ШУКШИН Василий: Бир адам бар эле (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Ушундай да болот экен ээ… Кечээ эле ал адамга жолуккам,  чогуу тамактанып,  андан кийин тамеки чекчү жайга отуруп чылым түтөткөнбүз… Анын жүрөгү оорулуу болчу,  ал тамекини тартпай деле койсо болмок,  бирок орус догдурдун айтканы менен болобу:  ал анын айтканынын баарын  баш ийкеп угат,  ага макул болот,  ооба — таштасам болот эле дейт да,  кайра эч нерсе укпагансып тамекисин түтөтөт. Биз тамеки чегүүчү жерге чогулуп калганда бул жөнүндө көп кеп кылып,  аягын тамашага айлантабыз.

— Ичпе,  тамеки тартпа дешет,  — деп баштайт көптөн бери  аш казан оорусуна чалдыккан бирөө,  анда бул жашоодо эмне кылышым керек,  я?

Тургандардын баары биринен-бири талаша үн катышат:

— Бир тактай коюп алып,  бутуңдун учу менен басып жүр!

— Башың менен дубалды сүзгүлө да!

— Ой, бармактайымдан бул итке көнүп алсам кантмек элем? Ансыз эми кайда барам?

Ошентип кара буубуз чыкканча азилдешебиз,  тамекинин түтүнү кулагыбыздан чыкканча тартабыз,  андан кийин сөздүн нугу акырындап башка нерселерге,  дегеле жашоо,  турмуш жөнүндө кетет: башыбыздан өткөн ар кандай күлкүлүү же жөн эле кызыктуу окуяларды эскеребиз. Арабызда бирөө боло турган — арык чырай,  көк көз,  дайыма жөтөлө берчү… Жөтөлгөнү да бир башкача эле: өтө терең эмес,  тынбай, тамагына бир нерсе туруп калгансып,  муунуп, деми кыстыгып кыйнала берчү. Ал жөтөлгөндө тегерегиндегилер боор ооруй карашып,  бирок ал көз караштарын тигиге билгизбөөгө аракет кылышчу, ал ага муктаж эмес эле. Ал бир жолу чаар чапанчан бирөөнү сөгүп салбаспы.

— Сиз тамекини таштасаңыз болмок, — деп тиги деле боор ооруган түр менен кеңешин айтмак болгон.

— Мага дагы эмне керек экен, а?— деп сурады ал, тиги чаар чапанга тигиле карап.

— Билбейм сизге дагы эмне керегин,  бирок тамекиңизди…

— Билбесең былжырай бербе,— деди көк көздүү оорулуу киши, — сага окшоп кеңеш бергендер иттин кара капталынан! — ал чаар чепкенченди демите дагы бир нече сөз айтты. Акырында кишини көп таарынтпаган,  өтө булганыч эмес сөздөр менен сөгүнүп алды. Байкаган кишиге ал тигини эле сөкпөстөн өзү өткөргөн  бүт өмүрүн, бардык кылган иштери үчүн,  акырында моминтип “бүжүрөп” акыркы күнүн чыдап күтүп калганы үчүн сөгүп жаткандай эле. Бирок ал түшүнчү,  анын жашоосу,  тагдыры дейбизби, ал анын эркинен тышкары турган,  баш ийбеген нерсе,  ошондуктан ага кайгырып деле кереги жок. Анын айткандары эске түшөт:

— Согуштан госпиталга түшүп чыгып келсем,  быякта эч ким жок: энем согушта өлдү,  агам да  согушта каза болуптур,  а атам согушка чейин эле өлгөн. Үйүбүздү бузуп салышыптыр: Сыягы,  Москваны коргоо учурунда  бул жерге бир нерсе куруу керек болгон окшобойбу… А мен балдакчан, бир бутумду жерге сүйрөп басам. Дарыянын музун чакканга жалдандым. Балдакты колтугума кысып,  кыймылсыз бутумду балта тайып тийбесин деп артка сунуп,  балдактын учун чуңкурга такап алып эңкейем да, көзүм караңгылагыча  муз жарам. Анан отурам: балдагымды… өзүм дагы…  музга жабышып калбасын деп көчүгүмө коюп алам. Бир мекемеде кароолчу болуп иштеген кемпирдикинде жашайм. Ал кароолчу кемпирдин үйү деле поюздун тамбурундай болгон тар кепе…айла жок, кайда барам. Жерге жатам — сыз өтөт. Кеч киргенде бир аз көз ирмеп,  түнкү үчтөрдө үшүп ойгоном,  тосмону бир аз калдыратып тынчтыкты бузам: үч тактай сууруп келип мешке  салам. А  кароолчу кемпир сыртка чыгып мени бир карап коюп үйгө кирип кетет. Бир жолу ойгонсом, ал ордунда жок. Кийинип алып сороңдоп эшикке чыгып тосмого жеттим… Жаңы эле бир тактайды суурусам — бах! Чамындылар башымдан  чачырап,  кеңгирей түштүм. Тим эле бытыра тийгендей болду. – Муну айтып жатып ал тынбай жөтөлдү,  бул анын аңгемесине жагымсыз түс берип турду.

Кемпир тааныбай, башка чапкан жерге жеткенде ал күлүп койду. Ал окуяны күлкүлүү кылып айткысы келди,  биз деле чын дилибизден күлмөкпүз. Бирок ал  күлөт да,  жөтөлөт,  күлөт да,  жөтөлөт,  ошентип бир жөтөлүп, бир күлүп жатып аңгемесин араң айтып бүттү:

— Глебовна,  бул менмин!— деп кыйкырып жибердим. Үнүмдү угуп ал тааный койду… Кичине эле ылдыйраак болгондо так чокуга тиймек экен,  кудай бир сактаптыр. «Мен, – дейт ал, – ууру экен дебедимби». Ууру алчу бул жерде эмне бар дейсиң? Тиги… заводдорду бузуп,  ташып темир чогултуп жүрүшөт ко…

— Ой,  ал күндө инструкция алат да!

— Туура,  ал атканды да билет!

— Эч нерседен тартынбаган кыйын кемпир эле, — деп улантты көк көз көңүлдүү,  аңгемеси элдин кызыгуусун жаратканына өзүнө өзү ыраазы; ал бир нерсеге нааразы болуп наалыганын уккан жокмун. Очок кашында отуруп алып мага көп нерселерди кобурап берчү. А жазында мага жатаканадан орун беришти, жеңилдеп калдым.

— Бутуң да айыга баштагандыр.

— Бутумду мен андан кийин дагы бир жарым жылча… Башкысы,  ооруп деле кыйнабайт,  а бирок кыймылдата албайм десең.

— Ал кезде көп киши балдакты үч жылга чейин сүйрөп жүрүшпөдүбү.

— Ооба…

— Жакында эле  мага анекдот айтып берген. Ал анекдот укканды жакшы көрчү,  тамеки чеккен жерде айтылган анекдотторду акырын жылмайып укчу,  бирок өзү элге айтканын укпаптырмын. Биз анда телефонго кезек күтүп турганбыз,  ал мени бурчка такап алды да,  иретсиз,  тажатма сөздөр менен айта баштады:

— Карга быштак таап алат да бутакка конуп, жанагы…эмне эле… чокуп жемек болот. Аңгыча түлкү келип ырда дейт.

Анда карга:

— Ху-ху,   хо-хо? — Быштакты канатынын астына бекем кысып алып айтат: — Кел эмесе сүйлөшүп көрөлү.

Анда түлкү… Аңгыча анын кезеги келип калды.

— Өтүңүз, — дешти ага.

Ал телефон-автоматтын ичке жырыгына тыйынын ыргытты да,   номурду тере баштады. Анын жүзүндө алигиче жылмаю бар болчу,  балким ал дагы эле куу түлкүгө жемин алдырбаган карга жөнүндө ойлонуп жаткан болуш керек.

Андан кийин мен чалдым… Көзүмдүн кыры менен көк көздү көрүп жаттым: мени чыдамсыздык менен күтүп, жанагы анекдоттун аягына чыккысы келгендей.  Мени карап өзүнүн айтып бүткүс сулуу,  муңайым көздөрүн жымыңдата күлүп койду. Ошол кезде аны медайым бир жакка чакырып калды. Ал кетти.

Ошол түнү ал өлүп калды.

Мен коридордогу топураган дабыштардан,  кобур-собур үндөрдөн ойгонуп кеттим. Эмнегедир жүрөгүм сайгылаша түштү: ошол эле болуш керек. Палатадан коридорго башбактым, дал мен сезгендей экен: коридордо телевизор турат,  аны тегеректеп ак халатчандар жүрүшөт,  бири палатага кирсе, бири чыгып телевизор көрүшөт.

Анда,  асмандын бир үзүмүндөй көпкөк квадратта бир ак чекит секирет…Секирет да артынан бозомтук из калтырып өчүп жок болот. А тиги жалтыраган ак чекиттин секиргени секирген… Бирде бийик секирет,  бирде токтой калып титирей түшөт да кайра артынан изин чубалтып учуп барып көздөн кайым болот. Секирип,  секирип жатып ал чекит да токтоду.  Эл ал жаткан…эми анын өлүгү жаткан палатага киришти; телевизорду өчүрүштү.  Бул дүйнө дагы бир адамга кемиди.  Жан-дүйнөмдү бир боштук ээлеп таң аткыча уктай албай түйшөлүп чыктым,  оюмду бир маанилүү нерсеге топтогум келди,  түшүнгүм келди — жок,  мен аны мурда эле түшүнгөм. Кыска,  бир көз ирмемге болсо дагы,  жанагы чекиттин бозомтук изи сыяктуу аң-сезимимдиби,  жан-дүйнөмдүбү жарык кылып: бу,  адамдын өмүрү деген эмне болду экен? — ушуну сезгим келди. Тиги байкуш жашоонун кызыгын деле көрбөй оор турмуш өткөрдү. Ушундай жашоонун дегеле бизге кереги барбы?  Же башкачабы?  Маакул,  жашай берели,  а эмне үчүн бизден жанагы каргыш алгыр белегин —“Мунун баары эмне үчүн?”— деп түбөлүккө бизди кыйноого салган суроону алып койгон жок?  Тигине,  жүрөктүн кандай токтоп каларын билип калдык ко… Мунун баары эмне үчүн,  эмне үчүн! Муну кимге айтасың да,  кыйкырыгыңды ким угат?

Өмүр деген артка кылчактабайт,  улам алгалап  кете берет, кете берет,  чекеге жазган жашка жеткиче алдыга жыла бересиң. Өлгөн деле оңой окшобойбу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ