ЧЕХОВ Антон: Үй-бүлөнүн атасы (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Адатта мындай учурлар картадан биртоп уттуруп же аябай ичкендин эртеси, дене-башы тырышып турган кездерде болот.

Степан Степаныч Жилин ал күндөрү көңүлү чөгүңкү тартып ойгонот. Кебетеси кетип, уйпаланып, ушаланып, кубакай жүзү бирөөгө же бир немеге таарынган адамдардыкындай тырышып калган. Ал жайма-жай кийинип, муздак суудан бир чөмүч ичет да, бөлмөлөрдү кыдырып ары-бери баса баштайт.

– Бул эшикти кандай айбан ачык таштаганынын билгим келет? – деп күңкүлдөйт ал жиндене, халатынын этегин кымтылай басып баратып, түкүрүнө.

– Алгыла бул кагазды! Бул жерге эмне аны чачып салгансыңар? Жыйырма кызматчы кармайбыз, тартип трактирдегиден да жаман. Коңгуроону ким кагып атат? Дагы кимиси келди?

– Бизин Федянын киндик апасы, Анфиса чоң эне келиптир, – деди аялы.

– Темселеп жүрө беришет тамак аңдып…бекерпоздор!

– Сени түшүнүп болбойт, Степан Степаныч. Өзүң чакырып аласың да кайра аны тилдеп каласың.

– Тилдеген жокмун, дегинкисин айтып атам. Колуңду куушуруп бекер отуруп алып мени менен сөз талашкандан көрө бир иш кылбайсыңбы! Ит болоюн! Ушул аялдарды түшүнбөйм! Түшүнсөм кудай урсун! Керээлдин кечке бир иш кылбай кантип жүрүшөт? Күйөөсү өгүздөй болуп кара жанын карч уруп иштеп жүрөт, а аялы, өмүрлүк шериги үйдө тоту куштай болуп отуруп алып, эриккенден, кантип күйөөсү менен уруш баштасам деп шылтоо издейт. Энеси, институтта окуп жүргөндөгү адаттарды таштаганга убакыт жетти! Сен эми институттун окуучусу эмессиң, жаш кыз эмессиң, сени туу катын дейт, сен энесиң! Эмне тескери карайсың? Ага! Ачуу чындыкты уккуң жок да ээ?

– Ушу сенин ачуу чындыкты бооруң ооруп калганда эле айтканың кызык да.

– Дагы баштадыңбы, башта, баштай бер…

– Кечээ сен шаардан чыгып бир жакка барып келдиңби? Же бирөөлөрдүкүнө барып баягы картага кирдиңби?

– Ошондой болсо эмне экен? Кимдин кандай иши бар? Эмне, мен бирөөгө кайда жүрүп, эмне кылганымды айтып бергенге милдетүүмүнбү? Мен башка бирөөнүн акчасын уттуруп жатыптырмынбы? Мен өзүмө  коротсом да, ушул үйгө коротсом да, ал акчанын баары меники! Угуп жатасыңарбы? Меники!

Андан ары да ушул сыяктуу улана берет. Бирок Степан Степанович эч качан түшкү тамактын убагында бардык үй-бүлө мүчөлөрү чогуу отурган кездегидей, бардык нерсени көрө билген көрөгөч, билерман, тартипти бекем кармаган акыйкат адам боло албайт. Адатта, жөнөкөй эле шорподон башталат. Шорподон бир ууртайт да чекесин тырыштырып, кашыкты ыргытат.

–Шайтан алгыр десе… – кобурана баштайт. – Трактирге барып тамактанат окшоймун.

– А эмне болуптур? – дейт аялы кабатырланып. – Шорпо жаман болуп калыптырбы?

– Билбейм, мындай боткону ичиш үчүн чочконукундай табит керек ко…Тузунун ачуусун айт, майлык даамданат, пияздын ордуна канталага окшогон бир нерсе салып жибергендей…Жөн эле жиниң кашаят, Анфиса Ивановна! – деп кайрылат ал конок кемпирге карап. – Өзүңдөн аяп күн сайын тамак ашка деп канчалаган акча бересиң…Анан берген тамактары ушул! Алар мени кызматымды таштап, өзүмдүн ашканага барышымды каалашат окшойт.

– Бүгүнкү шорпо жакшы эле окшойт…– акырын үн катты үй кызматчысы.

– Ошондойбу? Сиз ошондой деп ойлойсузбу?– дейт Жилин, ага көзүн жүлжүйтө карап.

– Эми, ар кимдин табити ар башка да. Моюнга алсак, чындыгында эле экөөбүздүн табитибиз бири-бирине дал келбейт, Варвара Васильевна. Мисалы, сиз бул баланын жүрүм-турумун жактырасыз (Жилин жактырбагансып, колун өзүнүн уулун карай шилтеп койду), сиз аны аябай укмуш көрөсүз… а мен болсо ага нааразымын… Ошондой!

Жүзү ооруган немедей кубарган жети жашар Федя, кекиртегинен тамак өтпөй, башын ылдый салып, ого бетер бопбоз боло түштү.

– Ооба, сиз аны жакшы көрөсүз, а мен ага нааразымын… Кимибиздики туура экенин билбейм, бирок атасы катары мен аны сизден жакшы билем го деп ойлойм. Карабайсызбы отурганын! Тарбия көргөн бала ушинтип отурабы? Түз отур!

Федя ээгин өйдө көтөрүп, моюнун түзөмүш болду, өзүнө эми түз отургандай сезилди. Көзү жашылданып, жаш тегерене баштады.

– Же тамагыңды! Кашыкты туура карма! Шашпа, сенин тарбияңды  өзүм колго албасам болбой калды! Токтот ыйлаганыңды! Менин көзүмө кара!

Федя атасына тик караганга аракет кылды, бирок бетинин булчуңдары титиреп, көздөрү жашка толуп чыкты.

– Ааа… сен ыйыңды баштадыңбы! Бир күнөөң бар да. Болбосо эмнеге ыйлайсың? Тур, бурчка бар, айбан!

– Ой, адегенде тамагын ичип алсын! – аялы болуша кетти.

– Ичпейт тамакты! Мындай шүмшү…тентектер тамак ичкенге акысы жок!

Федя, дене бою титиреген боюнча стулдан жылбышып түштү да бурчка жөнөдү.

– Бул башталышы гана!– деп улантты андан ары. – Сени эч ким тарбиялагысы келбесе, эми өзүм киришем. Сен эми тентектик да  кылбайсың, тамак үсүндө да  ыйлабайсың! Иштеш керек! Түшүнөсүңбү? Иштеш керек! Атаң иштеп жатат, сен дагы иштешиң керек! Эч кимдин бекер нан жегенге акысы жок! Адам болуш керек! Адам!

– Токтотчу, бай болгур! – деп суранды аялы франзусча, – Жок дегенде бөтөн адамдардын көзүнчө кишини жей бергениңди койчу…Тиги кемпир элдин баарына жаят…

– Мен эч кимден коркпойм,– дейт  Жилин орусча. – Анфиса Ивановна менин туура айтканымды көрүп турбайбы. Эмне, сенин оюң боюнча балаңды макташым керекпи? Бул балага канча акча жумшап жатканымды билесиңби? Эй, иттин баласы, сага канча акча кетип жатканын билесиңби? Же сен мени акча чыгарган фабриканын ээси дейсиңби? Же акчаны мага бирөө бекер берип жатыптырбы? Токтот ыйыңды! Жаагыңды бас! Угуп жатасыңбы? Эмне, азыр таяк жегиң келип калдыбы?

Федя мурдагыдан да катуу озондоп ыйлай баштады.

– Болду эми, мындан ары чыдай албайм! – деп энеси кол аарчыны столго ыргытты да, туруп кетти,– Бир тынч тамак жедирбей койдуң го! Милдет кылып берген тамагың мына мобу жеримде турат!

Ал кекиртегин көргөздү да, көзүн бет аарчысы менен аарчыган бойдон ашканадан чыгып кетти.

– Таарынып калышат… – дейт Жилин, калп күлүп. – Назик тарбия алышкан… Ушундай, Анфиса Ивановна, чындыкты уккулары жок… Аны айтсаң өзүң күнөөлүү болуп каласың!

Бир нече мүнөт жымжырт болуп сүйлөбөй отуруп калышты. Жилин тигилердин астындагы табактарына көз жүгүртүп, куюлган шорпого эч кимиси кол тийгизбей отурушканын көрүп күрсүнүп алды да, толкундангандан жүзү кызарып чыккан үй кызматчыны тигиле карады.

–Тамагыңызды эмне жебейсиз, Варвара Васильевна?– деп сурайт ал,– Таарынып калдыңызбы? Тэк‑с… Чындык жакпайт экен да ээ. Кечирип коюңуз, менин мүнөзүм ушундай, кошоматчылыкты жактырбайм, болгонун болгондой айтып коймоюм бар (үшкүрүп койду).  Байкасам, менин бул жерде отурганым эч кимге жакпайт окшойт. Же сүйлөбөйсүңөр, же алдыңардагы тамакты жебейсиңер… Мейли… Айтып койсоңор жана эле кетип калмакмын… Мына кеттим эмесе.

Жилин столдон туруп, баркын сактап, салмактуу басык менен эшикти карай жөнөдү. Алигиче ыйлап жаткан Федянын жанына бир аз токтоду.

– Ушундан  кийин сиз бошсуз! – деди ал Федяга, башын бийик көтөрүп. – Мен сиздин тарбияңызга мындан ары кирише албайм! Атаң катары мен сага жакшылык гана каалаган себептүү сизди жана сиздин коргоочуларыңыздын тынчын алып койсом кечирип коюңуз. Мындан ары сиздин тагдырыңыз мени кызыктырбайт, жоопкерчиликти толугу менен өзүмдөн алып салдым…

Федя ого бетер озондоп коё берди. Жилин маанилүү турпатын бузбай бурулду да, өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти.

Түштөн кийин уйкусун кандырып алып турган Жилин жанагы кылган кылыгын эстеп уяла баштады. Аялынын, баласынын, Анфиса Ивановнанын алдында өзүн ыңгайсыз сезип, бир жаман абалга туш болду, бирок тигилерге кылгандарын моюнуна алып, кадыр-баркын төмөн түшүргөнгө эрки жетпей, баштагыдай эле күңкүлдөгөнүн улантты…

Эртеси таңы менен жакшы маанайда ойгонду, көңүлдүү обондордон ышкырынып жүрүп жуунду. Кофе ичкени ашканага кирсе, Федя отурган экен, ал атасын көрүп,  алактап тура калды.

– Аа, кандай жаш жигит? – дейт Жилин столго отуруп жатып көңүлдүү, – Эмне жаңылыгың бар, жаш жигит? Жашоо кандай? Кел бери, эркем, атаңдын бетинен өөп кой.

Маанилүү жүзү кубарыңкы тарткан Федя, титиреген эриндери менен атасынын бетинен өөп, ордуна барып отурду.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ