ШУКШИН Василий: Кемпай (аңгеме, которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ)

АҢГЕМЕ

Башкача бир кызыктай жоруктарга барганы менен куулук-шумдуксуз жүргөнүнө жараша, ошондой эле өзүнүн бир өзгөчөлүгү сыяктанып башынан бөлөкчө бир окуялар өтө бергенинен улам аялы ага Кемпай деп ат коюп алган. Ал көбүнчө апенди чалыш күйөсү жосунсуз жорукка барганында бул атты кошо айтып жемелегени менен кай бирде анын баёолугуна ичи элжиреп “Кемпайым” деп эркелеткен тейде жароокөрлөнө да кетчү. Ал өзү ушундай болгону менен арты өкүнүчтүү окуяларга кабылуудан же жоруктарга баруудан каччу, аларды дегеле каалачу эмес. Андыктан болор иш болуп кеткен соң жандүйнөсү жабыркачу.

Мына анын бир жолку алыс сапар тартып барып келгендеги жоругу.

Эмгек өргүүсүнө чыкканында Уралдагы он эки жылдан бери көрүшө элек агасына барып учурашып келмей болуп чыгынды.

— Мындай… битюр балыгына окшош чөктүргүч каякта?! — деп кыйкырды ал аялына кампадан.

— Мен каяктан билем?

— Баары мынабул үкөктө болчу! – Кемпай көгүлжүм тарткан тегерек көзүн каардуу көрсөткүсү келгендей кабак чытый карады. – Баары бар экен, ошол гана жок.

— Битюр балыгына окшошпу?

— Ошо, чортонго салчу чөктүргүч.

— Кебетеси аны мен балык деп жаңылыш бышырып салдым окшойт.

Кемпай бир саамга унчукпай туруп калып сурады:

— Кандай анан?

— Эмне?

— Даамдуу бекен? Ха-ха-ха!..- Ал сөзүнө калемпир-мурч кошуп сүйлөгөндү абдан жакшы көрчү, бирок мунусу ишке аша берчү эмес. – Тиштериң бүтүнбү? Ал деген катуу калайдан жасалган да!..

 

…Сапарга көпкө чейин – түн ортосунан оогончо даярданышты.

Ал ошентип таң эрте чамаданын көтөрүп кыштак аркылуу өттү. Өзүнүн кайда жөнөгөнүн сурагандарга:

— Уралга! Уралга! Сыртка чыгып мээ сергитип келейин дедим! – деп жооп бергенинде болтогой жүзү менен тегерек көздөрүнөн алыскы жолдор өзү үчүн коркунучсуздугу, кеп деле эместиги көрүнө түшкөнсүдү. – Уралга баратам!

Бирок Уралга чейин али алыс болучу.

Ошентип ал райборборго жакшы жетип алды. Андан ары поюзга билет алып, калган сапарын темир жолдо улашы керек.

Жөнөп кетер убакытка чейин көп бар эле. Кемпай бир тууганынын балдарына таттуу-паттууларды алмай болуп азык-түлүк дүкөнүнө кирип, эл катары кезекке турду. Алдындагысы шляпачан киши экен, анын алдында оозун келиштире боёгон семиз катын турду. Аял тез бирок үнүн акырын чыгарып, кызууланган түрдө шляпачанга сүйлөп атты:

— Элестетсеңиз, ушундай да орой, адепсиз адам болобу! Оору деген — оору, ал үчүн бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө болбойт… Ошентип ал жети жылдан бери унутчаактык дарты менен жабыркап келаткан, ушул учурда ага эч ким карчарбага чыгууну сунуштаган эмес. Ал эми тиги болсо мекемебизди бир жума башкарбай жатып эле: “Балким, Александр Семеныч сизге карчарбага чыкканыңыз жакшы болоттур?” дебеспи-и… Бетпак!

Шляпачан башын ийкегилеп, аны колдой сүйлөдү:

— Ооба, ооба… Алар эми ушундай болуп калышты да. Эмне экен унутчаак болсо? Ал эми Сумбатыччы?.. Ал дагы акыркы кездерде табында эмес болучу. Аа тигичи, ким эле аты?..

Кемпай шаардыктарды сыйлачу. Эми баарын эмес чынында; бейбаштар менен сатуучуларды жаман көрчү. Ал тургай алардан коркчу.

Анын кезеги келип, момпосуйларды, таттуу куймактарды жана төрт такта шоколад сатып алып, мындай оолактай берип, чамаданын ачып, жерге коюп, алгандарын ага батыштыра баштады… Анан кезекте тургандардын бут алды жагына кандайдыр көз жүгүртө берип, ал жерден элүү сомдук кагаз акчаны көрүп калбаспы. Кадимки эле жашыл өңдөгү кагаз акча өз алдынча жерде жатат, эч ким көрбөй. Кубанычтан көздөрү күйгөн Кемпайдын ал тургай денеси титиреп кетти. Өзүнөн мурда башка бирөө озунуп кетпеш үчүн кезекте тургандарга жерде акча жатканын шаңдуу жана ыгы менен айтыш максатында акыл оюн бир жерге топтоп, көтөрүңкү, көңүлдүү үн катты:

— Жакшы жашап жатыпсыңар, жолдоштор!

Ага баардыгы көңүл бура карашты.

— Бизде, мисалы, мына мындай кооз кагаздар жерде жатпайт!

Бул жердегилердин баары бир аз толкунданган тейде дүрбөй түшүштү. Анткени бул үч сомдук дагы, беш сомдук дагы кагаз эмес болучу, бул деген жарым ай иштегенде араң колго тийүүчү, кожоюну жок элүү сомдук жашыл пул болучу.

“Кебетеси жанагы шляпачандыкы болуш керек” деп болжолдоду Кемпай.

Бул жердегилердин баардыгы элүү сомдукту дүкөн көргөзмөсүнүн көрүнүктүү жерине коюу чечимине токтолушту.

— Азыр кимдир бирөө жүгүрүп келет, — деди сатуучу аял.

Кемпай дүкөндөн жандүйнөсүнө жагымдуу сезим тартуулаган ойлор менен чыкты. Өзүнүн бул жасаганы кандай гана жеңил жана шаңдуу болду: “Мисалы, бизде мына мындай кооз кагаздар жерде жатпайт!” Бир маалда капысынан эле аны кызыл жалын каптап өткөндөй коркунучтуу сезим чулгай калды: анткени так ушундай элүү сомдукту жана жыйырмалыкты айылынын сактык кассасынан ага беришпеди беле. Жыйырма сомдукту азыр соода кылып майдалатты, ал эми элүү сомдук чөнтөгүндө болушу керек… Дароо эле колун чөнтөгүнө тыга калганында эч нерсеге урунбады, кайсалактай калган ал башка калталарын карады эле, акчасы чындап эле жок экен.

— Менин акчам экен да! – кыйкырып жиберди Кемпай. – Ой неңдики!… Менин кагазым тура!..

Кайгыдан улам жүрөгү кысылып, өз келесоолугуна күйбөгөн жери күл болуп кетти. Биринчи эле чуркап барып: “Жолдоштор, бул менин кагазым экен. Мен кечээ сактык кассасынан эки акча алгам. Алардын бири жыйырма сомдук, экинчиси жарым жүздүк болучу. Бирөөнү, жыйырма сомдукту азыр майдалаттым, ал эми экинчи акчам жок”, — дегиси келди. Бирок ал өзүнүн бул аракети менен дүкөндөгүлөрдүн “Албетте, акчанын ээси табылбаган соң бул неме аны өзүнө энчилейин деди да”, — деген күмөнсүүлөр жараларын ойлоп, ушул жасала элек аракетинен дароо баш тартты. Жок, бул каргыш алган кагазга кайрадан колун сунууга өзүн мажбурлабайт. Анын үстүнө акчаны бербей коюшары да толук мүмкүн.

— Деги сен эмне деген жансың?! – деп күйбөгөн жери күл болгон Кемпай көтөрүңкү үндө өзүн өзү тилдеди. – Эми эмне кылам?..

Үйгө кайра кайтып барышы керек болчу.

Жок дегенде өз акчасын алыстан карагысы келип, дүкөнгө басып барып, тепкичте ичкери кире албай турду… Антсе абдан эле оор болчудай, жүрөгү көтөрө албай кетчүдөй.

Үйдү карай автобуста келатканында өзүн өзү күңкүлдөй сөгө берди. Баарынан кыйыны — бул жоругун аялына түшүндүрүп айтып берүү…

Ошентип сактык китепчесинен кайра элүү сом алууга туура келди.

Аялы улам-улам айткан кемпайлыгынан, өзү да иш жүзүндө ашкерелеген (ал тургай аялы колундагы депкири менен эки ирет чокудан ары берип калды) келесоо шалаакылыгынан өлгүдөй уялып, жерге кирип кеткиси келип поюзда келатты. Бирок күйүтү акырындан азайа берди. Өзү сумсая көз жүгүрткөн терезеден тоо-токойлор бир калыпта чубалжып, кыштакчалар зыпылдай чуркап өтүп жатышты…

Түрлүү адамдар кирип-чыгып жүрүштү, ар кандай жоруктарды айтып аңгеме куруп жатышты. Кемпай да жанындагы интеллигент чалыш жолдошко качан экөө тамбурга тамеки чеккени чыгышканда бир окуя тууралуу кеп салып берди.

— Биздин коңшулаш кыштактык бир келесоо… Мастыгы менен күйүп жаткан чычаланы ала калып, энесин кубалап жөнөптүр. Эне байкуш андан качып: “Колуңду… колуңду күйгүзүп алба, балам!” деп кыйкырып, уулуна кам көрүп баратат дейт. Ал эми тиги жүзү карарган мас темтеңдей чуркап энесинин артынан калбай барат… Мындай жорукка кандай гана адамдыктан кеткен айбандар барышат, элестетип көрүңүз…

— Муну өзүңүз ойлоп таптыңызбы? – деп сүрдүү түрдө сурады бул интеллигент чалыш жолдош Кемпайды көз айнегинин үстүнөн карап.

— Эмне үчүн? – деп бүшүркөй сурап түшүнбөй калды ал. – Бизге коңшу дарыянын аркы өйүзүндөгү Раменское кыштагында…

Интеллигент жолдош терезени карай терс бурулуп, экинчи жолу үн чыгарган жок…

Поезден түшкөндөн кийин Кемпайга жергиликтүү учак менен дагы бир жарым саат учушу керек болчу. Илгери ал бир жолу учкан эле. Андан бери көп мезгил өттү. Учакка отуруп атып коркпой коё албады. Ушундан улам башына мындай ой келди: “Кантип эле бир жарым саат ичинде мунун кандайдыр бир тетиги бузулбасын!”   Андан кийин эч нерсе болбочудай көнүп кетти. Ал тургай жанындагы киши менен сүйлөшкүсү келди, бирок ал ушундай бир кызыгуу менен гезит окуп отуруп алды. Жанындагы тирүү адамды уккусу келбегенден кийин тиги гезитинде укмуш кызык бирдеме болсо керек. Эми качандыр бир учакта тамак берерин укканы боюнча курсагы ток болсо да Кемпайдын кызык үчүн эле асманда баратып бирдеме жегиси келе баштады. Негедир тамак беришкен жок.

“Ниеттери бузулуптур”,- деп түшүндү муну ал.

Ылдый жактагы булуттарды, тоолорду карай баштады. Кемпай эмнегедир алардын кооз же андай эместигин бөлүп айта алган жок. Ал эми айланасындагылар болсо “ах, кандай гана сулуулук!” деп ачык эле суктанып жатышты. Ал бир гана алдыдагы үлпүлдөк кебездей булуттарга кулагысы келген акылсыз бир сезимге кабылды. Анан да ал: “Эмне үчүн мен таңгалбайм? Менин алдымда беш чакырымдай боштук турат”. Буга таңгалыш үчүн беш чакырымды жер үстү боюнча көңүлүндө ченеп, аны тигинен асмандата коюп көрдү. Бирок дале болсо таңгалган жок.

— Мына адам дегениң!.. Бир укмушту ойлоп тааптыр да,- деди коңшусун карап. Ал Кемпайды бир карап алып эч нерсе деген жок, кайрадан гезитин шуудуратып барактай баштады.

— Курларды тагыныңыздар! – деди адеми чырай жаш аял. – Конгону баратабыз.

Кемпай тилалчаактык менен курун тартынды. Ал эми кошунасы буга көңүл буруп да койгон жок. Кемпай ага колунун учу менен этиеттене тийип:

— Курду тартынгыла деп жатышат, — деди.

— Эч нерсе эмес, — кошуна гезитин оолак коюп, орундукка чалкалай отуруп, анан бирдемени эстегенсип ойлуу сүйлөдү: — Балдар жердин гүлү, алардын баштарын ылдый каратып отургузуш керек.

— Кандайча? – түшүнбөй калды Кемпай.

Окурман катуу каткырып жиберип, башка эч нерсе деп айткан жок.

Тездик менен төмөндөй башташты. Мына, кол сунса жеткидей жер зыпылдап артка өтүүдө. Бирок конгондогу жумшак урунуу кечигип туруп алды. Кийин билген кишилердин айтканы боюнча учкуч “жаза кетирип” коюптур. Акыры жерге катуу урунуп, ары-бери чайпалгыча сүрүлгөндөгү жагымсыз чыйкылдоо, титиреген тиштикиндей тырсылдоо угулду. Алиги гезит чилтени ордунан ыргып, Кемпайды кашка башы менен төштөн ары бир сүзүп, кайра далысы менен иллюминаторго тийип, ошол замат жерге кулап түштү. Ушул учурдун аралыгында ал бир дагы үн чыгарбады. Ал тургай айланадагылардын эч кимиси лам деп ооз ачпады. Бул Кемпайды абдан таңгалтырды. Өзү да унчукпады. Кудай жалгап учак токтоду. Биринчи эсине келгендер иллюминатордон карап учак картөшкө аңызга конгонун көрүштү. Учкучтардын бөлмөсүнөн кабагы карыш түшкөн учкуч чыгып, чыга беришти карай жөнөдү. Кимдир бирөө андан этиеттене сурады:

— Биз кебетеси картөшкөгө отуруп калдык окшойт ээ?

— Эмне көрбөй турасызбы! – орой жооп берди учкуч.

Коркунуч бир заматта тарап жок болду, кээ бир тапан чалыштар акырындан азил айтууга да батына башташты.

Кашка баш окурман жерден өзүнүн жасалма тиштерин издей баштады. Кемпай курун чыгарып, ал да издеп кирди.

— Мына булбу?! – кубанычтуу кыйкырган ал жасалма тишти ага алып берди. Муну көргөндө окурмандын кашка башы албырып кетти.

— Шөшсүз эле колго ала калыс керекпи? – кыйкырып жиберди тигил “ш” тыбышы менен “с” тыбышын алмаштыра айтып.

Кемпай ыңгайсызданды:

— А эмне болду?..

— Эми муну каякка кайнатам? Кайда?!

Муну Кемпай да биле алмак эмес. Ошентсе дагы:

— Мени менен жүрүңүз, — деп сунуштады. – Бул жерде менин бир тууганым жашайт. Сиз мунуңузга мен жаман бирдемемди жуктурду деп коркуп жатасыз да ээ? Кам санабаңыз, менин микробдорум жок…

Окурман Кемпайды таңгала карап, кыйкырбай калды.

Аба майданынан Кемпай аялына мындай деп телеграмма жиберди:

“Кондук.Сирень гүлү орун алды төшүмөн, ардагым Груша чыгарба мени эсиңен. Васятка”.

Катаал жүздүү, какжыйган денелүү телеграфист аял телеграмманы окуп көрүп мындай деп сунуштады:

— Башкача түзүңүз. Сиз бакчадагы бала эмессиз, чоң кишисиз.

— Эмне үчүн? – деп сурады Кемпай. – Мен ага каттарымда дайыма ушинтип жазам. Ал деген менин аялым да!.. Сиз кебетеси ойлодуңуз окшойт…

— Катка каалаганыңарды жазгыла, а телеграмма деген байланыштын бир түрү. Бул ачык жазуу.

Кемпай кайрадан жазды:

“Кондук. Баары жайында. Васятка”.

Телеграфист аял ошондо да эки сөздү оңдоду. “Кондук” менен Васятка” эми: “Учуп жеттик”, “Василий” болуп калды.

— “Кондук”, эмне сиз космонавтсызбы?

— Болуптур, ушундай деле боло берсин, — Кемпай каршы болбоду.

Кемпай бир тууганынын үч баласы бар экенин билчү… Ал эми ушул учурда жеңеси бар экенин дегеле ойлонбоптур. Аны Кемпай эч качан көргөн эмес. Дал ошол жеңеси анын бүт эмгек эс алуусун бузду. Ал негедир Кемпайды дароо жактыра бербеди, сүйүңкүрөбөдү.

Кечинде агасы менен ичип отуруп Кемпай дирилдеген үнү менен ырдап кирди:

Шуулдаба тереги-им… теректери-им…

Ушул учурда Софья Ивановна аттуу жеңеси башка бөлмөдөн баш багып:

— Кыйкырбай эле койсоңор болбойбу! Силер бекетте отурган жоксуңар да, туурабы? – орой айтып, эшигин катуу жапты.

Дмитрий агасы өзүн ыңгайсыз сезди:

— Тиякта… Балдар уктап жатат да. Негизинен ал жакшы эле…

Дагы ичишти. Бала чактарын, атасы менен энесин эскере башташты.

— Эсиңдеби? – деп агасы Дмитрий кубанычтуу сурады. – Эмчектеги кезиң болуп эч нерсени эстей албасаң да айтып койоюн. Мени сени менен калтырып коюшканда сени өпкүлөп таштачумун. Бир ирет ал тургай сенин бетиң көгөрө да түшкөн. Ал үчүн мени төпөштөшкөн. Ошондон кийин сени мага калтырбай калышкан. Ошентсе да мага баары бир эле, мындай болушары менен сени өпкүлөй баштачумун. Шайтан билсинби, бул эмне деген жоругум экенин. Өзүмдүн мурдумдун суусу тиземе чейин агып жүрүп, сени өпкүлөп не кылам дейм да…

— Эсиңдеби?! – Кемпай дагы бир жорукту эстеди. – Сен мени кандай гана…

— Силер кыйкырганды токтотосуңарбы? – кайрадан эшик ачкан Софья Ивановна такыр эле ачуулуу сурады. – Силердин ушул өбүшкөнүңөр менен мурдуңардын суусун угуу кимге керек? Бакылдашат тимеле!..

— Жүрү эшикке чыгабыз, — деди Кемпай. – Баягы эсиңдеби? – ал сыртка чыгып орундукка отурганда сөзүн улантты.

Бирок агасы муну уга турган абалда эмес болуп чыкты. Ал ыйлап жиберип, тизесин муштагылай баштады.

— Мына менин жашоом! Көрдүңбү? Адамда канча ачуу болорун!.. Канча каар!

Кемпай агасын соорото баштады.

— Кой эми, капалана бербе. Кереги жок. Алар эч кандай каардуу эмес, алар жиндилер. Меники да ушундай эле.

— Эмнеге минтип сүйүңкүрөбөй турат?! Эмне үчүн? Жактырбай койду го сени… А эмне үчүн?

Кемпай ошондо гана жеңесинин жактырбай жатканын түшүндү. Бирок кайсы күнөөсү үчүн?

— Эмне үчүн экенин мен билем. Анткени сен жооптуу кызматта эмессиң, жетекчи эмессиң. Мен билем бул шүмшүктү. Жооптуу кызматтагыларды көрүп башы айланып калган. А өзү ким дейсиң! Башкармалыкта буфетчи болуп иштейт. Түз жердеги дөң сыяктуу неме. Тияктагыларын карап алып эле баштай берет… Ал мени да жоопту кызматта эместигимден, элеттик экенимден улам жек көрөт.

— Тиги… башкармалыкта… айта албайм азыр… Анан эмнеге мага тиет? Имине ал билген эмес беле? Иминеге?..

Ушул сөздөрдү укканда Кемпай жандана түштү.

— Деги кеп эмнеде өзү, аа?! – агасына эмес башка бирөөгө кайрылгансып үнүн көтөрө сурады. — Эгер билгиңер келсе баардык көрүнүктүү адамдар айылдан чыккан. Кара алкакка салынган кандай кадырман адам болбосун, карасаң эле кыштактык болуп чыгат. Гезит дегенди окуш керек!.. Түшүнөсүңбү, кайсы кыйынды караба түбү элеттен, анан эртелеп иштеп баштаган болот.

— А мен ага канча ирет кыштактын эли жакшы экенин, өлжүрөк эместигин далилдедим дейсиң.

— А сен Степандычы… Воробьевди эстеп жүрөсүңбү? Сен аны билчү элең го?

— Билем, билбегендечи.

— Анда каяктагы элеттик энөөлүк!.. Мына көрүп ал: Советтер Союзунун баатыры. Тогуз танканы талкалаптыр. Акыркысын танкасы менен барып, маңкасын чыгара сүзүптүр. Анын энесине эми өмүр бою алтымыш сомдук карчарба чектеп беришти. Анын бул эрдиги жакында эле билинди, өзү дайынсыз кеткендердин арасында болучу…

— Ал эми Максимов Ильячы!.. Биз аны менен бирге кеткенбиз. Мына ал Даңк төш белгисинин үч деңгээлдегисин тең алган. Степандар жөнүндө ага айтпай эле кой… Керек эмес.

— Болуптур. Бул тигил дебейли…

Ошентип делөөрүп калган ага-ини бир топко чейин күүлдөштү. Кемпай ал тургай эшиктин алдында ары-бери басып, колун шилтегилей бакылдап жатты:

— Карап кой, кыштак деп!.. Ал жактын абасы эле эмнеге турат! Эртең менен терезени ачарың менен бүт тулкуңду жууп кетет. Аптыга жутсаң тазалыгын,  түркүн чөп, гүлбурак аңкыган буркураган жыпар жытын айт…

Ошентип атып чарчап калышты.

— Чатырды ачып кайра жаап алдыңбы? – агасы акырын жана жайырак сурады.

— Ачып кайра жаңы жапкам,- Кемпай улутунуу менен акырын жооп берди. – Кире бериштеги бөлмөнү салгам. Көрсөң көңүлүң тоёт. Кечиндеси ал жакка чыксаң кыялга батасың. Атам менен апам тирүү болушса, сен балдарың менен учурашканы келсең, анан жаңы сыр жыттанган сырткы бөлмөдө бүлдүркөн менен чай ичип отурсак. Кийинки кездерде бүлдүркөн тимеле төгүлүп калчу болду. Сен, Дмитрий аны менен урушпа, болбосо ал мени ого бетер жек көрүп калат. А мен аны менен кичине сылыгырак болом, анан көрөсүң ал жибип кетет.

— Ал өзү деле элеттен эле. Түшүнбөйм! – кандайдыр акырын үндө таңгалды Дмитрий. – Мен го мен. Мобу балдарды кууратып жибергени жаман болду. Бул келесоо катын бирөөсүн пианиного берип кыйнады, башкасын көркөмдөп муз тебүүгө жаздырды. Тимеле мээңе кан чуркап кетчүдөй болосуң, бирдеме десең эле уруш чыгат.

— Э-эх!..- Кемпай кайрадан делөөрүдү. – Эч бир түшүнө албайм ушул катындарды.  Сылыктык талап кылынган дүкөндө иштесе да ушундай орой. Эх силер!.. Үйгө келсе да ошонусун карматат. Мына, кайгынын баары каяктан! Мен түшүнө албайм! – Кемпай муштуму менен тизесин урду. – Эмне үчүн булар мынча беймаал болуп алышты?..

Эртең менен Кемпай ойгонгонунда үйдө эч ким калбаптыр. Агасы Дмитрий жумушуна кетиптир, жеңеси да кичинекейди бакчага жеткиргиче ишине кетсе керек. Үйдүн чоңурак балдары короодо ойноп жүрүшкөнсүйт. Кемпай төшөгүн жыйнап, жуунуп бүткүчө, андан кийин деле кандайдыр жеңесине жаккыдай иш кылууну ойлонду. Ушул учурда анын көзүнө балдардын коляскасы урунду. “Аха! – деп ойлоно баштады ал. – Мен муну кооздоп көрөйүнчү”. Ал үйүндөгү мешин кооздогонунда баары таңгалышкан болчу. Балдардын мектепте колдончу боёктору менен кыл калемин таап ишке киришти. Бир сааттан кийин ишин бүтүрүп, коляска таанылгыс болуп өзгөрдү. Анын үстү жагына каркыра-турналардын тобун калкытты, төмөнүнө ар түрлүү гүлдөрдү, жашыл ыраң чөп-чарды, койкойгон эки жуп корозду, жөжөлөрдү… Кыскасы, колясканы каяк жагынан караба — көздү көркөмдүгү менен арбачудай болду. Коляска эмес эле оюнчукка айланды. Жеңесинин жагымдуу бир таңгала караганын элестетип, бырс күлүп жиберди.

— А сен кыштак деп коёсуң дагы. Макоо десе! – деген ал жеңеси менен жакшы мамиледе болууну каалады. – Бала тимеле коляска эмес башка бир жомоктордун дүйнөсүнө түшкөндөй болот.

Кемпай күнү бою шаар кыдырып, дүкөндөрдүн көргөзмөсүнө көз салып жүрдү. Бир тууганынын баласына маңдайында жарыгы күйгөн апакай оюнчук кайык сатып алды. “Мен муну да кооздоймун”,- деп ойлоду ал.

Кечки саат алтыларда Кемпай агасынын үйүнө кайтып келди. Эшиктин алдына келгенинде ичкериден агасы Дмитрийдин жеңеси менен урушуп жатканын укту. Тагырак айтканда, жеңеси урушуп атыптыр, агасы болсо күңк-мыңк этип бир-эки сөздү улам кайталоодо:

— Койчу эми, эмне болуптур!.. Баары жайында… Сонь… Койчу эми…

— Бул келесооңдун эртең үйүмдө изи-жыты да болбосун! – деп кыйкырды Софья Ивановна. – Эртеңден калбай кетсин!

— Койчу эми… Сонь…

— Эмне эле койчулап жатасың?! Койбойм, этпейм! Бул үйдө жүрөм болбой эле койсун. Чамаданын чыгарып коём, шайтан алгырдыкын. Бүттү анан!..

Кемпай тепкичтен түшүп, үйдөн алыстаганча шашты… Андан ары эмне кылышты билбеди. Кайрадан жүрөгү ооруп чыкты. Качан аны урушкандарында бүт жандүйнөсү жанчылгансып чыдатпай чыкчу. Коркунучтуу да эле. Баардыгы бүткөндөй сезилди, эми жашап кереги жок сыяктанды. Өзүн жек көрүп, мазактап жаткан адамдардан алыс качып, бир жактарга кетип калгысы келди.

— Деги мен эмне үчүн мындаймын? – агасынын кампасында отуруп күйгүлтүккө түшө күбүрөндү. Анын элдик чыгармачылыкты түшүнбөсүн аңдап билиши керек  болчу. Кампада караңгы киргиче отурган анын жүрөгү тынымсыз ооруй берди. Бир маалда агасы Дмитрий келди. Иниси Василий эбактан бери бул жерде экенин билгендей, ал таңгалган деле жок.

— Мына… – деди ал. – Ал кайрадан ызы-чуу салып жатат. Колясканы… Кереги жок эле да…

— Мен ойлогом ага жакшы көрүнөт, жагат деп… Мен бара берейин, ага.

Агасы Дмитрий оор улутунуп алды… Башка кеп айта алган жок.

Кыштагына Кемпай катуу жамгыр төгүп жатканда келди. Ал автобустан түшөрү менен бутундагы жаңы батинкесин чечип бир колуна алып, экинчи колуна чамаданын калдаңдата көтөрүп, суу болгон жылымтык жол менен чуркап жөнөдү. Ал алдынан чыккан жамгыр чөөттөрүнөн аттап-буттап секиргиче катуу ырдап баратты.

Шуулдаба тереги-им, теректери-им!..

Асман бир четинен булуттардан тазалана көгөрүп келатты. Күндүн жакында жарк этип жүз көргөзөрү туюлуп турду.

Жамгыр сейректеп, чоң-чоң тамчылары көлчүккө тийип, андан көбүктөр барсая пайда болуп, дароо эле жарылып жатышты.

Бир жерге келгенде Кемпай тайгаланып жыгылып кала жаздады.

Анын толук аты-жөнү Василий Егорыч Князев эле. Кыштакта киномеханик болуп иштечү. Ал изкубарлар менен иттерди жакшы көрчү. Бала чагында тыңчы болууну кыялданчу.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ