Аныңызга макул, – деди, – бирок эмне үчүн анда грамматикага көңүл бурбай атасыз?

Биз грамматикага көңүл бура баштадык эле, италия тили ушундай бир оор тил болду дейсиң. Башыма грамматикалык эреже так келмейинче майордун көзүнчө ооз ачкандан тайсалдачу болдум.

Ал госпиталга тез-тез келет. Шайманга ишенбесе да бир күн калтырбай келет. Күн өткөн сайын биз ага ишенбей калдык. Бир ирет майор мунун баары болбогон иш экенин кыйытты. Анда шаймандар жаңы бойдон, болгону анын натыйжалуулугун далилдеш биздин шыбагабызга туш келиптир.

– Акмактын ою, – деди ал, – жылаңач теория, болгону ушул.

А күнү сабак окуган жокмун. Майор уятка накта калтыра турган келесоону биринчи ирет көргөнүн айтты. Өзүчү? Күчүн, убактысын мага короткон макоо экенин эске алгысы жок. Жапалдаш бойлуу неме жумшак отургучка дубалды карап түз отурду. Бул учурда оң колу шайманга кайыш менен бекем бекитилип, манжалары тырсылдаган үн чыгарып титиреп турду.

– Согуш бүтсө эмне кыласыз, эгер бүтсө? – деп менден сурады. – Грамматиканы сактап сүйлөңүз!

– Штатка кайтам.

– Үй-бүлөңүз барбы?

– Жок, бирок үйлөнүү ойдо бар.

– Натуура кыласыз, – деди ачуулуу үн менен. – Эр жигит үйлөнбөш керек.

– Эмне үчүн, signor maggiore?[3]

– “Signor maggiore” дебеңиз мени.

– Эмнеге үйлөнбөш керек?

– Үйлөнбөшү керек. Таптакыр, – ал ачуулуу сүйлөп жатты. – Эгер ага баарын жоготууга туура келсе, жогото турган орунга өзүн да койбоого тийиш. Жогото турган орунга өзүн кошпошу керек. Ал жоготпой турган нерсени табуусу зарыл.

Ал алдына түптүз карап кызуулана ачууланып сүйлөй берди.

– Бирок эмне үчүн муну сөзсүз жоготууга тийиш?

– Жоготот, жоготкондо да кандай жоготот, – деди дубалды тиктегенин жазбаган майор. Анан ал шайманга көз жүгүртүп, чүрүшкөн колун андан сууруп алып санына катуу чапты. – Жоготот! – үнү дээрлик катуу чыкты. – Мени менен талашпаңыз! – Ал шаймандарды иштеткен кызматкерди чакырып: – Кудай аткан мобул темириңерди өчүргүлөчү!

Ал жарык, массаж менен дарылоочу бөлмөгө кетти. Дарыгерден телефон сураганын угуп калдым. Эшикти жаап салды.

Бир аз убакыттан кийин башка шайманда отурсам ал келип калды. Суу өткөрбөгөн кемсели менен баш кийим кийип алыптыр. Түз эле мага келип, колун ийниме койду.

– Кечирип коюңуз, – деди соо колу менен ийнимди сылагылап. – Катуу кетип калдым окшойт. Жубайым жакында эле өтүп кеткен. Кечириңиз мени.

– Мм… – оозумдан ушул сөз чыгыптыр. – Арты кайырлуу болсун.

Астыңкы эрдин кесе тиштеп турду.

– Кыйын, кыйын,– деди ал. – Өзүмө келе албай атам.

Ал көзүн менден ала терезени карап турду. Көзүнөн жаш кетти.

– Азасын көтөрө албай атам, – деп солуктай баштады. Ыйлаганынан жазбай эч жакты карабастан, аскердик сөөлөтүн бузбай бетин жашка жууй, эрдин тиштеген бойдон шаймандан өтүп эшикке чыгып кетти.

Майор согуштан алган майыптыгы аягына чейин тастыкталгыча жапшаш жубайы баш кошкончо өпкөсүнөн кагынып өтүп кеткенин кийин мага дарыгер айтып берди. Ал болгону бир аз күн ооруду. Аны өлүп калат деп ким ойлоптур.

Майор госпиталга үч күн бою келген жок. Бир күнү күткөн убакытта кителинин жеңине кара байлам таңып алып келиптир. Ал жок кезде бул жердеги шаймандар менен дарылаганга чейинки жана андан кийинки ар кандай жарааттын сүрөттөрү дубалга илинген эле. Майор отурчу орундун каршысына өзүнүкүндөй чүрүшкөн жана толугу менен калыбына келген колдун үч сүрөтү илинип турду. Дарыгердин каяктан таап илгени белгисиз. Бул шаймандар биринчи ирет кимге сыналганын анык билдим. Терезеден көзүн албаган майорду сүрөттөр таң калтыра алган жок.

2018-жыл,16-март

[1] A basso gli ufficiali (италия) – офицерлер жоголсун.

[2] “Arditi del Popolo” – “Элдик кайратмандар” – Италиядагы антифашисттик куралдуу отряддар (1921–1922-ж.ж.). Италия аскеринин чабуулчу отряддарынын мурунку аскерлеринен турган 1919-жылы түзүлгөн “Италиянын улуттук кайратмандар ассоцияциясынын” сол канатынан чыккан 1921-жылкы фашизм кол салуусу учурунда түзүлгөн.   

[3] signor maggiore – улуу мырза.