ЧЕХОВ Антон: Антон Чеховдун аңгемелеринен (которгон Догдурбек ЮСУПОВ)

ВАНЬКА

Мындан үч жыл мурун өтүкчү Аляхинге үйрөнчүккө берилген тогуз жаштагы Ванька Жуков Ыйса пайгамбардын туулган күнүнүн алдыңкы түнүндө уйкусу качып, төшөгүнө жаткан жок. Үй ээлеринин жана өтүкчүлөрдүн иштен кийин кетишкенин күтүп, үй ээсинин шкафынан учу саргайып кеткен калем сапты сыя челеги менен кошо алып чыкты да, алдына уйпаланган бир баракты коюп, оюндагысын жаза баштады. Биринчи тамганы жазар алдында ал эшик менен терезе жакты бир нече жолу чочулоо менен карап алды да, башын төмөн ийип, үшкүрүп койду… Кагаз отургучта жаткан, ал эми өзү болсо отургучтун жанына тизелеп отурду.

 

«Айланайын чоң ата, Константин Макарыч! – деп жаза баштады. – Сага кат жазып жатам. Силерди Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм жана Кудайдын кудурети бардыгын каалайм. Менин атам да, апам да жок, мен үчүн жалгыз гана сен калдың». Ванька бүлбүлдөп күйгөн шамдын жарыгы чагылган күңүрт терезени карады да, Живарев мырзаларда түнкү кароолчу болуп кызмат өтөгөн өзүнүн чоң атасы Константин Макарычты элестетти. Бул, бетинде дайыма күлкү чачырап, көздөрү мас экенин билдирип турган 65 жаштардагы кичинекей, арык, бирок күүлүү-күчтүү шамдагай чал эле. Күндүз ал эл тынбаган ашканада уктап же тамак жасагандар менен тамашалашып, ал эми түнүндө болсо чоң тонду кымтыланып алып, чарбакты айланып басып жүрөр эле. Артынан башын төмөн салып картаң Каштанка менен капкара түсү жана узун денеси суусардыкындай болгону үчүн Вьюн деп атап коюшкан дөбөт эрчип алчу. Вьюн эркелегенди өзгөчө жакшы көргөн, өздөрүнүкүнө да, бөлөктөргө да бирдей шыйпаңдап караган, бирок беделин жоготпогон ит. Анын өтө ызааттуулугунун жана момундугунун артында эң чоң куйтулук жатканы анык. Өз учурунда жашынып барып, буттан тиштегенди, тоңгон музга чыкканды же тоок уурдаганды андан эч ким мыктыраак жасай албайт. Бир нече жолу анын арткы буттарын сындырышып, эки жолу асып да коюшкан, жума сайын өлөөрчө сабашчу. Бирок ал дайыма тирилип кетээр эле.

Мүмкүн азыр чоң атасы дарбазанын кире беришинде туруп, айылдык чиркөөнүн ачык кызыл терезесин көзүн жүлжүйтүп алып тиктеп, чокою менен жер тепкилеп, короо шыпыруучулар менен тамашалашып жаткандыр? Жыгач шакылдагы анын белине байланган. Колун өйдө-ылдый шилтегилеп, сууктан ийнин куушуруп, карт-карт кекире бирде үй шыпыргычты, бирде ашмачыны чымчылап жатса керек.

– Тамекини жыттагыңар келеби? – дейт ал өзүнүн тамеки салган баштыкчасын катындарга сунуп атып. Катындар болсо аны жытташып, анан чүчкүрүп киришет. Чоң атасы буга чечекейи чеч болуп, кыткылыктап күлүп кыйкырат:

– Алгын, үшүп кеттим! Тамекини иттерге да жыттатат. Каштанка чүчкүрүп, мурдун чүйрүп, таарынгандай четке чыга берет. Вьюн болсо ызааттуулук менен чүчкүрбөйт да, куйругун булгактатат. Аба ырайы болсо сонун. Асман ачык, теребел жымжырт да, жагымдуу да. Түн караңгы, бирок кыштактын ак чатырлары менен мордон сызылып чыккан коюу түтүндөрү, бубак каптаган бак-дарактар, күрткүлөр даана көрүнүп турат. Асман бүтүндөй жарык жанган жылдыздарга толгон. Саманчынын жолу болсо майрам алдында кар менен жууп тазалагандай ачык көрүнөт.

Ванька үшкүрүп, учту сыя челекке малды да, жазуусун улантты: «Кечээ кожоюн чачыман тартып короого сүйрөп чыкты да, алардын ымыркайын бешикке терметип жатып капыстан уктап кеткендигим үчүн чыбык менен сабады. Ал эми андан мурдараак кожойке мени балык тазала десе, мен куйругунан тазалай баштаган экем. Ал балыкты колуна алып, анын мурдун менин бетиме тыкса болобу. Мастердин жардамчылары мени шылдыңдашып, дүкөнгө аракка жиберишип, кожоюндан бадыраң уурдоого мажбурлашат. Ал эми кожоюн болсо, колуна эмне тийсе, ошону менен мени уруп калат. Тамак болсо жок. Эртең менен нан берет. Түштө ботко жана кечкиге да нан беришет. Чай же көжө берүүдөн кожоюндар өздөрү да калчылдап турушат. Мени болсо чөп үймөккө жаткын дешет. Ал эми алардын балдары ыйлаган кезде мен таптакыр уктабай, бешик 97 терметем. Айланайын чоң ата, кайрымдуулук кылып кыштакка, үйгө алып кетчи. Менин эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок. Бутуңа чөгөлөп, Кудайга түбөлүк сыйынам. Мени бул жерден алып кетчи. Антпесең өлүп калышым мүмкүн…»

Ванька оозун аңырдай ачып, өзүнүн кир муштуму менен көзүн аарчып, солуктап ыйлады. «Мен сага тамеки ушалап берем, – деп жазуусун улантты. – Кудайга сыйынам, эгерде антпесем эчкини бакыртып сабагандай сабагын. Мен бардык ишти аткара берем. Керек болсо бүркөнчүктүн өтүгүн тазалайм. Федьканын ордуна мал кайтарам. Кагылайын чоң ата, биерде эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Өлүм гана бар. Кыштакка чейин жөө жүгүрүп барайын десем өтүгүм жок, сууктан чочуйм. Чоңойгондо бул жакшылыгың үчүн сени багып, капа кылбайм. Ал эми өлсөң Пелагея энемдей кылып сен үчүн чокунам.

Москва чоң шаар. Бардыгы заңгыраган үйлөр, аттар көп. Ал эми койлор жок жана иттер кабанаак эмес. Мында балдар жылдыз алып жүрүшпөйт жана эч кимди чиркөөгө ырдоого жиберишпейт. Бир жолу бир күркөдөгү терезеден ар түрдүү балыктарды кармаса боло турган жиби менен кайырмак сатылып жатканын көрдүм. Эң мыкты экен. Аны менен бир пуд келген балыкты да кармаса болот. Бариндер алып жүрүшкөн мылтыктар сатылган күркөлөрдү да көрдүм. Алардын ар бири жүз сомдон турса керек… Ал эми эт сатуучу күркөлөрдө кара куштар да, тооктой илбээсиндери да, коёндор да турат. Аларды кайсы жерден атып келишерин сатуучулар айтышпайт. Кагылайын чоң ата, кожоюндун белекке берген балатысы өтсө, мага алтындын буусуна капталган жаңгак алгын да, жашыл сандыкка катып кой. Ванька үчүн деп Ольга Игнатьевна айымдан өтүнгүн».

Ванька титиреп-калтырап дем алды да, кайрадан терезеге тигилди. Ал дайыма чоң атасы балаты үчүн токойго барганда небересин өзү менен кошо алып барганын эстеди. Көңүлдүү учур эле! Чоң атасы да тамагын кырчу, суук да тамагын кырчу, аларды карап туруп Ванька да тамагын кырчу. Балатыны кыярдын алдында чоң атасы чылым чегип, үшүп турган Ваньюшканы шылдың кылып, тамекини узакка жыттачу. Бубак баскан жаш балатылар кимиси биринчи кыйыларын күтүшүп, кыймылсыз турушат. Кайда караба, күрткүдөн жебедей учкан коёндор атып чыгышат. Чоң атасы алдастап, кыйкырып калат:

– Карма, карма… Карма! Ах, мултук куйрук шайтан! Кыйылган балатыны чоң атасы кожоюндун үйүнө сүйрөп барат. Ал эми ал жерде аны тазалоого киришишет…

Баарынан көбүрөөк Ванька жакшы көргөн Ольга Игнатьевна айым чебелектейт. Ваньканын энеси Пелагея тирүү кезинде жана кожоюнда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөндө Ольга Игнатьевна Ванькага момпосуй берип, кыларга иш жогунан аны токуганга, жазганга, жүзгө чейин санаганга жана алтүгүл кадриль бийин бийлегенге үйрөткөн. Пелагея өлгөндөн кийин жетим Ваньканы адамдардын ашканасындагы чоң атасына, андан болсо Москвага өтүкчү Аляхинге жөнөтүшкөн.

«Келгин, айланайын чоң ата, – деп улантты Ванька, – Кудайдан өтүнөм, мени бул жактан алып кетчи. Мени, бактысыз жетимди, аясаң боло. Мени бардыгы урушат. Курсагым да ач. Ушундай көңүлсүздүктөн тынбай ыйлай берем. Өткөндө кожоюн жыгач балка менен башыма урду эле кулап түшүп, көптө гана эсиме келиптирмин. Менин турмушум иттикинен да жаман… Дагы Аленага, кыйшык Егоркага жана арабакечке таазим кылам. Ал эми менин ооз кыягымды эч кимге бербе. Сени күткөн неберең Иван Жуков. Айланайын чоң ата, келгин». Ванька жазылган баракты төрт бүктөдү да, аны жакында эле анча-мынча тыйынга сатып алган конвертке салды. Бир азга ойлонуп турду да, учту сыяга малып, дарегин жазды: Кыштакка, чоң атама. Андан соң чачын кашылап, ойлонуп турду да, минтип кошумчалады: «Константин Макарычка».

Ага жазганга эч ким жолтоо болбогонуна көңүлү ток Ванька тумагын кийди да, тонун жамынбастан көйнөкчөн көчөгө чуркап чыкты. Ал жакында эле эт сатуучу күркөнүн сатуучуларынан сураганда алар «катты почта ящигине салышат, ал эми коңур коңгуроолуу жана мас ямщиктер айдашкан үч ат кошкон почта чанасы менен ящиктеги каттарды жер жүзүнүн бардык тарабына жеткиришет», – деп айтышкан. Ванька биринчи почта ящигине жүгүрүп жетти да, кымбат баалуу катты ящиктин ичине салды. Таттуу үмүттөргө термелген бала бир сааттан кийин катуу уйкуга кирди. Анын түшүнө меш кирди. Мешке жылаңач буттарын кайчылаштырып чоң атасы салабаттуу отуруп, ашмачы аялдарга катты окуп берүүдө… Мештин жанында Вьюн ары-бери басып, куйругун бултактатат…

КУБАНЫЧ

Түнкү саат он эки болуп калган. Толкунданган, кубанган Митя Кулдаров ата-энесинин үйүнө жүгүрүп кирип, бардык бөлмөлөрдү кыдырып, ары-бери баса баштады. Ата-энеси жатып алган эле. Карындашы төшөккө жатып алып, кайсы бир романдын акыркы барагын окуп жаткан. Гимназист бир туугандары уктап калышкан.

– Сен кайдан? – ата-энеси таң калышты. – Эмне болду?

– Ох, силер сурабай эле койгула! Мен муну күткөн эмесмин! Жок, таптакыр күткөн эмесмин. Буга… буга кантип ишенериңди да билбейсиң. Митя борс-борс күлүп, отургучка отура кетти.

– Бул шумдук! Оюңарга да кирбеген нерсе! Карап көргүлөчү! Карындашы төшөгүнөн ыргып турду да, жуурканды жамынган бойдон агасына жакын келди. Гимназисттер ойгонуп кетишти.

– Сага эмне болду? Өң-алеттен кетипсиң.

– Бул кубангандыктан, энекебай! Эми мени бүткүл Орусия билет! Бүткүл! Мурда бул жарык дүйнөдө колледждик регистратор Дмитрий Кулдаровдун бар экенин силер гана билчүсүңөр, азыр болсо бүткүл Орусия билет. Энекебай! О, Кудай ай! Митя ордунан туруп, ары-бери басты да кайра отурду.

– Деги эмне болду? Тезирээк айтчы.

– Силер жапайы айбандардай жашайсыңар, гезит дегенди окубайсыңар, маалымдуулукка такыр көңүл бурбайсыңар, ал эми гезиттерге шумдуктуулар чыгып жатат. Азыр бир нерсе болсо бардыгына маалым болот, эч нерсени жашыра албайсың! Мен кандай бактылуумун! О, кудай ай! Мурда гезитке атак-даңктуу адамдар тууралуу гана жазышчу эле, эми болсо мен тууралуу жазышыптыр.

– Койчу? Канакей? Атасы кумсара түштү. Энеси болсо чокунуп жиберди. Гимназисттер ордуларынан атып турушуп, ич кийимчен эле агасынын жанына келишти.

– Ооба-а! Мен жөнүндө жазышыптыр! Эми мен тууралуу бүткүл Орусия билет! Сиз, энекебай, гезиттин бул санын эстеликке катып коюңуз. Кээде окуп турабыз. Карасаңар! Митя чөнтөгүнөн гезитти алып чыкты да атасына берди. Көк карандаш менен чийилген жерин сөөмөйү менен көргөзүп койду.

– Окугула! Атасы көз айнегин тагынды.

– Окугула дейм! Энеси кайрадан чокунуп койду. Атасы жөтөлүп койду да окуй баштады:

– «Жыйырма тогузунчу декабрда кечки саат он бирде колледждик регистратор Дмитрий Кулдаров…

– Көрдүңөрбү, көрдүңөрбү? Андан ары! – …колледждик регистратор Дмитрий Кулдаров Кичи Бронныйдагы Козихиндин үйүнөн мас абалында эшикке чыгып баратып…»

– Бул мен, Семен Петрович менен… Майда-чүйдөсүнө чейин жазылыптыр! Уланта бер! Андан ары! Уккула!

– …мас абалында эшикке чыгып баратып, күп деп жыгылды да, Юхнов уездиндеги Дурыкина айылынан арабакеч Иван Дроновдун атынын астында калды. Чочуп кеткен ат москвалык купец Степан Луков отурган чананы сүйрөгөн бойдон Кулдаровдун үстүнөн секирип өтүп, ала качып жөнөдү эле, аны короо шыпыруучулар кармап алышты. Эсин жоготуп койгон Кулдаровду адегенде полиция участогуна алып барышып, дарыгерге көрсөтүштү. Чананын ок жыгачы анын кежигесине тийип, алган жараты…

– Мына бул кежигеме… Андан ары! Сен андан ары оку!

– …алган жараты жеңил болуп чыкты. Болгон окуя тууралуу протокол түзүлдү. Жарат алганга медициналык жардам көрсөтүлдү…»

– Желкеңди муздак суу менен жуугун дешти. Окудуңарбы? И-и? Мына ушундай! Эми бүткүл Орусияга тарады. Бери бергиле! Митя гезитти алып, төрт бүктөдү да, чөнтөгүнө салды.

– Макаровдордукуна жөнөдүм, аларга көрсөтөм… Иваницкийлерге да көрсөтүш керек, Наталья Ивановнага, Анисим Васильевичке… Жөнөдүм! Кош болгула! Митя шапкесин башына баса кийди да өзүнчө эле кубанып, эшикке чыгып кетти.

ПОЧТА БӨЛҮМҮНДӨ

Жакында биз карыя почтмейстер Сладкоперцевдин жаш жубайын акыркы сапарга узаттык. Көрүстөнгө коюлгандан кийин ата-бабалардын салты боюнча ага көңүл айтуу үчүн почта бөлүмүнө жөнөдүк. Баарына тамак куюлгандан кийин жесил-карыя булкулдап ыйлап жиберди да, мындай деди:

– Мобу токочтун да маркум сыяктуу көрктүүлүгүн карагылачы. Дал ошондой сулуу! Тим эле өз-зү-ү!

– Чын эле, – деп бардыгы макул болушту.

– Сиздин жубайыңыз чын эле сулуу болчу… Биринчи сорттогу аял эле!

– Ооба… Ага бардыгы суктанчу… Бирок төрөлөр, мен аны сулуулугу үчүн да, мээрмандыгы үчүн да сүйгөн эмесмин. Бул эки сапат көпчүлүк эле аялзатына таандык. Мен аны башка сапаты үчүн сүйчүмүн. Мен маркумду оюнкараак мүнөзүнө карабай, күйөөсүнүн ала жибин аттабагандыгы үчүн сүйчүмүн. Ал болгону жыйырмада эле, ал эми мен жакында алтымышка толом да, мына ушуга карабастан, ал эч качан менин көзүмө чөп салган эмес!

Катарымда турган поп мурдунун учунан күңк этип, акырын гана тамагын кыра жөтөлүп, буга анчалык ишенкиребей тургандыгын билгизгенсиди.

– Сиз ишенбей турасызбы? – деп жесил ага кайрылды. – Ишенбейм деген жокмун го… – деп поп күңк этти.

– Жөн гана… Дегинкиси, азыркы учурда жаш аялдарга ишениш да кыйын… оюн-шоок… кече…

– Сиз толук ишенбесеңиз, анда мен далилдеп берем! Ал менин көзүмө чөп салбашы үчүн ар кандай ыкманы колдончумун. Мендей куу жана амалкөй адамды аялым эч качан алдай алмак эмес. Жаш аялым ойнош күтпөшү үчүн митайымдыкка бардым.

– Ал кандай митайымдык?

– Жөнөкөй эле. Мен шаар боюнча жаман ушак тараттым. Ал ушак баарыңа белгилүү. Мен ар кайсыга эле: «Менин аялым Алена биздин полицеймейстер Иван Алексеич менен ойнош», – деп айта бердим. Мына ушул сөз эле жетиштүү болчу. Бардыгы полицеймейстердин каарынан корккондугунан Аленага жакын жолой алмак эмес. Хе-хе-хе. Эгерде Аленага жолойм деп кудай аткырдын каарына калса, санитардык абал үчүн беш протоколду катары менен жазса, мына ошондо көрөт эле. Мисалга алсак, көчөдөн сенин итиңди көрсө, кутурган ит деп протокол түзө салмак.

– Демек, сиздин аялыңыз Иван Алексеич менен ойнош болгон эмес беле? – деп биз жаалдап жибердик.

– Болгон эм-мес, бул менин чыгарганым… Хе-хе… Мен силерди, жаштарды, сызга гана отургузуптурмунбу, ыя? Дал ушундай болгон.

Бир топко чейин делдейип эле үн-сөзү жок туруп калыптырбыз. Бул, семиз, кызыл мурун абышка оңой эле алдап кеткенине бир чети ичибиз күйсө, бир чети ыраазы болдук.

– Кудай берсе, эми дагы үйлөнөөрсүң! – деди поп ооз учунан.

ЭНӨӨ

Жакында мен кабинетиме балдарымды багуучу Юлия Васильевнаны чакырдым. Эсептешүүм керек болчу.

– Отуруңуз, Юлия Васильевна! – дедим мен ага. – Келиңиз, эсептешели. Сизге акча керектир, ал эми сиз сурап да койбойсуз… – Ии-и… Айына отуз сомдон деп сүйлөштүк беле…

– Кырктан…

– Жок, отуздан… Менде жазылуу… Дайыма үй кызматчыларына отуз сомдон төлөчүмүн… Демек, эки ай өттү…

– Эки ай, беш күн…

– Туптуура эки ай… Менде ушинтип жазылган. Демек, алтымыш сом… Тогуз жекшембини алып салалы… Себеби сиз жекшембиде Коляны окутпай эле жөн сейилдеп жүрдүңөр… Дагы үч күн майрам…

Юлия Васильевнанын өңү кумсарып кетти, бирок… эч сөз айткан жок…

– Үч майрам… Ошентип, он эки сом кетти дейли. Төрт күн Коля ооруп жаткандыктан, сабак өтүлгөн жок… Сиз жалгыз эле Варя менен сабак өттүңүз. Үч күн сиздин тишиңиз ооругандыктан, аялым түштөн кийин сабак өтпөй эле кой деп уруксат берген… Он эки жана жети, он тогуз. Эсептесек, демек… кырк бир сом калат экен. Чынбы?

Юлия Васильевнанын сол көзү кызарып чыгып, нымдалыша түштү. Ээги кыймылдап кетти. Калчылдап, жөтөлүп, чимкиринди да эч сөз айтпады.

– Жаңы жылдын алдында чыныны сындыргансыз. Эки сом кетти дей бер… Анан-н сиз көңүл бурбагандыктан Коля бакка чыгып, көйнөгүн айрып алган… Он сом кетти… Сиздин энөөлүгүңүздөн пайдаланып, үй шыпыргыч Варянын ботинкасын уурдап алган. Сиз бардыгын карашыңыз керек. Айлык аласыз. Ошентип даагы беш сом… Онунчу январда сиз менден он сом алгансыз…

– Мен алган эмесмин, – Юлия Васильевна араң гана шыбырады.

– Бирок менде жазылуу турбайбы!

– М… мейли, андай болсо.

– Кырк бирден жыйырма жетини алып салсак – он төрт калат экен…

Эки көзү тең жашка толду… Мурдунун үстүн тер басты. Байкуш кыз!

– Мен бир гана жолу алгам, – деди ал муундары калтырап. – Мен сиздин жубайыңыздан үч сом алгам… Андан башка алган эмесмин…

– Ошондойбу? Көрдүңүзбү, мен болсо муну жазбай калыптырмын! Он төрттөн үчтү алсак, он бир калат… Мына, сиздин акчаңыз, кымбаттуум! Үч… үч… үч… бир жана бир… Алыңыз!

Мен ага он бир сом карматтым… ал акчаны алып, калчылдаган манжалары менен чөнтөгүнө салды.

– Ыракмат, – деди ал шыбырап. Мен өзүмчө эле жиним келип, бөлмөдө ары-бери баса баштадым.

– Эмне үчүн ыракмат? – деп сурадым.

– Акча үчүн…

– Бирок мен сизди, шайтан алгыр, тоноп албадымбы! Мен сизден уурдап алдым. Эмне үчүн ыракмат?

– Башка жерлерден мага таптакыр эч нерсе беришчү эмес…

– Беришчү эмес? Мен тамаша кылып, өзүнчө эле сабак болсун дедим… Мен сизге бардык сексен сомуңузду берем! Ал сиз үчүн даярдалып, конвертте турат. Бирок ушундай да мылжың болобу? Эмне үчүн каршы болбойсуз? Эмнеге унчукпайсыз? Бул жарыкчылыкта жемин жедирген кантип болсун? Ушундай да энөө болобу? Ал кейиштүү жылмайды, анын жүзүнөн: «Болот!» – деген жазууну окудум. Сынаганым үчүн андан кечирим сурап, таң калтырып сексен сомду бүтүндөй карматтым. Ал ыракматын айтты да, чыгып кетти… Мен анын артынан көз жүгүртүп, бул дүйнөдө күчтүү болуу кандай жеңил деп ойлодум.

Которгон Д.ЮСУПОВ

«Жаңы Ала-Тоо« адабий-көркөм журналынан (2011, № 1 (21)