ХИКМЕТ Назым: Назым Хикметтин тандалма ырлары (ырлар, которгон Салижан ЖИГИТОВ)

(1902–1963) Түрк акыны, коомдук ишмер. Түрк ак сөөгүнүн үйбүлөсүнөн. Ырлары 1917-жылдан жарыялана баштаган. 1921-жылы СССРге келип, чыгыш элдеринин коммунисттик университетинде (КУТВ) окуган. 1924-жылы Түркияга кайтып, революциячыл гезит-журналдарда иштей баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы Бакудан жарык көргөн.
Революциячыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Дүйнө элинин кысымы менен 1950-жылы камактан бошотулуп, бир жылдан кийин кайра камалар болгондо СССРге качып, өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашаган.
Назым Хикмет түрк поэзиясынын мазмуну менен формасын түп тамырынан жаңылаган. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, көзүнүн тирүүсүндө эле «улуу акын» аталган. Бүгүнкү күндө Түркияда эстеликтери коюлуп, чыгармалары аздектелип окулат.

Түпнускадан которгон Салижан ЖИГИТОВ

КУСАЛЫК
Деңизге кетким келет.
Көгүлтүр суу күзгүсүн
кучактап өпкүм келет.
Деңизге кетким келет!
Кемелер кетип барат,
кемелер чөгүп барат
мейкинге алыстагы;
сарсанаа шамалына,
муң-кайгы шамалына
керилбей парустары;
бир күнү кеме үстүнө
чыгармын, балким, мен да
өрөпкүп таалайыма,
акыры келер өлүм
айныбай жазылган соң
ар кимдин маңдайына
нурундай батар күндүн
деңизге чөккүм келет,
нурундай батар күндүн
толкунда өчкүм келет.
Деңизге кетким келет!
Деңизге кетким келет!
1927

КАСПИЙ ДЕҢИЗИ
Деңиздин а башынан, бу башына
түмөн-түмөн атчандай күр-шар этип
мала-кызыл толкундар чабат, чабат.
Каспий сүйлөйт тилинде шамалдардын,
сүйлөсө – кайнагансыйт шарак-шарак.
Каспийди сулк жаткан бир өлүк көл – деп,
чёрт возьми, кимдер айтты?!
Уч-кыйыры жок ээнбаш шор суу Каспий!
Каспийде кастар жүрөт, э-э-эй,
дос-жар жүрөт!..
Толкун – бир аска,
кайык – бир кийик,
кайык – бир чака,
толкун – бир кудук!
Көмүлөт кайык,
көрүнөт кайык,
жыгылган аттын
жонунан тайып,
каргыган атка
минилет барып!
Кайыкта бир кайыкчы түркмөн
маңдайында рулдун мандаш уруп
отурат жай баракат.
Башында калдайган бир кара бапак.
Жок, бул өзү бапак эмес,
тирүү койдун кардын жарып
кийиптир ал башына,
койдун узун саңсаң жүнү
түшүп турат кашына!
Көмүлөт кайык,
көрүнөт кайык…
Кайыкчы чал рулдун маңдайында
Түркмөнстан Буддасынын бурканындай
отурат камырабай мандаш уруп.
Бирок аны ойлобо: турган экен
Каспийдин каршысында кол
куушуруп.
Өзүнө өзү ишенет, ошон үчүн
отурат буркан таштай мандаш уруп.

Карап койбойт
кайыкка
чабылган сууга,
карап койбойт
чабылып
жарылган сууга!
Көмүлөт кайык,
көрүнөт кайык,
жыгылган аттын
жонунан тайып,
каргыган атка
минилет барып!
Каспийдин кую жаман баштатадан,
аркырайт кара шамал жаман, жаман!
Абайла, сактана гөр каргашадан,
антпесең ойрон салар кара шамал!
Кайылмын,
кандай болсо андай болсун,
кутурсун кара шамал,
тоодой толкун
каптасын!
Каргашасы келсе келер!
Ким деңизге туулса,
деңизге өлөр!
Көмүлөт кайык,
көрүнөт кайык.
Көмүлөт кай…
көрүнөт кай…
Көм…
көр…
көм…
1928

МАЖҮРҮМ ТАЛ
Айнегинде чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу
чайкайт күмүш саамайын сууга малып.

Кылыч менен талдарды чаап шакка
Кетти кызыл атчандар батыш жакка
батыш жакка күн батып бара жаткан.
Ок жаңылды капыстан!
Бир жаш атчан
кушка окшоп канатка аткан
кулады аттан!
Бакырбады,
кеткендерди жалбарып чакырбады,
башын жерден көтөрүп бир азга араң
арман толгон көз менен карап турду
аттардын туяктарын кылактаган.
Арман күн ай,
атаганат,
каргып туруп ал эми кайра аттанып
өбөктөбөйт ак көбүк ат жалына,
ак аскерди кубалап айгай салып
ойното албайт кылычын баштарына!

Кулагында алсырап жаткан жандын
өчүп барат дүбүртү чапкандардын.
Кылк-кылк этип кызарып күн баткан жер
жутуп алды караанын атчандардын.
Атчандар, атчандар, кызыл атчандар,
Аттары шамал-куюн канатчандар,
аттары шамал канат…
аттары шамал…
аттары…
ат…

Өмүр өттү атчандай шамал канат!
Аккан суунун үнү өчтү ир алдыда,
Дүйнө бүтүн боёлду караңгыга,
жабылды кара парда
мөлтүр тунук көгөргөн көзүнө
анын,
төгүлдү мажүрүм тал
сары чачы төгүлгөн бетине
анын!
Баратат коюу тартып түн карасы.
Ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы!
Ыйлаба,
ыйлабачы,
Ыйлабачы…
1928

БИР АЙРЫЛЫШ БАЯНЫ
Эркек айтты аялга:
– Сени сүйөм!
Сени сүйөм, бирок кандай?
Жука бир айнек сыңар уучума
Жүрөгүмдү бек кысып,
карс сындырып
беш манжамы тилдирип канаткандай…
Эркек айтты аялга:
– Сени сүйөм!
Сени сүйөм, бирок кандай?
Миңдеген километр терең сүйөм,
жүздөгөн километр узун сүйөм,
сүйөм сени өлчөмүн санакка албай…
Аял айтты эркекке:
– Сүйөмүн мен
Башым менен, эрдим менен, жүрөгүмдөн.
Сени сүйөм, сестенип таазим кылам
башыңа, эриниңе, жүрөгүңө.
Эми мен эмне билсем,
милдеткермин бир өзүңө:
шыбырап түндө баарын үйрөттүң сен…
Мени эми турам билип:
Кара жер
күн чырайлуу эне сыңар
эң кенжесин эмизет ийип-ийип…
Бирок кантем, айла канча?
Чачтарым оролушкан
өлүп жаткан бирөөнүн манжасына,
ээ боло албай
турамын
өз башыма.
Сен баргайсың
Жаңы туулган баланын
көзүн карап…
Сен баргайсың
мени мында калтырып,
өзүң гана…
Аял тынды.
Бир бирине кароодон айбыгышты.
Бир китеп түштү жерге…
Жабылды бир терезе…
айрылышты…
1930

АЧ ДОСТОР ЖАНА БИР ДЕСТЕ ГҮЛ
Эй, оозу сүт жыттанган көзөл акын,
сен жөн эле чычаясың
белгилүүдөй сүйүү сыры саган жалгыз.
Ашыглык жайын айткан кеп-сөздөрдөн
биз деле, шүгүрчүлүк, кабардарбыз.
Кутургандай чуу салып, адыраңдап
өттү куду мурдумун жанынан жаз
сары такта вагондору
тер, тамеки жыттанган поезд сыңар.
Мен күттү элем келет деп жаздын айын
мага бир тышы кызыл мис идиште
ысык сүт алып келчү аяш сыңар.
Кантейин, жаз келбеди күткөнүмдөй,
Күткөнүңдөй жаз келбес сага дайым.
Күткөнүңдөй түк келбейт самаганың.
Кызым, энем, зайыбым, медерим сен,
башыңа күн нурун сепкен,
көздөрү алтын нурун төккөн,
көздөрү алтын кызым менин!
Кутургандай чуу салып, адыраңдап
өттү куду мурдумдун жанынан жаз,
бирок кылып шааниси келген жаздын
сага бир гүл барбады менден, аттиң,
бир десте гүл,
букети фиалканын.
Кантем, кызым, эмне кылам,
иш таштаган досторум ачка калып,
шам-шум этип, эптеп бир жалгашты өзөк
гүл алам деп сактаган акчамы алып!
1930

КӨГҮЛТҮР КӨЗ ДӨӨ
Ал өзү көгүлтүр көз бир дөө эле.
Кичикий бир аялды сүйгөн эле.
Ал аял дайым эңсеп жүргөн эле
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү.
Дөө болсо дөөчөсүнөн сүйгөн эле.
Алаксып зор иш менен жүргөн эле,
андыктан ага куруп бере албады
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү.
Ал өзү көгүлтүр көз бир дөө эле.
Кичикий бир аялды сүйгөн эле.
Ал аял дайым самай берер эле,
түндөсү түшүндө да көрөр эле
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү.
Дөөлөрдүн жолунда аял чарчады да,
көгүлтүр көздөргө анан: «Кош!» – деди да,
кодойгон дөөлөттүү бир эрге тийди,
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган үйгө кирди.
Көгүлтүр көз дөө эми билет жакшы:
түнөк кылбайт дөөлөрдүн махабаты
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү…
1932

ТҮШ
Кечээ түнү түшүмдө сени көрдүм.
Отурдуң да жанына сен тиземдин
баш көтөрдүң.
Маңдайың алдындагы
көздөрүң мага карап жалжылдады.
Ачылып-жумулду суу эриндериң,
а бирок угулбады үнүң сенин.
Түн ичинде бир жерде сагат урат,
сагат үнү жакшы бир кабар сыңар,
абада баш-учу жок кобур-шабыр…
Телмирип кулак түрүп угуп жатам:
капаста канарейка сайрап турат,
үрөндөр айдоолордо чытыр-чытыр
үн берип, жерди жарып жайнап чыгат,
майдандарда эл шоокуму океандай
дүңгүрөйт, сенин жылуу эриндериң
ачылып-жумулса да тыным албай,
угулбайт кебиң сенин, үнүң сенин…
ойгондум жаалым чыгып, ичим сыздап.
Кеткен экем китептин үстүндө уктап.
Эми мен турам мына түшүнө албай:
Же сенин үнүң беле
Баягы добуштардын баары бүтүн?
1945

КОЛДОРУҢАР ЖАНА ЖАЛГАНЧЫЛЫК
Чоколок таш сыңары чулу, катуу,
түрмөнүн ырларындай ызасы ачуу,
жүк арткан айбан сыңар кашаң, арык,
ач балдардын ак куба жүздөрүнө
окшоп турган колдоруңар!
Аарылардай өнөрлүү, тыным албас,
сүт толгон ак мамадай салмактанган,
табият законундай изден тайбас,
чор теринин астында дос мээримин
сактап турган колдоруңар!

Дүйнө турбайт өгүздүн мүйүзүндө,
колуңардын үстүндө турат дүйнө.
Адамдарым, эх, менин адамдарым,
болсоңор да дайым ачка,
оозуңар нан менен эт сурап жатса,
силерди тойгузушат жалган менен.
Анан силер ак пейил дасторкондон
бир ирет лыкыя жеп тоё албастан,
ар бутагын самсаалап мийва баскан
бу дүйнөдөн мукурап кетесиңер.
Адамдарым, эх, менин адамдарым,
Африка, Азия, Жакын Чыгыш,
Орто Чыгыш, Тынч океан аралдарын
мекен кылган адамдарым!
Өз өлкөмдө өксөгөн туугандарым!
Дүйнө элинин төрттөн үчүн түзгөндөрүм!
Баарыңар өзүңөрдүн колуңардай
картсыңар, тетиксиңер, муңдуусуңар.
Колуңардай жашсыңар, ойлуусуңар.
Адамдарым, эх, менин адамдарым,
америкалыгым, европалагым,
силер куду колуңар сыңарындай
сергек, энөө, унутчаак келесиңер.
Колуңардай тез алданып,
баарына оңой көнөсүңөр.
Адамдарым, эх, менин адамдарым,
антенналар жалган айтса,
жалган айтса ротаторлор,
китептер да жанын жесе,
калп айтса афишалар дубалдагы,
калп айтса мамыдагы жарыялар,
селкилердин жылаңач балтырлары
экрандын бетинен жалган айтса,
жалган айтса куран-дуба,
жалган айтса бешик ыры,
жалган айтса көргөн түш да,
ресторанда скрипка калп сүйлөсө,
үмүтсүз түндөрүңдүн кара түнүн
жарык кылган ай дагы жалган десе,
үндөр дагы калп сүйлөсө,
сөздөр дагы жанын жесе,
колуңардан бөлөк ар ким,
ар бир буюм, ар бир нерсе,
күн-түн тынбай калп-жалган айта берсе,
анын дагы себеби бар:
колуңар жумшак болуп балчык сыңар,
колуңар сокур болуп караңгыдай,
колуңар аңкоо болуп жаман иттей
кокустан козголоң-бунт этпесин деп,
өлүм да,
өмүр да бар
бу дүйнөдө
алып-сатыш салтанаты,
зулум заман бүтпөсүн – деп
бүт баары жалган айтып, жанын жешет.
1949

ТҮРМӨДӨ ЖАТКАНДАРГА БИР АЗ КЕҢЕШ
Дүйнөдөн, Ата Журттан, адамдардан
үмүтүмдү үзбөйм десең,
асыласың, же болбосо
отурасың түрмөгө сен.
Жатарсың он-он беш жыл,
а балким, андан көпкө.
Ошондо сен: «Мындан көрө
жакшы эле жип учунда
асылып турган» – дебе.
Жашагайсың турмушка тырмышып бек.
Бу, балким, эмес чыгар ырыс-бакыт,
а бирок башыңдагы ыйык милдет:
кас душманым күйүнсүн – деп
жашап коюу бир күн ашык.
Жаныңдан жармы калар түрмө ичинде
кудуктун түбүндөгү таш сыңары.
Берки жармы тирүүлүккө аралашып,
кырк күндүк алыс чөлдө бир жалбырак
шырп этсе,
угуп-туюп жатсын аны.
Түрмөдө каттар күткөн,
кайгылуу авандарды каңылдаган,
көзүңдү шыптан албай таң атырган
таттуу нерсе, бирок да коркунучтуу.
Кырынгандан кырынганга
өң-түсүңдү күзгүдөн каранып тур.
Жашыңды чыгар эстен.
Сактана көр бит менен жазгы кечтен.
Эч уялба берген нандын
күкүмүн да калтырбай терип жештен.
Эч качан үзүлбөсүн каткырыгың.
ким билет, болбойт деп да айтуу кыйын.
Сүйгөнүң, балким, сени сүйбөй калар,
сен анда: «Урдум аны, кетсе мейли!» –
дей көрбө.
Түрмө ичине кабар
угулат жашыл бутак сынган өңдүү.
Түрмөдө гүлбакчаны ойлоо жаман,
тоолорду, дайраларды ойлоо жакшы.
Акырында берер кеңеш:
окуу, жазуу жагына көңүл бөлүп,
токуучулук ишин да ал үйрөнүп,
айнекчилик иши да жаман эмес.
Жатарсың он-он беш жыл,
а балким, андан узак болор жаза.
Түрмөнүн азаптары, ый-муңдары
өтөр-кетер
эгерде карыбаса
алмазың сол төшүңдүн алдындагы.
1949

ЖЫЛ БАШЫ
Түнү бою жаады, жаады кар,
Жаткансыды жылдыз тамчылап.
Бир шаар бар, көчө бар, үй бар,
Бир жыгач үй – эң узак, узак.
Жатат бала төшөктө элкин,
Менин уулум, болук, ак саргыл.
Меймандар жок. Үйдө жок эч ким.
Терезеде – байкуш Стамбул.

Чыңырды кеме – чыкты ачуу үн.
Бу жалгыздык түрмө сыңары.
Мюневвер шарт жаап китебин
Ыйлап ийди. Бүлк-бүлк ыйлады…
Бир шаар бар, көчө бар, үй бар,
Бир жыгач үй – эң узак, узак.
Түнү бою жаады, жаады кар,
Жаткансыды жылдыз тамчылап.
1956

ТЕРЕК
Түндө көрсөң сууда дарак
күмүш арча сыяктанат –
дечү биздин Надим акын.
Сүйчү муңдуу айымдарын –
ак көйнөкчөн кайыңдарын
рязандык да бир акын.
Менде да бир жалгыз терек,
кайда жүрсөм табыш берет
мен мусапыр күндөн бери.
Бүт дарактай терегим да
турат сыңар аягында
күтүп-күтүп бирдемени.
Карап турат чоң жолдорго,
карарыңкы ой-тоолорго
жайдын ысык түн маалында.
Мени да бир терек дайым
айгай салып ар түн сайын
күтүп турчу түрмө алдында.
Бактыбызга, айбыбызга,
үмүттөргө, кайгыбызга
күбө болуп, карадың жай,
күбө болдуң битибизге,
жердеги бүт ишибизге
эх, терегим, терегим ай!
Терегимди сүйсөм дагы,
Аны мактап жүрсөм дагы
Ата Журтум, бар арманым.
Мен эңкейип кара жерге,
денем балкып кара терге
бир түп терек эге албадым.
1956

АТА ЖУРТУМ
Ата Журтум, Ата Журтум, Ата Журтум!
Калбады сенде кийген баш кийимимен,
Өлчөгөн жолдоруңду бут киймимен.
Мен сенден кийип чыккан бешмантым да
эскирди, дал-дал кетти, түштү
ийнимен.
Сен эми калдың жалаң
чачтарымдын актарында,
жүрөгүмдүн инфаркында,
маңдайымдын бырышында,
Ата Журтум, Ата Журтум, Ата Журтум!..
1958