ХИКМЕТ Назым: Салижан Жигитов Назым Хикметтин чыгармачылыгы туурасында…

Анын ысмы биздин кылымдагы ашкан атактуу акындардын ысмына тең барабар турат. Демейде улуу кишилер көзү барында улуу деп айтылбайт. Назым Хикмет болсо тирүүсүндө эле түрктүн улуу акыны деп айтыла берчү, андай деген сөз эч кимге өөн учурачу эмес.

Атүгүл элдешпес кас душмандары да анын ченебеген акын экенине шек келтире алышкан эмес. Ушуга байланыштуу бир кызык факт айтылып жүрөт. Турция монархиялык түзүлүштөн республикалык түзүлүшкө өткөндө туңгуч президент болгон Кемаль Ататүрк бир кайла прогрессивдүү саясий ишмер болсо да, коммунисттик идеяларга кастык менен мамиле кылган. Анын өкмөтү Назымды түрмөгө камаган. Назым камалып жатканда, Ататүрк акындын автордук аткаруусунда граммпластинкага жазылган «Мажүрүм тал» аттуу ырын угуп алып эрксизден ыйлап жиберип:

— Кандай укмуш акын!— деп тамшанып баш чайкап, артынан катуу өкүнүп койгон экен.— Аттиң ай, коммунист болуп алганын карасаң!..

Назым энеден акын бойдон төрөлгөн, жалаң гана поэзия үчүн жаралган адам эле. Бирок анын акын жүрөгүндө граждандык кайрат менен бунтардык жалын да жалбырттап күйүп турган. Ошон үчүн анда тайманбас революционер менен улуу художник эриш-аркак айкалышып жашаган, чыгармалары болсо ашкан бийик идеялуулук менен керемет көркөмдүктүн ширөөсүнөн бүткөн.

Ал эр жүрөк новатор акын болгон, түрк поэзиясынын көнүмүш традицияларына бүлүк салып, ритмикалык курулуштарын жана поэтикалык тилин караманча жаңыртып, а деп окуган ар кандай адамды аптыктырып таштоочу формалдык эксперименттер жасаган. Бкрок эч убакта ал карандай формалисттик изденүүлөргө азыгырылган эмес, эч качан поэзияда көйрөңдүк кылган эмес, ал үчүн поэзия бу дүйнөдөн жашап өтүү сыңары эң маанилүү иш, революциялык күрөштүн жана ата журтка кызмат кылуунун эң башкы куралы, өзүнүн духовный күчүн жана адамдык касиеттерин предметтештирүү мүмкүнчүлүгү болгон. Ошол себептен анын ар бир сабында коргошундай уюган салмактуу олуттуулук бар.

Акындын сезимтал-назик баамына урунбаган нерсе, балким, бу турмушта аз болсо керек: чыгармаларында жаамы адамзаты сарсанаа кылган эбегейсиз зор маселелерден тартып көзгө араң-араң илешкен мапмайда көрүнүштөргө чейин ой жүгүрткөн, бирок эң эле майда темалар жөнүндө жазгандарында деле дүйнөгө масштабдуу караган, тиричиликтеги жарыбаган кичине нерселерге да аябай олуттуу мамиле кылган чоң адамдын бараандуу элеси айкын байкалат.

Назым Хикмет бу жарык дүйнөдөн катуу кызыткан болот-темир сыңары кызарып күйүп өттү, андан өмүр бою поэтикалык чыгармалар шыркыраган кызыл учкундардай чачырап, Саманчынын жолундагы жылдыздардай жайнаган өчпөс изге айланды.

Ал өмүрүнүн көп жылдарын саясий куугунчулук менен түрмөдө өткөргөн. Ошондой кыйын кезеңде да анын коммунисттик кайраты ого бетер чыйралып, адамдык духу улам бийик көкөлөп, акындык күчү курчуп отурган.

Ал көп жылдар бою эмиграцияда жүрдү. Адатта бир боор турпагынан ажыроо көп адамдардын талантын кууратып салат. Ал эми эмиграцияда жүргөн чагында Назымдын чыгармачылык энергиясы какшыбастан, кайра ашып-ташып турду. Өзүмдүн духовный ата журтум деп эсептеген биздин өлкөдө ал өзүн эч качан мусапыр катары сезген эмес, тескерисинче, акын өмүрүнүн эң бактылуу жылдары ушу биздин жерде өткөн. Бирок Назым өз мекенин жакынынан жакшы көргөн, аны дайым ой-санаасынын чордонунда туткан, аны кайра бир көрсөм деген өлчөмсүз кусалык менен жашаган. «Акынды бейишке алып барышса да, ата журтум деп ыйлап какшаныптыр». Дүйнөлүк наамга ээ болуп, атак-даңкы төгөрөктүн төрт бурчуна угулуп турганда, чыгармалары өз өлкөсүндө, эне тилинде басылбаганы анын жанын кашайтып, каңырыгын түтөткөн.

Акындын арзып-арзып күткөнү өзү өлгөндөн кийин келди. Анын чыгармалары өз ата журтунда бирин-серин басыла баштады. «Назым Хикмет» аттуу кеме Турция жээктери менен дайыма өтүп турат. Бу кемениг Югославиядан (жасалган жеринен) Одессага багыт алган туңгуч рейсинде кошо болгон орус акыны Борис Слуцкий мындай деп жазат:

«Биз беш деңизди арытып, сапар алганыбызга үч күн болгондо Турциянын территориялык сууларына, Мрамор деңизине алып барчу Дарданелл кысыгына кирдик… Мрамор деңизи картада кичине көрүнгөнү менен, биздин күлүк кораблге беш сааттай жол болду. Босфор кысыгына биз күн өйдө көтөрүлүп калганда кирдик, сууда кайыктар, катерлер, арасында сейилдөөчү палубалары бар кемелер каршы-терши жүрүп жатыптыр, аларга европалык жээктен азиялык жээкке жана тескерисинче жумуштап бараткан туристтер менен түрктөр жыкжыйма толуп алган экен. Деңиз бети тим эле майрам-тамаша күнкү шаар паркындай быкылдайт. Катерлер бизге жакын эле жерден өтүп атышты, латин ариптери менен чегилген «НАЗЫМ ХИКМЕТ» деген чоң жазуу таасын окулуп калды белем, капыстан бизге кол чаба башташты. Турктөр катерлеринин бортуна жабыла беришкенде, катерлери көңтөрүлүп кетчүдөй калкылдады.

Алар чуулдап, кыйкырып-өкүрүп, укмуштай шапалак уруп турушту. Чоң театрда бир балеринага да, Лужники стадионунда бир жаш акынга да мынчалык кол чабышкан эместир. Уу-чуу, кыйкырык, кол чабуу бир саатча уланды, анан Босфор бүтүп калды. Биз Кара деңизге кирип, Одессага багыт алдык. Назым Хикмет ата журтуна ушинтип кайрылып барды».

Назым Хикметтин ысмы прогрессивдүү адамзаттын сүйгүнчүгүнө, түрк калкынын улуттук сыймыгына, ар-намысына, бетиндеги кызылына айланды, аны биздин улуу кылым аты өчпөс уулу кылып алды.

Салижан Жигитов

Назым Хикметтин»Мажүрүм тал»китебине арналган бет ачар бөлүгү

«Кыргызстан» басмасы — 1969-ж.