ШУКШИН Василий: Миль пардон, мадам! (аңгеме, которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ)

АҢГЕМЕ

Бул жактарга мергенчилегени шаарлыктар келишип, ушул кыштактыктардан  өздөрүн коштоп жүргөнгө жер уусун жакшы билген киши таап берүүлөрүн  суранышкандарында алар:

— Бар бизде, Темке Киндиков… (Бронислав Пупков) Ал мындайга кыйы-ын, аны менен зерикпейсиңер,- деп жооп беришет да, кандайдыр сырдуу жылмайып коюшат.

Темке (Темирболот) Киндиков көгүлтүр көздөрү күлмүңдөп турган, өзү да шыр жүргөн, сөзү да жүгүрүгүнөн келген, чымыр денелүүлүгүнө жараша бекем мужук.   Жашы элүүдөн өтүп калган ал өз убагында согушка катышкан. Бирок окко жулдурган оң колунун эки манжасынан ал согушта эмес, өспүрүм кезинде эле айрылган. Мергенчиликте көп жер кезип суусаган жаны (кышындасы) жээктеги музду кундак менен уруп сындырып суу ичмекчи болгонунда коопсуздукка коюлбаган (предохранительге) бардаңкенин машаасы кандайдыр басылып кетип, анын үңүрөйгөн оозун жапкан эки манжасынын бирин ок окчун ыргытып, экинчиси болсо терисинен үзүлбөгөндүктөн, салаңдап калган. Эңгирей түшүп эсин жыйган Темке чала жулунган сөөмөйүн өзү үзүп алган, мындайыраак ыргып кеткен ортонун издеп тапкан. Анан аларды үйгө алып келип жерге жашырып:

— Кымбаттуу менин манжаларым, жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун,  — деп коштошуу сөзүн айткан.

Ал тургай крест коёюн дегенинде атасы койдуртпаган.

Темке жаштыгында ызы-чуусуз жүрө алчу эмес, көп мушташып, далай таяк жеп, бир топко жатып айыгып чыгып эле кайра кулак-мээни жеп дарылдаган мопеди менен көчөгө чаң салчу. Анткен менен ак көңүл жаны эч кимге кек сактачу эмес, жеңил жашачу. Ал шаардык мергенчилерди чыдамсыздык менен, жөн эле майрамды күткөндөй эле күтөт. Алар келгенде Темке мейли бир жумага, мейли бир айга болсо да кеткенге дайым даяр. Ушул чөлкөмдүн жер шартын ал өзүнүн он, жок, сегиз манжасын билгендей эле жакшы билет жана бул кыштактагы бирден-бир жолдуу жана ышкылуу мергенчи. Шаарлыктар арак жагынан сараңданышпайт, кээде акча да беришет, беришпесе деле Темке таарынбайт.

— Канчага? — деп сурайт ал каадалуу түрдө.

— Үч күндөй.

— Баары курорттогудай болот. Эс аласыңар, мээ сергитесиңер… Ошентип үч-төрт күн же бир жумалап жүрүшсө да Темке айткандай баары жакшы болот. Шаардыктар негизи урмат-сыйга татыктуу келишет. Темке алар менен ал тургай көп ичип алса да кыжыңдашпайт. Ал башынан өткөн мергенчилик окуялардан буларга кеп салып бергенди жакшы көрөт. Ал эми эң акыркы олжолорду бөлүшөр күнү өзүнүн эң негизги аңгемесин айтууга кезек жетет. Бул күндү, ал учурду Темке эң чыдамсыздык менен күтөт, ага бүт дитин коюп даярданат. Дегдеткен ал күн келгенде таң эртеден эле жүрөгүн жагымдуу бир кубаныч өрөпкүтүп турса да Темке ойлуу тартып унчукпайт.

— Сизге эмне болгон? — деп сурашат андан.

— Эч нерсе, — деп туюк жооп берген ал кайра өздөрүнөн сурайт:

— Олжолорду каякка чогултабыз? Суу жээгинеби?

— Мейли суу жээгине деле…

…Кечке жуук шар аккан суунун жээгинен ыңгайлуу жер тандашып от жагышат. Чабак шорпо бышкыча бир бөтөштү тоголотушуп, жай аңгемелешип отурушат. Эки калай стакан арак ичинде ойногон Темке тамекисин түтөтүп кепке аралашпай отурат да, капыстан эле кызыга кетет:

— Согушка катыштыңар беле?

Негизи кырктан өткөн эркектердин дээрлик баары эле согушта болушкан. Темке болсо өзүнөн жаштардан деле ушинтип сурай берет, анткени айтсам деп көптөн күткөн аңгемесин башташ үчүн бул собол абдан керек.

— А колду согушта алдыргансыз го? — деп сурашат өзүнөн кайра.

— Жок. Мен согушта санитар болгом… Ооба… Болчу иштер болгон… — деп Темке далайга чейин унчукпай ойлуу отурат. – А силер Гитлерге кол салуу болгонун уктуңар беле? – деп сурайт анан капысынан эле.

— Укканбыз.

— Гитлерди өзүнүн эле генералдары жайлагылары келген дегиниби?

— Жок, башкасын?

— Кайсынысын айтасыз? Эмне башкасы дагы болду беле?

— Болгон, — Темке өзүнүн калай стаканын бөтөлкө түбүнө түртүп, — тамызып койгулачы, — дейт да аны ичип жиберип: — Кха!.. Болгон жолдоштор болгон. Мына момунчалык эле жерден башына ок жебей калган, — деп Темке чолок колу менен соо колунун учтарын жанып коёт.

— Бул качан болду эле?

— Бир миң тогуз жүз кырк үчүнчү жылы жыйырма бешинчи июлда, — деп Темке өзүнүн алыста калган жаштыгын, жакшы кездерин эстеген кишинин кейпин кийе, күйгөн отту кусалуу тиктейт.

— А ким атты эле?

Темке эч нерсе укпагандай көзүн жүлжүйтө берип, тамекисин кумарлуу сорот.

— Кол салуу анда каякта болду эле? Таң калган көздөр өзүнө гана тигилип турса да Темкеден үн чыкпайт.

— Мен аткам, — деп капыстан, бирок акырын айтат. Анан бир топко оттон көзүн албай карап турат да «Таңгалычтуубу? Менин өзүмө дагы таңгалычтуу» — дечүдөй болуп барып кайгылуу түрдө быш этип күлүп коёт. Көбүнчө алар бир далайга унчукпай Темкени карап отурушат. Ал болсо тамекисин терең соруп, көсөө менен оттон чыга качкан чокторду артына кайрымыш этет. Анын тунжураган бул учуру  уу ичип ийип отуруп калган кишиге окшоп; өтө эле таасирдүү жана сүрдүү. Ошентип, алар Темкеге бир топко тигилишкен соң, арасынан бир чыдамсызы акырын сурайт.

— Сиз чын эле айтып атасызбы?

— Сиздер кандай деп ойлойсуздар? Тарыхты бурмалагысы келгендер эмне болорун билбейт дейсиздерби мени? Билем, жолдоштор!

— Кандайдыр болбогон сөз го…

— Каяктан деги?.. Кандайча аттыңыз эле?

— Кадимки эле, браунингден… Мына минтип, сөөмөй менен… Пах! эттирип,- деп Темке баардыгын кармап көрмөйүн ишенбеген адамдарга капалуу да, каадалуу да карайт. Анын сөзүнөн да, өзүнөн да кандайдыр тамаша менен калп байкалбайт.

Кексе кишилер эми сактыгын жоготушат.

— А эмне үчүн бул жөнүндө эч ким билбейт?

— Дагы жүз жыл өтүп, биздейлер, бизди уккандар жок болот. Ошондо баары мезгил чаңына басылат. Эх, силер көптү билбейсиңер. А канчалаган баатырлар билинбей калышты. Биздин трагедиябыз ошондо.

— Муну менен сиз эмне демекчисиз, деги?..

— Токтосоңуз. Бул кандайча болду эле?

Темке дайыма өзүн уккуча шашылышаарын жакшы билет. Дайыма ошондой.

— Ар кимдерге айта бересиңер да…

— Эч кимге айтпайбыз…

— Коммунисттик чын сөзүңөрбү?

— Ооба. Эч кимге айтпайбыз! Айта бериңиз.

— Чын эле партиялык чын сөзүңөрбү? Антпесе, биздин айылдын эли кандай экенин билбейсиңер. Тилдери тимеле бир кулач.

— Коркпоңуз баары жайында болот, — деп эми кишилердин чыдамы түгөнөт. – Айта бериңиз!

— Кагышып койгулачы, — деп кайрадан калай стаканын түртөт. Ал канча ичсе да мас болгон кейпи билинбейт. — Мен жанагы айтып өткөнүмдөй бул бир миң тогуз жүз кырк үчүнчү жылы жыйырма биринчи июлда болгон. Кха!.. Биз чабуулга чыкканбыз. Ал эми чабуулда санитарлардын азабы көбөйөт. Мен ал күнү лазаретке он эки кишини сүйрөп жеткирдим… Акыркы жолу оор жарадар лейтенантты палатага жаткырганымда аякта бир генерал бар экен. Тагыраак айтсам, генерал майор. Анын жарааты жеңил эле экен мындай… тизесинен өйдөрөөк ок чийип кетиптир. Аны мен кирген учурда таңып атышкан экен. Мени көрүп эле ал:

— Токтосоң санитар, токтосоң, — деди. Бир жакка барабыз го, мен буга жардамдашам го деп ойлоп коюп күтүп турам. А генералдар менен болсо жашоо кызык да, жеңил да! Дароо эле баарын алаканыңа салып бергендей боло түшөт.

Кишилер бүткүл көңүл кушун коюп угушууда. Ортодо от бийчи учкундарын жаркылдатып, чырпыктарды чыртылдатып алоолойт. Токойдон акырын жылып чыккан караңгылык айлананы бүт ээлеп, шаркырап агып жаткан сууга да сойлоп кирип, эми аны так ортосундагы тез агымда гана тулку бою оттон турган зор балык ийрелеңдеп жарк-журк эте сүзүп бараткансыды.

— Ошентип генералдын бутун таңып бүткөн соң доктор ага: «Сиз жата турушуңуз керек!» — деди эле генерал: «Башты оорутпачы!» деп корс этти. Мына биз коркчубуз доктурлардан, а генералдар деген генералдар да, аларды тоготушчу эмес. Ошентип ал экөөбүз машинага отуруп бир жаккадыр баратабыз. Генерал менден каяктан экенимди, кайда иштегенимди, билимим кандай экенин сураштырып баратат. Мен кыска, так сибирлик экенимди, колхоздо иштегенимди, бирок көбүнчө эле мергенчиликте жүргөнүмдү айтып бердим.  “Мунуң жакшы, мыкты да атат болушуң керек ээ?” – деп ал негедир сүйүнүп да кетти. – Ооба, — дедим мен: — Көп сүйлөп башыңызды оорутпайын, элүү кадамдан шамды өчүрө атам. А мобу класстардын саны боюнча көптү айта албайм, анткени атам бармактайымдан эле тайгада алып жүрө берген. “Эчтемке эмес,- дейт анда генерал,- аякка жогорку билимдин кереги жок. А эгер сен дүйнөлүк өрт чыгарган эң зыяндуу бир шамды өчүрө атсаң анда Ата Мекен сени эч качан унутпайт”. Байкадыңарбы, тоодой милдеттин томуктай четин чыгарып атканын? А мен анда эч нерсени аңдабагам. Анан штаб болсо керек, бир чоң жертөлөгө келип кирдик. Генерал аяктагылардын баарын кубалап чыгып дале мени сурап атат. “Чет өлкөдө туугандарың жокпу?”- дейт. Каяктан эй! Түп тамырым менен сибирликмин. Негизи биз, бүт ушул кыштактыктар Петр падышанын убагында Бий Катын чебин курган казактардан тарайбыз.

— Темирболот деген атты ким койгон сизге?

— Поп мас болуп алып койгон. Ошонусу үчүн мен ал саксайган немени чокудан ары бир салгам, отуз үчүнчү жылы ГПУга айдап баратканымда…

– Каякка? Эмнеге айдап бараттыңыз эле?

— Шаарга да. Биз аны кармап келсек, айдап барар киши жок, ошондо айтышты “Темке, буга көптөн бери эле тиш кайрап жүрдүң эле” дешип…

— А бирок жакшы эле ысымыңыз бар го?

— Мындай атка татыктуу фамилия да керек ко? А мен Темирболот Киндиковмун. Согушта аты-жөнүм айтылаары менен бышкырыктар чыкчу. А мына бизде Асан Киндиков деген бар, ага эч ким деле күлбөйт.

— Мейли. Андан ары эмне болду эле анан?

— Андан ары ии… Кайсы жерге келдим эле?

— Генерал сурап атат…

— Ооба. Баарын сураштырып анан айтты: “Өкмөт менен партия сизге, жолдош Киндиков, чоң жоопкерчиликтүү тапшырма берип атат. Биякка, алдыңкы чекке Гитлердин өзү келиптир. Бизде аны жайлап коёр чоң мүмкүнчүлүк туулду. Биз биякка атайы тапшырма менен жиберилген фашисттердин бир шүмшүгүн кармап алдык. Тапшырмасын аткарыптыр, бирок колго түшүп калып атпайбы. Ал өзү топтогон жашыруун документтерди фронт аркылуу алып өтүп Гитлердин өз колуна тапшырмак экен. Түшүнүп атасыңарбы? Гитлердин өз колуна! А Гитлер жана анын каракчылары жанагы шүмшүктү жакшы таанышат экен.

– А бул жерде сиздин кандай тиешеңиз бар?

– Сөз бөлгөнгө сөз бөлгөн!.. Тамызып койгулачы. Кха!.. Түшүндүрөм: мен жанагыл шүмшүккө куюп койгондой окшош экенмин… Анан достор, чыныгы жашоо башталды менде!

Темке ушундай бир кумар менен, ушундай бир рахат менен эскерүүлөрүнө сүңгүгөнүндө угуучулар кошо жагымдуу сезимдерге кабылышып, акырын жылмайып, тымызын суктанып, таттуу тамшанып да алышат.

— Мени ошол жердеги госпиталдагы өзүнчө бир бөлмөгө жайгаштырышты. Эки жоокерди кызматчылыкка коюшту. Бирөөнүн званиясы старшина, а мен болсо катардагымын.

— Кана старшина, өтүгүмдү алып бер дейм, алып берет. Буйрук деген буйрук, эч нерсе дей албайт. Ал арада мени окутушууда, чоң даярдыктан өткөрүшүүдө.

— Кандай даярдыктан?

— Атайын даярдыктан!  Ал жөнүндө азыр мен унчуга албайм. Анткени, тил кат бергем. Элүү жыл өткөн соң айта берсем болот. Азыр араң эле… – Темке эриндерин кыбыратып санайт — Жыйырма беш эле жыл өттү. Бирок эми бул өзүнчө кеп…  Ошентип, жыргал жашоо өтүп атты. Эртең мененки тамак биринчи, экинчи, үчүнчүсү менен келет. Жанагы жардамчы старшинам кызгылтым портвейнди алып келгенде кабак түйө эле бир карайм, ал чуркаган бойдон госпиталдагы көп спирттен бир бөтөш согуп келет. Мен суудан кичине кошом. Кошпосом мындай эле согом. А портвейнди тигилерге берем. Ошентип, жыргаткан бойдон бир жума өттү. Бул бейиш канчага чейин уланаар экен деп ойлогонумча болбой генерал чакыртты. “Кандайсың жолдош Киндиков. Тапшырманы аткарууга даярсыңбы? – “Дайым даярмын”, — дейм чакыя чест берип. “Анда, — дейт ал. – Сени Кудай колдосун, сенин тияктан Советтер Союзунун Баатыры болуп келишиңди күтөбүз. Бир гана жаза атып албасаң болду!

– Эгер мен тийгизе албасам, эң акыркы чыккынчы жана эл душманы болоюн. Жок эле дегенде Гитлер менен катарлаш кулайм, андан кийин Баатырлыкты Темирболот Аманович Киндиковго бересиңерби, бербейсиңерби, өзүңөр билесиңер, — дейм мен.

Көрсө, биздикилердин алдыга танкаларды салып арттан жөө жоокерлерди жайнаткан чоң чабуулу даяр болуп калыптыр. А чабуул башталса, Гитлер да тылына уча качып, планыбыз ишке ашпай калмак.

Темкенин көздөрү тигиндеги күйгөн от менен арбалышкандай муздак жылтырайт. Көңүл ою алыскы кезине чабыттап, учурун унуткандай, ал эмес колундагы бош калай стаканын эстен чыгарып ордуна койбойт. Аймалаган от жарыгында анын мисирейген жүзү баатырдыкындай сүрдүү жана ачуулуу.

— Эми мени кандайча согуш сызыгынан ары өткөрүп таштагандарын, кантип Гитлердин бункерине түшкөнүмдү майдалап отурбайын. Ооба, Гитлердин бункерине түштүм! — деп үнүн капыс көтөрө берип өзү да ордунан тура калат. – Мен түштүм! Мына ылдый кеткен тепкичтердин акыркысын аттап түшүп заматта жалаң темир бетондон курулган кеңири залда боло калдым. Карасам, көз уялткан жарык алдында толгон-токой генералдар какыйышат. Мен дароо эле өзүмдү колго алып, Гитлерди издей баштадым.

Темке эми чындап эле акыркы керээзин айтып аткан оорулуудан бетер кыйналып сүйлөйт: бирде бышылдап мурду менен, бирде кышылдап тамагы менен, кээ бир сөздөрүн үзүп-кесип, кээде жагымсыз тиштенип, шилекейин жута, улам тынып, токтоп улантат аңгемесин.

— Жүрөгүм лакылдап алкымга келди. Гитлер каякта? Тигиле карап, толгон генералдардын арасынан анын түлкү тумшугун издеп, так мурутка атайын деп ойлодум. Мен оң колумду көтөрө берип: “Хайл Гитлер!” – дедим. Сол колумда болсо пакет, а пакетте тийгенде чачырап кетээр ууланган октор менен октолгон браунинг. Бир генерал жаныма жетип, бер дегенсип пакетке кол сунат. Мен анын колун түртө берип сылык гана: — Миль пардон мадам, бул фюрерге гана дейм, фюрер деген сөздү чыныгы немис тилинен бурбай айтып, – деп шилекейин жута берип Темке: — Ошол учурда… ал чыкты… Мен ток ургандай селт эттим. Дароо эле алыскы туулган жеримди эстедим… Ата-энемди… Ал убакта аялым жок болчу… — Темке азыр эле өңгүрөп ыйлап, көйнөгүн айрып, тонун тыткылап жиберчүдөй болуп азга унчукпай туруп калат.

— Билесиңерби, бүткүл өмүр көз алдыңан чубуруп өткөн көз ирмемдер болот. Аюу менен түнт токойдо сүзүшүп калсаң да ошондой. Кха… айта албайм!.. — деп сөзүн уланткан Темике ыйлап кирет.

— Анан? – акырын сурайт кимдир бирөө.

— Ал мени утурлап келатат. Генералдар какыйган бойдон туруп беришти. Ал жылмайды. Мен ошондо пакетти айрып жибердим, колдо браунинг! Ме сага, биздин азаптар, үчүн!.. Ме сага, биздин көз жаш үчүн!.. Биздин жараат үчүн, Совет адамдарынын төгүлгөн каны үчүн!.. Талкаланган шаар-кыштактар үчүн!.. – деп Темке кыйкырып колунда чын эле куралы бардан бетер муштумун түйүп, сөөмөйү менен бет алдын мээлейт. Угуп тургандар өздөрүн жоготуша селейишет.

– Күлөсүң ээ шүмшүк! Күл эми, өз каныңа жуулуп жатып жүзүкара! — деп Темке жүрөк титирете кыйкырып жиберип, анан бир азга тым боло түшүп, акырын дээрлик угулбагыдай шыбыш чыгарат: — Мен аттым… Темке көкүрөгүнө шылк дей түшкөн башын ары-бери чайкап ыйлап жиберет, тишин кычыратып, түйүлгөн муштумдуу колун ары-бери силкилдетет. Анан акырын башын көтөрүп, жаш толгон көзү менен баарын кыдырата карайт да, аянычтуу жана кыйналган түрдө: — Мен жаза аттым, — дейт.

Бирөө да бир сөз айта албайт. Темкенин кебетесин, айткандарына таңгалган, арбалган тейде дел болушат.

— Тамызып койгула, — деп акырын бирок талап кыла үн чыгарат Темке бир кезде. Ичип жиберип сууну карай басып кетет. Аякта үшкүрүнүп коюп өз кайгысы менен бир далайга жалгыз отурат. Балык шорподон баш тартат…

Шаардыктарга Темке “кол салуу” тууралуу аңгемесин дагы да айтып бергенин кыштактагылар адаттагыдай эле билишет. Үйгө кабагына кар жааган бойдон тил угуп, өзү да урушканга даяр болуп келет. Калбыгый эрин, москоол катыны ага дароо эле атырылат:

— Сен эмне, ийне жеген иттей болуп?..  Дагы баягыңбы!..

— Барчы нары, — чарчаңкы түрдө жинденет Темке. – Ке, тамак берчи.

— Балакет же, балакет! Тамак жебей так башыңды жесеңчи! — ажылдайт аялы: — Элдин күлкүсүнөн көчөгө чыга албай калдым!

— Демек, отур үйгө, темселебей!

— Жок, мен азыр барам, азыр барам сельсебетке! Сендей келесоону дагы да чакырышсын. Сендей арам чолокту акыры бир күнү отургузаттыр дейм. Тарыхты бурмалаганың үчүн…

— Укуктары жетпейт. Оозеки сөз далил эмес. Түшүнүктүүбү? Келе тамак!..

— Күлүп атышат, баары бизге күлүп атышат. А буга баары бир. Токойдо тербиген малсың сен. Уятың барбы деги? Же аныңды жоготуп бүттүң беле? Тфу, көзүңдү көргүм келбейт. Кеңкелес десе!

Ачуулуу көзүн аялына кадап, жинин араң тыйган Темке акырын айтат:

— Миль пардон, мадам… Аз-зыр жаагыңды түлөтө коё элегимде…

Каалганы карс жапкан катыны кайдадыр жөнөйт, тиги “Токойдо тербиген малы” үчүн арызданганы. Бирок аялы Темкеге баары бир деп бекер эле айтат. Жок, ал мунун баарына санааркачу, жинденчү, кайгырчу, кыйналчу. Үйүндө эки күндөй ичип жатат. Аракка өспүрүм баласын чуркатып:

– Аяктан эч кимди укпа, — дейт ал өзүн күнөөлүү сезгени менен уулун зекий, – бөтөлкөнү ал да, кайра тарт!

Аны чындап эле сельсоветке көп ирет чакырышып коркутушкан, уяткарышкан, чара көрөбүз дешкен. Ичин кызытканы жок болсо председателдин көзүнө тике карай албай уялыңкы күңкүлдөйт:

— Кантип эле, коюңузчу эй… Болуптур, мейли анда…

Анан дүкөнгө кирип кырлуу стакан менен бирди бастырып алып, ал ашказанына отурукташкыча кичине турат да, колдорун эки жакка жая берип жарыялайт: — Эми суранам!.. Бирөө-жарымдан… Эгерде менден кичине кемчилик кетсе таарынбооңорду суранам. Миль пардон!..

А бирок ал чынында эле көзгө атаар мерген эле.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ