АЙТМАТОВ Чыңгыз: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ СЫДЫКБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ

Тоо бөксөрбөйт

Баштагы Караколдо (азыркы Пржевальскиде) эскиден калган үй бар, ал азыр да турат. Кабыргасы ката элек каргадай чагында Түгөлбай Сыдыкбеков ошол үйдө жалданып иштеген. Андан бери «тээ илгери» дегендей деле убакыт өтө элек, бул жыйырманчы жылдардын капортосунда болгон иш. Үйдүн өрү кетсе да, өзү калып дегендей, бир топ эле эскирди, ал эми ошондогу жалчы жүргөн баланын ооматы келип, зоболосу өргө кетти. Ал узак, бирок байсал жол басты, батырактан академиктин даражасына жетти. Фольклордук салттардан көп пландуу социалдык романдын аскар белине чыкты. Кыргызстанды кыдырып көрүп кеткен соң, француз журналисттеринин бири айран болуп, «Юманите» газетинде «Кырк жылга кыскарган он кылым» деп атаган жолдун өзү – ушул жол.
Кыргыз эли эми гана отурукташып, жаңыдан эле сабатын ачканга киришкен, а кырчындай жапжаш Сыдыкбеков болсо үлкөн роман жазганга белсене баштайт. Бир саамга өзүмдү анын ордуна коюп, ойлонуп көрсөм жүрөк опкоолжуйт: жок, буга менин батымым жетмек эмес… Бирок карабайсызбы, адам дээринин кажары деген кандай – Сыдыкбеков ошол мүдөөсүнүн үдөөсүнө чыгып, 30-жылдары анын эки китептен турган «Кең-Суу» романы жарык көрөт.

Көпчүлүк кыргыздар эжелеп болсо да окуганга жарап калган чак эле, улуттук туңгуч романды чечекейи чеч болуп тосуп алып, адилет баасын берет. Ошондон бери Сыдыкбеков кыргыз романынын баштоочусу катары бул жанрдын салтынан жазбай, анын биздеги санатчысы болуп келатат. Токомбаев улуттук поэзиянын азыркы профессионал абалга чыгышына көп күчүн жумшагандай эле, Сыдыкбеков да кыргыз романынын кыйырын кырымга жеткирип, учун урумга угузгудай мээнет кылды. Сыдыкбеков менен Токомбаевге алардын калемдеш курбалдаштарына, арийне, орус адабиятынын көмөгү тийип, өнөгөлүү салттары чоң сабак болду, анын алдында дегеле кыргыз калемгерлери түгөл баарыбыз карыздарбыз дегилечи, бирок анын көрөсөн дасмиясын адеп өздөштүрүү азыркыга караганда алда канча кыйын болгон, кеп ушунда.

Колхоздоштуруу кезеңин эпикалык арымда кең-кесири көрсөткөн ошол «Кең-Суудан» кийин Сыдыкбеков дагы далай прозалык китептерди жазды. Атап айтканда, «Темир», «Биздин замандын кишилери» романдары, «Тоо балдары» повести, башка бир катар чыгармалары жазуучунун талантын курчутуп, чеберчилигин өстүрдү. Анан капысынан 50-жылдардын этегинде арадан чейрек кылымдай убакыт өткөндөн кийин Сыдыкбеков «Кең-Суу» романына кайрылып, анысын түп-тамырынан бери жаңылап, саздап-маштап жазып чыкты. Чоң сүрөткер атыгып, тажрыйбасы артып, такшалып калган чагында Сыдыкбеков калбаат акылга салып, калыстык менен бир кездеги кырчын курак Сыдыкбековду кандайча оңдоп-түздөгөнүн мен ал кезде агылгалап байкап, күбө болгом.

Муну бир эсе өзүнө өзү көңүлү толбой, талантына жараша бийик талап коюп, чоң жоопкерчилик жүктөй билген жазуучунун эрдиги десек, экинчи чети эр мүчөл эрезеге толгон жалпы эле кыргыз адабиятынын ошол кездеги таламынан чыккан иш болчу. Мурда жазылган чыгармалардын бөксө жерлери, чалагайым жактары, адатта адабий көч өр таянып, жаңы ашууну кадуулап калган чакта даанараак көрүнөт эмеспи. Ошондон улам Сыдыкбеков төл башы романына кайрылып, аны жаңы мазмун менен толуктап, учурга үндөштүрө сүйлөтмөкчү болгон. Азыр ал роман «Тоо арасында» деген ат менен бүт өлкөгө белгилүү. Мен анын негизги бөлүгүн – экинчи китебин кезинде орусча которгом. Которуп жатып андан чоң канаат алганымды жашыра албаймын. Баарыдан да романдын тил байлыгы, образдуу айкалыштары, эл турмушун ауэзовдук арымга жакындап барган кеңдик менен көрсөткөн даркандыгы, көркөм деталдарынын дааналыгы жана тактыгы, улуттук боёк-наардын кайталангыс таасындыгы тамшантып, чеберчилик жактан мага жакшы мектеп болду.

Кыргыздардын арасында Сыдыкбековдун китептери жөнүндө кеп баштала калса, адамдар уй мүйүз тарта жайланышып отуруп, сөз учугун шашпай чубап, кулактын курчун, көңүлдүн көкшүнүн кандырар узун сабак аңгеме-дүкөнгө киришет. Сыдыкбековдун адабий каармандарын жалпы журтка таанымал, арабызда тик басып, тирүү жүргөн адамдардай көрүшөт. Алардын аты-жөнү эл ичинде эбак эле энчилүү ысымга айланган. Тиричиликке тирикарактыгы жок, а бирок насилинен адамкерчилиги, ак көңүлдүгү төгүлүп турган, калк сүйгүнчүлүгүнө арзыган Ыйманбайлар кыргыздын ар бир айылында бар.

Элдин ар-намысына, абийирине туу болуп, турмуштун туткасы өңдөнгөн Соке өңдүү абышкалар да бардык жерден жолугат, алардын аскиялуу куунак сөздөрүнөн улуттук кулк-мүнөздүн кыярбас кырлары кылактап турат. Басмачылардын колунан мерт болбогондо Сапарбай быйыл элүүгө толмок дешет окурмандар. Сымбаты келишкен алыбеттүү, эр мүнөздүү азамат бойдон элдин эсинде калды. Жалчылардан жанын аябаган, кулактардын куйкасын куруштурган, жанары жайнаган жигит эле, коммунист эле… Кайран бала жашында жайран болбодубу… Сыдыкбековдун каармандары биз менен жашап, коммунизмди курууда бизге кол кабыш кылат. Жакында ал кыргыз элинин тарыхындагы 100 жылдык мезгилди камтыган чоң роман жазып бүтүрдү. Юбилярды жарым кылымдык эр мүчөлү менен куттуктап, ага чыгармачыл жаңы ийгиликтерди каалоо менен, адабиятыбыздын абжалып гүлдөп өсүшү үчүн талыкпай издене бериңиз дегибиз келет.

Унутпаңыз Түкө, сиз кыргыз прозасынын опол-тоосу болосуз, а тоо деген бөксөрбөйт.

«Литературная газета».
6-октябрь, 1962-ж.