ШУКШИН Василий: Осмонакун ИБРАИМОВ: Василий Шукшиндин дүйнөсү

Улуу элден улуу таланттар чыгат. Ырас, ар бир таланттын ойдодогудай калыптанышын, бүрдөп-көктөп кетишин алды менен ал көз ачкан адамдар чөйрөсү, коомдук өнүгүш шарттары кадиксиз нерсе. Болбосо кумга сиңген алтындай дарексиз өтүп, байыркы Толубай саяпкер сыңары: «Аттиңай, Толубайлыгым сен билсеңчи, тушуңда тулпарлыгың мен билсемчи» — деп арманда кеткендер эл ичинде канча дейсиз. Ал эми табият берген таланты коомдук жана улуттук аң-сезимдин дал дүгүрсүп, өөрчүп турган кезине туура келген адамдардын иши башка. Алар демейде өз заманына тете келе турган иштер жасап өтүшөт, баасы кемибес чыгармалар калтырышат, илимий ачылышгар жасашат.

Арийне, азыркы орус адабиятында атагы алыска кеткен акын, жазуучулар,  ушул улуу элдин ат көтөргүс аброюн татыктуу аркалаган кашка таланттар ондоп санадат. Канткен менен илгертеден маданияты катуу өнүккөн, бай адабий салт-санаалары калыптанган түптүү эл таланттар жагынан да жарды болбойт белем. Бирок ошол азыркы орус адабиятындагыдай орошон адабияттын жылдыз толо асманында да Василий Макарович Шукшиндин ысмы өзүнчө бир нур, өзүнчө бир ажар менен жаркырап күйүп, башкалардан обочо бөлүнүп турат.

Жазуучу, актер, кинорежиссер… Шукшин жазуучу болбой, жалаң кинорежиссер катары чыккаңда да советтик кинематографка кошкон салымы анын атын далай жылдарга өчүрмөк эмес. «Калина красная» («Арман») «Печки-лавочки» («Сен секетбай, мен курман»), «Живет такой парень» («Ушундай бир жигит бар»), «Два Федора» («Эки Федор») ж. б. эң сонун фильмдер Шукшиндин режиссердук саамалыктары.

Жалаң актер катары да Василий Макарович түк кайталангыс, эч кимге окшошпогон, жаркын талант эле. Анын бул жагынан кошкон салымын эскерип отурбайбыз, анткени анын аткарган көп сандаган ролдорун санап чыгыштын өзү бир топ жумушту талап кылат.

Шукшиндин жазуучулугучу! Албетте, жазуучулук — Василий Шукшиндин эң күчтүү өрчүгөн, кашкайып ачылган өнөрү. Биринен-бири кызыктуу аңгемелери, киноповесттери, эки романы — Шукшиндин көп кырдуу чыгармачылыгында орчундуу орун ээлейт.

Азыркы орус адабиятындай өркөнү өскөн адабиятта жаңы бирдеме ачыш, жаңы сөз айтыш кандай татаал маселе экени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени орус калкы, орус мүнөзү жөнүндө ага чейин Пушкин, Гоголь, Лермонтов, Достоевский, Лев Толстой, Чехов, Горький, Шолохов өңдүү не бир карааны алдагайдан көрүнгөн алп сүрөткерлер ар кандай ыптасынан, ар кандай социалдык-психологиялык, көркөмдүк-философиялык жагдайдан жазып өтүшкөн. А бирок ага карабастан Шукшин ошол кыйма-чийме из түшкөн ордолуу орус адабиятынын даркан талаасында өзүнүн гана жолун, өзүнүн гана куттуу чыгармачылык конушун ээледи. Кантип?

Октябрь революциясы, социализм киргизген эл турмушундагы өзгөрүштөр, жаш-карыны бирдей өзүнө тартып алган түзүүчүлүк эмгек адабияттан да өз жарчыларын тапты. Мисалы, Маяковский — тарыхтын кайрылыш жолундагы заңкайган адабий монумент, жаңы социалисттик турмуштун жарчы акыны, ошол жылдардын духовный туундусу. «Жакшы» менен «150 000 000» дун автору азыркы окурмандарга ошонусу менен кызык, ошонусу менен баалуу. Анткени убакыт улам алга закымдап, ортодогу тарыхый дистанция кеңейип-узарган сайын чоң акын-жазуучулардын сүрөткердиги да көз алдыга даанараак тартылып, тарыхый орду аныктала берет тура. Бул мааниде, айталы, Михаил Шолохов — социализмдин орус жергесинде кантип орун-очок алып, калың букаранын караңгыдан жарыкты көздөй кандай кыйынчылыктар, трагедиялар менен келгенин көркөм баянга айланткан, укум-тукумдарга өлбөс эстелик калтырган летописчи экендиги азыр анык болуп калды.

Сыягы, биз бул жерде көпчүлүккө белгилүүдөй эле нерселерди кеп кылып жаткансыйбыз. Арийне, анын жүйөсү төмөндөгүчө. Биринчиден, жеке гана адабият эмес, жалпы эле искусство тоомунда бул же тигил кубулуш өз заманынын духовный эволюциясы менен тыгыз байланышта болору, ошондон учук алаары белгилүү. Демек, окурмандардын эң бир кеңири массаларында жандануу пайда кылган чыгарма же жазуучунун чыгармачылыгы азыркы эле биз эскерткен законченем менен түшүндүрүлүшү керек.

Экинчиден, ар бир орчундуу кубулуш (адабиятта айрыкча) жалпы эле өнүгүү чынжырындагы ажыралгыс бир тогоо катары каралмайынча, көп кырдуу процесстин контекстинде иликтенмейинче мүнөздүү контур-чийиндери менен бадырайып чыга келбеси турган кеп. Биздин терең ишенимибизде Василий Шукшиндин чыгармачылыгы жана тагдыры, ал калтырган адабий мурастын көркөмдүк жана этикалык салмагы бүтүн орус совет адабиятынын контекстинде каралууга толук акылуу. А түгүл Шукшин — азыркы орус турмушунун бүтүндөй бир катмарын, өзгөчө моменттерин эң сонун чеберчилик, айныксыз ишеним менен чагылдырып берип кеткен чоң сүрөткер. Толстой менен Достоевскийден кийин, Горький менен Бунин, Андреев, Шолоховдон кийин ошол эле орус калкы, ошол эле орус мүнөзү, орус жаны жөнүндө миллиондордун купулуна толгудай сөз айта алган жазуучу.

Василий Шукшиндин ысмы Москвадагы адабий журналдарда, эсеби, 60-жылдардын башында пайда боло баштаптыр.

…Бир жолу «Октябрь» журналынын алдындагы адабий ийримге колдойгон керзи өтүкчөн бирөө аңгеме көтөрүп келет. Баарынан кызыгы, редакциянын босогосун аттаары менен эле алиги «жаш автор» аңгемелеримди окуп чыга калып, оюңарды айта койгула деп отургандарды кыстайт. «Анча неге шашылыш?» дешсе «институтка экзаменге чуркашым керек» дейт тиги… Ким билет, редакцияда отургандар ошону эле зарыгып күтүп тургансып, «ме, окуп чыга калып, оюңду. угуза кой деген ыкчам жигит жөнүндө не ойдо калышты экен, бирок Шукшиндин айтканынан кайтпаган өжөр мүнөзү, чапчаңдыгы аларга ошондо эле көрүнүп калган шекилдүү — айткандай эле ошол замат окуп чыгышыптыр; бир-экөөн жактырып, журналга сунуш кылышыптыр.

Кызык… Болжолу, Шукшин өзү жазгандардын сапатын ал кезде жакшы эле билген болуш керек, себеби турмуштун ачуу-таттуусун аябай татып, жазуучулук иштин аркы-беркисин айырмалап эле калган кейиптенет. М.Роммдун нечен-нечен талкууларына жедеп «бышып» калган убагы окшойт. Ушу сүрөттөлүп жаткан эпизодго чейин Шукшин жетимчиликти да тартыптыр, слесарь-такелажник да болуп иштеп көрүптүр, флотто төрт жыл аскер кызматын өтөптүр, мектепте мугалимчилик кылып, атүгүл директор да болуп ийиптир, а бу кезде ВГИКте, М.Роммдун студиясында кинорежиссердук факультетте окуп жаткан экен.

…Ал убакта Ата Мекендик согуш жөнүндө улуу муундун жазуучулары бир сыйрадан жазып чыгышып, азыр биз классика деп тааныган чыгармалардын дээрлик баары жарыкка келип калган кез. «Атасыз өткөн муундун» арааны жаңыдан жүрүп, амалга кире баштаган кези дал 50-жылдардын аягы менен 60-жылдардын башына туура келди. Белгилей кетчү нерсе, 60-жылдары айылдан шаарга миграция күчөп, бирок шаар турмушу баштагы айылдыктын кан-жанына түк аралашпай туруп алып, айыл, деревнянын кадыр-баркы, кайталангыс маданияты ачыгыраак көрүнгөн убак… Жазуучулар да алган темаларына жараша «айылдык» жана «шаардык» болуп бөлүнө бшташкан кез болчу. Ошол «бир буту кайыкта, бир буту жайыкта («Одна нога в воде, другая — в лодке» — Шукшиндин өзүнө берген аныктамасы), б. а. же шаардык эмес, же айылдык эмес болуп, эки ортодо абыгер чеккен интеллигент да дал ушу киши эле…

Адабиятчы Андреев (60-жылдарда «Октябрь» журналынын адабий ийриминин жетекчиси) Шукшиндин тун китебине (1963-жыл) жазган бет ачаарында жазуучунун каламына мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү ошондо эле туура белгилеген экен: «…в литературу вступает человек со своим взглядом на события и на людей, обладает талантом большой грусти, теплого юмора и человечности» (астын сызган мен — И.О.). Ырас эле, Василий Макаровичтин ошол «Сельские жители» («Элеттик адамдар») жыйнагы адабиятка өз сөзү, темасы бар художник келгенин айкындап койду. Ошону менен бирге, Шукшиндин алгачкы аңгемелерин окуган киши оңой эле байкайт: кайгы-капа үчүн эч кандай орун жок сыяктанган аңгемелерде да шамдай шоолаланган купуя муң (затаенная грусть) сөзсүз турат; кейпи, бул маанай жазуучу өз каармандарынын артыкчылыгын да, кемчиликтерин да жакшы билгендиктен улам болсо керек.

Шукшин — жазуучунун гуманисттик идеалдары ушул жыйнакта эле негизинен аныкталып бүткөнүн белгилеп коюу керек: адам мейли аңкоо чалыш, примитивдүү болобу (бир караганда), арак ичеби, Стенька Разинди желдеттер кантип тепкилегенин элестетип алып таң агарганча үңүлдөп ыйлайбы, же айылдык клубда чала-моңол «артисттик» кылып, искусствого «салым» кошобу,— иши кылып, адамды Адам кылган сапат (Шукшиндин ошо кездеги идеалы) — табигыйлык, ак ниеттик, кайрат, күч. Шукшиндин каармандарынын көпчүлүгү бир караганда өтө эле осол адамдар: «чудиктер», «артисттер», «хахальдар», «демагогдор», «кыялкечтер». Шукшиндин «Жубайлар» деген аңгемесинде ат жабдыктарын жасаган уста Антип Калачников өзү жөнүндө аялына мындай дейт (Сагын Наматбаевдин котормосунда):

«..Балким музыкант болмокмун. Өткөндө шаардан келген киши мени жаткан эле тубаса талант экенсиң дегенин уккан жок белең. Тубаса талант деген сакадай бою сары алтын (астын сызган мен — И.0.) дегендей эле кеп». Айтканындай эле, Антип оңбогондой таланттуу киши, колунан көөрү төгүлгөн уста, анан дагы — Шукшин үчүн эң эле маанилүүсү — нукура орус адамы, орус калкынын мыкты деген сапаттарын алып жүргөн адам. «Стенька Разин» деген аңгемеде «өтө кызык жигит» (б. а. странный) Васека:

«— Деги сени түшүнүп болбойт, Васека. Эмнеге ушинтип жашайсың, ыя?»! — деп сурашса, минтип жооп берип жатпайбы:

«— Ал анткени мен таланттуу кишимин».

Башка жазуучу үчүн мындай жооптор каарман жөнүндө оң мүнөздөмө эмес, башкача планда каралмак. Арийне, Шукшин антпейт. Ал үчүн мындай жооп, тескерисинче, ачык-айрымдыктын, ак пейилдүүлүктүн белгиси. Шукшин үчүн адамды түшүнүү дал ошол жерден башталат; ал үчүн «чудиктер» башкалардан кагуу жеп, көз көрүнөө «шым» болгон күндө да не бир керемет адамдар, өздөрүнчө эле бир жаткан орус Дон Кихоттору, уят-сыйытты, активдүү ыйманды алып жүрүүчүлөр.

Суроо туулат: Шукшин-жазуучунун көңүлүн кайра-кайра өзүнө буруп, мээримин түшүргөн эмне касиет бар бул типтерде? Балким, насаат үчүн, кандайдыр бир көркөм эффект үчүн жазылгандыр жогорудагы аңгемелер? Жок, дейбиз буга. Жазуучунун өзүнө магниттей тартып, тымызын симпатиясын пайда кылып жаткан касиет — «чудиктердеги» (жана ошого окшогондордогу) нака орустук кенендик, ак көңүлдүк, дайыма ойгоо нравалык сезим. 60-жылдардагы Шукшиндин турмушта эң жаман көргөн, кызуу антипатиясын туудурган көрүнүш —сен жакшы — мен жакшы» деген мещандык психология (же анын ар кандан синдромдору), даяр формулалардын жетегинде калуу, моралдык кереңдик. Көңүл коштук, зайпаналык. Калыбы, дал ушул көрүнүштөрдү контрасттоо үчүн да жазуучуга чудиктердин бүтүндөй плеядасы керек болушу толук ыктымал.

Албетте, бул адеп караганда андай деле көз кайкыткан масштаб эмес. Белгилүү деңгээлде, бул проблема (б. а. ошол кезде орус адабиятында арасы жиктене баштаган айыл жана шаар темасы, ушуга байланышкан дагы башка проблемалардын комплекси) орус совет адабиятында кыйла эле «сары журт» болуп калган тема эле. Андыктан бул багытта кандайдыр көркөм ачылыш да күтүлүшү мүмкүн эмес болучу… Бирок белгилүү нерселер Шукшиндин чыгармачылыгында негативден чайкалган фотосүрөттөй бүт мүнөздүү контурлары менен дааналанып чыга келди. Жазуучунун уникалдуу таланты, дүйнөтаанымы жазылып эле жүргөн тема-проблемаларга караманча башка ыптасынан көз таштатканы көңүлдү бурат.

Эгер тарыхый аналогдорго кайрылсак, орус новеллистикасынын патриархы Чехов да өз каламдаштарынан, өзүнөн башта көзү өткөн аңгемелерден ушу сыяктуу эле өзгөчөлүктөр менен айырмаланып турчу. Гарин-Михайловский, Вересаев, Скиталец ж. б. Чехов менен Бунинге караганда алда канча масштабдуураак, тематикасы байыраак көрүнгөнү менен беркилер ошо кездеги Россиянын духовный турмушун, социалдык өөдүк-сөөдүктөрүн даанараак, рельефтүүрөөк чагылдырып беришкени белгилүү.

Орус адабиятында (өткөн жүз жылдыкты кошо алганда) Шукшиндикиндей чудиктердин тиби дээрлик жок болчу десек болот. Социалдык теңсиздик, крепостнойлук, капитализмдин дүркүрөп өнүккөн чагындагы элдин духовный жана социалдык акыбалы, капитализм менен кошо тарыхый аренага чыккан жумушчу табы менен дыйканчылыгы, орус революциясынын духовный жана социалдык өбөлгөлөрү Россиянын реалисттик адабиятынын кардиналдуу темаларынан эле. Социализм болсо орус жерине болуп көрбөгөн өзгөрүүлөрдү киргизди, элдин терең катмарында көмүскө жаткан күчтөр дароо аракетке келип, тарыхый авангардга чыкты. Шукарь карыянын (Шолоховдун белгилүү персонажы) күлкүлүү жосундары, же болбосо 30—40-жылдардагы кинематографта өтө рельефтүү чыккан «Көңүлдүү балдардын» (реж. Ансксандров) мууну, М.Зощенконун Горький аябай жогору баалаган кейипкерлери, Ю.Олешанын, И.Ильфтин ушул сыяктуу типтери — орус адабиятындагы жаңы типтер — дал социалдык эмансипация алып келген феномен деп айткыбыз келет.

Мисалы, Ыманбай өткөн доордо Т.Сыдыкбеков сүрөттөгөндөй чечекейи чеч болуп, бакылдап турмак эмес; Соке, Чаргындар азаттык тегиз орнобогондо жүздөрүнө күлкү ойноп, тамаша-азилдин предмети болмок түгүл, чокойлорун сүйрөп, араң оокат кылышмак. Эгер жогортодо аталган орус совет жазуучуларынын кейипкерлеринен кандайдыр типологиялык жалпылыктарды издей турган болсок, мындай бир жалпы моменттерди шексиз тапмакпыз: алардын дээрлик баары элдин эң терең катмарларынан чыккан, жердигинде аябай карапайым, ак көңүл, тамашакөй адамдар…

Мындай адамдар коллективдин каалоосу, эрки менен кандайдыр элди күлдүрүп, көңүлүн ачып туруш үчүн жаралып калгандай адамдар. Бирок адамдын адамдыгын сынаган чечүүчү моменттерде бул типтер түгөнгүс нравалык кудурети менен бизди таңдандырат, кирсиз моралдык турпаты, зирек патриоттук туйгусу менен суктандырат.

Василий Шукшиндин пенделик тагдыры, кишилик касиети, граждандык толгонуулары соңунда аны алда канча терең, алда канча кеңири маселелерге такады десек болот. Катардагы орус адамдарын көркөм анализге алуу, алардын ички дүйнөсүн, патриоттук, граждандык ой-санааларын чагылтуу акыры аны Россия, азыркы моралдык климат, орус адамы, орус жаны өңдүү масштабдуу темаларга алып келди.

70-жылдары Шукшин бир нече киносценарий, жоон топ аңгемелерден тышкары «Арман» (орусча аты «Калина красная») — жана «Короз чакырганга чейин» («До третьих петухов») деген эки этаптык маанидеги чыгарма жаратты.

«Арманда» мындай деталдар ойго салат. Егор Прокудин («Армандын» баш каарманы) түрмөдөн чыгып келип, «заочный» таанышы Любага жолуккандан кийин, толгон-токой акчаларды жалаң чер жазуу үчүн ресторанда жок кылат. Ал эми биз сөз кылып жаткан Прокудин башында абдан эле ак көңүл, жер менен киндиктеш өскөн, зирек адам болгондугун, анын Люба менен сүйлөшкөнүнөн, жер-сууга жасаган мамилелеринен, апасы менен көрүшкөндөгү эпизоддон эле баамдаса болот.

Бирок тагдыр анын ошол зирек, ар нерсеге ышкылуу дүйнөсүн ушунчалык аёосуз деформациялагандыктан, «куралсыз көзгө» анын кылган-эткенинен кишинин ичин жылыткандай касиет көрүш, албетте оңой эмес. Анын үстүнө, канткен менен анын мойнунда нечен-нечен кылмыштар, киши жийиркенээрлик жосундар жатат. Адам табиятынын барып турган караңгы, айбанчылык тарабын ал көрүп-билип бүткөн, кайра адам болчу чектен эбак өтүп калган…

Ошондуктан анын логикасы да өзү үчүн гана жарай турган логика. Егор Прокудин адам болом деп канча далалат кылса да, колу менен жасаган кылмыштарды жууп кетириш үчүн Достоевский сүрөттөгөн «кыл көпүрөдөн», абийирдин тозок отунан (через чистилище совести) өтүш керек эле. Асыресе, Шукшиндин этикалык позициясынан караганда Егор үчүн өлүм гана ак болду: Егор өз «шериктеринин» колунан ажал тапты. «Вопросы литературы» журналындагы уюштурулган дискуссияда (1974) Сергей Залыгин бул финал «Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» жөнүндөгү улуу идеялары менен үн алышып турат» деп адилет белгилеген эле.

Шукшин өмүрүнүн акыркы жылдарында жазуучу катары кызык дилемманын алдында турду. Себеби биз жогоруда айткан майдалыгык, таш боордук, анын турмуштагы залалдуу жактарын ачык көрсөтүү так ошо караниет, жексур адамдардын табиятын психологиялык жактан анализдөөгө, түпкү социалдык, моралдык теги кайда тамырлап жаткандыгын изилдөөгө алып келди. Бул жагынан алганда жазуучунун, мисалы, «Таарыныч», «Кляуза» аттуу аңгемелери абдан мүнөздүү.

Биринчи аңгеме айрыкча кызык. Мазмуну жөнөкөй эле: кыял-пейили таптаза Ермолаев аттуу жигитти бир магазинчи аял жалган жеринен (сыягы чаташтырып алып) кечээ эле мас болуп жүргөнсүң, өз көзүм менен көргөм деп жанын кашайтат: магазинде кезек күтүп турган салабаттуу эле киши бир чети тиги аялга жагынып, бир чети өзүнчө эле кыбасы канып (ушул моментти Шукшин көп басымдайт — И. О.), чын эле мас болчусуң деп ашаркүбө чыгат…

Ак жерден кичинекей кызынын көзүнчө шагы сынып, ыза болгон Ермолаев сатуучу аял түшүнбөсө да ушу фронтко барып, жаман-жакшыны баштан өткөргөн киши билээр деп алиги кишинин артынан үйүнө барса (чындыкка жетүү үчүн Шуккшиндин каармандары баарына кайыл!), ал киши алагүү болуп алган көпкүлөң баласына «бул мени сабаганы атайын артыман келди» деп, көз көрүнөө тукурат, Ермолаевге колун тийгизет… Аңгыча чатактын шек-шооратын билип калган аялы келип, адилеттик дегенде жанын берүүгө кайыл күйөөсү чоң жаңжал чыгараарын билип, араң дегенде үйүнө алып кетет. Болгону ушул. Ошентип, аңгеменин маңызы эмнеде? Адам жөнүндө алдын ала жаман ойлоо, ар кимдин өз керт башынын гана камын ойлошу бул аңгемеде өзгөчө маани менен айтылат. Шукшинди адам катары да, жазуучу катары да кооптонтот, тынчын алат. Чакан эпизод аркылуу кенен этикалык жыйынтыктарга келе албаса да, жазуучу адамдардын аң-сезиминдеги ушул «ооруну бир гана окуя менен таасын чагылтып берет.

Сынчылар бул үчүн Шукшинди масштабсыз, майда конфликттердин чөйрөсүнөн чыга албайт деп күнөөлөшсө да болмок, бирок адабияттын абалкы бир миссиясын эстен чыгаруу да туура эмес го, адабият турмуштан түртүнүп, анан ар кыл жалпылоолорго келет. Бул жагынан Шукшин орус реалисттик адабиятында Гоголь, Чехов, Куприн, Буниндер салып кеткен адабий кааданы татыктуу уланткан десек аша кетпейбиз.

Эгер жазуучу өз заманынын жандуу ар-намысы, өзүнчө бир лакмус кагазы, бийик гуманисттик идеалдарынын жарчысы боло алса, ошол үчүн калың калайыктын оозуна алынса, ишенимине кирсе — бул өтө чоң нерсе. Шукшин күтүлбөгөн жерден 1976-жылы 46 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Шукшин чоң масштабдагы художник экенин жаңы гана далилдеп келаткан… Бирок кыска өмүр сүрүл, чоң искусствого абдан кеч аралашса да, далайга чейин өчпөй турган из калтырды, өз мезгилинин көп орчун моралдык, гуманисттик проблемаларына өз пикирин, мамилесин билдирүүгө үлгүрдү. Ким билет, балким чын эле сынчы Лев Аннинский айткандай, Шукшин «өз ырын ырдап бүткөн чыгаар, балким, али көп нерселер алдында тургандыр,— кесе айтыш кыйын. Бирок анын калтырган адабий мурасы, кинодогу актер жана режиссер катары жасаган иштери Василий Макарович искусстводо өзүнө гана таандык орду бар кайталангыс художник экенин кашкайта далилдеп турат.

*   *   *

Кыргыз тилинде В.Шукшиндин чыгармалары ушуну менен үчүнчү жолу чыгып жатат. Адегенде «Аңгемелер» деген ат менен 1976-жылы, андан соң 1978-жылы «Тандалган аңгемелер» деген наам менен өзүнчө китеп болуп чыкты. Бул жаңы китепке (Сөз 1986-жылы «Кыргызстан» басмасынан чыккан В.Шукшиндин «Аңгемелер жана киноповесттер» жыйнагы тууралуу болууда. Аталган китеп С.Наматбаевдин котормосунда — ред.) орус жазуучусунун мурун которулбаган аңгемелери, киноповесттери кирди. Ушуну менен бизде Шукшиндин дээрлик бардык мыкты чыгармалары (эки романын, айрым пьесаларын айтпаганда) кыргызчаланды деп айтышка толук мүмкүн. Бул, албетте, адабий турмушубуздагы чоң саамалык. Асыресе, бул саамалыкты жүзөгө ашырган калемгер — таланттуу таржымачы Сагын Наматбаев болду.

С.Наматбаевдин таржымачылык тагдыры башталгандан эле жолдуу түзүлүп, ургалдуу чыгармачылык эмгек менен уланды. Анын багына Шукшиндин прозасы туш келди. Котормолору бизде чыга баштаган чакта жазуучунун болуп көрбөгөндөй даңкы Кыргызстанда да тааныла баштаган болучу. С.Наматбаев — котормочунун азаматтыгы — Шукшинди кыргызчалатууну түк саамыктатпай, өзгөчө бир өжөрдүк менен көшөрө иштеп, котормолорун Шукшиндин атак-даңкы улам күчөп таралып бараткан мезгилде удаа-удаа чыгарып жибергени.

Эргип иштеген иштен такай береке болот эмеспи: окурмандар котормолорду жылуу кабыл алды, китептер тез эле дүкөндөрдөн көрүнбөй калды. Азыркы учурда Шукшиндин ысмын, кыргызча котормолорун ар бир ышкылуу окурман билет. Деле адабиятка анча табити жок адамда да айтылуу орус жазуучусунун персонаждарын кебине кыстара сүйлөгөнүн уга калып жүрөбүз. Ушунун баары Шукшиндин кыргызча котормолору элге кеңири тарап, маданий турмушубуздун бир окуясы болуп калганын күбөлөйт.

Ошентип, урматтуу окуучу, сизди Василий Шукшиндин адабий дүйнөсүн дагы бир жолу аралап чыгуу ырахаты күтүп турат… Эмне дейбиз,— аралаңыз, окуңуз. Шукшиндей берешен таланттын унутулгус чыгармаларын узакка чейин умсуна окуп, эстетикалык моокум алыш — өзүңүздөн…