ЧЕХОВ Антон: Сүйүү жөнүндө (аңгеме, которгон Азат Жапарбек)

АҢГЕМЕ

Эртеси күнү эртең мененки тамакка өтө даамдуу куймак, кой этинен жасалган котлет беришти, алар тамактанып отурганда коноктор түшкү тамакка эмне кааларын билип алайын деп үстүгө ашпоз Никанор келип кетти. Ал орто бойлуу, бети болпогой, көздөрү кичинекей киши эле, муруту кырылып турганы менен бир-бирден терилген сыяктанып турчу.

Алёхин, сулуу Пелагея ушул ашпозго ашык болуп калганын айтып калды. Ал киши аракеч жана чатак мүнөз болгондуктан, Пелагея ага турмушка чыкпай эле жүрө бергиси келиптир. А ашпоз өтө динчил болчу, диний көз карашы андай жашоого жол бербегендиктен, аны менен баш кошуусун талап кылып, мындан башка жол жок деп эсептеп, анын артынан мас болуп алып сөгүп-сагып, кээде какыс-кукус кылып койчу экен.

Ал мас кезде Пелагея үстүгө чыгып, жашынып алып боздоп ыйлачу, андай күндөрү Алёхин менен үй кызматчы кокус бир нерсе болуп кетсе арачалап калалы деп калып калышчу.

Анан ошентип сүйүү жөнүндө сүйлөшө кетишти.

— Сүйүү кантип жаралат? – деп баштады Алёхин, — эмнеге Пелагея башка бирөөнү эмес, өзүнө көңүлү жагынан да, сырткы келбети боюнча да төп келген адамды эмес, жоктон тапкансып так ушул Никанорду, дал ушул мокочону сүйүп калды дейсиңер, аны биякта баары эле мокочо дейт экен, анткени, сүйүүдө өздүк бактылуулук маселеси маанилүү, мунун баары табышмак, ошондой эле мунун баары жөнүндө ар кандай бүтүм чыгарса болот. Ушуга чейин сүйүү тууралуу бир гана талашсыз чындык – “жандырмагы жок табышмак” экендиги айтылган, мындан башка сүйүү тууралуу жазылган, айтылгандын баары жооп эмес эле, ошол бойдон чечилбей келген суроолордун топтому болуп кала берген. Кайсы бир учурга жарай турчудай сыяктанган түшүнүк калган он учурга, окуяга жарабай калат, ошондуктан, менимче, ар бир учурду, окуяны жалпылаганга аракет кылбастан, өз-өзүнчө түшүндүрүп берген жакшы. Доктурлар айткандай ар бир окуяны бир-бирден жиликтеп чыгыш керек.

— Туп-туура! – деп макул болду Буркин. – Биз, орустар, ак ниет адамдар, чечилбеген суроолорго эле жармаша бермей адатыбыз бар. Негизи, адат боюнча сүйүүнү ырга салышат, булбулдар, роза гүлдөрү менен кооздошот, биз болсо, орустар, сүйүүбүздү так ушул арты жаман суроолор менен кооздоп, анысы аз келгенсип такыр кызыгы жокторун тандап алабыз. Москвада студент болуп жүргөн кезде бир сүйкүмдүү аял теңтушум бар эле… дайыма кучагымда турган кезде ай сайын ага канча береримди, базарда уй эти канчадан болуп атканы тууралуу ойлоно берчү. Баарыбыз мына ушинтип, сүйгөн учурда өзүбүзгө суроо бермейинче тура албайбыз: туурабы же туура эмеспи, эстүүлүкпү же келесоолукпу, аягы эмнеге алып барат жана башкалар. Жакшыбы же жаманбы, билбейм, бирок мындай суроолор тоскоол болуп, канааттандырбастыгын, кыжырды келтирерин билем.

Бир нерсени айткысы келип тургансыды. Жалгыз жашаган кишилердин ичинде башкаларга дайыма чын көңүлдөн айтып бергиси келген кандайдыр бир нерсе бар. Шаардык бойдоктор атайылап бирөө менен баарлашуу үчүн гана мончого же ресторандарга барат да, кээ бир учурда мончочуларга же официанттарга кызыктуу окуяларды айтып берет, айылда болсо алар өз ичиндегисин конокторуна төгүп берет. Ошентип, терезеден бозоргон асман, жаанга суу болгон бак-дарактар көрүнүп турду, күндүн ырайы минтип турганда эч жакка чыга албайсың да, ичиңдегини айтып, анан башканын кебин угуп отуруудан башка айла табылбайт.

— Университетти бүтүп келгенден бери Софьинодо жашап, дыйканчылык менен алектенип келем, — деп сөз баштады Алёхин. – Негизи ак колмун, кара жумушка жокмун, бирок бияктагы үлүш жериме келгенде карыз көбөйүп кетиптир, а чыгашасы көбөйгөн атам менин окуума деп кез-кезде карыз ала койгондуктан, мен бул жактан кетпей, карыздардан кутулмайынча акырындан кыбырай берейин дедим. Ошентип иштей баштадым, ичим жылыбаганын моюнума алышым керек. Бул жердин топурагы анча деле түшүм бере бербейт, айыл чарба зыян тартып калбашы үчүн малайлар же жалданма дыйкандардын күчүн колдонуш керек, экөөнүн көп деле айырмасы жок же болбосо өзүң да даана дыйкандарча жашашың керек, тагыраак айтканда, талаада өзүң, үй-бүлөң менен кошо иштешиң керек. Башка айла жок. Бирок алгач андай болорун билген эмесмин.

Бир карыш жер калтырбай иштетип, коңшу айылдардын бардык эркек-катындарын чогултуп келдим, жумуш иттей кычап атты, өзүм да айдап, сээп, чаап, ошол эле убакта эригип, моюнум жар бербей, айласы кетип курсагы ачканда бадыраң жеген айылдык мышыктай болуп кабагым түйүлүп жүрө бердим, денем ооруп, турган жеримен уктачу болдум. Башында мындай кара жумуш турмушту өзүмдүн шаардык адаттарым менен оңой эле чогуу алып кете алчудай сезилген; ал үчүн жашоодо белгилүү бир тышкы тартипти карманыш зарыл деп ойлогом.

Анан ушу үйдүн үстүңкү кабатындагы көчөгө караган бөлмөлөрүнө жайгаштым да, эртең мененки жана түшкү тамактан кийин кофе менен ликёр берилгидей кылдым да, жатып уктарда “Европа жарчысын” окууну адат кылдым. Бирок күндөрдүн биринде биздин молдокебиз, Иван аке келип, ликёрумдун баарын бир жутуп түгөтүп койду; “Европа жарчысы” да молдокенин кыздарына кетти, анткени жайында, өзгөчө чабык учурунда окуганды койдум, өз төшөгүмө жетпей эле, сарайдагы чананын үстүнө кулап же эптеп баш калкалай турган жер таап, уктап калчу болдум. Акырындап үйдүн ылдыйкы кабатына түштүм, малайлар менен кошо тамактанып калдым да, мурдагы жыргал жашоодон дагы эле атама каралашып жүргөн, бошотуп ийүүгө дитим барбаган жалгыз ушул үй кызматчысы калды.

Алгачкы жылдары эле мени бул жакта элдештирчү ардактуу соттордун катарына кошуп коюшту. Кез-кезде шаарга барып, курултай жана аймактык соттун жыйналыштарына катышып туруу керек эле, ушунун артынан эриккеним жазылып калчу. Бул жактан сыртка чыкпай эки-үч ай жашасаң, өзгөчө кышында, баары бир кара сүртүктү сагына баштайсың. Аймактык сотто болсо сүртүктөр да, мундирлер да, фрактар да бар, баары укукчу, жалпы билим алган адамдар; баарлашып чер жазышканга киши табылат. Чанадагы уйкудан кийин, малайлардын ашканасынан кийин олпок отургучта, таза кийим менен жеңил бут кийим кийип, моюнуңа белги илип отуруу – өзүнчө эле жыргал да!

Шаарда мени жылуу тосуп алышчу, мен да чын жүрөктөн баары менен таанышып жүрдүм. Бардык таанышуулардын арасынан эң салмактуусу жана чынын айтсам, эң жагымдуусу – аймактык соттун төрагасынын орун басары Луганович менен болгон таанышуу болду. Аны экөөңөр тең тааныйсыңар, жакшы киши. Так баягы эл оозунан түшпөгөн өрттөөчүлөрдүн ишинен кийин таанышканбыз: соттук териштирүү эки күндөн бери бүтпөй, чарчап калган элек, Луганович мага кайрылып:

— Бир нерсе айтайынбы? Жүрүңүз, меникинен тамактанып келебиз.

Луганович менен анча деле тааныш эмес элем, жөн гана расмий түрдө эле, үйүнө да барып көргөн эмесмин. Өзүмдүн мейманканадагы бөлмөмө кийим алмаштырып алганы шарт кирип чыктым да, тамакка жөнөдүм. Дал ошондо Лугановичтин аялы Анна Алексеевна менен таанышып калдым. Ал кезде ал жашы жыйырма экиден аша элек жаш келин эле, жарым жыл мурда тун балалуу болушкан. Өткөн иш дечи, ошол убакта анда укмуш эмне бар эле, анын мага анчалык эмнеси жакканын чындыгында айтуу кыйын, бирок ошол түшкү тамакта баардыгы бештен белгилүү болчу; мурда такыр жолугуп көрбөгөн жаш, сулуу, ак көңүл, билимдүү, жылдыздуу аялды көрүп турдум да, дароо өзүмө жакын, тааныш жандай сезип, дал ушул жылуу жүз, акылдуу көздөрдү тээ бала чагымда апамдын суурмасында жаткан альбомдон көргөндөй болдум.

Өрттөөчүлөрдүн иши боюнча, менимче, жөн жерден төрт жөөткө айып тагылып, кылмыш тобу катары таанылды. Тамактануу учурунда мен иттей толкунданып, өзүмдү жаман сезип турдум, эмне жөнүндө сүйлөп жатканым эсимде жок, бирок ошондо Анна Алексеевна улам-улам башын чайкап, күйөөсүнөн:

— Дмитрий, ушундай да болобу, э? – таң кала сурап жатты.

Луганович болсо, эгер бирөө сотко түшүп калган болсо анда анын күнөөсү бар, соттук чечим туурабы, туура эмеспи – аны мыйзам боюнча тамак же жөнөкөй маек учурунда эмес, кагаз бетинде гана тактоо керек деген ойдон кайтпаган ачык-айрым, ак көңүл кишилердин катарына кирчү.

— Биз экөөбүз өрттөп ийген жокпуз да, туурабы, ошондуктан мына бизди соттоп, түрмөгө камаган жок, — деп жумшак жооп кайтарып отурду.

Эрди-катын, экөө тең мени жакшылап жеп-ичип алсын деп аракет кылып жатышты; кээ бир майда нерселерден, мисалы, экөөнүн чогуу кофе кайнатканы, же бири-бирин айттырбай түшүнгөнүнөн алар урушпай-талашпай, ынтымактуу жашап, келген конокко кубанып турушканын билип турдум. Тамактанып алган соң роялда чогуу ойноп, караңгы кирип калганда кайра кайттым. Анда эрте жаз эле. Анан жайды-жайлай, Софьинодон чыга алган жокмун, шаар жөнүндө такыр ойлонбосом да, сымбаттуу ак саргыл келинди күн сайын эстеп жүрдүм; аны ойлочу деле эмесмин, бирок анын кандайдыр бир жеңил көлөкөсү жүрөгүмө түшүп калгансыды.

Кеч күздө шаарда кайрымдуулукка багытталган спектакль бар эле. Губернаторлордун ложасына кирип барсам эле (мени ал жакка антрактта чакырып калышты), губернатордун аялынын жанында Анна Алексеевна отурат, анан кайра баягы сулуулуктун жана назик көздөрдүн сүйкүмдүү, жүрөктү тепкилеген таасири, баягы эле жакындык сезими.

Экөөбүз жакын отурдук, кийин фойеге чыктык.

— Арыктап кетиптирсиз, — деп калды. – Оорудуңузбу?

– Ооба. Ийниме суук тийгизип алдым, күн суукта жакшы уктай албай жүрөм.

— Жүдөп да калыптырсыз. Жазында түшкү тамакка келгенде жашыраак, тыңыраак болчусуз. Анда көңүлүңүз да көтөрүңкү эле, көп нерсени абдан кызыктыра айтып бердиңиз эле, чынын айтсам, бираз жагып да калгансыз. Эмнегедир жай бою эстеп жүрдүм, анан мына бүгүн театрга келерде эмнегедир сизди көрчүдөй болгом.

Анан күлүп калды.

— Бирок бүгүн шалдырап турасыз, — деп кайра кайталады. – Картайыңкы да көрүнүп калат экенсиз.

Эртеси эртең менен Лугановичтердикинде тамактандым; андан соң алар кышкыга даярданып алуу үчүн шаардын сыртындагы үйүнө мени чогуу алып алышты. Алар менен кошо кайра келдим да, түн жарымында алар менен кошо үй очоктун маңдайында тынч, үй бүлөлүк чөйрөдө чай ичип отурдум, жаш эне кызы уктап атабы деп улам барып текшерип келет. Ушундан кийин улам шаарга келген сайын дайыма Лугановичтин үйүндө болуп турдум. Алар мага көнүп алышты, мен да аларга. Дайыма эмнеге келгенимди айтып отурбай эле өз кишидей кирип бара берчүмүн.

— Ким бул? – деп алыскы бөлмөлөрдөн мага ушунчалык керемет созулгансып сезилген үн угулчу.

— Павел Константиныч экен, — деп үйдүн кызматчысы же бала караган аял жооп берчү.

Анна Алексеевна сары санаага баткан түр менен чыгып келип, ар келгенимде минтип сурап калчу:

— Эмнеге көптөн бери келбей койдуңуз? Бир нерсе болдубу?

Анын көз карашы, мага узаткан көркөм, асылзат колу, анын үйдүк көйнөгү, чачтарамы, үнү, басышы ар дайым жаңы, жашоомдо көндүмдөн тыш жана маанилүү нерсе көргөндөй сезим калтырар эле. Биз көпкө сүйлөшүп, көпкө чейин унчукпай ар бирибиз өз оюбуз менен алышып отуруп, же болбосо ал мага роялда ойноп берип калар эле. Эгерде үйдө бирөө-жарым болбой калса, кетпей күтчүмүн, бала багуучу менен сүйлөшүп, бала менен ойноп же кабинеттеги түрк диванына жатып алып гезит окучумун, анан Анна Алексеевна келгенде босогодон тосуп алып, колундагы сатып келгендерин эмнегедир так эле жаш баладай сүйүнүп, кубанып көтөрүп алчумун.

Бекер турганча, бекер иште деген кеп бар эмеспи. Ошентип Лугановичтер бекер турбай, мени дос кылып алышты. Эгер мен шаарга көпкө чейин келбей калсам, демек, ооруп же дагы бир нерсе болуп калганда, экөө тең катуу сары санаа болушчу. Алар мага, билимдүү, тил билген киши болуп туруп илимий же адабий иш менен алек болуунун ордуна, айылда жашап, эшектей иштеп, мээнет кылып, чөнтөгүмдө сокур тыйынсыз калганыма сары санаа болушар эле.

Аларга мен азап тартып жүргөндөй сезилип, атайын өзүмдүн азабымды жашыруу үчүн сүйлөп, күлүп, жеп аткандай сезилчү, жада калса көңүлүм ачык болуп турган жакшы кездерде да бир нерсе бардай кунт коюп сынап карап турущканын сезчү элем. Мен чындап кыйналып турган учурларда, карызын доолап келгендер кыстаганда, же төлөчү акчам аны-мунусуна жетпей калганда алардын кылган мамилеси ичимди элжиретип ийчү; экөө тең терезенин түбүнө барып шыбырашып, андан соң күйөөсү келип, олуттуу түр менен:

— Павел Константиныч эгер азыр сизге акча керек болуп жатса, жубайым экөөбүз сизди бизден тартынбай эле ала беришиңизди суранабыз.

Анан толкунданып, бети кызарып кетчү. Кээде дал ушинтип, терезенин түбүндө шыбырашып, анан бети кызара менин жаныма келип:

— Биз аялым экөөбүз ушул белекти колубузду суутпай чын жүрөктөн кабыл алып коюшуңузду өтүнөбүз.

Анан ошентип жең илмек[1], портсигар же лампа узатчу; мен аларга жооп катары айылдан куш эти, май жана гүл жөнөтчүмүн. Айтмакчы, алар бардар жашашчу. Эң башында карызды улам-улам, каяктан болсо да көп деле ылгабастан ала берчүмүн, бирок Лугановичтерден карыз алууга мени эч кандай күч мажбурлай алчу эмес. Кантип алмак элем!

Шордуу элем. Үйдө да, талаада да, сарайда да аны эстеп, чал болоюн деп калган даамы жок кишиге тийип, балалуу болуп алган жаш, сулуу, эстүү келиндин ичинде эмне сыры бар экенин билгим келчү, ой жүгүртүүсү туура, бирок тажатма, той-топурларда өзүнө окшогон чалдар менен туруп алган, бошоң, эч кимге кереги жок, бул жакка атайын бир нерсе сатуу үчүн отургузуп коюшкансып элпек, көңүл кош түрү бар, даамы жок, ошентсе да, бактылуу болууга, аялы менен тукум улоого укугу бар экенине ишенген, ак көңүл, куулук шумдугу жок ушул кишинин эмне сыры бар экенин түшүнгүм келчү; ал жаш келин эмне үчүн мага жолукпай, дал ошого жолугуп калды экен, жашообузда ушундай чоң катачылыктын эмнеге кереги бар эле, түшүнгөнгө аракет кылып жүрчүмүн.

Мен болсо шаарга келген сайын анын көздөрүнөн мени күтүп жүргөнүн байкачумун; жада калса менин келеримди ал өзү эртең менен эмнегедир туюп, сезип, ичинен билип отурганын айтып калчу. Көпкө чейин сүйлөшүп, көпкө чейин тынч отуруп, бирок өз сүйүүбүздү бири-бирибизге билдире албай, аны тартына, кызгана жашырып отура берчүбүз. Биз өзүбүздүн ичтеги сырыбызды кайра эле өзүбүзгө ачып бере салчу ар нерседен коркчу элек. Мен бапестеп сүйдүм, терең сүйдүм, ошентсе да биздин сүйүүбүз, эгерде ага каршы күрөшкөнгө алыбыз жетпей калса кайда алып барат деп ойлонуп, өзүмөн-өзүм сурап жүрдүм; менин тымызын, муңдуу сүйүүм анын күйөөсүнүн, мени жакшы көрүп, мага ишенген ушул үйдүн, ушул үйдөгү балдардын бактылуу жашоо агымын күтүүсүздөн тык токтотуп салары чындыкка дал келбечүдөй сезилчү. Деги туурабу ушул? Ал мени ээрчисе деле, каякка бармак элек? Каякка алып бармак элем? Жашоо-турмушум кызыктуу, керемет болсо бир жөн, мисалы, мен Ата-Мекенди баскынчылардан бошотууга катышкан баатыр же атактуу илимпоз, артист, сүрөтчү болсом дегендей, болбосо кадимки күнүмдүк көр оокат менен алышкан турмуштан алып дал эле ошондой же андан да кадыресе турмушка салмак белем. Биздин бактыбыз канчага чейин жашамак? Эгерде мен ооруп, өлүп калсам же экөөбүздүн ортобуздагы жалын өчүп калса, ал кандай күндү көрмөк?

Ал да ушинтип ойлосо керек. Ал да күйөөсүн, балдарын, күйөө баласын өз баласындай көргөн энесин ойлоду да. Эгер ал өз сезимине алдырып ийгенде, калпын же чынын айтуу зарыл болуп калмак, ага болсо эки жагдай тең бирдей опурталдуу да, ыңгайсыз да болчу. Аны кыйнаган бир маселе бар эле: анын сүйүүсү мага бакыт алып келеби, же менин турмушумду балээге толтуруп оорлоштуруп алабы? Ал өзүн эми мен үчүн анча жаш эместей, жаңы турмуш куруу үчүн анчалык эмгекчил жана кайраттуу эместей сезе берчү, анан күйөөсүнө дайыма акыл-эстүү, мени сыйлаган, оокатка тың кызды алышым керек экенин айтып, дароо артынан шаарда андай кыз араң табылса керек деп калчу.

Ошентип, жылдар өтө берди. Анна Алексеева эки балалуу болуп калды. Лугановичтерге барган сайын кызматчысы жылмайып тосуп алып, балдары Павел Константиныч келди деп чурулдашып, моюнума асылып алып баары жыргачу. Ичимде эмне болуп жатканын билбей, мени да сүйүнүп атат деп ойлошчу. Баары тең мени жакшы деп билишчү. Чоңдор да, балдар да үйдө жакшы киши жүрөт деп сезип, бул сезим мен барда алардын да жашоосу тазарып, шаңдуу болуп калгансып, алардын мага болгон мамилесине кандайдыр бир жылуулук тартуулап турар эле.

Анна Алексеевна экөөбүз театрга ар дайым жөө барчубуз; бири-бирибизди жандап отурчубуз; ийиндерибиз тийишип, анын колунан унчукпастан дүрбүнү алып жатканда ал мага жакын экенин, ал мендик экенин, биз экөөбүз бири-бирибиз жок жашай албайт экенибизди сезчүмүн, бирок театрдан чыгып, кандайдыр бир катачылыктын айынанбы билбейм, чоочун адамдардай коштошуп, тарап кетчүбүз. Элдин арасында биз жөнүндө кандай кептер айтылып жүргөнүн бир кудай билет, бирок ошол айтылгандардын бирөө да чындыкка дал келчү эмес. Акыркы учурларда Анна Алексеевна бирде энесиникине, бирде сиңдисиникине деп көп каттачу болду; маанайы да жаман болуп кала баштады, жашоосу бузулганын, канааттанбаганын сездиби, айтор, күйөөсүн да, балдарын да көргүсү келбей калчу болду. Ошентип, нервдери бузулуп, дарылана баштады.

Бири-бирибизге ооз ачпай, сүйлөшпөй да калдык, а башкалардын арасында мага каршы бир кызыктай туталанмай адат таап алды; бир нерсе айтсам макул болбой, эгерде өз оюмду талаша баштасам мага каршы болгондордун тарабын карманып алмай болду. Колуман бир нерсе түшүп кетсе, кыртышы сүйбөй:

— Ий, кыйратпадыңызбы! – дей салчу.

Эгер аны менен театрга баратып, дүрбүнү үйдө унутуп калган болсом:

— Унутуп каларыңызды билгем, — дечү.

Жакшыбы, жаманбы билбейм, бирок жашообузда бир да окуя өз убагынан эрте же кеч бүтүп калбайт. Ошентип, айрылууга убакыт келип жетти, анткени, Лугановичти батыштагы губерниялардын бирине жетекчи катары дайындашыптыр. Эмеректерди, аттарды, дачаны сатыш керек эле. Дачага барып кайра кайтып келатканда, баарыбыз акыркы жолу бакчаны, жашыл чатырды карап алып кайгыга батып бараттык, мен болсо жалгыз гана дача менен коштошуп жатпаганымды билип турдум. Августтун аягында Анна Алексеевнаны доктурлардын сунушу боюнча Крымга жөнөтмөй болдук, андан соң Луганович балдар менен кошо өзүнүн батыштагы губерниясына кетмей болду.

Анна Алексеевнаны жоон топ менен узаттык. Ал күйөөсү жана балдары менен коштошуп бүтүп, үчүнчү коңгуроого аз калганда, купесиндеги текчеге аз жерден унутуп таштап кете жаздаган себетин коюп коёюн деп чуркап кирип бардым; коштошуп алайын дегем. Ошол жерде, купеде, көздөрүбүз чагылыша кетти, ичибизде болгон күч оргуштап чыкты да, аны кучактадым, ал менин көкүрөгүмө бетин жөлөдү да көзүнөн жаш жая берди; жаш чайыган бетинен, моюнунан, колдорунан өөп, — кудай ай, ушунчалык бактысыз белек! деп – сүйүп жүргөнүмдү айттым, ошондо гана биздин сүйүүбүзгө тоскоол болуп көрүнгөн нерселер канчалык кереги жок, майда-барат жана болор-болбос нерселер экенин түшүнүп, жүрөгүм зыркырады.

Эгерде бирөөнү сүйсөң, ал сүйүү тууралуу ойлонордо жөнөкөй бактылуулук же бактысыздык эмес, жаман же жакшы эмес, а эң башкысынан, эң маанилүүсүнөн башташ керек, андан башкасын ойлоп такыр кереги жок.

Акыркы жолу өөп, колун кыстым, анан коштоштук – түбөлүккө. Поезд ордунан жыла баштаган. Мен коңшу купеге отуруп алып, – ал жак бош болчу, — кийинки станцияга чейин ыйлап бардым. Андан соң Софьиного жөө кеттим…

Алёхин окуясын айтып бергиче жаан басылып, күн чыгып калган. Буркин менен Иван Иваныч балконго чыгышты; бул жактан бакча менен токой абдан кооз көрүнчү, эми күн чыгып күзгүдөй жалтырап калган экен. Алар табиятка суктанып, ошол эле убакта башынан өткөнүн чын ниети менен айтып берген, көздөрүнөн ак көңүл, эстүүлүгү көрүнүп турган ушул адамдын жашоосун жеңилдете турчу илим же дагы ошого окшогон нерсе менен алек болбостон, ушул жерде, атасынан калган килейген ээликте эшектей иштеп жүргөнүнө боору ооруп турушту; аны менен купеде бетинен жана моюнунан өөп коштошуп атканда жаш аял кандай гана тоодой кайгыга батты экен деп ойлоп отурушту. Экөө тең ал келинди шаарда көрүп калышчу, ал турсун Буркин аны менен тааныш эле, ичинен сымбаттуу экен деп да ойлоп койчу.

1898

Которгон Азат Жапарбек

 

[1] Запонка