ХИКМЕТ Назым: Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок (которгон Амирбек Азам уулу)

Менин уулума экинчи жомок

Балам, качандыр бир мезгилде, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте ак сакалдуу киши жашаптыр. Ал эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң эле боорукери болот.

Бул ак сакалдуу даанышман жашаган өлкөнүн эң чоң шаарындагы эл агымы көп аянтта асыл таштардан жасалган көзү оттой жалтылдаган, чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын жана кишинин боюнан миң эсе бийик бурхан орнотулат. Бул эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң боорукери болгон сакалы куудай ак данышман кишинин эли өз бурханына таат кылчу. Алар жер бетиндеги бардык нерселер: жакшылык менен жамандык, түшүмдүү жана түшүмсүз дарактар, өсүмдүктөр, сулуулук жана куниктик-мунун баарын тулку-турпаты кишинин боюнан миң эсе чоң бурхан жараткан деп ойлошчу.

Балам, жалгыз гана ак сакалдуу биздин акылманыбыз жанагы бурханга ишенбейт. Ал бурханга ишенбегенин көпкө чейин элден жашырып жүрдү. Бирок жылдар жылга тогошуп, ал да картайды. Жашырып жүргөн ишенбөөчүлүгү көкүрөгүнө коргошундай жүк болуп, жүрөгүн өйүй баштады. Ал бир күнү чыдабай, көк тиреген бурхан турган аянтка келип бек кыйкырды:

-Эй, калайык-калк! Мына бу чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын, асыл баа таштардан жасалган көздөрү оттой жалтыраган бурханга эмнеге сыйынасыңар? Аны өз колуңар менен жасабадыңар беле?! Өз колуңар, өз акылыңар менен жаратылган нерсени өзүңөрдүн акыл-эсиңердин жана колуңардын жаратуучусу деп эсептейсиңерби?

Дүйнөдө эч бир нерсе не аягы, не башаты жок, ар дайым өзгөрүлүп туруучу, эч ким жасабаган жашоонун чегинен чыкпайт. Менин агайындарым, алдагы бурханды жок кылгыла!

Балам, эң боорукерлердин арасындагы эң акылман жана эң акылмандардын арасындагы эң боорукер карыянын мындай сөзүн уккан кишилер адегенде анын сөзүн түшүнүшпөдү. Анан таң калышты. Андан соң кыжырданышты. Акыр аягында жерден килейген таштарды алышып, карыяны көздөй ыргыта башташты. Ташбараңга кабылган карыянын куудай ак сакалы канына боёлуп, кыпкызыл болуп калды. Бирок ал, элестет, оозун тыйбады. Адамдарга эмне ойлогонун жана туура деп эсептегенин айтып жатып, ак сакалдуу карыя жашара баштады. Ал жашарган сайын үнү улам катуу чыкты. Үнү канчалык катуу чыккан сайын, ал да ошончо көп жашарды.

Ушинтип, балам, сакалы куудай ак киши мөндүрдөй жааган таштын астында тынымсыз жашара берди, ал эми ага таш бурдаткандар улам картайып, улам алдан тайып баратты. Алар бели бекчейип, колдору калтырап калган кезде, өз бурханын коргой албай калды. Түбөлүктүү жаш болуп калган эң боорукерлердин арасындагы эң акылман жана эң акылмандардын арасындагы эң боорукер киши муштуму менен бир уруп, эңгезердей бурханды быт-чыт кылды.

Балам, эгер сен, таш жаап турса да өзүң ишенген чындыкты айткандан коркпосоң, сен балам, качандыр бир заманда, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте жашаган эң боорукерлер арасындагы эң данышман жана эң данышмандар арасындагы эң эле боорукер кишидей түбөлүк жаш бойдон каласың.

Которгон Амирбек АЗАМ уулу