ЧЕХОВ Антон: Аял бактысы (аңгеме)

АҢГЕМЕ

Генерал-лейтенант Запупыринди жерге беришти. Сөөк коюу музыкасы жаңырып, буйрук сөздөрү угулуп жаткан каза болгон адамдын үйүнө туш тараптан сөөктү алып чыгууну көргүсү келгендер чуркап келип жатышты. Ушундай топтун биринде аткаминерлер Пробкин менен Свистков да бар эле. Экөөсүнүн тең аялдары жанында.

— Болбойт! – тосулуп коюлган чынжырга жакындап келишкенде алдынан утурлаган  мээримдүү, жагымдуу жүзү бар приставдын жардамчысы аларды токтотуп калды. – Болбойт! Бир аз артка жылууңарды суранам! Мырзалар, бул биздин колубуздагы иш эмес да! Артка тартууңарды суранам! Мейли эми, айымдар өтсө болот… өтүңүздөр, mesdames, бирок… сиздер, мырзалар, кудай үчүн…

Пробкин менен Свистковдун жубайлары приставдын жардамчысынын күтүүсүз кичипейилдигинен жүздөрү тамылжып, чынжырдын арасынан жылт коюп өтүп кетишти, ал эми алардын күйөөлөрү тирүү дубалдын артында калышып жөө жана атчан полисайлардын далысына байкоо салуу менен алек болушту.

— Өтүп кетишти! – кетип бараткан айымдардын артынан ич күйдүлүк жана жек көрүү менен караган Пробкин бурк этти. – Бул түйдөк чачтар бактылуу эле болушсун! Эркектерге буларга жасалган артыкчылык эч качан буюрган эмес. Алардын өзгөчөлүү эмнеси бар? Кадимки эле ырым-жырымга ишенген аялдар, аларды өткөрүп жиберишти; ал эми экөөбүздү атүгүл стат-кеңешчи болгон күнүбүздө да, эч качан коё беришпейт.

— Кызыктай ойлонот экенсиздер, мырзалар! – приставдын жардамчысы Пробкинге уяткара карады. – Силерди өткөрүп жиберчү болсок ошол замат түртүшүп, бейжайлана баштайсыңар; айымдар болсо адептүү болушкандыгы үчүн да эч качан андай кылышпайт!

— Коюңуз, суранам! – Пробкин ачууланып кетти. – Айымдар сүрмө топто дайым биринчи болуп жөөлөшөт. Эркек ордунда туруп бир чекитке тигилет, ал эми айымдар болсо колдорун жайып алышып, кийимдерин бырыштырбас үчүн элди жөөлөй башташат. Эмнесин айтасың! Аялзатына дайым жол ачык. Аялдарды аскерге да алышпайт, бий кечелери да алар үчүн акысыз, балак уруудан да кутулушкан… Кандай эмгеги үчүн деп сурагым келет? Бийкеч жүзаарчысын түшүрүп жиберсе – сен алып бер, ал кирсе – сен тур да ага үстөлүңдү бер, кетип жатса – узатып кел… Кызмат даражаларычы! Статс-кеңешчи болуу үчүн экөөбүзгө өмүр бою бел чечпей иштөөгө туура келет, ал эми бийкеч жарым саат ичинде статс-кеңешчи менен никеге тура койду дейли. Бүттү, стаст-кеңешчи айым пайда болду да калды! Князь же граф болуш үчүн адегенде бүт дүйнөнү багынтышым, Шипканы тизелетишим, министр болушум керек, ал эми кудай өзүң кечир, кайсы бир Варенька же Катенька, ал эрдиндеги сүтү кургай элек болсо да графтын алдында көйнөгүнүн этегин кайрып, көздөрүн сүзүп койсо болду, ана сага улуу урматтуум… Сен азыр губерния катчысысың… Бул даражаны кан-териң менен алдың; ал эми Марья Фомишначы? Ал эмнесине губерния катчысы? Молдонун аялынан дароо эле аткаминерге айланды! Укмуш кызматкер го! Ага биздин ишибизди берчү болсоң, заматта бүтүрөт чыгар!

— Бирок ал кесел болуп жүрүп бала тууйт, — деди Свистков.

— Ал эмне болуп калыптыр! Мисирейген башчынын алдында туруп көрсө, бала тууш жыргал көрүнмөк. Буларга бардык жерде жашоо жыргал! Биздин арабыздагы кайсы бир айым же бийкеч генералга сен чарбалык ишти бүтүргөн кызматкерге да айта албаган нерсени балп эткире алышат! Ошоо… Сенин Марья Фомишнаң статс-кеңешчи менен эч тартынбай колтукташып баса алат, кана сен статс-кеңешчини колдон алууга аракет кылып көрчү! Кана, ошентчи! Биздин үйдө, биздин алдыбыздагы кабатта иним, бир профессор аялы менен жашайт… Генерал, түшүнөсүңбү, биринчи даражадагы Анна ордени бар, а бирок качан караба, аялы аны “Жинди! Жинди! Жинди!” деп жемелеп жатканын угасың. Жөпжөнөкөй, мещан аял. Мейли дейли, ал мыйзамдуу аялы, ошондой болушу керек… кылымдар бою мыйзамдуу эрди-катындар урушуп, талашып келишет, бирок сен мыйзамсыздарын карап көр! Булар эмне кылышат дейсиң! Бир окуя эзели эсимден кетпес. Аз жерден өлүп кете жаздадым, ата-энемдин батасы менен гана аман калдым сыягы. Эсиңдеби, өткөн жылы, биздин генерал эс алууга айылына баратып, мени да өзү менен кошо, кагаздарын иреттешим үчүн алып алды… Болбогон жумуш, күнүнө ашып кетсе бир сааттык иш. Кылар ишиңди бүтүп коюп, токойго бар же ыр укканы жөнөй бер. Биздин генерал – бойдок киши. Үйү толо азан-казан, кызматчылары иттин кара капталынан, а бирок аялы жок, демек башкарар адам жок. Баарысы бейбаш, сөздү угушпайт… алардын баарын экономка (үй чарбасын башкаруучу аял) Вера Никитишна башкарат. Ал чайды да куюп берет, түшкү тамакты да даярдатат, малайларга да кыйкырат… Ушундай бир албарсты дейсиң, уусу тамчылап турат, ажаан, шайтандын дал өзүндөй сезилет. Семиз, кыпкызыл, чаңкылдайт… Ким бирөөгө кыйкыра баштады дегиче, ушундай бир чаңырыкты салат дейсиң, кудай өзүң эле сактай көр. Бул чаңырык анын жемесинен да ашып түшөт. О, кудай! Ал аял эч кимге жашоо берчү эмес. Кызматчылардын гана эмес, менин да кыжырымды кайнатат, уятсыз… Сени шашпа деп ойлодум, ыңгайын келтирип туруп генералга сен тууралуу баарын айтпасам элеби. Ал менимче, кызматына алаксып аны кантип тоноп жана элди жеп жатканыңды көрбөсө керек, тура тур, көзүн ачпасам. Ошентип, тууганым, көзүн ачтым, ачканда да кандай ачтым дейсиң, аз жерден өзүмдүн каректерим түбөлүккө жабылып кала жаздады, атүгүл азыр да эстесем аза боюм дүркүрөйт. Бир жолу далисте баратып, капысынан чаңырган ачуу үндү угуп калдым. Адегенде чочко союп жатышкан го деп ойлодум, андан кийин жакшылап угуп көрсөм, Вера Никитишна ким бирөө менен айтышып жаткан экен: “Айбан! Чалдыбар десе! Шайтан алгыр!”. Бул кимди айтып жатат деп коём. Ошондо оо кудайым, капысынан эшик ачылып андан биздин генерал атып чыкты, генералдын көздөрү аңтарылган, чачтарын шайтан үйлөгөндөй, кызарып-татарып алган. Аял болсо анын артынан бакырат: “Айбан! Шайтан!”.

— Калп айтпа!

— Кудай урсун, чын айтам! Билсең, каным кайнап чыкты. Генералыбыз бөлмөсүнө чуркап кетти, а мен далисте турам да, келесоо сыяктуу, эчтекеге түшүнбөймүн. Карапайым, билимсиз ашпозчу аял, дыйкан аял ушинтип кыйкырганын кара! Бул демек, деп ойлондум, генерал аны менен эсептешмек болгон, ал эми бул аял күбөлөрдүн жоктугунан пайдаланып, анын жер-жеберине жетиптир. Мен жарылып кеттим… Ал катындын бөлмөсүнө кирип бардым: “Оо, жаман десе, чоң мансаптуу адамга кантип мындай сөздөрдү айтып жатасың? Ал алсыз абышка болгон үчүн ага болушар киши жок дейсиңби?”. – Ошентип туруп билсең, майланышкан жаактарына эки жолу чаап жибердим. Колумду шилтерим менен тууганым, чаңырыкты салды дейсиң, кудай бетин салбасын, кудай өзүң колдой көр! Кулагымды жапырып токойго карап безип жөнөдүм. Эки саат өтүп, жолумдан бир бала чуркап келатат. “Төрөгө барат экенсиз”. Баратам. Кирдим. Үндүк сыяктуу кабагын чытып олтурат, өйдө карабайт.

— Сиз, — дейт, — менин үйүмдө эмне кылып жүрөсүз?”. – “Кандай дейсиз? – мен кайра сурадым. – Эгерде сиз Никитишна тууралуу айтып жаткан болсоңуз, анда мен сиздин таламыңызды талаштым”. – “Бирөөнүн үй-бүлөсүндөгү иштерге аралашуу сиздин жумушуңуз эмес!”, — дейт. – Түшүнүп жатасыңбы? Үй-бүлөлүк! Ошентип тууганым, ал мени жемелеп кактап уруша баштады, аз жерден о дүйнөгө кетип кала жаздадым! Сүйлөдү, сүйлөдү, күңкүлдөдү, күңкүлдөдү, ошентип жатып эле капысынан каткырып жиберсе. – “Ошентип, кантип мындай кылдыңыз?! Буга кантип батындыңыз? Таңгаларлык! Бирок досум, мунун баары ортобузда калат деп үмүт кылам… Сиздин кызуу кандуулугуңузду түшүнөм, бирок макул болуңуз, мындан ары биздин үйдө калууңуз мүмкүн эмес…”. – Мына, тууганым! Ал менин мындай кекирейген мекиянды чабууга батынганыма атүгүл таңкалып да коёт. Катын башын айланткан экен! Жашыруун кеңешчи, Ак Бүркүт[1] ордени бар, эч кимге баш ийбейт, бирок катындын алдында салбырайт… Аялзатынын чоо-оң артыкчылыктары бар, тууганым! Бирок… шапкеңди башыңдан ал! Генералды алып келатышат… Ордендеринин көптүгүн айт, атакебай! Ошентип, айымдарды алдыга коё беришти, алар ордендерди түшүнөт дейсиңби?

Музыка ойноду.

1885

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

[1] Ак Бүркүт – Россия империясындагы жогорку даражалуу ордендердин бири.