ЧЕХОВ Антон: Өч алуу (аңгеме)

АҢГЕМЕ

Чакан оокаттуу, жаш аялдуу жана кашка баштуу катардагы жай тургун Лев Саввич Турманов бир жолу таанышынын туулган күнүндө винт[1] ойноп калды. Кара терге түшүргөн, жакшылап бир утулуудан кийин ал капысынан эле көптөн бери арак иче электигин эстей койду. Ордунан туруп, бутунун учу менен калбаат чайпала басып үстөлдөрдү аралап, жаштар бийлеп жаткан мейманкана аркылуу (ал жерде сейрек сакалдуу жаш аптекачынын далысынан камкорсунган текебердик менен чапкылап койду) өтүп, андан кийин буфетке алып баруучу кичинекей эшикке жылт коюп кирип барды. Биерде, тегерек үстөлдө бөтөлкөлөр, суу куюлган айнек идиш турган… Алардын жанында, жайпак табакта башка закускелер менен аралаш пияз менен ашкөк жашыл түс берген, жарымына чейин желген селедка балыгы жатты. Лев Саввич чөйчөгүнө өзү куюп, сүйлөмөкчү болгонсуп абада колдорун кыймылдатты, чөйчөктөгүнү жутуп жиберип кыйналган ырай көрсөтүп, андан кийин аш айры менен балыкты сайды, анан… Бирок ушул жерде дубалдын ары жагынан үндөр угулду.

— Балким, балким… – аял токтолбостон шар сүйлөдү. – Бирок бул качан болот?

— Менин аялым, — Лев Саввич тааный койду. – Ал ким менен турат?

— Качан кааласаң, досум… – дубалдын ары жагынан эркектин жоон үнү жооп кайтарды. – Бүгүн анчалык ыңгайлуу болбой турат, эртең күнү бою бошобойм…

— “Бул Дегтярев! – Турманов бул үндөн тааныштарынын бирин тааныды. – Брут, сен да ошояккабы? Чындап эле аны да илештире койдубу? Не деген тойбос, тынчы жок катын! Сүйүүсүз эки күн да жашай албайт!”.

— Ооба, мен эртең бошобойм, — эркек сөзүн улантты. – Эгер кааласаң, эртең мага кат жазып кой… Бул үчүн бактылуу боломун… Бирок биз биздин кат алышуубузду ыраатташыбыз керек. Бир айла ойлоп табуу да зарыл. Почта менен жиберген анчалык ыңгайлуу эмес. Эгерде мен сага жазчу болсом, сенин күрп болгон үндүгүң почточудан катты алып алышы мүмкүн, эгер сен мага жазсаң, менин аялым мен жокто катты алып ачып окушу ыктымал.

— Эмне кылыш керек?

— Бир айла ойлоп табуу зарыл. Үй кызматчысынан бергенге да болбойт, себеби сенин Итикеевичиң кызматкер аял менен малайын катуу кармаса керек… Ал карта ойнойбу?

— Ооба. Келесоо дайым уттуруп басып жүрөт!

— Демек, аның сүйүүдөн жолдуу экен! – Дегтярев күлүп койду. – Мынакей, жаным, мен мындай айла таптым… Эртең, туптуура кечки саат алтыда кеңседен келатып, шаардык бак аркылуу өтөмүн, ал жерде бекетчи менен кезигишим керек. Угуп тур, жаным, саат алтыда, андан кеч калба, катыңды жүзүм чарпаясынын сол жагында турган, сен билген мармар вазага салып койгонго аракет кыл…

— Билем, билем…

— Бул поэтикалуу, сырдуу да, жаңыча да…  Сенин чедирекейиң да, менин аялым да шек санабайт. Түшүндүңбү?

Лев Саввич дагы бир чөйчөктү жутту да оюн ойнолуп жаткан үстөлгө карай жөнөдү. Азыр эле болуп өткөн ачылыш аны эч бир таңгалтырган да, ачуусун келтирген да жок. Кыжыры келген, жаңжал чыгарып, сөгүнүп, атүгүл мушташкан убактар эбак өткөн; ал буга колун шилтеп эми өзүнүн жеңил баа жубайынын сүйүү мамилелерине көңүл бурбай калган. Бирок ошентсе да аны жагымсыз сезим ээлеп алды. Күрп болгон үндүк, Итикеевич, чедирекей ж.б. мыскыл аттар намысын козгоду.

“Бул Дегтярев деген кандай митаам неме! – деп ойлоду ал утулуштарын жазып жатып. – Көчөдөн учурашканда сүйкүмдүү достой көрүнүп, тиштерин кашкайтып ичиңден сылайт, эми болсо кандай окторду куюп жатат! Жүзүңө карап дос деп атайт, артыңдан күрп болгон эркек да, чедирекеймин да…”

Жек көрүндү утулуштарына үңүлгөн сайын, таарынычы ошончолук оорлой берди…

“Жубарымбек… – деп ойлоду ал борду ачуулуу сындырып жатып. – Балакай… Байланышкым гана келбейт, болбосо сага Итикеевичти көрсөтмөкмүн!”.

Кечки тамакта ал Дегтяревдин бетине көңүлкош карай албады, ал болсо атайылагансып, ага суроолорду жаадырып жатты: уттуңбу? Эмнеге мынчалык кайгылуусуң? Ушул сыяктуу. Атүгүл, эски тааныштыгына салып, анын жубайын күйөөсүнүн ден соолугуна карабаганы үчүн жемелеп өттү. Жубайы болсо эчтеке болбогонсуп эрине жалжылдаган көздөрү менен карап, шаңдуу күлүп, айыпсыз түр менен быдылдайт, ошентип шайтаныңдын өзү да анын туруксуздугунан шек саначудай эмес.

Үйүнө кайтып келген Лев Саввич кудум кечки тамакта торпоктун этин эмес, эски кепич жеп алгандай ачуулуу жана каардуу отурду. Балким ал өзүн зордоп баарын унутар беле, бирок жубайынын тынымсыз шакылдагы менен арсыз жылмаюусу ирмем сайын ага күрп болгон эркек менен чедирекейди эстетип жатты…

“Арамзаны жаактан ары бериш керек болчу… “ – деп ойлоду ал. – Эл көзүнчө жаагын айрысам болмок”.

Ошентип ал Дегтяревди сабап салсам же жекеме жекеге чакырып карга сыяктуу атып салсам жакшы болор эле деп ойлонуп жатты… болбосо кызматынан түшүртүп же мармар вазага жаман нерсени, мисалы, сасыган өлгөн чычканды салып койсо…

Аялынын катын андан озунуп вазадан алып, анын ордуна “сенин Акулькаң” сыяктуу кол коюлган уятсыз ырларды коюп койсо жаман болбос эле.

Турманов көпкө чейин уктоочу бөлмөдө басып жүрүп өзүн ушуга окшогон кыялдар менен ырахатка батырып жатты. Капысынан ал токтоп калып маңдайына өзүн бир чапты.

— Таптым, керемет! – деп кыйкырып, канааттануудан улам атүгүл жүзү да жаркып кетти. – Бул эң сонун иш болот! Эң сонун!

Жубайы уйкуга кеткенде үстөлгө олтуруп көпкө толгонуудан кийин, кол жазмасын атайылап бузуп жана грамматикалык каталарды кетирүү менен мындай деп жазды: “Көпөс Дулиновго. Ырайымдуу таксыр! Эгерде бүгүн, 12-сентябрда кечки саат алтыда шаардык бактын жүзүм чарбагынан солго бурулгандагы мармар вазага эки жүз рубль салып койбосоңуз, анда сиз өлүмгө буйруласыз жана сиздин галантерея[2] күркөңүздүн чаңы асманга учат”. Катты жазып бүтүп Лев Саввич кубангандан ордунан ыргып кетти.

— Укмуш ойлоп табуу бекен, ээ? – колдорун сүргүлөгөн ал өзүнчө күбүрөнүп жатты. – Укмуштуудай! Мындан артык өч алууну шайтандын өзү да ойлоп таба албайт! Албетте, көпөс коркуп кетет да полицияга кабар берет, ал эми полиция кечки саат алтыда бадалга жашынат да – ана сага, көгүчкөн катты алганы келгенде кармап алат!.. Жаны чыгып кетер! Иш аныгына чыкканча, бул митайым азап тартып түрмөдө отурат… Баракелде!

Лев Саввич катка марка кагазын жабыштырып өзү почта жашигине алпарып келди. Түшүндө мемиреген жыргалга батып күлүмсүрөп уктаган ал бир далайга ойгонбоду. Эртең менен ойгонуп, кечинде ойлоп тапкан амалын эстей коюп, шаңдуу үн салып, атүгүл туруксуз аялынын ээгинен кармагылап койду. Кызматына жөнөп андан кийин кеңсесинде олтуруп да бир тынбай күлүмсүрөп Дегтяревдин тузакка түшкөндөгү коркунучтуу үрөйүн көз алдына келтирип жатты…

Саат алтыда чыдамы кетип, душманынын аргасы кеткен абалын көрүү үчүн шаардык бакка чуркап барды.

“Аха!” – деди ал полисайды көрө коюп.

Жүзүм чарбагына жетип, бадалдын артына отуруп вазадан көзү өтүп күтө баштады. Чыдамсыздыгы жетер чегине жетти.

Туура саат алтыда Дегтярев көрүндү. Жаш жигиттин маанайы көтөрүңкү көрүнөт. Бийик кырлуу калпагын (цилиндр) кежигесине кондурган, топчуланбаган күрмөсү менен ичиндеги кыска бешмантынан жан дүйнөсү кошо башбаккансыйт. Ал ышкырып, тамеки тартып келатты…

“Мына азыр күрп менен Итикеевичти билесиң!” – Турманов заар жылмайды. – Токтоп тур!”.

Дегтярев вазага жакын келип шашпастан вазанын ичине колун салды… Лев Саввич жүткүнө берип ага теше тиктеди… Жаш жигит андан чакан кагаз баштык сууруп чыкты, кагазды айланта карап ийинин кысты, андан соң чечкинсиздик менен кагазды ача баштады, кайрадан ийинин күүшөп, катуу таңгалгандай болду: баштыкта эки жылтыраган кагаз акчалар турган!

Дегтярев бул кагаздарды узакка тиктеди. Акырында ийинин күүшөгөнүн токтотпостон, аларды чөнтөгүнө салды да «Merci»[3] деди.

Бактысыз Лев Саввич да муну укту. Андан кийин ал Дулиновдун күркөсүнүн маңдайында туруп алып ага муштумун кезеп, кыжырланып жатты:

— Коркок! Көпөс! Жек көрүмчү Кит Китыч![4] Корркок! Чоң курсак коён!

1886

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

[1]  Төрт киши ойноочу карта оюнунун бир түрү.

[2] Күзгү, тарак, мээлей, ийне, жип-шуу сыяктуу түрлүү майда буюмдар сатылуучу дүкөн.

[3] Рахмат.

[4] Бай, оюна келгенди кылган караңгы адам.