ХИКМЕТ Назым: Түрктүн улуу акыны Назым Хикметти Кожогелди Култегин түрк тилинен которду

КӨК КӨЗ ДӨӨ ЖАНА КИРБИЙГЕН АЯЛ

Килейген бир… көзү көк Дөөнү айтайын,
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!

Боюнан чоң ойдо аял жүрбөгөндүр –
болсо дечү кичикий үйүм менин,
болсо дечү шилбиси гүлдөгөн бир!

Дөөдөй-Дөөдөй сүйүүсү кабатталып…
тоодой-тоодой иштерди так аткарып…
куурагыр Дөө майда ишти сүйбөгөндүр –
курганы жок кичикий үйүн анын,
кулпурткан жок шилбисин гүлдөгөн бир.

Килейген ал… көзү көк Дөөнү айтайын,
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!

Кирбигийи чарчады тең баса албай.
Ким жүрө алат Дөөлөрдүн жолу менен?!
Кичине үйгө кетсем дейт – бирге эс албай.

«Кош!» деди эле…  тоспоспу шымаланып,
кодойгон бир дарбадар чыга калып…

Ээрчитип ал, сүйгөндүр-сүйбөгөндүр,
эңсеп жүргөн үйүнө алып кетти
эшигинде шилбиси гүлдөгөн бир.

Дөө түшүнүп мына эми – акмак эмес!
Дөөдөй сүйүү тар жерге батмак эмес!

Атаңгөрү-ай, күйгөндүр-күйбөгөндүр,
алп сүйүүгө боло албас күмбөз дагы
анын үйү шилбиси гүлдөгөн бир!

АБАКТАН ЧЫГЫП КЕЛИП
Ойгонуу

Ойгондуң сен.
Кайдасың?
Өз үйүңдө.
Көнбөй турсуң
ойгоноор замат минтип
үйүңдө болгонго да.
Он үч жылды өткөрүп абакка ошол
келгендиктин белгисин сезип турсуң.
Жаныңдагы жаткан ким?
Жалгыздыкпы?
Жок, жок, кокуй,
Аялың.
Ал уктоодо
Периштедей беймарал тыноо кагып.
Боюнда бар үчүн да тамылжыйт нур!
Саат канча азыр?
Сегиз го.
Санааңды анда
Сал ыргытып кечкече.
Салт ушундай –
полицейлер күндүзү басып кирбес.

КЕРЕМ ӨҢДҮҮ КҮЙҮШ КЕРЕК
Басат аба – уютулган коргошун!
Бакыр…
бакыр…
бакырамын…
бакырам.
Келгиле дейм,
болгула дейм колдоочум,
Эрители
коргошунду
катыган!

Деди мага:
– Үнүң менен чырайлуу
Күйүп…
күйүп…
күл болорсуң
Керемдей.
Кулак керең,
жүрөк муздак – бир айбы,
турат аба
коргошунча
кебелбей.

Кеп келгенде сөзүм менен жана алдым:
— Керем өңдүү
күл болсок не
батыраак?! –
Мен жанбасам,
сен жанбасаң,
биз жанбасак –
анан ким
Мейкиндеги караңгыны качырат?

Бапырап жер,
басат аба – коргошун.
Бакыр…
бакыр…
бакырамын,
бакырам:
Келгиле дейм,
болгула дейм колдоочум,
Эрители
коргошунду
катыган!
1930

* * *
Элдин элдик ырлары
өздөрүнөн да сулуу,
өздөрүнөн да камкор,
үмүтү да ашыкча,
алда канча өздөрүнөн өмүрлүү!
Жаным жыргап жакшы көрдүм далайын!
Жакшы көрүп – жашай ала турган болдум адамсыз,
жашай албай турган болдум
элдик ырсыз а бирок!
Жалбалактап алар мени алдабайт!
Элдик ырды уккан сайын элжирейм
кайсы тилде болсо да!
Бул жашоодо ичип-жегендеримдин,
кезип-жорткондорумдун,
көрүп-уккандарымдын,
аңдап-билгендеримдин
бири дагы, эч бири
бийиктикке көтөрбөдү,
көтөргөн жок бийиктикке мени ошол ырлардай!
20-сентябрь 1960

КҮЗ
Күн кыскарды. Жаачудай бабаалатып,
Күздүн, демек, келгени, башталганы.
Күттүм сени! Жүрөктөй каалгам ачык,
Кечиктиң не… таба албайм башка арганы…

Көк калемпир, туз, наным үстөлүмдө,
Кечки тамак ичээр кез болуп калды.
Болбойт сени шарапсыз күткөнүмдө,
Бирок анын тең-жармын согуп салдым.

Шак ийилтип өсүп тур дүйүм жемиш,
шарт түзгөнсүп кечикпей кезиккенге.
Карс деп бутак… күбүлмөк… бүлүнмөк иш
дагы бир аз… бир аз сен кечиккенде.

КАЙРАДАН МЕКЕНИМ ЖӨНҮНДӨ ТОЛГОНУП
Оо, мекеним, мекеним-ай, мекеним…
сенде кийген башкиймим да калбаптыр,
сенде кийген буткиймим да жок мына
жолдоруңду ченеп келген арыштап.
Далыга илип чыккан калың көйнөгүм
дал-далынан айрылган да, ташталган.
Менин, бирок, азыр сен
чачтарымдын актарында жүрөсүң,
жүрөгүмдүн инфаркында жүрөсүң,
маңдайымдын бырышында жүрөсүң,
оо, мекеним,
мекеним-ай,
мекеним…
8-апрель 1958

ЖАҢГАК ДАРАГЫ
Башым – туман… деңизге окшойм… көкүрөктө ой толкуп…
Гүлхане-Бак ичинде өскөн жаңгакка окшойм бир алдын.
Арбалаңдап алыс кеткен бутак-жылды оркойтуп…
Же полицей, же сен билбес – баш катырган сыр арбын.

Гүлхане-Бак дарагымын – күпүйгөн бир жаңгакмын,
Күргүштөп да, жамырап да сүзгөн балык – жалбырак.
Алар – жибек жүзарчыга окшоп кайра жайнап тур,
Алтыным, сен бирден үзүп жашыңды аарчыыр барбы убак?

Жалбырактар – жүз миңдеген… ошончо көп колдорум,
Жапырт баары – жүз миңи тең Стамбулга сунулган.
Жалбырактар – бакырайган көздөрүм да, ойлорум,
Жүз миңи тең теше тиктейт Стамбулду булуңдан.
Жүз миңи тең жүрөк болуп толкуп турчу ордо бул!

Гүлхане-Бак ичинде өскөн жаңгакка окшойм бир алдын.
Же полицей, же сен билбес – баш катырган сыр арбын.
1-июль 1957

КАЙСЫ БИР САЯКАТ ЖӨНҮНДӨ
Каалгаларды ачабыз.
Каалгаларды жабабыз.
Каалгалардан өтөбүз.
Кайран ошол саякаттын артында
көрүнбөдү же бир шаар,
көрүнбөдү же болбосо кеме-жай.
Поюз рельстен чыккан ал,
кеме сууга чөккөн ал,
учак кулап түшкөн ал,
муз бетине тарткан карта сүрөтүн –
ошол жакка дагы баргың келеби
деп сурашса
мен айтмакмын «Барам!» деп.

* * *
Көңүлүмдө чынар өсүп ыргалып,
көктө күнгө сермейт колун тынчытпай.
Жалбырактар – ок балыктар – бир багыт,
мөмөлөрү сайрап турат чымчыктай.

Жан дүйнөмдө жылдызым бар – жаңы күч,
саякатчы топтор ага көп келет –
тили алардын – жалаң гана жалыныч,
буйрук деген, суранч деген жок, демек.

Купулумда аппак жол бар абдан кооз,
кумурскалар жүрөт данды ташып-аа.
Өтөт андан машиналар майрампоз,
өтпөйт бирок өлүк салган машина.

Суудай токтойт мендеги саат-убагы,
көөдөнүмдө гүлдөр кызгылт-көгүлжүм.
Эсептебейм – шаршембиби, жумабы,
көбү кетип, азы калды өмүрдүн…

ААРЫЛАР
Балдын, балдын бадырактай тамчылары – аарылар,
баары Күнгө өзөк-өрттү ташууда.
Жаштыгымдан жайнап учуп келишкендей алар бүт!
Жаштыгымдан келишкендей а түгүл
алмалар да шак ийген,
алтын чаңдуу жолдор да,
ак-ала түс шагылдар
дарыяны бойлой быгып жатышкан.
Жаштыгымдан келгенге окшоп сезилет
жалпы ынаным элдик делген ырларга,
чайыттай бул ачык күн,
чалкасынан жыпжылаңач жаткан деңиз деми ысык.
Жаштыгымдан келгенге окшош
касирет,
кашкайган бүт жаркындыктын тиштери
калбыгый чоң эрин-ооздон дайым турган көрүнүп.
Кавказдын бул айлына да аарылар
балдын, балдын бадырактай тамчылары баштанып
жаштыгымдан тамып түшкөн таризде –
бир жерлерде тарс унутуп таштап кеткен жаштыктан,
бир нерсеге канбай калган жаштыктан…
13-сентябрь 1958

ЖАПОН БАЛЫКЧЫСЫ

Деңизде булут каарып өлтүрүптүр –
Жаш экен, жапон экен, балыкчы экен.
Достору Расификте өксүшүп бир
Айтышса – иңир турду жарыкты жеп.

Балык алдык. Жеген – набыт,
Набыт – бизге тийгендер бүт.
Биз бараткан кеме – табыт,
Тирүү калбайт киргендер бүт.

Балык алдык. Жеген – набыт,
Барат бирок кыйлагаче –
Дени чирип… кенен тарып…
Деми буулуп… ыйлабачы.

Бармак чырпып кетсе деле,
Баары набыт – тийгендердин.
Туз менен Күн тешкен беле,
Деңиз суусу кирген жер миң.

Балык алдык. Жеген – набыт,
Барат бирок кыйлагаче –
Дени чирип… кенен тарып…
Деми буулуп… ыйлабачы.

Бадам көздүүм! Түңүл менден,
Бараткан бул кеме – табыт.
Калбайт тирүү киргендерден,
Кара булут кеткен каарып…

Бадам көздүүм! Унут, унут?
Балкып кучак ачам дебе.
Өлүм менде туруп-туруп,
Өтсө сага – качам дебе.

Бараткан бул кеме – табыт.
Бадам көздүүм, унут толук.
Чирик кайра келери анык
Атасы жок уулум болуп.

Биздин ушул жагдай сымал
Биздин ушул деңиз өлүк.
Барсыңарбы, кайдасыңар?
Барбы бизди турган көрүп?
1956

* * *
Чынар болсом, эс алсам мен өзүмдүн көлөкөмдө,
китеп болсом, окусам мен уйкусуз түндөрдө өзүм
жүрөгүм сайгылашпай,
калем болуп турганды мен каалабайм өз колумда,
каалга болсом – шарт ачылчу жакшыларга, жабылчу жамандарга,
терезе болсом анан пардасы жок,
же болбосо эки жакка эки канаты жарышып кең ачылган –
шарак эте кийрип алган бөлмөгө шаардын баарын,
сөз болсом мен – чакырчу акыйкатка, оң жолго, сулуулукка,
ооба, ошол сөз болсом мен – маин, коңур айта алган ашыктыгым…
27.05 1962.