ЧЕХОВ Антон: Анюта (аңгеме, которгон Айжан АТАКАНОВА)

АҢГЕМЕ

“Лиссабондун” жөнөкөй бөлмөлөрүнүн биринде үчүнчү курстун студенти Степан Клочков тигил бурчтан бул бурчка кадам шилтеп, медицина терминдерин тырышып жаттады. Тынымсыз эбирегенден эрди кургап, чекесинен тер чыпылдап акканычы. Аяздан улам чиймелерге толгон терезенин алдында аны менен чогуу жашаган көгүш көз, кара чачтуу, өңү купкуу тарткан жыйырма беш жаштагы Анюта тактайда отурду. Анысы жону бүкүрөйүп, көйнөктүн жакасына кызыл жип менен сайма тепчилеп аткан. Коридордо илинген саат жебеси чыкылдап түш оогонун көрсөткөнү менен бөлмөнүн ичи али жыйнала элек. Чачылган жууркан, туш-тушка ыргытылган жаздыктар, китептер, көйнөк, чоң чылапчындагы бети-кол жууган самын суунун үстүндө тамекинин калдыктары калкып, бөлмө ичи апырык менен сапырык…

– Оң өпкө үч бөлүктөн турат… Жогорку үлүшү алдыңкы көкүрөк туштан төртүнчү-бешинчи кабыргага жетет, каптал жагында төртүнчү кабыргага, арт жагында spina scapulae… – Клочков быдылдап жаттаганын улантты.

Жаттаганын элестетүү үчүн Степан көктү карады. Бирок жыйынтыктуу элестете албаган соң чыптамасын чечип, өз кабыргаларын санап кирди.

– Бул кабырга деген нерсе пианинонун клавишаларына окшош экен да, – деди Степан. Санагандан адашып калбаш үчүн клавишаларды басууга да көнүү керек ко. Бирок канча аракет кылбасын, аныгын ырастоо үчүн скелет менен адамдын өзүн көрүүгө туура келди.

– Кана, Анюта, бери келчи, көрөйүн!

Анюта токуп отурган саймасын таштап, үстүндөгү кийимин чечип какайып туруп берди. Клочков анын мандайына отурду да кабыргаларды санап кирди.

– Мм…Биринчи кабырга кармалбайт ко… Ал акыректин аркасында… А бул… бул экинчи кабырга… Та-ак, бул үчүнчүсү, а бунусу төртүнчү… Эмне куушуруласың?

– Сиздин манжаларыңыз мупмуздак экен!

– Эч нерсе болбойт, кана, кана… Бул үчүнчүсү, бул төртүнчүсү… Иттей арык экенсиң, эй… кабыргаларың араң саналып атат. Бул экинчиси, а бул үчүнчүсү… Жок, муну дагы да жакын элестетүү үчүн сүрөтүн тартыш керек. Сызгычым кайда?

Клочков колуна көмүр алды да Анютанын төш жагындагы кабыргаларга жанаша сызыктарды чийип кирди.

– Керемет. Та-ак, баары беш манжадай белгилүү… Эми каккылап көрсөк болот. Турчу өйдө!

Анюта туруп түздөндү. Клочков тигинин кабыргаларын каккылап-каккылап кызыгууга берилип кеткендиктен Анютанын оозу, мурду, манжалары сууктан көгөрө түшкөнүн байкаган да жок. Катуу үшүгөн Анюта титиреп чыкты. Анысын билдирбегенге тырышты. Себеби Степан кабыргаларды каккылаганын токтотсо, эртең экзамен бералбай калат деп коркту.

– Эми баары түшүнүктүү, сен отура бер, бирок чийилгендерди жуубай тур, мен бир аз жаттайын, – Клочков каккылыганын токтотту.

Степан кайрадан каршы-терши басып жаттоосун уланты. А денесине сүрөт тартылган Анюта отура берди, ойго батты. Ал аз сүйлөп, унчукпай көп ойлонгон кыз…

Анюта алты-жети жылдан бери бул бөлмөдө жашаган Клочков өңдүү дагы беш кишини жакшы билет. Албетте, азыр алар окууларын аяктап, татыктуу адам болушкан. Бирок Анютаны эчак унутушкан. Алардын бир-экөөсү доктор менен Парижде жашайт. Төртүнчүсү – сүрөтчү, бешинчисин профессор болгон дешет. Ал эми Клочков – алтынчысы… Жакында ал да курсун аяктап, тигилердин катарына кошулмакчы. Албетте, келечеги кең Клочковдон мыкты инсан чыгат. Бирок учурдагы жашоосу ойдогудай эмес, чеге турган тамекиси, иче турган чайы жок, болгону төрт чакмак канты эле калды. «Андан көрө сайманы тезирээк бүтүрүп ээсине тапшырайын да, алган акчама чай, тамеки сатып келишим керек» деген ойго келди.

– Кирүүгө уруксатпы? – үн эшик тараптан угулду.

Анюта жүндөн токулган жоолукту үстүнө жаба калары менен сырттан сүрөтчү Фетисов кирип келди.

– Менин бир өтүнүчүм бар эле, – деген кайрылуу менен Клочковдун чекесине түшкөн чачына жалаңгычтай карады. – Мага кылган жакшылыгыңыз болсун; бул сулуу кызды эки саатка берип туруңуз! Картинаны көрдүңүз го, жардамчысыз болбойт атыр!

– Ах, мейли, Анюта, бара калчы, – Клочков макул болду.

– Ырас, искусство үчүн суранып аткан соң, эмнеге болбосун?

Анюта барууга камынып, кийинип баштады.

– А сиз эмне тартып аттыңыз эле? – деп Клочков сурай калды.

– Жакшы сюжет. Кечээ бирөөсүн көгүш бут тууралуу тарттым. Эмне үчүн сизден бутуңуз көгүшпү деп сурап атам? А сиз дагы эле жаттап отурасыз! Чыдамыңыз күчтүү, бактылуу экенсиз!

– Медицина ушундай, жаттабасаң болбойт.

– Хмм… Бирок мени кечиресиз, Клочков, сиз чочкодой жашайт экенсиз! Ушинтип жашаганыңыз кантип болсун!

– Бул кандай дегениң? Мындан шумдук жашоого мүмкүн эмес… Атамдан болгону айына он эки рублдан алып турам, ушул акчага да татыктуу жашаганыма шүгүр.

– Ошондойбу? – сүрөтчү жийиркеничтүү карады. – Бирок баары бир тыкан жашаш керек да. Ар бир өнүгүп-өскөн адам эстетик болууга тийиш, туурабы? А сизде төшөк жыйнала элек, суу турат булганыч…кечээги ботконун тарелкасы… тфү!

– Бул чындык, бирок жыйнаштырганга Анютанын чамасы болгон жок, – деди дарыгер.

Сүрөтчү менен Анюта чыгып кетсен соң Степан диванга кыйкайып, жаттаганын улантып баштаганда көзү илинип кетти. Бир сааттан кийин ойгонуп, колун жаздана ойго батты. Сүрөтчүнүн өнүккөн киши эстетик болуусу керек деген сөзүн эстеп, чындыгында жашаган жери жийиркеничтүү көрүндү. Тыкан аялдардын чөйрөсүндө, жумуш ордунда, кенен жерден чай ичем деп келечегин элестеткен немеге кир суудагы тамекинин калдыктары калкыган чылапчын көзүнө кадалганда – Анюта жүдөө, бош, байкуш, түрү суук көрүнө баштады. Эмнеси болсо да Анюта менен кол үзүү керектигин чечти.

Сүрөтчүдөн келген Анюта үстүндөгү күрмөсүн чечип баштаганда Клочков олуттуу карап мындай деди:

– Кел кымбаттуум, отур да мени ук. Биз эки жолго түшүүбүз керек! Бир сөз менен айтканда, мындан ары сени менен жашагым келбейт.

Анюта сүрөтчүдөн келгенде алсырап, чарчаңкы эле. Сүрөтчүнүн маңдайына көпкө туруп бергендиктен кубарып чыкты. Ал эми дарыгердин сөзүнө эч нерсе дебестен, эриндери титиреп унчуга албады.

– Макул көр ушуну. Эртеби, кечпи баары бир ажырашмакпыз. Сен сулуусуң, акылдуусуң, баарын түшүнөсүң…

Анюта кайрадан күрмөсүн кийип, унчукпастан саймасын кагазга ороп, ийне-жибин чогултуп кирди. Терезедеги төрт кантты үстөл үстүндөгү китептин жанына койуп:

– Бул сиздики, – деп көзүндөгү жашын көрсөтпөө үчүн артка бурулду.

– Эмне ыйлайсың? – деди Клочков бөлмө ичинде ары-бери басып: – Кызык экенсиң, биз өмүр бою бирге жашамак белек, баары бир эки ажырым болорубузду билесиң.

Анюта колуна түйүнчөгүн алды да, дарыгерден кечирим сурагандай жалбарып карады.

“Ырас, дагы бир жума жашай турса… Чын эле, бир жума тура турсун, анан кетирем” деп ойлоду. Өзүнүн мүнөзүнүн катаалдыгын эске алды да, Анютага каардуу тиктеди:

– Эмне турасың? Кеткиң келбесе күрмөңдү чеч да, кал! Кал! – деди.

Анюта үндөбөстөн күрмөсүн чечип, жүзүн сүлгүгө сүрттү да, демин акырын чыгара айнектин алдындагы тактайга бет алды.

Студент китебин колуна алып, тиги бурчтан бул бурчка каттап, жаттаганын улантып кирди:

– Оң өпкө үч бөлүктөн турат. Үстүнкү бөлүк алдыңкы көкүрөк туштан төртүнчү-бешинчи кабыргага жетет…

А коридордо бирөө болгон үнү менен кыйкырды:

– Грригорий, самоор!

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА