ХЕМИНГУЭЙ Эрнест: Чыгармачылыгы жөнүндө (которгон Алым Токтомушев)

Э.Хемингуэй өмүрүнүн акыркы жылдарда өнөрканасы, чыгармачылык чеберчилиги тууралуу бир кыйла маектерди жарыялаган. Бул макала Франциянын «Ар» жумалыгынын суроолоруна берген жоопторунун (март-апрель, 1958, июль, 1959) негизинде даярдалды.

Алым Токтомушевдин архивинен

Романдарымды же аңгемелеримди таң азандан баштап жазганды жактырам. Бул маалда эч ким жолтоо болбойт, күн салкын, атүгүл суук, иш кызыганда кандай ысыганыңды да билбей кетесиң. Мурда жазылгандарды кайталап окуйм, андан ары эмне болорун негизинен билем, токтогон жерден улантам. Эртеси отурар замат окуя оңутуна аралашып кетүү үчүн жазып атканымды эргүү жаналекте токтотом.
Эсеби маселең, ишке эртең менен эрте киришсем, түштө же түшкө маал аяктайм. Жазып бүткөндө бир туруп таптакыр эле көңтөрүлүп калгансыйсың, бир туруп толуп-ташып тургансыйсың. Бул эми кудум ашыктык лаззатындай. Кайрадан ишке киришкенче эч ким сенин назарыңды бурбайт, эч нерсе сени алагды кылбайт. Арийне, ишти эртеңкиге калтыруу бир кыйла кыйынчылыкка турат экен.
Ар күн сайын мурда жазылгандардан бир барак оңдойм. Таптакыр бүттүм деген соң, бүт кол жазмамды кайрадан карап чыгам. Кол жазма машинкага басылгандан кийин да жакшы оңдолот. Басмакана тергенден кийин окуу – оңдоонун акыркы мүмкүнчүлүгү. Айтору, оңдоого оңтой келе калса, «жан» деп киришмей. Шартка, түзүлгөн кырдаалга жараша оңдойм. «Кош түбөлүк, куралымдын» акырын кайра баштан жазып чыккам. Ал эми акыркы барагын жыйырма тогуз ирет жаздым.
Мени форма табуу анчалык деле кыйнабайт, мен үчүн чыныгы сөз табуу тозок. Өткөндөрдөн адабий устатым деп кимди эсептейм? Марк Твен, Флобер, Стендаль, Бах, Тургенев, Л. Толстой, Достоевский, Чехов, Эндрю Марвел, Жон Дони, Кипллинг (мыкты китептери), Торо, Мопассан, капитан Марриэт, Шекспир, Моцарт, Кеведо, Данте, Вергилий, Тинторетто, Иероним Босх, Патенье, Гойя, Сезанн, Ван Гог, Гоген, Крус, Гонгора. Дагы көптөрүн унутпай санап чыгуу үчүн бүтүндөй бир күн керек болор эле. Дегинкиси, менин турмушум менен чыгармачылыгыма таасир эткендерди суроо – айтыла берип ашмалтайы чыккан сөзгө айланат. Биринчиден, мен аны менен ашкан билимдүүлүгүмдү аныктагым келип аткандай туюлушу ыктымал. Тилекке каршы, андай билимим жок. Жок, ал суроо сиз үчүн аябай маанилүү болсо, мен албетте, чын дилимен жооп берүүгө милдеткермин.
Байкасаңар керек, жогоруда келтирген узун тизмемдин ичинде художниктер да көп. Анткени алар мага жазганды жазуучулардан кем эмес үйрөттү. Кантип дээрсиз. Аны чачырата айтып берүү үчүн мага дагы бир күн керек. Ал эми жазуучу композитордон жазганды кандайча үйрөнө турганын, полифония менен контрапунктту эжелеп үйрөнүү жазуучуга эмне берерин, менимче, кең кесири кеп кылса болот.
Жогоруда аталган авторлорду качан, кандайча кайталап окуйсуз дейсиңерби? Эсеби маселең, Твенди эки же үч жылдан кийин гана кайталап окуса болот. Себеби ансыз деле жат билесиң. Шекспирди жыл сайын кайталап окуйм. «Король Лирди» милдеттүү түрдө. Анткени ал менин кайратыма кайрат кошот.
Мен кыялый окуяларды ээрчип эркин жазам, бирок аларды турмуштан алган сабактарыма тынымсыз салыштырып турам. Негедир өз көзүм менен көргөндөрдү жазганда антпейм. Көз көргөндөрдү тизмектөө көңүлгө тузу жок аштай тиет. Турмуш тажрыйбасына негизделген кыялый аңгемеде чындык алда канча акыйкат айтылат. Окуя болгон жерди эч качан ойдон чыгарбайм. Тескерисинче, көзгө сайып көрсөткүдөй так болсо дейм. «Коңгуроо кимге кагылат» романымдагы көпүрө, капчыгай, жар – бардыгы мен жарандык согушка катышкан жерлер.
«Коңгуроо кимге кагылат» – менин эң негизги чыгармаларымдын бири, мен аны баарынан жакшы көрөм, бирок ал али бүтөлек. Мен аны граждандык согуштун аң учурган апааттары тууралуу эки жыл бою Нью-Йоркко телефон аркылуу эки колонка кабар жөнөтүп тургандан соң бир дем менен баштагам. Романдын күрүчүнөн күрмөгү көп.
Келерки жылы «Коңгуроо кимге кагылат» романы боюнча «Скрибнер» фирмасы менен түзгөн келишимимдин мөөнөтү бүтөт. Ошондон кийин өндүрүштөн алып салсамбы деп атам. Бери дегенде, убактылуу. Анда азыр эч бир мааниге ээ эмес, адамдар түкүрүп да койбой турган нерселер бар. Романдагы каарман аял – Пилар али тирүү. Ал азыр, албетте, карып калды, Галисияда жашайт, арийне… ал Пабло менен да, Августина менен да, Фернандо менен да эч качан жолуккан эмес, алар турмушта болбогон адамдар. Тескерисинче, Эль Сардо турмушта болгон. Ал Гвадалахарада салгылашып, кудум мен жазгандай өлгөн.
Эгер басма ээлери романды кайрадан сатып алам, кайрадан басып чыгарам десе, мен берген жаңы текстке макул болуусу шарт. Кайсы каарманымды жакшы көрөрүмдү сурасаңар, эң узун тизмеге туш болосуңар. Жаш жазуучунун гезитте иштешине кандай карайсыз, «Канзас Сити Стар» гезитинде иштөө сизге кандай жардам берди десеңер, гезитте иштөө кайсы жазуучуга болсун пайдадан башка зыян апкелбейт деп айтар элем. «Стар» жөнөкөй жазганды, ток этерин айтканды үйрөттү. Гезит жаш жазуучуга жардам берет, бирок бир шарт менен: ал ишти өз убагында токтото билиши керек.
Дүйнө менен таанышуу жазуучудан чоң жоопкерчиликти талап кылат, анүчүн жакшы жазуу барган сайын кыйындай баштайт. Көркөм дөөлөт болуп калар бирдеме жараткысы келсе, жазуучу күнүнө бир нече саат гана иштесе да өз өнөрүн кара жанды тынымсыз карч урдурган иш катары карашы зарыл. Жазуучуну кудукка салыштырса болот. Кудук ар түркүн болгон сыяктуу эле жазуучу да ар түркүн. Эң негизгиси, кудукта таза суу болушу шарт. Анан да кудукту бир заматта какшытып алып, дагы качан суу чыгарын күтүп отургандан көрө, аз да болсо, чөмүчтөп болсо да сузуп алып турган ийги.
… Байкагычтык – жазуучунун эң башкы куралы. Андан ажырадыңбы – жоксуң. Арийне, байкайт десе эле атайлап «шыкаалап» жатып алган жарабайт: жазуучунун көргөн-эткенинин баары эле чыгармага эш боло бербейт. Балким, анын жардамы жаңыдан жаза баштаганда тиер. Бара-бара көргөн-билгендериңдин баары кандайдыр бир касиеттүү казнага чогула баштайт. Андан алда немелер адырайып көрүнсө, мен адабият чыгармачылыгын айсберге салыштырар элем. Жетиден бир бөлүгү гана суу үстүндө, калганы суунун алдындагы муз-тоого. Демек, суунун алдына чөгө турганы чөгүүгө тийиш, канчалык терең чөксө, айсбергдин түбү ошончолук бекем болот.
… «Чал жана деңиз» повестин чоё берсем, миң барактан ашмак. Эсеби маселең, ал кыштакчада жашагандардын чоо-жайын, турмушшартын, кайда туулуп, кайда өскөнүн, бала-чакасынын таалим тарбиясын ж. б. эмне үчүн эргип кеп кылууга болбосун?! Айрым жазуучулар андайларды апыртып-жапыртып сонун сүрөттөйт. Сиз жазып жатканда акыл-эсиңиз жеткендердин айланасы менен аргасыз чектелесиз. Мен башка жол менен баруунун амалын издедим. Окурмандар повесттеги окуялар менен кошо аралашып жашагандай болсун, аны чын эле өз башынан кечирип жаткандай сезсин аракетин жасадым. Албетте, ал өтө кыйынга турду, анүчүн бел чечпей иштөөгө туура келди.
Эмнеси болсо дагы мен бу саам мурда болбогондой окурмандарга окуя менен кошо жашагандай сезим калтыра алдым деп ойлойм. Кайриет, менин бактыма мурда жазуучулар байкоос албаган кайраты таш жарган карыя менен көкүрөгү тунук бала туш келди. Карыянын кандайлыгын как өзүндөй көрсөтүүгө океан жардам берди. Кудум көктөн издегеним жерден табылгансыды. Мен окуя оңутуна сүңгүп кирип, аны окурмандарга айтып бердим. Мен бул аймактан элүүдөн ашуун кит көргөнүм бар, атүгүл бир ирет алтымыш футтан ашкан китке найза сайып коё бергем. Мен аларды повестиме кийирген жокмун, бирок балыкчылардын мен билген жана мен айталек таржымал-тарыхы – менин айсбергимдин негизин түздү.
«Эскерүүлөрүмдү» сурасаңар, башкалар мага арнаган сансыз репортаждарды бириктирген менин репортажым болот. Өзөгүн Париж менен жоголгон жаңы муун түзөт. Парижге эч бир журналистсиз, интервьюсуз, белгисиз каптал эшиктен тымызын жылып кирсем дейм. Айрым барларга барсам дейм, жаңы көргөзмөлөрдөн искусствонун эски чыгармаларын көрсөм дейм. Чуркоо аянтчасына, бокс мелдешине барып, жаңы хоккеисттерге, жаңы боксчуларга күбө болсом дейм. Арзан, чакан ресторан издесем дейм, түптүү шаарды түрө кыдырып көрсөм дейм.
… Жаңы романымда улуу Стендалды жекеме-жекеге чакыргым келип атыр. Бука менен кармашты бекер жеринен изилдегеним жок. Жан жүрөк менен сезим – бул букаларды бууракандаткан кызыл чепкен.
Орусчадан оодарган Алым ТОКТОМУШЕВ