ЧЕХОВ Антон: Чыт курсактар (аңгеме, которгон Айжан АТАКАНОВА)

АҢГЕМЕ

Аталар, апалар жана Надя эжеке үйдө жок эле… Алар кичинекей боз ат минген улуг офицерге кетишкен. Алардын кайтып келүүсүн күтүп отурган Гриша, Аня, Алеша, Соня жана ашпозчунун уулу Андрей ашканадагы үстөлдө лото ойноп отурушкан. Чынында алардын уктар маалы келип, бирок баласы кайда болгонун, кечки тамакка эмне берилгенин апасынан билбей туруп уктоого мүмкүнбү? Үстөл үстү асма чырак, жангактын сырты, кагаз жана айнектер менен кооздолгон эле. Ар бир оюнчунун алдында экиден карта жана сандар жазылган шишелер жатат. Үстөлдүн ортосундагы идиште беш тыйын жалтырап турду. Анын жанында тиштелген алма, кайчы жана жаңгактын сөңгөгү салынган тарелка бар эле. Балдар акчага ойношту шымаланып. Шарты: эгер ким алдаса, ошону жумшайбыз. Ашканада балдардан башка эч ким жок эле. Бала багуучу Агафья Ивановна болсо ылдыйкы бөлмөдө жерге отуруп алып ашпозчуга бычууну үйрөтүп отурган. Ал эми 5-класстын окуучусу Вася, конок бөлмөдө диванда жаткан.

Балдар азгырык менен ойноп жатышты. Эң чоң азгырык Гришанын жүзүндө эле. Ал чачы такырая кырылган, бети томпок, эриндери негрдикиндей дулдуйган тогуз жашар бала. Даярдоочу класста окугандыктан санаганды билип, балдардын эң акылдуусу саналчу. Акчага кызыгуусу күч болгон үчүн лото ойнойт. Табакта акча болбогондо ал эбак эле уктамак. Жанындагылардын карталары кандай кыймылдаса, кара көздөрү да так ошондой тынымсыз ойноп турду. Утуш үчүн жасаган аракети калбай, кызганычы күчөп, каржылык ойлор ага тынчтык бербеди. Ач көздүк менен утуп алган акчаларын дароо чөнтөккө солой берди. Сегиз жашар, ээги учтуу карындашы Анянын акылдуу көздөрү кызарып, башкалар утуп кетпегей эле дейт чыйпылыктап. Ал үчүн оюндагы чоң бакыт – өзүн-өзү жакшы көрөт. Кийинки карындашы алты жашар Соня, тармал чачтуу, куурчактай тунук бети менен оюндун жүрүшү үчүн эле ойнойт. Ал бир жүзүндө назиктик төгүлгөн кыз. Ким утуп, утулбасын баары бир алакан чаап жыргаганга даяр. Толмочунан келген чыт курсак Алешанын эки көзү эле картада. Оюндун кызыгына батып, карыш жылса айнектери менен тыйындарын бекитип алышат деген кооптонуу менен ойноп атты. Сандардан бирдиктерди жана нөл менен аятаган ондуктарды гана тааныйт. Бешинчи оюнчу ашпозчунун уулу Андрей – кара көздүү, оорулуу бала. Үстүндө момосуй көйнөк, моюнунда кайчылашкан жез крестиги бар. Ал да кыялга батып, былк этпей ойноп отурганы менен өзүнүн утушуна да, башкалардын ийгилигине да катышкысы жок. Анткени оюн толугу менен арифметикага байланган. Чын эле канчалаган түрдүү сандар бар, алар кантип алмашып кетпейт!

Соня менен Алешадан башкасы сандарды кезеги менен кыйкыра атап жатышты. Сандардын окшоштугунан улам – күлкүлүү терминдерди көп колдонушат. Маселен, оюнчулар жетини покер, он бирди – таякча, жетимиш жетини – Семен Семеныч, токсонду – чоң ата дешет.

– Отуз эки! – атасынын баш кийминен покерлерди алган Гриша кыйкырып жиберди. – Он жети! Жыйырма сегиз – чөп кесебиз! Аня Андрейдин жыйырма сегизди айтпай койгонун байкап калды. Башка учур болгондо Аняга муну деле көрсөтмөк, болгону, табактагы тыйындар кызыгуусун күчөтүп ийди.

– Жыйырма үч! – деп Гриша оюнду улантты. – Семен Семеныч! Тогуз!

– Жөргөмүш! Жөргөмүш! – Үстөл үстүндө тызылдап бараткан жөргөмүштү көрүп Соня кыйкырды.

– Чаппа, балким анын балдары бардыр! – Алеша болгон үнү менен тыюу салды.

Ары-бери чуркаган жөргөмүш менен Сонянын да көздөрү кошо жарышып, тырмактай жөргөмүштүн балдары кандай болду экен деген ойго чөмүлдү.

– Кырк үч! Бир! – Гриша санагын улантканы менен Анядагы эки упай жанына тынчтык бербеди. – Алты!

– Партия! Менде партия! – көздөрүн сүзгөн Аня наздуу кыйкырды.

– Текшериш керек! – деген Гриша Соняга көз артты.

Гриша оюнчулардын чоңу болгондуктан амалкөйлүгүнө салып утушка ээ болду. Ал эмнени кааласа, ошого жетүүгө көнүп алган да. Соняны кылдат текшеришкени менен анын алдамчылык кылбаганы анык болду. Ошентип оюндун кийинки партиясы да башталды.

– Мен кечээ эмнени көрдүм, билесиңерби? – деди өзүнчө күңгүрөнгөн Аня. – Филипп Филиппыч кызарган көздөрүн ымдаганда, көздөрү мокочонукундай алоолонуп чыкпадыбы!

– Кечээ мен дагы көргөм, эй! Сегиз! – А биздеги окуучу кулактарын кыймылдатканды билет. Жыйырма жети!

Андрей Гришага карап ойго чөмүлө түштү:

– Ой, ата-а десе, мен деле кулактарымды кыймылдатканды билем.

– Кана, кыймылдатчы, көрөлү!

Андрей көздөрүн, эриндерин, манжаларын кыймылдатты эле – кулактары кыймылдагансыды. Баары каткырышты.

– Филипп Филиппыч жаман киши, кечээ биздин бөлмөгө капыстан кирип келиптир. А мен ич көйнөк менен болчумун. Эмнегедир жаман боло түштүм.

– Партия! Партия менде! Кааласаңар текшергиле! – деди Гриша кубаныштуу.

Ал эми ашпозчунун уулу бозала болуп шыбырады:

– Демек, мага ойногонго болбойт экен да, э…

– Эмнеге?

– Анткени…анткени менде акча жок.

– Акчасыз ойноого болбойт! – деди Гриша. Андрей чөнтөгүн текшерип баштады. Тиштелген калемдин сыныктарынан башка эч балээ таппаган соң оозун кыйшайтып, көздөрүн балбылдатып, ыйлап жиберүүгө даяр эле…Анын томсоргон жүзүнө боору ооруган Соня:

– Сен үчүн мен акча коюп турайын, бирок кайра бересиң! Макулбу?

– Бирөө телефон чалып атат окшойт, – деген Анянын көздөрү чакчая түшкөндө, баары оюнду токтотуп, караңгы терезени карашты. А терезеде шамдын жарыгы гана тийип турган.

– Жок, жөн эле дабыш угулуп кетти.

– Түнкүсүн бир гана көрүстөндөн чалышат… – деди Андрей.

– Кызык, аяктан эмнеге чалат?

– Уурулар чиркөөгө кирип кетпеш үчүн. Алар коңгуроодон коркушат да.

– Уурулар эмнеге чиркөөгө кирмек эле? – Соня таң калыштуу сурады.

– Эмнеге экени белгилүү! Кароолчуларды өлтүрүш үчүн да!

Балдар унчукпай ойго батышты. Ары жак, бери жакты алаңдай карап тыңшашты да, оюнду кайрадан улантышты. Бу жолу утуш Андрей тарапта эле.

– Ал алдамчылык кылды, – деди Алеша.

– Алдаба! Мен алдаган жокмун!

Кубарган Андрейдин эриндери кемшеңдеп, Алешаны башка бир чапты! Ачуусу келген Алеша бир буту менен үстөлгө таянып, Адрейди жаакка бир уруп өч алгандай болду.

Ачуулары кайнаган экөө дагы бир ирет чабыша кетишти. Мындайды көтөрө албаган Соня ыйлап жибергенде ашкананын ичи ызы-чууга толду. Бирок оюн муну менен эле токтоп калса кана. Беш мүнөт өтпөй балдар элдешип, кайрадан оюнга киришти. Жүздөрү ыйлагандан кабар берип турса да, жылмаюга жолтоо болмокпу. Түшүнбөстүк болуп кеткени гана болбосо Алеша бактылуу эле.

Ашканага 5-класстын окуучусу Вася уйкулуу, таң калыштуу түр менен кирип келди.

“Бул чуулгандуу! – деп чөнтөгүндөгү тыйындарды шалдыраткан Гришага карап ойлонуп калды. – Ырас, балдарга акча берүүгө болобу? Балдарга азгырык оюндарды ойноого макул болуу туурабы? Сонун тарбия. Эч нерсе дей албайм!”

Чыткурсактардын бактылуу ойнун көрүп, өзү да ойногусу келип кетти.

– Токтогула, мен да ойнойм, – деп чыдабай кетти.

– Акча сал ортого!

– Азыр, – деп чөнтөгүн аңтара баштады да: — менде тыйын жок экен, рубль коем, – деди.

– Жок, жок, жок… тыйын коюшун керек!

– Силер жиндисиңер. Рубль деген тыйынга караганда алда канча көп турат. Ким утса мага калганын кайрып бериши керек, – деген гимназиянын окуучусу түшүндүрүп кирди.

– Жок, суранам, кетчи!

5-класстын окуучусу ийнин куушура ашканадагы малайдан майда тыйын сураганы кетти. Бирок анда да тыйын жок экен.

– Андай болсо майдалачы, – Гришага жабышты. – Акысын төлөп берем. Макулсуңбу? Андай болсо он тыйынды бир рублга сатчы, – деди.

Гриша Васяга шектүү карап, бул алдап жаткан жокпу деген ойго кептелди.

– Жок, сатпайм! – чөнтөгүн мыкчып туруп алды.

Вася ачуусу кайнап, бардык оюнчуларды көкмээ элестетти.

– Вася, кел отура бер, сага мен чыгарып турайын, – деп калды Соня.

Гимназист үстөлгө отурар замат карталарды тизип баштаганда Аня сандарды окуп кирди.

– Тыйынды түшүрүп алдым! – Гриша толкунданган үн менен жар салды. – Токтой турсаңар!

Шамчыракты колго алып, үстөлдүн алдынан жоргологон тыйынды издеп киришти. Жаңгактын сөңгөгү колдоруна сайылып, баштары менен кагышып, сүзүшүп таба алышпады. Вася Гришанын колунан лампаны жулуп алганы менен тер куюлгуча издеди. Мына, акыры жоголгон тыйын табылганда баардыгы үстөлгө отуруп, оюнду улантууга киришти.

– Соня уктап калды! – деди Алеша.

Тармал чачтуу Соня колун жаздана бир саат мурун эле таттуу уйкуга кирген. Башкалар тыйынды таптыча жата турайын деген анын көзү эбак илинип кеткен эле.

– Тур, апамдын тошөгүнө жат, бар! – Аня аны ашканадан тургузду.

Соняны жетелеп кетишти. Беш мүнөттөн кийин апасынын төшөгү укмуштуудай көрүндү. Соня уйкуга чөмүлдү. Жанында Алешанын коңуругу. Анын бутун Гриша менен Аня жазданып алышкан. Баса, алардын катарында ашпозчунун уулу Андрей да таттуу уйкунун кучагында эле. Уйкуга мемиреген чыт курсактардын жанында кийинки оюнга чейин күчүн жоготкон тыйындар чачылып жатты.

Түнүңөр бейпил болсун!

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА