ШУКШИН Василий: Сынчылар (аңгеме, которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ)

АҢГЕМЕ

Жетимиш үч жаштын нанын жеп жаткан чоң атанын улгайганына жараша денеси какжыйып катып, мүнөзү ачуусуна тартып, кулагы да катуулап кеткен жайы бар. Ал эми небереси Петька он үч жашта. Ушул жеткинчек курагынан озгон узун бою, өз алдынчалыкка умтулган кежирлиги болгону менен анын бул мүнөзүнө коошо бербеген уялчаактыгы да бар. Ушул чоң ата менен небере бири-бири менен абдан ынак.

Алар баардыгынан киного киргенди жакшы көрүшкөндүктөн чоң атанын карчарбасынын теңи эле анын билетине корочу. Адатта чоң ата айдын аягында акчасын санап көрүп, Петькага өкүнгөн да, шаңдуу да түрдө жарыялачу:

— Сен экөөбүз толук беш сомду айдап отко салыппыз!

Петька сыпайылык үчүн эле таңгалгандай түр көргөзчү.

— Эч нерсе эмес, тигилер багышат, — дечү чоң ата (тигилер дегени анын уул-келини, башкача айтканда, Петьканын ата-энеси). – Бул чыгым сен экөөбүзгө пайдасын эле тийгизди.

Алар киного киргенде эң алдыңкы катарга отурушчу. Биринчиден бул орундар арзан эле, анан экранга жакын болгондуктан чоң ата түзүгүрөк укчу. Бирок баары бир эле тыңшагандарынын жарым-жартылайы мээсине кирбей, аларды актёрлордун эриндеринен окуп түшүнчү. Көрүп жаткан кээ бир учурларда чоң ата залдан эч кандай күлкү угулбаса деле жөндөн жөн туруп эле каткыра баштачу.

Мындайда Петька аны капталга укуп, зекий шыбырачу:

— Сен эмне, жинди немече каткырасың…

— Ал азыр эмне деди анан? – деп сурайт чоң ата.

Петька айтылганды чоң атасынын кулагына көтөрүңкү үндө шыбырайт:

— Ыргакты басаңдатпастан дейт…

— Хе-хе-хе, — эми чоң ата өзүн шылдыңдап күлөт. – Мага андай деп угулган жок.

Кээ бирде күнөөсүз жерден бирөөлөр өлтүрүлгөндө чоң ата ыйлап жиберип:

— Эх силер… адамдар! – деп кайгылуу күңгүрөнө бет арчысына бышкырынат. Дегеле ал экрандан көргөнү боюнча өз пикирин айтып калганды жакшы көрчү. Мисалы, ал жактан аймалаша өбүшкөндөрдү көргөнүндө бырс күлүп жиберип, шыпшынган тейде шыбырай сүйлөчү: — Ах, шайтандар!.. Карасаң буларды, карап кой… Хэх!…

Эгер экрандагылар мушташып кетсе чоң ата отургучтун туткасын мыкчый кармап, бүт денесин чыңалткан тейде кунт коё тигилчү (жаш кезинде ал чоң муштум болчу дешет).

— Жок, тетигиниси… мунусу… болбойт бошоң турбайбы. А мунусу жаман эмес, шамдагай экен.

Антсе да ал жасалмалуулукту дароо эле билип, ошол замат таарынган түрдө нааразыланчу:

— Жо-ок! Булар калп эле мушташкан түр көргөзүп жатышат.

— Бирок мурундары канжалабадыбы, — деп каяша айтчу Петька.

— Канбы… Кан кетсе эмне экен? Мурун деген назик да. Акырын тийип койсоң деле андан кан кете берет. Кеп анда эмес.

— Мына сага! Кеп анда болбосо эмнеде?

— Албетте, анда эмес.

Жолтоо кылган аларды арттагылар түрткүлөп тыйганда унчукпай калышат. Алардын мындай талаш-тартыштары негизинен клубдан сыртка чыккандарында күчөчү.

— Сандырактык! – баса белгилейт чоң ата. – Турмушта мындай болбойт.

— Эмне үчүн мындай болбошу керек?

— А сен эмне, ушул бала сыяктууларды көрүп жүрөсүңбү?

— Кайсыл бала?

— Жанагы кыякчандай… Терезеден киргенчи…

— Ал терезеден кирген жок, — деп кинонун майда-чүйдөсүн эстеп калган Петьканын кыжыры келе, окуяны чаташтырган чоң атасынын сөзүн оңдойт. – Ал жөн гана ырдаш үчүн терезенин кырына чыкты.

— Кирдиби, чыктыбы… Мына мен бир жолу эсимде, кирүүгө туура келген…

— А сиз эмне, ушундайларды көрбөй жүрөсүзбү?

— Кандайларды?

— Жанагындайларды!.. Эмелеки терезеге чыккандайларды. Ал жөнүндө өзүң айтып баштабадың беле.

— Мынчалык да көргөн эмесмин, — деп чоң ата бир колу менен экинчисинин учун жаныйт. – Аның кандайдыр Ваня макоо сыяктуу неме окшойт. Ырдайт да жүрөт, ырдайт да жүрөт… Бизде Ваня макоо ошондой болчу. Ырдап эле басып жүрчү.

— Анткени ал деген сүйөт да! – Петьканын ачуусу келе баштайт.

— Эмне экен сүйсө, сүйсө сүйөттүр.

— Ошон үчүн ырдап атат да!

— А-а?

— Ошон үчүн ырдап атат деп атам!

— Андай немени бизде эбак шакаба чегип атып ордуна коюшмак! Кыңылдатып ары-бери бастыра коюшмак эмес. Сүйөт имиш… Сүйгөн киши уялат. Тиги макоо болсо бүт кыштакты тынчытпай басып жүрөт… Кайсы келесоо кыз ага турмушка чыгат! Ал деген токтоло турган неме эмес да. Мына биз… Эсимде… Жактырган кызыбыз көрүнө калса эки көчө алыс айланып өтчүбүз. Анткени уяттуу болчубуз. Сүйөт имиш.. Сүймөктөн сүй, бирок адамдарды эмнеге…

— Эмне, эмнеге?

— Адамдарды эмнеге күлдүрөт дейм… Мына биз убагында…

— Кайра эле “биз, биз”. Азыр деген адамдар өзгөрдү да!

— Кандайча өзгөрүп кетет алар? Адамдар дайыма эле бирдей. Сен бизде ошондой макоолорду көп көрдүң беле же?

— Бул деген кантсе дагы кино да. Аны чын жашоо менен салыштырганга болбойт да.

— Мен салыштырган жокмун. Мен жөн гана бала окшош эмес деп жатам. Болгону ушу, — деп өзүнүкүн бергиси келбейт чоң ата.

— Андайларды баарыбыз эле көрүп жүрөбүз го! Залдагылар күлүшпөдүбү! Ал тургай мен да каткырдым!

— Сен азырынча кичинесиң. Сага баары эле күлкүлүү көрүнө берет. Мына мен жөн жерден эле ыржалактай бербейм.

Чоң ата чоңдор менен кино тууралуу сейрек талашчу. Дароо эле ачуулана баштап, акырында уруша кетчү.

Ал бир эле жолу чоңдор менен олуттуу түрдө талаша кетсе да анын арты жакшы бүткөн эмес, балээни башына үйүп алган.

Иш жагдайы мындайча болгон: чоң ата менен небере ал күнү жаңы келген комедияны көрүп чыгышып, клубдан алысташары менен ынтымактуу түрдө аны “кол-сан” кыла талдап жиберишкен.

— Баарынан таарынычтуусу — тиги шайтандар (актерлор) өздөрү эле ыржалактап жатышты. А мен отурдум, бышкырмак тургай жылмая алган жокмун! – чоң ата кыжырлана күйүп-бышты. – Сен күлө алдыңбы?

— Жок, — чынын айтты Петька. – Бир эле жолу, алиги машина менен баратып аңтарылып кеткендеринде.

— Мына ошол эле! А биз деген бул үчүн акча төлөгөнбүз. Төлөгөндө да эскиче эки сомду! Алар болсо өздөрүнө өздөрү каткырып тим болушту. Бүттү!

— Анан, эң негизгиси, “Комедия” деп жазып коюшат.

— Комедия! Мындай комедияны ооздон ары бериш керек!

Ошентип алар үйгө сиркелери суу көтөрбөй ачуулу келишти.

Үйгө киришсе, баары телевизордон кыштак турмушун сүрөттөгөн кандайдыр бир кинону тиктеп отурушуптур. Үй ээлери жалгыз эмес экен, алардыкына бүгүн шаардан Петянын таежеси күйөсү менен келиптир. Ошентип баары сыналгы тиктешүүдө. (Чоң ата менен Петя сыналгыны жактыра беришчү эмес. “Мен боз бойдок кезде агам Микита үйлөнгөн. Ошондо мен алар жаткан бөлмөнү жылчыктан шыкаалаганды жакшы көрчүмүн. Бул сыналгы деген неме дагы ошол жылчык сыяктуу каратат-каратат бирок канааттандырбайт” дечү чоң ата.)

Ошентип баары сыналгы көрүп отурушуптур.

Петька дароо эле китеп кабын алып, сабак даярдаш үчүн бөлмөсүн карай жөнөдү. Ал эми чоң ата болсо беш мүнөтчө сыналгынын жандуу сүрөтүн тиктеп туруп калды да, жарыялай айтты:

— Болбогон иш! Мындай эч качан болгон эмес!

Петьканын атасы буга тырчый түшүп үн катты:

— Унчукпаңыз ата, жолтоо болуп жатасыз.

— Жок, коё турсаңыз, бул кызык экен. Эмне үчүн мындай болбошу керек?- деп сурады шаардык киши сылык түрдө. – Чоң ата эмнеге мындай болбойт деп жатасыз? Эмне үчүн болбошу керек?

— Ыя-а?

— Биздин атабыздын кулагы катуурак, — деп түшүндүрдү Петьканын атасы.

— Мен сурап атам: эмне үчүн мындай болбойт деп ойлойсуз? Кандай болушу керек? – деп шаардык киши негедир сырдуу жылмая берип, суроосун көтөрүңкү үндө кайра кайталады.

Чоң ата аны жипкиргендей карап алып үн катты:

— Так эле ушундай эч качан болбойт. Сен муну карап туруп ойлоп атасың, чын эле жыгач уста экен деп. Ал эми мен болсо аны бир карап эле чыныгы жыгач уста эмес экенин билип койдум. Ал ал тургай балтаны туура кармаганды билбейт экен.

— Булар Петя экөө, бизде кино сынчылары, — деди Петянын атасы абышканын муздак мамилесин жылытыш үчүн жылмая сүйлөп.

— Кызык экен, — шаардык киши кайрадан сөз тизгинин жетеледи. – Кантип сиз анын балта кармаганы туура эмес деген чечимге келип, жакшы кинодон өөн таап жатасыз?

— Анткени мен өзүм өмүр бою жыгач устачылык менен алектенгем. “Эмне үчүн, эмне үчүн?”

— Чоң ата, -деп сөзгө кыпчылды Петянын таежеси. – Кеп анда деле эмес да.

— Анда эмнеде?

— А мага адамдын өзү көбүрөк маанилүүрөк. Түшүнөсүзбү? Мен билем, бул чыныгы жыгач уста эмес, актёр экенин. Бирок мага абдан эле кызык… абдан эле…

— Абдан эле кызык болбой анан, айылдык аталар ушундай сын айтып атышса, — деп кайрадан эле жанагыдай кытмыр жылмайган Петянын таажездеси мукактана түшкөн аялынын сөзүн улады. Дегеле бул коноктор өздөрүн абдан акылдуу сезишип, чоң ата менен сүйлөшкөндөрүндө мыскылдуу жылмаюуларын уурттарынан өчүрүшкөн жок. Буга абышканын итиркейи келип, ачууланды.

— Сага маанилүү болбосо мага маанилүү, — деп баса айтты абышка. – Силердейлерди алдап коюш аларга түккө турбаса, мендейлердин көзүн будамайлай алышпайт.

— Ха-ха-ха! – шаардык киши каткырып жиберди. – Укчуңду уктуңбу!

Петянын таежеси да күлүп жиберди. Петянын ата-энеси абышканын бул кылыгы үчүн абдан эле уялып, ыңгайсыз абалда калышты.

— Сен баары бир эч нерсени жактырбайсың да, ата. Андан көрө барып Петяга жардам бер, – деген Петянын атасы коногунун кулагына эңкейе берип үнүн пас чыгара түшүндүрдү: — Өзү эки жерде экини билбейт дагы менин балама жардам берет. Экөө өз ара талаша кетишкендерин карап турсаң тимеле бооруң эзилет!

— Кызыктай чал экен, -деп баш ийкей макул болду шаардык.

Баардыгы кайрадан сыналгыга арбалышып, чоң атаны унутуп койгонсушту. Өзүн мазакталгандай сезген абышка арт жакта азга турду да, Петькага барды.

— Күлүп атышат, — деди ал небересине арыздангансып.

— Кимдер?

— Тигилер…- чоң ата төркү үйдү карай ээк шилтеди. – Сен эч нерсени билбейсиң, карган макоосуң дешип… Ал эми өзүлөрү болсо баарын түшүнүшөт экен!

— Аларга көңүл бурбай эле кой, — кеңеш айтты Петя.

Абышка үстөлгө отуруп, азга тынчый түштү да, кайрадан сүйлөнө баштады:

— Сен дешти алар, таптакыр эле акылдан айныгансың дешти…

— Эмне, чындап эле ушундай дештиби?

— Ыя-а?

— Чындап эле сизди жинди дештиби?

— Отурушат күлүп коюшуп. Алар өтө көптү билишет имиш!

Петядай жаш балдар айткандай чоң атасы акырындан “от алып” баратты.

— Аларга көңүл бурбай эле кой, -деп Петя кайрадан аны жоошутканга аракет кыла баштады.

— Келип алышып… Чилистендер! – деп ызырынган абышка ордунан туруп барып, төрдөгү сандыгын аңтарып атып акчасын тапты да, сыртка жөнөдү. Бир сааттан кийин ал мас болуп келди.

— Оо, — деп таңгалгандан Петянын оозу ачылды (чоң атасы сейрек иччү). – Сен эмне чоң ата?

— Көрүп атышабы? – деп сурады ал.

— Көрүп атышат. Аларга барбагын. Кел, мен сени чечинтейин. Тынч жатып ал. Эмне үчүн ичип алдың?

Абышка отургучка күп эте боюн таштады.

— Алар түшүнүшөт, сен экөөбүз болсо эч нерсе билбес дөңгөчпүз! – үнүн көтөрө баштады чоң ата. – Сен абышка макоосуң дешти! Жашоонун эч нерсесин түшүнбөйсүң деп күлүштү. Өзүлөрү болсо баарын түшүнүшөт жана билишет экен! Акчалары болсо көп! – эми абышка кыйкыра баштады. – Көп болсо да мурдуңду көтөрбө да! Мен өмүр бою чынчыл жашап, бел чечпей эмгектендим!.. Эми болсо унчукпастан отурушум керек экен да! А сен өмүрү колуңа балта кармап көрдүң беле! – деп чоң ата нары жагында коноктор сыналгы көрүп отурган каалганы карап кыйкыра баштады. Петька эмне кыларын билбей калды.

— Кереги жок, кереги жок, -дегенден башка оозуна сөз келбеген Петя аны тынчтандыра албай жатты. – Кел, мен сени чечиндирейин. Аларга теңелбей эле койчу!..

— Жок, коё тур. Мен аларга эмнени айтар экенмин!.. – өйдө тургусу келип обдулган чоң атасына Петя жабышты.

— Кереги жок, чоң ата!

— Шаардык бекерпоздор, -деп ызырынганы менен чоң ата кандайдыр жоошуй түшкөнсүдү. Петя чөгөлөй калып анын бир өтүгүн бутунан сууруп алды. Бирок ушул учурда чоң атанын ызасы кайра кармап, ызырына баштап, ордунан обдулду.

— Силер мени шылдың кыласыңар ээ! – абышканын тунарыңкы көздөрү эми күйүп чыккансыды. – А мен силерге бир эле сөз айтам!.. –деп өйдө тура калып, өтүктү алган бойдон төркү үйдү карай умтулганда Петька аны кармай албай калды.

Чоң ата коноктор менен үй ээлеринин үстүнө кирип барып эле, сыналгыны чоң өтүгү менен берип калганда, көгүлтүр экран быркыранып кетти.

— Мээ силерге! Жыгач усталарыңарга дагы!

Баардыгы ордуларынан атып турушту. Петянын таежеси ал тургай чыйылдай кыйкырып жиберди.

— Шылдыңдайсыңар ээ! – абышка айбаттана кыйкырды. – А сен качандыр бир колуңа балта кармап көрдүң беле?!

Петянын атасы абышканы кучактай кармайын деди эле, ал каршылык көрсөттү. Отургучтар кулап, идиш-аяктар шаңгырады. Петянын таежеси чыйылдай кыйкырып, көчөгө атып чыкты. Петянын атасы акыры чалдын колун артына толгой кармап, сүлгү менен байлай баштады.

— Уят кылдың сен мени, атакеси! Уят кылдың! – чалдын колун бекемдеп таңып жатып ызырына берди ал. – Рахмат сага!

Бул окуядан улам жүрөгү түшүп калган Петька көзүн алайткан бойдон кире бериште кыймылсыз катыды. Шаардык киши болсо обочодо башын чайкагылап коюп унчукпай турду. Петьканын апасы полдо жаткан идиштерди ала баштады.

— Уят кылдың атакеси, уят кылдың… – бир эле сөздү кечке кайталап, жаман сөздөр менен сөгүнүп жатты Петянын атасы.

Чоң ата эми көмкөрөсүнөн түшө жерде жатты, ал сакалы менен сырдалган полду сүрткүлөгүчө кыйкыра берди:

— Силердей шылдыңпоздорду мен бир эле сөз айтып өчүрөм! Эгер мен сен айткандай келесоо болсом…

— Качан мен ушинтип айттым? – деп сурады шаардык киши.

— Сиз муну менен сүйлөшпөңүз, — деди Петянын апасы. – Азыр бул эмне деп жатканын өзү да билбейт. Уятсыз десе!

— Силер мени өзүңөр менен бирге дасторконго отургузбайт экенсиңер да! Болуптур! Бирок сен мага… Сен буга жооп берчи. Өмүрүңдө бир устун кыйып көрдүң беле? Ааа!.. А сен мага айтып турасың… Мени жыгач усталарды билбейт деп! Керек болсо мен бул кыштактын теңин өз колум менен кургам!..

— Кандай гана мени уят кылдың атакеси, эми жок дегенде оозуңду жаап жата турчу, — деп кайрадан Петянын атасы сүйлөнө баштады. Ушул учурда Петянын таежеси менен бул кыштакты тескеген милийса Ермолай Кибяков кирип келди.

— Ох-оо! – деп жамажайын жайылта жылмайган Ермолай шаңдуу кыйкырды. – Сен эмне Тимофей аба, аа?

— Мени ата сөрөйүбүз шаардык конокторума уят кылды, — деди Петянын атасы ордунан обдула берип.

Милийса муштумун оозуна такап жөтөлүмүш этип, алаканы менен ээгин укалай берип, Петьканын атасына суроолуу түрдө карады. Ал макул болгонун билгизе баш ийкеп үн катты:

— Ошентиш керек. Тим гой, ошол жакка бир түнөп тарбияланып келсин.

Ермолай фуражкасын башынан алып, мыкка дыкаттык менен илди да, колтуктама бапкесинен калем, кагаз алып чыгып, үстөл боюна отурду. Чоң ата тынчый түштү. Петянын атасы окуя кандай болгонун айта баштады. Ермолай куудурай кургаган алаканы менен чоң башындагы суюк чачтарын сылап, дагы бир жолу муштумуна калп жөтөлүп алып, үстөлгө боортоктой түшүп, башын сол жакты карай бурган бойдон жаза баштады.

“Гражданин Новоскольцев Тимофей Макарыч бир миң…”

— Абышка канчанчы жылкы эле?

— Токсонунчу.

“Бир миң сегиз жүз токсонунчу жылы туулган, мурдагы кесиби жыгач уста, азыр карчарбада отурат. Өзгөчө белгилери жок. Жогоруда аты-жөнү келтирилген гражданин ушул жылдын жыйырма бешинчи сентябрында үйүнө катуу мас абалында кайтып келген. Ушул учурда үй бүлө сыналгы көрүп отурган. Коноктор дагы бар болгон…”

— Кино кандай аталышта эле?

— Билбейм. Биз койгондо эле болуп жатыптыр, — деп жооп берди үй ээси. – Колхоз жөнүндө болучу.

“Фильмдин атын эстей алышпайт. Колхоз тууралуу экенин гана билишет. Тимофей дагы көрө баштаган жана бир аз өткөндөн кийин мындай деген: “Мындай жыгач усталар болбойт”. Баардыгы Тимофейден жөн отуруусун өтүнүшкөн. Бирок ал оолуккан абалынан тыя албаган ал кайрадан мындай жыгач усталар болбой турганын айтып, жаман сөздөрдү агыта баштаган. Анын эң көп айткан сөзү “жыгач усталардын колу мындай болбойт” болгон. Ал бара-бара колу-бутун агыта баштаган. Андан тартипти сактоосун дагы бир жолу өтүнүшкөн. Ошондо Тимофей оң бутунан өтүгүн (43-45 өлчөм, булгаары кончтуу, чоң такалуу) чече салып, тиливизорго сокку жасаган. Түшүнүктүү болуп тургандай андагы көрүнүп турган дүйнө бүт талкаланып түшкөн, тагырак айтканда демейде баардыгын көргөзгөн тилибизордун айнеги быркыранган. Милийсанын ага сержанты Кибяков”.

Ермолай ордунан туруп, түшүнүк катын эки бүктөп бапкесине салып, аны колтугуна кысып чоң атага кайрылды:

— Жүрүңүз, Тимофей аба!

Петька буга чейин эмне болуп жатканын түшүнгөн эмес. Бирок атасы менен Кибяков чоң атасын колтуктан алып тургуза башташганда азыр аны милийсаканага алып кетерин биле калды. Ошондо ал катуу ыйлап жиберип, чоң атасын алып калыш үчүн умтулду.

— Каякка алып баратасыңар?! Чоң ата, булар сени кайда сүйрөп атышат?! Ата, бербегин чоң атамды!..

Атасы Петьканы түртүп жиберди, ал эми Кибяков күлүп ийди:

— Чоң атаңды аяйт экенсиң да ээ? Биз аны азыр түрмөгө отургузабыз. Азыр…

Муну укканда Петька жанагыдан да катуу ыйлап коё берди. Апасы аны окчун жетелеп барып соороткуча түшүндүрө баштады:

— Эмне ыйлап жатасың? Ага эч нерсе болбойт. Тиякка барып түнөйт да, кайра келет. Анан уялып калат. Ыйлаба балам.

Чоң атанын өтүгүн кийгизишип, үйдөн алып чыгышты. Муну көргөндө Петя ого бетер өңгүрөдү. Шаардык таеже аларга басып келип Петьканы соорото баштады:

— Эмне сен, Петенька? Чоң эле бала… Аны деген соолуктуруучу жайга алып кетишпедиби, соолуктуруучу жайга! Ал деген тез эле келип калат. Бизде, Москвада, билесиңби, соолуктуруучу жайга канчалаган кишилерди алып кетишет!..

Петька милийсаны ушул аял ээрчитип келгенин эстей калып, аны өзүнөн катуу түртө оолактатты да, мештин үстүнө чыгып, жаздыкты сүзгөн бойдон бир топко чейин өңгүрөп ыйлай берди.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ