ЧЕХОВ Антон: Күчүк жетелеген аял (аңгеме, которгон Касымбек ЭШМАНБЕТОВ)

Антон ЧЕХОВ 

Аңгеме

I

Жээктеги көчөдө жаңы киши пайда болду: күчүкчөн аял келиптир деген сөз жайылды. Ялтада эки жумадан бери туруп, бул жерге көнүп алган Дмитрий Дмитрич Гуров да жаңы кишилерди көрүшкө кызыктуу. Вернадагы павильондо олтуруп, жээк көчөдө орто бойлуу, башына берета кийген, ак жуумал жапжаш аял басып өткөнүн, анын соңунан үлпүлдөк жүндүү ак күчүк жүгүрүп жүргөнүн көрдү.

Андан кийин ошол аялды шаардык бакта жана скверде күнүнө нечен ирет жолуктуруучу болду. Ал өзү баякы эле беретачан, ак күчүгүн ээрчите дайыма жалгыз жүрөт; анын ким экенин эч бири билбейт, ошондуктан жөн гана: күчүкчөн аял деп аташат.

«Эгер бул мында күйөөсү жана таанышы жок жалгыз келсе, муну менен таанышып алуу жаман болбос эле», — деп ойлоду Гуров.

 

Гуровдун жашы кыркка жете элек, бирок он эки жашар кызы жана гимназияда окуган эки уулу бар. Муну эң эле эрте, экинчи курста студент болуп жүргөн кезинде үйлөнтүшкөн; ошондуктан аялы азыр өзүнөн бир жарым эсе улуурак сыяктуу көрүнөт. Аялы узун бойлуу, кашы кара, какайып, оор салмактанган, салабаттуу, жана өзү жөнүндө өзү айткандай, ойчул адам. Китепти көп окуп, кат жазганда Ъ белгисин кошпойт, жана күйөөсүн Дмитрий эмес, Димитрий деп атайт, а бул өз ичинде аялын анчалык узабаган, акылы тайкы, көрксүз киши деп билип, андан коркчу да, үйүнөн качып туручу. Аялын чана баштаганына көп болгон, бөлөктөр менен көбүрөөк жүрүп, кейпи, мына ошондуктан аялдар жөнүндө ар дайым жаман пикирди айтат; эгер бул олтурган жерде аял тууралу сөз козголсо, аялдарды бул:

— Төмөнкү раса! — деп гана коёт.

Аялдарды өз каалаганындай атай бергени үчүн кайгылуу тажрыйбаны жетерлик түрдө алган сыяктанса да, мына ошол «төмөнкү расасыз» эки күн жашай албасы шексиз. Эркектер арасында олтурса бат эле тажап, эч нерсени жактырбай, булар менен сөз сүйлөшпөй, суз олтурат, бирок аялдар арасында өзүн ээн-эркин сезип, алар менен эмне жөнүндө сүйлөп, өзүн кандайча кармоону жакшы билет; ал турсун аялдарга кошула унчукпай олтуруу да бул үчүн оңой. Мунун сырт кебетесинде, кулк-мүнөзүндө жана бүткүл турпатында колго илинбеген, бирок аялдарды өзүнө тартып, кусадар кылган кандайдыр бөтөнчө күч бар; муну билет, ошону менен бирге өзүн да аларды карай азгырып турган кандайдыр күч кошо жүрөт.

Нечен жолу башынан өткөргөн ырас эле кайгылуу тажрыйба оболку мезгилде турмушту түрлөнтүү жагынан ушундай сонун, ушунчалык татынакай жана жеңил окуя сыяктанса да, аялдар менен ар бир жакындашуу түзүк кишилер үчүн, айрыкча ордунан араң козголгон, өздөрү бош кыял москвалыктар үчүн бара-бара эң эле татаал жана зор маселеге сөзсүз айланып, бул иштин акыр-аягы оор кыйынчылыкка өтөрүндө эч бир шек жок. Бирок өңдүү- түстүү жаңы аялга жолуккан сайын бул тажрыйбасы негедир эсинен чыгып кетип, жагынгысы келип, мунун баары опоңой жана кызык окуя сыяктанат.

Мына эми күндөрдүн биринде, кечке жуук бакта тамак ичип олтурса беретачан аял мунун жанындагы столду ээлеш үчүн акырын басып келди. Сырткы кебетеси, жүрүш-турушу, кийген кийми, чачын тарашы; бул аял түзүк чөйрөдөн, күйөөгө чыккан, Ялтага биринчи келген, өзү жалгыз жана зеригип жүргөн киши экенин апачык айтып турду… Айрым жерде адеп-абийирдин таза эместиги жөнүндө айтылган сөзгө калп көп аралашат; Гуров аны жек көрөт да, бул калп көбүнчө, эгер колунан келсе, ушундай күнөкөр ишти кылыш үчүн өзү да даяр турган кишилердин оозунан чыгарын жакшы билет; бирок тигил аял мындан үч кадам жердеги столго келип олтурар замат: жеңил жеңиштер, атка минип, тоога чыгуу жөнүндө мурда сүйлөнгөн сөздөр эсине түштү; — муну эми жандап учуп, бат эле байланыша калсам, өз аты жана фамилиясы ким экени белгисиз, бейтааныш аял менен аябай чырмалсам деген ой Гуровду биротоло азгырды.

Гуров күчүктү эркелете өзүнө чакырып, ал мунун жанына келгенде сөөмөйү менен тап берип койду. Күчүк ырылдай баштады. Гуров дагы тап берди.

Аял буга карай салып, ошол замат кайра ылдый карады.

— Каппайт, — деп, аял кызара түштү.

— Сөөк берсем болобу? — деп сураганда аял башын ийкеп, анан сылык түрдө: — Сиз Ялтага качан келдиңиз эле? — деди.

— Беш күнчө болду.

— А мен мында жүргөнүмө эки жумага жакындады.

Бир аз унчукпай калышты.

— Убакты ылдам өтүп жатат, бирок бул жерде аябай зеригет экенсиң, — деди аял, буга карабастан.

— Мында зеригет экенсиң деш — жөн гана айтыла жүргөн сөз. Шаарда өз жанын бапестеп баккандар тигиндеги Белев же Жиздранын бир бурчундагы өз үйүндө турса — зерикпейт, ал эми мында келсе: «Ах, зериктим! ах, чаң көп экен!» — дейт. Карасаң муну, Гренададан келиптирби ал?

Аял күлүп жиберди. Анан бейтааныш кишиче экөө тең өз тамагын жей беришти; бирок тамактан кийин бул экөө катар басып, кайда барып, эмне сүйлөсө да баары бир болгон эркин жана жыргалдагы кишилердин жеңил тамашалуу сөздөрүн козгошту. Булар жээкте сейил куруп, деңиздин азыркы түсү кандайдыр кызык экенин сүйлөштү; ушундай жылуу жана мелмиреген суу сирень өңдөнүп, айдын нурунан алтын тилке түшүп турат… Күндүзгү ысыктан кийин өтө үп болуп жатат дешти. Гуров өзү москвалык, билими боюнча филолог, бирок азыр банкада иштегенин, бир кезде жеке операда ырдоого даярданып, бирок аны таштап койгонун, Москвада эки үйү бар экенин бүт сүйлөп берди… Ал эми аял болсо Петербургда өсүп, бирок күйөөгө С. шаарына чыгып, анда эки жылдан бери турганын, Ялтада дагы бир айча болорун, эс алууну ойлогон күйөөсү, балким, келип каларын айтты. Аял күйөөсүнүн кайда иштээрин губерниялык правлениедеби, же губерниялык земство башкармасындабы — ушуну аныктай албай коюп, буга өзүнүн да күлкүсү келди. Ошону менен бирге Гуров аялдын аты-жөнү Анна Сергеевна экенин билип алды.

Андан кийин Гуров өз номеринде жанакы аял жөнүндө жалгыз ойлоп, мүмкүн, эртең дагы жолугар деди. Ушундай болушу керек… Төшөгүнө жатып, анан: жакында эле бул аял институтта студентка болгонун, азыр өз кызы кандай окуса ошого окшоп окуп жүргөнүн, мунун күлкүсүндө, бейтааныш киши менен сүйлөшүшүндө ийменчектик, эпсиздик дагы эле көп экенин эсине түшүрдү, кейпи, так ушинтип, бирөө мунун соңунан жүрүп, буга карап, анын жөнүн бул өзү да сезбей коё албаган жалаң жашырын максатына жетиш үчүн гана ошол киши сүйлөшө баштаган өзгөчө шартка бул аял өмүр бою биринчи ирет кабылган окшойт… Гуров аялдын ичке жана назик мойнун, татынакай көгүлтүр көзүн кошо эстеди.

«Кантсе да бул аялда аярлык бир нерсе бар» — деп ойлоп, ошону менен уйкуга кирди.

II

Таанышкандан бери бир жума өттү. Майрам күн болучу. Үй ичин үп каптап, көчөдө куюн козголуп, адамдын башындагы калпакты учуруп турат. Күн бою суусундары канбай, Гуров улам павильонго кирип, Анна Сергеевнага бирде сироп кошкон суу ичиңиз, бирде морожни жеңиз деген сунуштарын айтат. Качып кутулар жер жок.

Кечке жуук, шамал басаңкыраган кезде булар пароходдун келгенин көрүп туруш үчүн жээктеги кырчаны карай жөнөштү. Пристанда сейил куруп жүргөндөр көп экен; кимдир бирөөн тосмокчу болуп, колуна букет кармагандар да бар. Ялтада жасана кийинген калың элдин эки өзгөчөлүгү мына эми көзгө даана көрүндү: улгайган аялдар нагыз жаштарча кийинип жана генералдар эң көп экен. Деңизде толкун болгондуктан пароход кеч келип, бул убакта күн батып калды, ал келгенден кийин да пристанга токтой албай көпкө чейин айланып жүрдү. Анна Сергеевна көзүнө лорнет кармап, пароход жана андагы жүргүнчүлөрдө өз таанышын издеген киши сыяктуу карап, анан Гуровго бурулган кезде көзү жалжылдап турду. Азыр эң эле көп сүйлөп, суроону үзүндүлөп берип, бирок берген суроосун ошол замат унута калып жатты; акыры лорнетин көпчүлүк арасында жоготуп койду.

Жасанган эл туш-тушка тарап, караңгыдан бет көрүнбөй, шамал биротоло тыйылып бүттү, а бул Гуров менен Анна Сергеевна пароходдон дагы бирөө чыгабы деген кишиче ошол жерден кетпестен тура беришти. Анна Сергеевна эми эч сөз сүйлөбөстөн жана Гуровго карабастан, колундагы гүлүн гана улам жыттагылайт.

— Кечке маал аба ырайы жакшы болду, — деди Гуров. — Биз эми кайда барабыз? Бир жакка жол жүрүп кайтсак кантет?

Анна Сергеевна эч жооп айткан жок.

Гуров ошондо буга тигиле карап, анан кыса кучактап, эрдинен өпкөндө нымдуу гүлдүн сонун жыты буркурай түшүп, бирок дагы бирөө көрүп койбосун деп, корккон түрдө эки жагына карана калды.

— Сиздикине баралычы… — деди Гуров, акырын гана сүйлөп.

Ошону менен бул экөө ылдамыраак басып кетишти.

Анна Сергеевнанын үй ичин үп каптап, бул өзү япон дүкөнүнөн сатып алган атырдын жыты буркурап туруптур. Гуров муну эми жакшылап көрүп, — «турмушта ар түркүн жолугуулар болот экен го! — деп ойлоду. Мурда өткөргөн турмушунан: эч нерседен кам санабаган, ак көңүл, сүйүүнүн кучагында шаттык курган, кыска убакка болсо да ушундай бактысы үчүн буга ыраазы экенин билдирген аялдар гана эсинде калган; ошону менен бирге, мисалы, өз аялы сыяктанып, — чын жүрөгү менен эмес, жөн гана сүйүп, сөздү ашыра сүйлөп, ойкоштоп, туталанып, жана бул кадимки сүйүү же кумардануу гана эмес, андан жогорураак турган өтө салмактуу нерсе сыяктанткан аялдарды да унуткан жок; өздөрү өтө сулуу болсо да, ичтери муздак келип, жырткычтык кейпи капысынан бетине чыга түшүп, турмуштан өзү беришке кудурети жете турганынан көбүрөөк алсам, көбүрөөк өлчөмдө жулсам дегенди көшөрө эңсеген эки-үч аял да эсине түштү; булар жаштыкты жаңыдан баштагандыктан эмес, кераяктык, ойлоп көрбөгөндүк, өжөрлүк, акылы аздыктан ушинтип жаткандыктан Гуровдун көңүлү кала, алардын сулуулугу мунун кыжырын козгоп, кийимдерине тагылган кружевосу жыландын кабыгындай көрүнүчү.

Бирок мында жанакы эле ийменчектик, тажрыйбасы жок жаштыктын эп келишпөөсү, оңтойсуз абалда калганы сезилет; ошону менен бирге бирөө келе калып, эшикти түкүлдөтө баштагансып, бул аял эмне кылар айласын таппай жаткансыды. Башында «күчүкчөн аял» делип аталган Анна Сергеевна азыркы окуяга кандайдыр бөтөнчө баа берип, муну өзүнүн кулап түшкөнү менен барабар болгон олуттуу окуя деп билгени ачык сезилип, мунусу таңгаларлык жөнү жок жорук болду. Көзү ылдый карап, өңү солгун тартып, эки жаагында узун чачы түнөрүңкү самсаалап, өзү эски картинадагы күнөкөр сыяктуу кайгырган калыпта ойго терең чөмүлдү.

— Жакшы эмес, — деди Анна Сергеевна. — Мындан ары мени эч сыйлабас биринчи киши сиз болосуз…

Номердеги стол үстүндө дарбыз жатыптыр. Гуров андан бир тилим кесип алып, шашпай гана жей баштады. Эң кеми жарым саат убакты тымтырс өткөрүштү.

Анна Сергеевна боорукер, али аз жашаган, аны-мунуну көп көрбөгөн жакшы аялдын таптаза сапатын сыртына чыгып турган киши болучу; стол үстүндө жанган жалгыз шам мунун өңүнө араң гана жарык берип, бирок жаны кыйналып турганы көрүнүп турду.

— Мен сени эмне үчүн сыйлабай коймок элем? — деп сурады Гуров. — Сен өзүң эмне сүйлөгөнүңдү билбей жатасың.

— Кудай күнөөмдү кечирсин! Бул эң эле кыйын иш, — деп Анна Сергеевнанын көзүнө жаш толо түштү.

— Анык эле актанган кишидей болдуң.

— Эмне кылып актанам? Мен нагыз жаман жана пас аялмын, өзүмдү-өзүм аябай жектеп, актануу жөнүндө ойлогум да келбейт. Меп күйөөмдү эмес, өзүмдү алдадым. Азыр гана түгүл, көптөн бери алдап жүрөм. Менин күйөөм, балким, абийирдүү, жакшы кишидир, бирок ал малай! Анда эмне иш бүтүргөнүн, кандай кызмат кылганын билбейм, бирок малай экенин жакшы билем. Мен буга турмушка чыкканымда жыйырма жаштагы кезим болучу; мени сонуркоо кыйнап, дагы бир жакшыраак нерселерди көрүүнү эңседим; бөлөк турмуш да бар го, — дедим өзүм. Жашап алууну эңседим! Жашайын… жашайын дедим… Сонуркоо менин ичимди өрттөй берди… сиз буга түшүнбөйсүз, бирок кудай урсун, мен өзүмдү бекем кармашка күчүм жетпей калды, мага бир нерсе биротоло жармашып алган сыяктанды, мени эми токтотууга да болбойт, ошондуктан күйөөмө оорудум деп айтып, бул жакка жөнөдүм… Мында келгенден кийин да из тийген, же жин чалган немедей зеңгиреп басып жүрдүм… акыры минтип, ар ким жек көрө беришке арзырлык эң эле уятсыз жана жаман аял болуп олтурам.

Гуров муну угуудан тажап кетти; аялдын аңкоо киши сыяктана сүйлөшү, мына ушинтип, күтпөгөн жерден айыпты жөнү жок мойнуна ала кечирим сураганы үчүн ачуусу келди; эгер көзүнөн жаш чыкпаса бул аял тамаша кылып, же калп эле назданып жатат деп ойломок.

— Мен түшүнбөдүм, каалаганың эмне? — деди Гуров, акырын гана сүйлөп.

Анна Сергеевна башын Гуровдун көкүрөгүнө катып, муну менен кыналышып калды.

— Ишениңиз мага, ишениңиз… сизден жалынып-жалбарып сурарым ушул… — деди Анна Сергеевна. — Мен абийирдүү жана таза турмушту сүйөм, а күнөөлүү ишти өтө жек көрөм, бирок эмне кылганымы өзүм да билбей калам. Жөнөкөй кишилер: шайтан азгырды дешет. Азыр мен да өзүм жөнүндө: мени шайтан азгырды, — деп айтышка болот.

— Жетет эми, жетет… — деп кобурады Гуров.

Гуров мунун корккондуктан былк этпей калган көзүнө карап, бетинен өөп, эркелете жана жай гана сүйлөгөндө аял тынчтанып, акыры шат мүнөзү кайрадан кайтып, экөө тең күлө башташты.

Кийин булар жээк көчөгө чыккан кезде эч бир жан жок, шаар өзүнүн кипаристери менен бирге өлгөн сыяк- танып калыптыр, бирок деңиз дагы эле шуулдап, жээкке урунуп жатат; жалгыз баркас толкун үстүндө чайпалып, андагы фонар жылт-жулт эте бүлбүлдөп турат.

Экөө извозчик таап алышып, Ореандага кетишти.

— Мен азыр асты жактагы оозгу бөлмөдөн сенин фамилияңды билдим: фон-Дидериң — деп жазылыптыр; сенин күйөөң немецпи? — деди Гуров.

— Жок, анын чоң атасы немец болгон окшойт, бирок өзү православие дининдеги киши.

Ореандага баргандан кийин асты жактагы деңизге карап, чиркөөгө жакын скамейкада үн чыгарбастан олтура беришти. Таңкы тумандан Ялтанын карааны араң гана көрүнөт, тоо башында былк этпеген аппак булуттар турат. Дарактагы жалбырактар эч кыймылдабайт, цикадалар чырылдап, ылдыйтадан угулган деңиздин бир гана калыптагы күңүрт шуулдашы бизди күткөн түбөлүк тынчтык, ойгонбос уйку жөнүндө айтып жатат. Бул жерде Ялта менен Ореанда жок кезде да асты жактан мына ушинтип шуулдап турган, азыр да шуулдап жатат, так ушул камырабас жана күңүрт угулган калыбын жазбай кийин, биз жокто да шуулдай бермек. Так ушул туруктуулукта, ар бирибиздин өлгөн же тирүү экенибизге эч бир камырап койбогондукта, балким, биздин түбөлүк аман калышыбыздын, жер үстүндөгү турмуш тынымсыз жылып, тынымсыз өсүшүнүн негизги залогу жаткан чыгар. Жаңыдан аткан таңдын жарыгы алдында аябай сулуу көрүнгөн жан жаш аялдын жанында олтурган Гуров эми жүрөгү тынып, мындагы укмуштай көрүнүштөр — деңиз, тоо, булут, кенен асман ушунчалык сонун экенине суктанып, — эгер жарык дүйнөнүн жалпы маанисин жакшылап ойлонсок, качан биз турмуштун жогорку максатын, өзүбүздүн адамкерчилик ар-намысыбызды унута калган учурда ойлогон оюбуз менен кылган ишибизден бөлөк нерсенин баары эң эле жакшы турбайбы деген тыянакка келди.

Кандайдыр-бир киши, кейпи, кароолчу окшойт, — булардын өңүнө карап, анан кайра кетти. Мына ушул майда элес да өзүнчө жашырын сырдуу жана сулуу сыяктанды. Феодосиядан келген пароход да көрүнүп турду; ал эртең мененки жарыктан пайдалана өз отун өчүрүп салыптыр.

— Чөпкө шүүдүрүм түшүптүр, — деди Анна Сергеевна, бир аз тымтырстан кийин.

— Ооба. Эми үйгө кайталы.

Булар шаарды карай кайра кайтышты.

Анан күп сайып түшкө маал жээк көчөдө үзбөй жолугушуп, тамакты дайыма бирге ичишип, бирге сейил курушуп, деңиздин көркүнө кубанышат. Анна Сергеевна жакшы уктай албай жүргөнү, жүрөгүнүн тынчы кете катуу согушу жөнүндө даттанып, бул мени толук сыйлабайт деп, бирде коркуп, бирде кызганып, баякы эле суроосун кайра-кайра нечен жолу берет. Кийинчерээк, сквер же бакта жүрүшкөн кезде жакын жерден эч ким көрүнбөсө Гуров муну өзүнө тарта кучактай калып, катуу өөп алучу болду. Таптакыр ээн жай кетип, кокус бирөө көрүп койбосун деп корккондуктан эки жагына алактап карап, анан чак түштө мына ушинтип улам өөп туруу, күндүн ысыгы, деңиздин жыты! жапа мунун көз алдында бопбош жүргөн, жасана кийинген, өздөрү толмоч кишилердин дайыма жарк-журк эте өтүп турушу Гуровду ырас эле кайрадан жараткан сыяктанды; Анна Сергеевнага: сен абдан сонунсуң, адамды суктантып турасың, — деген сөздөрдү сүйлөп, ошончолук чексиз кумардана жанынан карыш жылбайт, а берки — Анна Сергеевна ойго көп чөмүлүп, Гуров муну сыйлабаганын, эч бир сүйбөгөнүн, кептин кыскасы, жөн гана уятсыз аял деп билгенин ачык айтууну сурайт. Булар күн сайын кечки караңгы кирген кезде кайдадыр шаардын чегине кетишип, Ореандага же шаркыратмага барышат; сейил курууда өздөрү ар дайым акжолтой, көргөн элестери ар качан эң эле сонун жана аябай кооз болуп чыгат.

Күнөөсү келет деп күтүшкөн. Бирок ал: көзүм ооруп калды, ошондуктан тезирээк үйгө кайтсаң экен, — деп, аялына жалынып-жалбарып кат жазыптыр. Анна Сергеевна кетишке шаша баштады.

— Менин кеткени жатканым жакшы болду. Тагдырдын жазганы ушул, — деди Гуровго.

Анна Сергеевна ат менен жөнөп, Гуров муну узатыш үчүн кошо чыкты. Күн бою жол жүрүштү. Анан курьерский поезддеги вагонго түшүп, экинчи коңгуроо берилгенде: Мен сизге дагы бир карап алайын… Дагы бир карайын. Мына болду, — деди аял.

Анна Сергеевна ыйлаган жок, бирок ооруган киши сыяктуу өтө кумсарып, беги титиреп турду.

— Мен сиз тууралу ойлойм… эстейм, — деди бул. — Сизди кудай колдосун, эми кала бериңиз. Жакшылык-жамандык ичте болсун. Экөөбүз түбөлүккө коштошобуз, бизге ушул зарыл, анын себеби — башынан эле жолугушпай койсок жакшы болмок. Кана, кудай колдосун сизди.

Поезд ылдам кетип, анын чырактары бат эле көрүнбөй калып, так ушундай таттуу зеңгирөө менен акылдан адашууну тезирек токтоттуралы деп, бардыгы атайын өздөрүнчө сүйлөшүп алган сыяктуу бир минутадан кийин уу-чуу таптакыр угулбай калды… Гуров платформада жалгыз калып, карарган ыраактыкка карап, өзүн уйкудан жаңыдан ойгонгон кишидей сезе чегирткенин чырылдашын, телеграф зымдарынын дуулдашын угуп тура берди. Анан бул өз өмүрүндө мына эми дагы бир укмуштуу окуяны башынан өткөрүп, азыр анысы да бүтүп, эми жалан гана эске туткандары калганын ойлоду… Өзү жашыңкырап, кайгыга батып, азырак өкүнүчтө турганын сезди; мындан ары эч качан жолукпас мына ушул жапжаш аял мунун ыракатын көргөн да жокко… Ырас, жакшы учура- шып, чын сырын жашырган жок, бирок ошондой болсо да муну менен мамиле кылууда, сүйлөгөн сөзүндө, кээде эркелете калышында жумшак мыскылдын көлөкөсү кошо аралап, бул аялдан эки эсе улуу экенине карабастан, жыргалга жеткен эркектин бой көтөргөн оройлугун жөнөтө салып жүрбөдүбү. Аял муну ар дайым жакшы киши, укмуштай сонун, бөлөктөрдөн өйдө деп жүрдү; кейпи, аялга бул өзү ким болсо ошол калыбында эмес, башкача көрүнгөн окшойт, демек, аялды эриксизден алдап койду…

Мындагы станцияда күз киргенсип, кечкисин салкын боло баштаптыр.

«Мен үчүн да түндүккө кайтар убак жетти», — деп ойлоду Гуров, платформадан жөнөй бергенде.

III

Москвадагы үйүндө бардыгы кыштын күнкүдөй болуп, печь жагылып, балдар эртең менен окууга жөнөшкөн кезде али караңгы каптап тургандыктан нянясы алар кеткенче чырак жагып берет экен. Жер тоңо баштаптыр. Биринчи кар түшүп, ошондо биринчи жолу чанага олтуруп, ак жерди, ак кар баскан там төбөлөрүн карап баруу эң эле сонун; ошондой учурда жаның жай алып; жаш мезгилиң эсиңе түшөт. Эски липа жыгачтары менен кайыңдарды ак кыроо басып, алар көңүлдүү, жумшак сыяктанып, кипарис менен пальмага караганда жүрөккө жакынырак окшойт; мындай дарактар жаныңда турган кезде тоо жана деңиз жөнүндө ойлогуң келбейт.

Гуров өзү москвалык киши болучу; Москвага татынакай тоңголок күндөрдө келип, ичиги менен жылуу мээлейин кийип, Петровкада басып жүргөндө, анан ишемби күнү кечке жуук коңгуроолор кагылганда мунун жакында эле жол жүрүп, көрүп чыккан жерлери бул үчүн эми таптакыр адам суктанарлык эмес сыяктанып калды. Аз-аздап Москванын турмушуна малына баштап, күнүнө үч газетаны ирмелбей окуп, ошондо да, — мен принцип үчүн Москва газеталарын эч окубайм, — деген сөздү сүйлөйт. Өзү ресторан же клубга баруу, конокко же юбилейге чакырылып турууга берилип алып, атактуу адвокат жана даңктуу артисттер мунун үйүнө келе калышканы, клубда профессор менен бирге карта ойногону үчүн өз ичинен мактанып жүрөт. Азыр бул табакта толтура бышырылган селянканы жалгыз жеп коюшка жарайт…

Бир ай чамасы өткөндөн кийин Анна Сергеевна менин эсимде туманга капталган бойдон кала берер, анан башкалар сыяктуу татынакай жылмая күлүп, кез-кез гана түшүмө кирер деп ойлойт. Бирок ай өтүп, акыры кычыраган кыш мезгили жетсе да кече эле күнү ажырашкан сыяктуу Анна Сергеевна эсинен такыр чыкпас болду. Бул гана эмес, эске түшүрүшү уламдан-улам күчөй берди. Кечки тынчтыкта, Гуров өз кабинетинде олтурган кезде буга сабак даярдап жаткан балдарынын үнү угулабы, ресторанга барып, романс же арганды угабы, же таш очокту үстүртөн согуп, ызылдаган бороон келеби — Анна Сергеевна менен өткөргөн окуяларынын баары эсине түшө калып: жээктеги кырчада жүрүшкөнү да, тоо башындагы эртең мененки туман да, Феодосиядан келген пароход да, өбүшкөндөрү да бүт бойдон элестеп өтөт. Үй ичинде узак убакка чейин аркы-терки басып, улам эстеп, күлүмсүрөп, анан ушул эстөөлөрү өзүнчө эңсөөгө айланып, акыры өткөн турмушу менен келечекте болор турмуш мунун элестешинде бирине-бири аралаша түшөт. Анна Сергеевна түшүнө эч качан кирбейт. бирок кайда барса көлөкө сыяктуу кошо ээрчип, муну аңдып тургансыйт. Көзүн жумганда Анна Сергеевнаны дапдаана көрүп, ал мурдакысынан да жаш, назик жана сулуу болуп алган сыяктанат; Гуров өзүн да Ялтада жүргөн кезинен жакшыраак сезет. Ал аял кечкисин китеп салган шкафтан, таш очоктон, бурчтан дайыма буга карап тургансып, анын дем алышы кийген кийиминин татынакай шуудурашы кулагына угулуп жаткансыйт. Көчөдө аялдардын соңунан көз жиберип, ошого окшогон бирөө барбы экен деп, астыртадан издеп калат…

Мына эми, өз эстөөлөрү жөнүндө бирөө менен сүйлөшсөм дегенди эңсеп, кыйнала берүчү болду. Бирок өзүнүн сүйүшү тууралу үйүндө кеп козгош мүмкүн эмес, а бөлөк жерде сүйлөшөр кишиси жок. Кошуналары менен да, банкадагылар менен да так ушундай. Жана эмне жөнүндө сүйлөшөт? Ошол кезде чыны менен сүйдүбү эле? Анна Сергеевна менен мамиле курууда кандайдыр кооз, татынакай өрнөк аларлык, же жөн гана кызык деп айтарлык учурлар болдубу?.. Ошондуктан сүйүү жана аялдар жөнүндө күңүрт түрдө сүйлөшкө туура келип, эч ким эч нерсе түшүнө албай, жалгыз өз аялы гана капкара кашып кыймылдатып:

— Сылаңкороздук сага таптакыр жарашпайт экен, Димитрий, — деген сөздү айтат.

Бир жолу, өзү менен өнөк болуп ойноочу чиновник экөө түнкүсүн докторлук клубдан чыгып келатып, токтоно албастан:

— Ялтада мен кандай сонун аял менен тааныштым, — ушуну бир уксаңыз-э!.. деп жиберди.

Бирок чиновник чанага олтуруп, жөнөй баштады да, анан кайрыла калып:

— Дмитрий Дмитрич! — деп кыйкырды.

— Эмне?

— Бүгүн сиз чын айтыпсыз: жанагы осетр балыктын жыты сонун турбайбы!

Жөнөкөй эле сөздөрдүн бири болсо да мунусу эмне үчүндүр Гуровдун ачуусун келтирип, кишини кемиткен, ичинде кир бар сөз сыяктанды. Бул кандай кулк-мүнөз, кандай адамдар! Кандай дайыны жок түн, кандай супсак, байкалбас күндөр! Картаны көшөрүп ойноп, дайыма соргоктук, мастык, качан да болсо бир гана сөз… Ошол улам айтыла берген бир гана сөз менен керексиз ишке эң жакшы убактыңын, жакшы күчүңүн көбү кетип, акыр-аягында андан эч нерсеге арзыбас, кош канаты сынган, алсыз гур- муш гана калып, жиндикана, же тиги камактагылардын тюрьмасына түшкөн сыяктуу мындан эч кандай кача да албайсың, кете да албайсың!

Гуров түн бою ачуулана уктабай чыгып, эртеси кечке чейин башы ооруду. Андан кийинки түндөрдө да жакшы уктай албай, же төшөгүндө олтуруп, же бурчтан-бурчка басып жүрдү. Балдарынан да, банкадан да тажап бүтүп, бир жакка барууну, же бирөө менен сүйлөшүүнү таптакыр жактырбас болду.

Декабрь айындагы майрам күндөрүндө жолго камынып, аялына: мен бир жигит үчүн аракет кылып, Петербургга барам, — деген сөздү айтты да, С. шаарына жөнөдү. Эмне үчүн ушинтти? Муну өзү да жакшы билбейт. Иши кылып, Анна Сергеевна менен көрүшсөм, сүйлөшсөм, эгер мүмкүн болсо жакшылап жолуксам дейт.

С. шаарына эртең менен жетип, андагы конок үйүндө эң жакшы делген номерди алды: полуна бүт бойдон солдаттын боз сукносу төшөлүп, столго коюлган сыя челек чаңга толгондуктан бопбоз болуп, анын үстүндө калпагын кармап, колун өйдө көтөргөн атчан жигиттин сүрөтүнүн башы сынып калыптыр. Швейцар буга керектүү маалуматтардын баарын айтып берди: Фон-Дидериц Старо-Гончарная көчөсүндөгү өз короо-жайында, так ушул конок үйүнөн алыс эмес жерде турат экен; турмуштары жакшы, бай, менчиктүү аттары бар, аны шаардагылардын баары билет деп, Дидериц дегенге швейцардын тили келбей Дрыдыриц деп атап жатты.

Гуров шашпастан Старо-Гончарная көчөсүнө барып, издеген үйүн таап алды. Ал үйдүн так бет алдында кырына темир шиш кагылып, узунунан кеткен боз дубал туруптур.

«Мындай дубалдан кантип качпайсың» — деп ойлоду Гуров, бирде терезелерге, бирде дубалга карап.

Бүгүн кызмат күнү эмес, ошондуктан күйөөсү үндө болууга тийиш деген ойго келди. Бирок антпеген күндө да үйүнө кирип, аялды уятка калтыруу ылайык эмес. Эгер кат жазып кийирсе кокус ал кат күйөөсүнүн колуна түшүп, иштин баары тескери кетиши мүмкүн: Баарынан да капыс жолукканым жакшы деп билди. Ошону менен, капысынан жолуга калууну күтүп, көчөдө жана боз дубалга жакын жерде аркы-терки басып жүрдү. Бул күткөн короого кайырчы кирип, андагы иттер асыла баштаганын көрүп турду, анан, бир саат өткөндөн кийин рояль ойнолуп, буга анын үнү ачык эмес, күңүрт түрдө араң угулуп жатты. Балким, Анна Сергеевна ойноп жаткан чыгар. Бир кезде үйдүн көчө жаккы эшиги ачыла калып, андан кандайдыр-бир кемпир, анын соңунан буга тааныш ак күчүк жүгүрүп чыкты. Гуров күчүктү чакырмакчы болуп, бирок жүрөгү түрсүлдөп, аябай толкундана күчүктүн атын таппай койду.

Гуров аркы-терки баскан сайын боз дубалды улам катуурак жек көрө баштап, — Анна Сергеевна мени унуткан чыгар, а балким, көңүлүн ачыш үчүн башка бирөөнү таап алгандыр, эртеден-кечке так ушул каргыш соккон боз дубалды гана карап олтурушка аргасыз болгон жаш аял үчүн бул анык табигый жорук деп ачуулана ойлонуп өттү. Анан өзүнүн номерине келип, эмне кыларын билбестен, диванда көпкө олтурду, андан кийин тамак ичип, узак уктады.

«Ушунун баары макоолук жана тынчы кеткендик болду го, — деп ойлоду бул ойгонор замат, карарган терезеге карап: кеч кирип калыптыр. — Эмне үчүндүр мына минтип, уйкумду кандырып алдым. Эми түн бою эмне кылам?..»

Үстүнө так эле оорукананыкына окшоп, бопбоз, арзан одеял жабылган төшөгүнө олтуруп, өзүнө-өзү итиркейин келтире сүйлөп:

«Мына сага күчүкчөн аял… Мына сага кызык окуя… Мына эми, ушул жерде олтура бер», — деген сөздөрдү айтты.

Эртең менен, вокзалга келген кезде абдан чоң тамгалар менен жазылган афишаны көзү көрүп калган: мында биринчи ирет «Гейша» коюлуп жатыптыр. Муну эстери менен театрды карай жөнөдү.

«Биринчи коюлуп жаткан оюндарга Анна Сергеевнанын барып турушу, албетте мүмкүн» — деп ойлоду бул.

Театрдын ичи жык толуптур. Губерниялык театрлардын бардыгында кандай болсо, мында да ошентип, көк туман люстрадан өйдө чыгып, галеркада уу-чуу. Биринчи катарда оюндун башталышын күтүп, колдорун аркасына ала жергиликтүү сылаңкороздор турат; тигиндеги губернаторлук ложадагы биринчи орунда губернатордун кызы кериле олтуруп, губернатордун өзү жупунулук кыла портьерага жашынып алгандыктан, анын колу гана көрүнөт; көшөгө акырын чайпалып, оркестрдин күүгө келтирилиши узакка созулду. Эл эшиктен кирип, өз орундарын ээлеп бүткөнгө чейин Гуровдун көзү издөөдө болду.

Анна Сергеевна да келип кирди. Ал үчүнчү катардан орун алды, Гуров ага көз жибергенде жүрөгү ошончолук кысылып, мындан бөлөк өзүнө жакын, кымбат жана керек адам бүткүл дүйнөдө жок экенин ошондо бул ачык түшүндү; провинциалдардын арасында дайыны чыкпай жоголгон так ушул өзү кичинекей, эч кандай бөтөнчөлүгү жок, колуна кейпи начар лорнет кармаган бир аял азыр мунун бүткүл өмүрүнө шерик, кайгысы да, кубанчы да болуп, азыркы эңсеген бакыты ушул гана сыяктанды; анан жаман оркестрдин, обывателдердин эң эле начар скрипкасынын үнү алдында ушул аял канчалык сонун экени жөнүндө ойго батты. Ошентип, ойлоп да, самап да олтурду.

Чаканыраак жаак сакалы бар, бою өтө узун, далысы бүкүрүрөөк жаш жигит Анна Сергеевна менен бирге кирип, анын жанынан орун алды; ал киши кадамын шилтеген сайын башын ийкеп, тынбай жүгүнүп жүргөн немече көрүнөт экен. Анна Сергеевна Ялтада кайгыга бата калып, малай деп орой айткан күйөөсү ушул окшойт. Ырас, эле, узун боюнда, жаак сакалында, кичинекей кашкасында кандайдыр малайдын кейпи элестеп, өзү да жылуу күлүмсүрөп, жакасындагы кичине тилкелерде малайдын номерине окшогон кандайдыр окумуштуулук значогу жаркырап турат.

Биринчи антракт болгондо күйөөсү чылым чегиш үчүн чыгып кетип, Анна Сергеевна креслодо олтуруп калды. Партерде жакын олтурган Гуров анын жанына барып, зорго күлүмсүрөп, калтыраган үн менен:

— Саламатсызбы, — деди.

Анна Сергеевна жалт карап, өңү кумсара түшүп, анан аябай корккон кишиче дагы бир карап, эси ооп, жыгылып кетпеске аракет кыла өзүн араң токтоткондой лорнети менен желпүүрүн капшыра кармады. Экөө тең унчукпай калды. Аял креслодо олтурат, а бул анын ушунчалык уялганынан коркуп, жанына олтура албай, тикесинен турат. Күүгө келтирилип жаткан скрипка менен флейталар ойной баштап, ошол учурда коркунуч буларды аябай басты: бардык ложалардан карап турушкан сыяктанды. Бирок Анна Сергеевна ордунан туруп, эшикти карай жөнөгөндө Гуров анын соңунан кошо кетти; экөө эч кандай дайыны жок, туш келди: бирде коридор, бирде тепкич менен басышып, улам өйдө чыгып, кайра төмөн түшүп жатышканда судча, мугалимче жана уделче кийинип, бардыгы тең значок тагынган кишилер булардын көзүнө көрүнө калып, ошону менен бирге аялдар, кийим илгичке илинген ичиктер да көрүнүп, тартылып жаткан тамекинин жытын тарата өтмө жел согун турду. Жүрөгү аябай катуу соккон Гуров ошондо:

«Ай, кудай-ай! Мына бул эл, мына бул оркестр кайдан кабылды…» деп ойлоду.

Баякы станцияда кечке маал Анна Сергеевнаны узатып коюп, эми эч качан көрүшпөйм, ушуну менен бардыгы бүттү деп айткан сөзү ошол учурда капысынан эсине түштү. Бирок бүтүшкө али көп бар экен!

«Амфитеатрга кирүүчү эшик» деген жазуусу бар, караңгыраак жана тар тепкичке келип, Анна Сергеевна токтой калды.

— Сиз мени аябай чочуттуңуз! — деди Анна Сергеевна, энтигип, дагы эле кумсарган жана калтыраган бойдон. — Ох, сиз мени аябай коркуттуңуз! Өзүм араң гана турам. Эмне үчүн келдиңиз? Эмне үчүн, я?

— Бирок түшүнүңүз, Анна, түшүнсөңүз боло… — деди Гуров, жарым үн менен, шашкалактап сүйлөп. — Сизден сурарым ушул — түшүнүңүз…

Анна Сергеевна буга корккон, жалынып-жалбарган жана сүйгөн калыпта карап, мунун өңүн өз эсинде бекем түйүш үчүн абдан теше тиктеди.

— Мен өтө кыйналып жүрөм, — деди Анна Сергеевна, мунун сөзүн укпастан. — Мен ар дайым жалаң гана сиз тууралу ойлондум, жалаң сизди эстөө менен күн өткөрдүм. Акыры эптеп унутсам, унутсам деп аракет кылгам, бирок сиз неге келдиңиз, эмне үчүн келдиңиз?

Булардан жогорураак жердеги кичинекей аянтчада эки гимназист чылым чегип турушуптур, бирок Гуров аларды тоотпостон, Анна Сергеевнаны өзүнө имере тартып, бетинен, жаагынан, колунан өпкүлөй баштады.

— Бул эмне кылганыңыз, бул эмне кылганыңыз! — деди аябай коркуп кеткен Анна Сергеевна Гуровду кайра түрткүлөп. — Сиз экөөбүз жинди болгон окшойбуз. Бүгүндөн калбай кайра кайтыңыз, азыр жөнөңүз… Бардык касиеттүүлөр үчүн сизден жалынып-жалбарып сурарым ушул… Мында киши келатат!

Тепкич менен төмөнтөн жогору карай бирөө чыгып келатыптыр.

— Сиз кетишиңиз керек… — деп шыбырады Анна Сергеевна. — Уктуңузбу, Дмитрий Дмитрич? Москвага мен өзүм барам. Мен эч качан бактылуу болгон эмесмин, азыр да бактысызмын, жана мындан кийин да эч качан… эч качан бактылуу болбойм. Ошондуктан сиз мени ого бетер кыйнабаңыз! Ант урсун, Москвага сөзсүз барам. Ал эми, азырынча коштошолу! Менин сүйүктүүм, асылым, кымбатым, азыр коштошолу!

Анна Сергеевна мунун колун кыса кармап, анан тепкич менен ылдый карай ылдамдап басып, улам буга бурула карап баратканда ырас эле бактысыз экени көзүнөн көрүнүп турду. Гуров элдин дабышын тыңшап, азырак күтүп, бардыгы басылгандан кийин кийим илгичтеги өз кийимин таап алып, театрдан чыгып кетти.

IV

Ошондон тартып Анна Сергеевна Москвага Гуровго келип туручу болду. Эки-үч айда С. шаарынан бир ирет үзбөй жөнөп, күйөөсүнө өзүмдүн аял оорум жөнүндө профессорго көрүнөм деген шылтоону айтат, а күйөөсү ишенер же ишенбесин билбестен кала берет. Москвага келген сайын «Славянский базар» конок үйүндө токтоп, кызыл шапкачан кишини ошол замат Гуровго жиберет. Гуров ага барат, бул жөнүндө Москвада эч ким билбейт.

Күндөрдүн биринде ушул адаты боюнча Гуров аны карай эртең менен бара жатты (Анна Сергеевнанын жиберген кишиси өткөн күнү кечинде келип, муну таппай калыптыр). Жолдогу гимназияга чейин узатып коёюн деп ойлогон кызы өзү менен кошо бараткан. Суу кар лапылдата жаап турган.

— Азыр үч градус жылуу, ошондой болсо да кар жаап жатат, — деди Гуров, казына карап. — Бирок бул жылуулук жердин гана бетинде эмеспи, а тиги бийик асманда температура таптакыр бөлөк.

— Атаке, а кышкысын эмне үчүн күн күркүрөбөйт?

Гуров муну да түшүнтүп берди. Өзү сүйлөп баратса да, ою: мына, мен азыр атайын жолукмакмын, муну эч бир тирүү жат билбейт, балким, эч качан биле да албас деп ойлоду. Мунун башынан өтүн жүргөн эки турмушу бар: бири керек деген кишинин баары көрүп жана жакшы бил- ген, кээде чындык, кээде калпка толгон, өзүнө тааныш жана дос кишилердики кандай болсо ошого таптакыр окшош болгон ачык турмуш, а экинчиси — жабык өткөрүлүп жаткан турмуш. Бирок кандайдыр адам таң каларлык шарттын туш келишинин натыйжасында (балким, бул жалаң кокусунан ушинтер) Гуров үчүн эмне эң эле керек, эң кызык, эң зарыл болуп, анын ар бирине бул өзүн алдабастан чын жүрөгү менен кирише турган жана өз турмушундагы таттуу данек ушул делген кылык-жоруктарынын баары башкаларга билдирбестен жашырын жүргүзүлөт, ал эми мунун калпынын баары: чындыкты жашырыш үчүн жука кабыкты жамынып алышы, мисалы, банкада кызмат кылышы, клубдагы талаш-тартыштары, аялдарды «төмөнкү раса» деп аташы, өз аялын ээрчитип тойлорго барышы — ар дайым ачык өтөт. Ошондуктан бөлөк кишилер жөнүндө бул өзүнө салыштыра ой жүгүртүп, көзү көргөнүнө эч ишенбейт; караңгы түнгө жамынган сыяктуу өзү үчүн эң эле кызык жана чын турмушту эч кимге билдирбей жашырын өткөрүп, ичке катылган сыр ар бир адамда бар деп дайыма болжойт. Ар кимдин өзүнчө күн көрүшү жалаң гана жашырын сырга таянат, мына ошондуктан, маданияттуу кишинин: жеке сыр сыйлана жүрсүн деп көбүрөөк далалат кылышына дагы бир себеп, балким, ушул чыгар.

Кызын гимназияга узатып койгондон кийин Гуров «Славянский базар» жакка жөнөдү. Астыңкы кабатта ичигин чечип, анан үстүнө чыкты да, эшикти акырын кага баштады. Анна Сергеевна бул өтө жактырган боз көйнөктү кийип, жолдо чарчаган бойдон, кечетен бери күтүп олтурган экен. Өңү кумсарып, күлүмсүрөбөстөн, буга тигиле карап, кирер замат көкүрөгүнө жабыша калды. Экөө эки жылдан бери көрүшпөгөн кишиче бирин-бири узак өпкүлөштү.

— Кана, ал-жайың кандай? Эмне жаңылык бар? — деп сурады Гуров.

— Азырак токто, азыр айтам… Сүйлөй албай жатам.

Анна Сергеевна ыйлап жибергендиктен ырас эле сүйлөй албай койду. Өзү тескери бурулуп, көзүнө жоолугун басты.

«Мейли, ыйлап алсын, а мен аңгыча олтура турайын» — деп ойлоп, Гуров креслого олтурду.

Анан коңгуроо кагып, мында чай алып келүүнү сурады; кийин, бул чай ичип жаткан кезде да Анна Сергеевна терезе жакты карап, тура берди… Анын ыйлашына себеп: жүрөгүнүн толкунданышы, бул экөөнүн турмушу ушундай кайгылуу абалда калганын мойнуна алып турушу болду; булар нагыз ууру сыяктуу: элге көрүнбөй, жалаң гана жашырын жолугушат! Ошондуктан булардын турмушу бузулбаганда кантти?

— Кана эми, ыйыңды токтот! — деди Гуров.

Экөөнүн сүйүүсү али жакында бүтпөйт жана качан бүтөрү белгисиз экенин Гуров толук түшүндү. А Анна Сергеевна буга уламдан-улам бекемирээк байланып, эң эле жакшы көрүп бараткандыктан, мунун да акыры болууга тийиш ко деп айта салуу акылга сыяр эмес; ошону менен бирге Анна Сергеевнанын өзү да мындай сөзгө ишенмек эмес.

Гуров анын жанына барып, эркелетип, тамаша кылыш үчүн эки ийнинен кыса кармаганда өз өңүн күзгүдөн көрө койду.

Чачы агара баштаптыр. Кийинки жылдарда ушунчалык карып, өңү ушунчалык азганы үчүн аң-таң болду. Мунун колу тийген эки ийин өтө жылуу жана азыраак тиртилдеп турат. Дагы эле ушунчалык жылуу жана сулуу, бирок, балким, мунун өз өмүрүнө окшош жакында кубарып жана солуй баштай турган жаш өмүргө боору ооругандай болду. Бул аял муну мынчалык эмне үчүн сүйөт?.. Бул киши аялдарга ар дайым өзү кандай болсо ошол калыпта эмес, андан бөлөкчө көрүнүчү; аялдар мунун өзүн эмес, алар өз турмушунда аябай издеп жүргөн кыялы жараткан киши катары жактырышчу; кийин, жаңылганын сезип калган кезде да баары бир сүйө беришүчү… Муну менен жакындашкан аялдардын эч бири бактылуу болгон да жок. Убакты өтө берди, бул таанышты, жакындашты, ажырашты, а сүйүү деген нерсе бир да жолу боло албады, далай окуялар өттү, бирок анын эч бири сүйүү эмес эле.

Мына эми, чачы агара баштаган кезде гана өмүрүндө биринчи ирет чындап сүйдү.

Анна Сергеевна менен Гуров бирин-бири эң эле жакын кишидей, күйөө менен аялдай, айрылгыс достой сүйөт; тагдырдын өзү буларды бирине-бирин арнап жараткансып, эмне үчүн Гуровдун аялы бар жана эмне үчүн беркинин күйөөсү бар экенин эч түшүнүшпөйт; бул экөө кадимки эркек, ургаачы келгин куш болуп, анан мындагылар кармап алышып, экөөн эки бөлөк капаска камап салышкан сыяктуу. Экөө өз башынан өткөргөн уяттуу нерселердин баарын бирине-бири кечирип коюшту, азыркыны да бүт кечиришти жана экөөн тең өзгөрткөн жалаң сүйүү деп билишти.

Мурда капаланган убакта Гуров өзүн башына түшө калган ар түркүн ойлорду жүгүртүү менен жубантуучу, ал эми ойлоно турган чамасы жок; кандайдыр ичи ачышкандыкты сезип, азыр сыр катпаган, назик киши болгусу келет…

— Кой эми, сулуум, — деди Гуров. Ыйлап алдың — жетет ушул. Эми, жакшылап сүйлөшөлү да, бир нерсени ойлоп табалы.

Анан булар көпкө чейин кеңеш куруп: элден жашынуу, алдоо, айрым шаарларда туруу, узак убакка көрүшпөй калуудан өздөрүн кантип куткаруу жөнүндө сүйлөшүштү. — Так ушул адам чыдагыс тушоодон бошоонун айласын кантип табабыз? — дешти.

— Кантип? Кантип? — деди Гуров, эки колу менен башын мыкчып.

Дагы аз эле болсо бул маселени чечишке жол табылып, анан эң сонун, жаңы турмуш башталганы турган сыяктанат; бирок мунун акыры көз жеткис алыс, ал эми иштин эң татаал түйүнү жана эң кыйыны азыр гана башталып жатканы экөөнө ачык түшүнүктүү болучу.

Которгон Касымбек ЭШМАНБЕТОВ