ХЕМИНГУЭЙ Эрнест: Жамгырда калган мышык (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Мейманканада эки гана америкалык, эрди-катын жашап жатышкан. Алар тепкич менен өз бөлмөлөрүнө көтөлүлүп баратканда, алдыларынан жолуккан адамдардын бири да тааныш эмес эле. Алардын бөлмөсү экинчи кабатта жайгашып, терезесинен деңиз, коомдук бакча жана андагы согушта курман болгондорго арнап коюлган эстелик көрүнүп турчу.

Бакчада бийик өскөн пальмалар жана жашыл отургучтар бар эле. Күн ачык күндөрү анда мольбертин астына жайган кайсы бир сүрөтчүнүн отурганын көрсө болор эле. Сүрөтчүлөр пальмаларды, терезелери деңизди жана бакчаны караган мейманканалардын маңкайган көрүнүштөрүн жактырышчу. Италиялыктар алыстан согуш курмандыктарына коюлган эстеликти көрүү үчүн келишчү. Ал колодон жасалып, жаандан кийин жууп койгондой, жалтырап калчу.

Жаан төгүп жаткан. Жаандын тамчылары пальманын жалбырагынан ылдый жылбышып кулайт. Шагыл төгүлгөн жолдордо жамгырда пайда болгон көлчүктөр жылтылдайт. Жамгырда калган узун толкун жээкке урунуп, кайра артка кайтат да, жаңы күч менен жээк бойлой шарп этип, боюн таштайт. Эстелик жанында аянтта бир дагы автомобиль калбаптыр. Маңдайдагы кафенин эшигини алдында, бош калган аянтка көз чаптырып турган официанттын карааны көрүнөт.

Америкалык аял терезеден бакчаны карап турган. Так алардын терезесинин түбүндөгү, тамчынын огундагы жашыл столдун астына мышык корголоп кирип алыптыр. Суу болбоюн деп болушунча бүрүшүп алган.

– Мен барып байкуш мышыкты алып келейин,— деди аялы.

– Кел, мен эле барып келейин, – керебетте жаткан күйөөсү ордунан копшолду.

– Жок, мен өзүм алып келем. Байкуш мышык! Жаандан жашынып столдун астына кирип алганын кара.

Күйөөсү башына эки жаздыкты кабаттай жазданып, кыйшайып жатып алып китебин  окуганын улантты.

– Байка, суу болуп калба, –деди ал.

Аял тепкичтен түшүп, вестибюль менен өтүп баратканда, мейманкананын кожоюну тура калып, ага ийилип таазим көрсөттү. Анын отурган орду вестюблдин алыскы бурчунда эле. Мейманкананын ээси бойлуу, жашап калган адам эле.

– Il piove1[1], – деди америкалык аял. Ага мейманкананын кожоюну жакчу.

– Si, si, signora, brutto tempo[2]. Бүгүн аба-ырайы аябай жаман.

Ал алыскы бурчтагы күңүрт бөлмөнүн бурчунда жумушчу ордунда турган.

Ал америкалык аялга жакчу. Ага анын аябай сабырдуулук менен жашоочулардын бардык  арыз-муңун укканы жакчу. Ага анын олуттуу кебетеси жакчу. Анын ага урмат көрсөтүп, кызмат кылууга дилгирлиги  жакчу. Анын өзүнүн кожоюндук абалына кылган мамилеси жакчу. Дагы жазы бети менен шадылуу колдору жакчу.

Ал аны жактырарын ойлоп баратып, эшикке жетти да аны ачып, сыртка көз жүгүрттү. Жаан баштагыдан да катуулап келиптир. Ээн аянтчада резина плащ кийген киши кафени көздөй келатат. Мышык жакын эле жерде, оң тарапта болуш керек. Балким, дубал бойлой басса анча суу болбостур. Босогодо туруп калган аялдын үстүнө капыстан эле чатырча ачылды. Арт жагында бөлмөлөрдү жыйнап жүрчү кызматчы аял турган экен.

– Суу болуп калбаңыз, – деди ал жылмайып, италия тилинде. Аны кожоюну жибергени бышык. Чатырчаны кармаган кызматчы аял экөө өзү жашаган терезе түбүндөгү жаанга жуулган ачык жашыл түстөгү столго да жетишти. Бирок мышык ал жерде жок болуп чыкты. Аялдын көңүлү чөгө түштү. Кызматчы аны карап калды.

– Ha perduta qualque cosa, signora?[3] – Бул жерде мышык жаткан, – деди америкалык жаш аял.

– Мышык? – Si, il gatto[4] – Мышыкпы? – кызматчы жылмайды. – Мышык жаанда калыптырбы?

– Ооба, – деди ал, – ушул жерде, столдун астында болчу. – Анан ал мышыкты алгым келди, ушунчалык алгым келди… Ал англисче сүйлөп жатканда кызматчы аял бүт дитин коюп, анын айткандарын толук түшүнүүгө далалат кылып жатканы чыңалган жүзүнөн байкалат.

– Жүрүңүз, синьора, – деди ал, – кетелик. Суу болуп каласыз.

–Мейли анда, кеттик, – деди америкалык аял.

Шагыл жол менен үйгө кайтышты. Кызматчы аял босогодо чатырчасын жабуу үчүн кармалып калды. Аял вестибюль менен келатканда, padrone[5] өз ордунан туруп, кайрадан ийилип таазим жасады. Эмнегедир аялдын дене-бою  чымырап, сезими козголуп кетти. Ал padrone алдында өзүн аябай кичинекей, ошол эле убакта эң керектүү адамдай көрдү. Бир мүнөткө өзүн эң маанилүү адамдай сезип баратты.

Ал тепкич менен өйдө көтөрүлдү. Бөлмөнүн эшигин ачып, ичкери кирди. Жорж керебетте китеп окуп жаткан.

–Алып келдиңби мышыкты? – деп сурады ал, китебин ылдый кылып.

– Мен баргыча ал жок.

– Кайда кетиптир? – деди ал биразга китептен башын көтөрүп.

Аял өз керебетине келип отурду.

– Мен аны аябай алгым келген эле, – деди ал.

– Эмнеге экенин билбейм, байкуш мышыкты ушунчалык алгым келди. Байкуш киса, шөмтүрөп суу болуптур.

Жорж унчукпай китебин окууга киришти.

Ал столго келип отурду да, сабы бар күзгүсүн алып карана баштады. Ал өзүн биринчи жолу көрүп жаткансып, күзгүнү айлантып, бир оң капталынан, бир сол капталынан айланта карап жатты. Анан желке жагын карап:

— Сен кандай дейсиң? Чачымды өстүрсөмбү?

Жорж  анын балдардыкындай кыска кыркылган чачын карап койду.

– Мага ушундай жагат.

– Мен тажап кеттим, – деди аялы.– Балдарга окшоп жүргөндөн тажадым. Жорж капталына оодарылып жатты. Ал аялы сүйлөй баштагандан бери андан көзүн алган жок.

– Сен бүгүн өзгөчө сүйкүмдүүсүң, – деди ал.

Аял күзгүсүн столго коюп, терезеге келип, бакчаны карай баштады. Иңир кирип калыптыр.

– Чачымды жыпжылмакай болгуча бекем тартып катуу байлап, желкеме колго урунгандай кылып түйүп алгым келет, — деди ал — мышыкты тиземе алып отуруп сылагым, анын мыёлогон үнүн уккум келет.

– Мм, – деп койду Жорж керебетте отуруп.

– Өзүмдүн столум болушун каалайм, өзүмдүн кашык, вилкам менен шамдын астында тамак жегим келет. Жана да ар дайым жаздын болушун каалайм, күзгүнүн алдына отуруп чачымды тарагым келет, мышыгымды сылап, жаңы көйнөк кийгим келет…

– Болду эми. Андан көрө китеп оку,– деди Жорж.

Өзү китебин кайра окуп кирди. Аял терезени карап телмирет. Сыртта караңгы биротоло кирип, пальмалардын жалбырагын жамгыр сабалап жатты.

– Баары бир мышыгым болушун каалайм, – деди ал. – Мышыкты азыр эле алгым келет. Узун чач койгонго болбосо, жок дегенде мышык алсам болот да?

Жоржго анын айткандары кулагынын сыртынан кетип жатты. Ал китеп окуп жаткан. Аял терезеден аянттагы жарыктын кандай жагылып жатканына көз салып турган. Аңгыча эшик кагылды.

– Avanti[6], – деп үн катты Жорж. Ал китептен башын көтөрдү. Эшиктен кызматчы аял баш бакты. Ал бооруна темгили бар чоң мышыкты салаңдатып бекем кысып алыптыр.

–Кечирип коюңуз, – деди ал. – Padrone бул мышыкты синьорага берип жиберди.

1925-жыл

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Il piove1 – жамгыр жаап атат. (итял.)

[2] Si, si, signora, brutto tempo – ооба, ооба, синьора, аба ырайы шумдук. (итял.)

[3] Ha perduta qualque cosa, signora? – Сиз бирдеңке жоготтуңузбу, синьора? (итял.)

[4] Si, il gatto – Ооба, мышыкты (итял.)

[5] padrone – кожоюн (итял.)

[6] Avanti – кириңиз (итял.)