АЙТМАТОВ Чыңгыз: “ҮНҮ ЖОК” АДАМДЫН МОСКВАДАГЫ БИР КЕЗДЕШҮҮ ЖӨНҮНДӨ СЫР АЧУУСУ

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун китебинен…

Бир гана жолу кездешүү… Бир гана жолу сүйлөшүү… Бирок ушул бир гана жолу кездешүү жана сүйлөшүүнү бүт өмүр бою унута албай, андай жазмыш ыйгарган бактысын тааныштын таанышына, баланын баласына кагаз бети аркылуу “мактаныч” кылууга ушунча дилгир да, куштар да жашаган бир адам бар. Кагаз бети аркылуу дегенибиз – ал кишинин үнү таптакыр чыкпайт, 64 жашында – 2004-жылы тамагы ооруп, дабыш чыгаруу жөндөмүнөн биротоло ажырап, экинчи топтогу майып болуп калган. Бул күндө 76 жашта. Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен тараптагы Ак-Жол айылында жашайт. Мына ушул биз Чыңгыз Айтматов жөнүндө эскерүү – аңгемесин сунуш кылчу аксакал — Раманкул Момункулов табиятынан зирек көкүрөктүү, таланттуу инсан болгондуктан, жогоркудай “үнсүздүк” кемчилигин билгизбей, кимге болсо да, адамкерчилигин төгүлтө жаадырап-жайнап мамиле жасап, кулак, көз менен алган маалыматтарга дайым кошо ала жүргөн кагаз, калемин колдонуп таң каларлыктай так “жооп” кайтарат. Кээде сүйлөшкөн кишиге тамаша аралаш ыр да жазып жиберет.

Атаганат десең, эгер үнү эле болгондо, мындай дөөлөттүү куракта канатын ичинен кайырган бечара аксакал нечен бир санжыра, нуска кеп, ыр тизмектерин чубурта ак дилдүү улуу-кичүү чогулган салтанат-той, дасторкон пейил тойгуза жайылган конок төрүнүн “булбулу” болмок экен деп ойлоп кетесиң. Жазмыштын биз баарыбызды өкүнткөн оор жазасын кара! Айтмакчы, жазмыш аны бала чагында да баштан сылап эркелетпептир. 1940-жылы Таластын Кара-Арча деген айылында жарык дүйнөгө келип, эки жашка чыкканда атасы согушка кетип, дайынсыз болуп, үч жашка келгенде апасы келтеден өлүп, бир жашар Майманкул деген иниси экөө картайган чоң энесинин колунда калышат. Көрбөгөн азапты көрүп чоңоюшат. Өзү башынан эле ыр, аңгеме жазууга шыктуу болгондуктан, ал эстен чыккыс жетимчилиги тууралуу жүрөк сыздатып отуруп:

Бактысыз бала экенмин,
Төрөлгөн бороон алдында.
Атакем кетип согушка,
Үч жашта өлүп апакем,
Чоң энем менен калдым да.
Жашоом болуп бүдөмүк,
Күнүмдүн көзү түнөрүп.
Айрылып ата-энеден,
Көк жетим болдум түбөлүк, — деп сыр ачканы да бар.

Анан эр жетет. Чабан, башталгыч класстын мугалими, комсомолдук кызматкер болуп иштейт. Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинде сырттан окуйт. Партияга өтөт. Ошондон кийин Жамбыл шаарына келип, резинадан буюм жасай турган заводдо, курулуш материалдар заводунда ар кандай жумуштарда иштейт. Адистик билим-даярдыгын республикалык, союздук курстарда жогорулатуу менен: 1978-жылдан — Казакстандын Новотроицк шаарчасындагы “Чусовхозводстрой” трестинин башкаруучусунун орун басары, 1984-жылдан — Фрунзедеги “Промжилстрой” трестинин базасында начальник, “Чүй айыл курулуш” бирикмесинде башкы директордун орун басары, пенсияга чыгаар алдында — азыр жашап турган Ак-Жол айылындагы Жаңы-Жер ПМКсынын начальниги сыяктуу бир катар жооптуу-жетекчилик кызматтарды аткарат.

Мына ушундай – “тагдырын колу менен жасаган” эрктүү, эмгекчил, чынчыл, жөнөкөйлүк менен адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон Раманкул аксакал, 2013-жылы, саргыч өң контор журналына толтура кылып жазган ыр, аңгеме, эскерүү топтомдорун окуп көрсөңөр деп, адаттагысынча “үнү жок” тилде – бир жапырак кагазга жазылган “түшүндүрмөсү” менен коштоп, алып келип берип калды. Дит коюп окуп көрсөк, бул “чыгармалар топтому” өзүбүз да күтпөгөн – такшалган калемгер деңгээлинде жазылган татаал жана кызыктуу, адил-ак жана сырга бай жашалган максаттуу өмүрдүн поэтикалык, аңгемечилик сүрөттөмөсү болуп чыкты. Эл ичинде, акындык-жазуучулук өнөрдү дегеле кесип кылбаган жөнөкөй адамдар арасында, уюткан алтындай не деген таланттар бар! Ою так, сөзү курч, байкагыч-баамчылдыгы, эң негизгиси — ыймандуу-абийирдүү табигыйлыгы канаттын күүсүндөй сезимге серпилип – чалпоолук, тантыктык дегендин жыты да жок. Өзгөчө, кийинки өктөлүү тагдырын жерип-жектеген темирдей кайраты кимге болсо да бир келген өмүрдүн СООЛУК деп аталчу кадырын баалап да, түшүнө да билүүнү эскертет. Мындайча айтканда, саптардын сабынан суурулуп келип оптимист маанайда – жылмая маңдайыбызда турат. Бул жерде жубатуу, ашыкча сөз айтуу, төтөн курулай мактоого тундуруу эч керексиз экени өзүнөн-өзү айкын болуп чыкты. Биз болгону, чын дилден: “Жарайсыз, Раманкул аке, эгер өмүрдүн көп жылын курулушка эмес, адабиятка арнасаңыз деле, биздин нечен бир “таанымал” жазмакерлерибизди ат чабым алыска таштамак экенсиз!” – деп кагаз-калемин “жооп” берүүгө оңтойлоп кармаган “үнү жок” аксакалды далысынан кактык…

Жердеши, замандашы Чыкени ушунча урматтап, арбак-атына инилик дил менен ыйбаалуу таазим этет экен, ага “Түбөлүккө жашайсың, Чыңгыз ага!” деген жети куплет ырын арнап, анан ошол эле демейде эсеп-кысап жазылчу саргыч өң контор журналына “Чыңгыз ага менен жолугушуу” деген эскерүүсүн да жазып коюптур.

Көз – жан-дүйнө тилмечи, көз – ой-сезим “микрофону”, биз Раманкул акенин нурданган көзүнө тигилип, жүрөктү элеп-желеп эттире ушул Улуу жазуучу менен “бир гана жолу кездешүү, бир гана жолу сүйлөшүүсүн”… аны менен кошо дит коюп окуп жаттык:

“…Он беш жылга жакын бир жерде иштеп, эки жолу отпускага чыктым. Биринчисин — Сочиде, экинчисин — Москвада өткөрдүм. Москвада бир нече жолу болсом да, аралап — кыдырып көргөн эмесмин. 1978-жылы август айында отпуска алып, Москвага бардым. Бул жерден чынымды айтпасам болбос. Пиво деген сары суюктукту жакшы көрчү элем. Айрыкча, Чехословакиянын пивосун бизде табыш кыйын эле. Ошо чехтердин пивосунан ичели деп, жердиги биздин Шекер айылынан болгон, Генштабда иштеген майор (атын унутуп калдым) менен “Россия” мейманканасынын 2-кабатындагы “Москва” ресторанына кирип эле, пиво сурайын деп турсам, биринчи кабаттан Чыңгыз ага көтөрүлүп келатат. Кайдагы пиво, сүрдөнүп кетип, тез эле терезе жакка барып тура калдык. Мен, Чыкем да бир нерсе жутканы келдиби деп, ары жактан карап калдым.

Бир убакта, эки коньяк алып, кагазга оротуп, колтугуна кысып бери көздөй басканда эле, алдынан чыгып, кош колдоп учурашып калдым.

— Тааныбай турам, — деди.

1959-1961-жылдары мен Фрунзе шаарында жашап жаткан Өмүралиев Казак деген байкемдин үйүндө туруп, университетте окучумун. Ошол кезде Алымкулов Эсенбек да Роза деген келинчеги экөө тең студент экен. Алар да Казак акемдин үйүндө туруп окуп калышты. Булар кимдер деп сурасам, Казак акем: “Бул — Алымкулов Эсенбек Покровканын Май айылынан, менин жолдошум болот. Келинчеги Роза — Чыңгыз Айтматовдун карындашы. Жатаар жерлери жок экен, үйдө эле тура бергиле деп ээрчитип келгем”, — деп жооп берген ошондо.

Мен Чыңгыз агага ушулар жөнүндө кобурап, тез-тез эле айтып берсем, колу менен далымдан кучактап:

— Өзүмдүн эле иним болот турбайсыңбы. Өтө жакшы, — деп койду да: — Кайда иштейсиң? — деп сурады.

Жамбыл шаарында иштейм деп, ишим-кызматым жөнүндө айтсам:

— Кыргыз кызмат бербей койдубу? — деп тамашалады.

Эмне, кыргыздар кызмат эмес, окууга да жибербей койгонун ошол тар жерде айтмак белем?

— Чыңгыз ага, шартка жараша, анын үстүнө Жамбыл бизге жакын, өзүңүз окуган жер эмеспи, — десем эле:

— Кай жерде болсо да, иштеш керек. Айырмасы жок кыргыз, казактын. Өзүң туура сүйлөп, түз жүрсөң, бир кишилик орун табылат, — деди.

Денеме жылуулук кирип, өзүмдү бактылуудай сездим ушул сөздөрдү укканда. Мен да убактысын албайын деп, сөзүмдү токтоттум. Алга кадам шилтей баштаганда эле, ал өзү сөзүн улап:

— Аксакалды шайлап чыктык, — деди.

Көрсө, ошол 1978-жылдын 16-августунда СССР Жогорку Советинин депутаттары кезектеги сессия ишине жаңы келген кези экен. Мен деле саясатка абдан жакын элем. Аксакал дегени — Л.И.Брежневди Николай Викторович Подгорныйдын ордуна СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели кылып шайлаган күн болчу.

— Үч ай талашып жатып, бүгүн шайлап чыктык, — деди. Ошентип, Чыңгыз ага дагы сөзүн улады: — Аскарым Тимирязев атындагы академияны бүтүп жатты эле, ошонун профессоруна жууп берип, ырахмат айтып коёюн деп баратат элем. Менин бир-эки телефонумду жазып ал. Фрунзеге келсең, чалып кой.

Аңгыча, мен:

— Чыңгыз ага, сиз менен минтип ээн-эркин сүйлөшө албайбыз. Кечки саат жетилерде бир-эки жолдошуңуз менен жарым саатка келсеңиз, чай ичели, макул болсоңуз, — десем:

— Болуптур, күт, — деди.

Ошентип, телефонун кечке жазып алаармын, убактысын албайын деп кала бердим. Өмүрүмдө ошол эстен чыккыс 16-август Чыкемдин “кылым карыткан бир күнүндөй” эле болду. Күттүм. Кеч кирбейт. “Россия” мейманканасына саат 6.00дө барып, күтүп отурдум.

Саат алты жарым, жети болуп калды. Чыкем жок. Далбастап нары-бери жүгүрөм. Кире турган үч-төрт эшиги бар экен. Арка жагындагы эшикке жүгүрүп барсам, үч-төрт жаш орус балдар:

— Кимди издеп жүрөсүз? — дешти. Мен:

— Айтматовду издеп жатам. Ушул жерден саат 7де жолугушмак элек, — десем:

— Кимиси болосуз? — дешти.

Мен:

— Эки бир туугандын баласыбыз, — дей салдым. Анан аларга жалындым. Телефон чалып, таап бергилечи десем, бирөө телефонду алып, бир жакка чалды. Ал жактан: “Саат 7ден кийин менин кайда экенимди эч кимге айтпа деген Айтматов”, — деген жооп алды.

Көрсө, жанагы жигиттер КГБнын балдары экен. Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” деген романында башкы каарман Каныбек менен Анаркан экөөнү болбогон жерден жолуктурбай койгон Жантөшевге таарынып, жолуктуруп койсо эмне болот эле деп окубай койгом. Дал ошонун өзүндөй болуп, Чыңгыз агага жолукпай калдым. Арман ай!

Кийин, 50, 60, 70 жылдыктарында атайылап келип куттуктаганга далай мүмкүнчүлүктөрүм болсо да, эч даап келе албай койдум. “Москвада чайга чакырып, качып кеткен сен белең?” — деп айтса, эмне болмокмун?

Чыкемди Германиядан алып келгенде, Алматыда элем. Телевизордон угуп алып эле, түндөп Бишкекке келип, Ата-Бейитке барып топурак салдым. “Түбөлүккө жашайсың аалам менен” деген ырымды жазып коштоштум…

Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен