АЙТМАТОВ Чыңгыз: ЖУМАГУЛ СААДАНБЕКОВ: АДАМ ТАГДЫРЫ АЙТМАТОВДУН ФИЛОСОФИЯСЫНДА

Кылымдарда бир жаралуучу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун теңдешсиз бир өзгөчүлүгү – ал көркөм сөздүн гана устаты эмес, ал улуу ойчул, философ – экзистенциалист. Экзистенциялык философия – бу адамдын жашоо философиясы, жашоо бактысы, жашоонун азап-тозогу. Анын күчү – кандайдыр бир айаң – белгини, символду, легенданы же жомокту пайдаланып, адамзатты түбөлүк зарлантып, келген «каргашалуу» проблемалардын түпкү маңызын көркөм сөз менен, поэзия менен шөкөттөп ачып бергенинде.

Мисалы, Айтматовдун кѳлѳмү чакан чыгармасы «Чыңгызхандын ак булутунда» хан жортуулга аттанганда, асманда бир үзүм ак булут анын маңдайына көлөкө түшүрүп, таң аткандан күүгүмгѳ чейин коштоп келет. Демек, ханды Теңирим, кудайым колдогон киши деген белги. «Жортуулдан кайтып келгиче, аскердин курамында бир да үй-бүлө түзүлүп, бир да бала төрөлбөш керек, ушул буйрукту бузгандар өлүм жазасына тартылат», — деп буйрук кылат хан. Анткени, — аскер курамында миңдеген жаш жоокер жигиттер, миңдеген дарыгер, ашпоз аялдар, кыздар бар эле.

Айлардын бир айларында түмөндөгөн армия казактын талааларында өрүүгө токтойт. Ханга: «бир аял бала төрөптүр, эмне кылабыз», — дешет нөөкөрлөрү. Хан: «бүт армияны тизип туруп, ошолордун алдында жигит менен кызды, төөгө артып, кыйнап өлтүргүлө», — деп буюрат.

Эртеси хан аттанганда, баягы ак булут анын маңдайында жок, күндүн аптабында баягы төрөлгөн ымыркай баланы чаңыртып бир кемпир чөлдө көтөрүп жүрсө, баягы ак булут ошолордун төбөсүндө жүрөт…

Демек, Хан Кудайдын алдында чоң күнөө кетирди, анткени, — адам баласынын жаралышы, өлүшү кудайдын гана иши. Хан кудайдын ишине кол салды. Ак булуттун аны таштап кетиши – эми хан кудайдын каарына, жазасына тартылаарын туюндурат. Ошол эле жылы, чынында, Чыңгызхан Волгага жетип-жетпей ооруйт, кийинчирээк каза болот.

Карап турсаң жөн эле бир кызыктуу жомок, бирок Айтматов ушул чыгармасы аркылуу Батыштагы секулярдык, либералдык гуманизмдин, кудайдан баш тартып, адамды кудайдан жогору койгон философиясына, Чыгыш элдеринин философиясындагы, алып айтканда буддизмдеги, «жаза законун» («Закон возмездия») каршы коёт.

Бул жерде Айтматов тарыхтын эмгиче толук түшүнүксүз табышмагынын түпкү маңызын чечмелейт. Эмне себептердин натыйжасында XVI кылымдарда жалгыз бир ууч Батыш цивилизациясына ким эң биринчи техника, технология үстѳмдүгүн ким берип койду? Кудайдын ѳзүбү же кокустукпу?

Натыйжада, Батыш цивилизациясы башкаларды караандатпай алыс кетти, опсуз байлыкка, айрыкча күчкѳ, куралдуу күчкѳ ээ болду. Тарыхтын дѳңгѳлүгү колониалдык эзүү, улуттар, таптар аралык кандуу кармаштар жолу менен айланып кетти. Кенедей Британия килейген Индияны, Кытайды, Түндүк Американы, тырмактай Испания, Португалия, Латин Америкасын басып алды. Колониалдык система 300 жылдан ашык созулду. Ушул эле мезгилдин ичинде миллиондор кырылган эки дүйнөлүк согуш, 100 жылдык 300 жылдык диний согуштар, инквизиция толгон революциялар болуп өттү.

Так ошол мезгилде немис философу Ф.Ницше: «Кудай өлдү, эми анын ордун адам (сверхчеловек) ээлеши керек» деп жарыялады. Эгер кудай жок болсо, баарына улуксат» — деп Достоевский айткандай, адамзаттын деградациясынын бузулушунун башаты так ушул Батыштан башталды.

Канчалык көкөлөткөн сайын, адам өзүн дүйнөнүн борбору, бардык нерсенин чен өлчөмү катары санай баштаганда, ал адам кейпин жоготот экен. Чынында эле, бийлик менен байлыктын жүгүн көтөрө билгендер өтө сейрек кездешет эмеспи.

Андай жүктү жеке бир эле адам эмес, кээде, бүтүндөй бир улут көтөрө албай калганын түшүнүү ѳтѳ кыйын. Мисалы, калдайган 80 миллион немис эли, 30-жылдардагы жогорку билимдин, илимдин, техниканын «алптары» кандайча киши жегич фашизмди түп көтөрө колдоп, бүткүл адамзатты миллиондогон кыргынга салды?

Бүгүн да ушул эле Батышта традициялуу маданиятты чанып, либералдык гуманизмге таянган адамдардын жашоо мүнөзү түп көтөрө бузулууда: эркектер эркекке, аялдар аялга үйлѳнүп, үй-бүлө институту кыйроодо. Кечээ эле, мындан эки ай мурда, Англиянын парламенти үй-бүлө жөнүндө закон кабыл алып, көп аялдуулукка эмес, көп күйөѳлүүлүккө улуксат берди. Эми аял бир эле убакта үчтөн ашык күйөлүү болууга улуксат алды. Бул закондун максаты – эркектерди генетикалык тандоо жолу менен тукумду жакшыртуу экен. Эгер Гитлер муну уккан болсо, сүйүнгөнүнөн көрүндө эки оодарылып алды го.

Эгер кудай чын болсо, эгер ушул ашынган айбанчылыкты көрүп турса, канакей анын жазасы? Дүйнөлүк масштабда бул каардуу жаза башталганын Чыкем ѳткѳн кылымда эле олуядай көргөн экен. Азыр Батыш тартып жаткан өтѳ оор жаза — булардын калкынын саны кескин кыскарууда.

Батышта калктын саны азыркы темп менен кыскарып олтурса, 2050-жылы Европанын эли 600 миллионго, анын ичинен Германияда элдин саны 80 миллиондон 50 миллионго, Италияда 57 миллиондон 40 миллионго, Россияда 10 миллионго кыскарат. Азыр дүйнөдө бала төрөлүү кескин азайып кеткен 20 өлкөнүн 18и Европада.

Ошол эле учурда Батыш өлкөлөрүн, айрыкча Американы, Германияны миграция ташкыны суудай каптады. Муну илгерки колониялык эзүүгѳ кайтарылып жаткан ѳч, кудайдын жазасы деп жатат дүйнөлүк эксперттер. Бу жазанын натыйжасы: азыр эле Америкада, латиностор, афро-азиаттар басымдуу көпчүлүккө айланган. Америкада 350 миллионго жакын калктын азыр 80 миллиону гана англо-сакстар. Бу жерде Европага, Америкага барып жүргөн көп жолдоштор олтурушат, Париждин, Лондондун көчөлөрүндө толтура «афроазиаттар», «актарды» издеп таппайсың.

Чыңгыз Айтматовдун дагы бир философиялык мааниси зор чыгармасы — «Кассандранын эн тамгасы». Космостун туткунунда калган монах Филофейдин гениалдуу генетикалык ачылышы боюнча, аялдын боюна бүткөндөн кийинки биринчи жумаларында эле эмбрион, төрөлгөндөн кийин аны кандай келечек, кандай турмуш күтүп турганын интуициясы менен сезет экен. Эгер каалагандай келечек болбосо, төрөлгөнгө каршы чыгып, энесинин маңдайында пигменттик так-белги аркылуу «төрөлгүм келбейт» деп сигнал берет экен.

Айтматовдун бул фантастикасы, чынында эле, эсиңди эңгиретет. Бирок дүйнөдөгү реалдуу турмуш Айтматовдун фанастикасынан да коркунучтуу болуп атпайбы. Мисалы, күнүгө ачкачылыктан, оорудан, криминалдык аборттордон 11 миллион ымыркай балдар өлөт экен. Мунун негизги себеби дүйнөнү кара тумандай каптап турган социалдык теңсиздик, адилетсиздик. Нобель сыйлыгынын ээси, экономист Дж.Стиглицтин айтуусу боюнча, дүйнө жүзүндө болгону 85 миллиардер, жер жүзүндөгү жашаган бүткүл калктын жарымы же 3 миллиард элдин оокатына барабар байлыктын ээси экен. Азыр дүйнөдөгү 1 пайыз олигархтар планетадагы бүткүл адамзаттын байлыгынын жарымын ээлейт, ал эми 2050-жылдарда алар бүт 99 пайыз байлыктын ээси болушмакчы.

Алла Таала: «бу жарык дүйнөдөгү жандуу да, жансыз да табийгатты адам баласы башкарсын деп чечтим. Жоопкерчиликти болсо, анын абийирине, арына, ыйманына жүктөдүм» — деген экен. Бирок тилекке каршы, адам баласы бу улуу ишеничти толук актай алган жок. Ырас, рационалдуу акыл-парасат (интеллект), илим-билим, технология жагынан адамзат чексиз алыска кетти, космосту ээледи. Кайран Алыкул акын олуядай эле жазган экен: «Адамзат кайда сызып баратасың, адамдын акыл-эсин камчыланып», — деп. Бирок адамдын ички жандүйнөсү, адеп ахлакаты, ыйманы тээ миң жыл мурда кандай болсо, так ошол бойдон өзгөрбөй калды. Ач көздүк, жемкордук, ич тардык, зулумдук ж.б. жексурлук сапаттар Шекспирдин трагедияларынан да азыр күчтүү.

Айтматовдун акыркы «Тоолор кулаганда» аттуу романы и «Адамдар кулаганда» дегенди билдирет. Адамдын генийлиги канчалык чексиз болсо, анын түркөйлүгү, моралдык майыптыгы, наадандыгы да чексиз. Бул көрүнүш рынок заманында айрыкча ачык көрүндү. Υстөмдүк кылып турган либералдык жемкорлук, алдым-жуттумдук, (пайдакорлук) идеология байларды улам байытып, кедейлерди тап-такыр итке мингизип салды. Уурулук чиновниктердин кесибине айланды. Алардын четинен эле бирөөнүү кармасаң коорупционер болуп чыгып жатканы үрөйүңдү учурат. Жада калса ушул Айтматов атындагы эл аралык парламенттер сыйлыгын уурдап алган биздин чиновниктерде бет барбы? Президент С.Жээнбеков эч кимдин достугуна да, туугандыгына карабайм, коррупцияны түп-тамырынан кыркам дегенин толук колдошубуз керек.

Чыңгыз Төрөкулович, кыргыз эли десе ичкен ашын жерге коюп, кыргыз эли алдыңкы өнүккөн элдердин катарына көтөрүлсө деп тилеп, күрөшүп жүрүп дүйнө салды. «Кыргыз улуту – Кыргызстандын бүткүл элинин уюткусу, өзөгү. Мамлекеттин уюткусу, түпкү улуту жок өлкөнү көрдүңөр беле? – деп какшап айтып жүрүп өттү. Ушул маселеге келгенде эле биз жалтаңдап, кымырынып-кымсынып калабыз. Ушундан уламдыр, биздин элде улуттук патриотизм, улуттук ар-намыс өңдүү дөөлөттөр анчалык күчтүү эмес.

Өткөн кылымдагы өнүгүү тенденцияларына баа берип, улуу тарыхчы А.Тойнби бекеринен мындай деп жазган эмес: «Υстүбүздөгү кылымда батыштагы коомго чыныгы үстөмдүк кылган эки күч — индустриализм менен улутчулдук болду». Мында «улутчулдук» деп автор улуттун өз күчүнө өзү ишенгенин, өзүн өзү урматтай билгенин, улуттун атаандаштыкка чыдамкайлыгын айтып жатат.

Кыргыздарда, тескерисинче, кимдир-бирөө бир жактан жардам берет, болушат, коргоп калат деген патернализм (аталык) идеологиясы азыр да кала элек. Мунун арты жүүнү боштук, беленге тап, кайдыгерлик ж. б. улуттук архетипке айланган илдеттер. Ушулардан кантип арылабыз, кандайча элибиздин саны эле эмес, сапаты да мыкты абалга жетебиз — улуттук идеологиянын мындан бийик максаты болобу?

Таң калтыраарлык дагы бир парадокс: турмуш канчалык оор, адам чыдагыс болгон сайын элдин кайрат-күчү, кѳп кырдуу таланты, илмейген бир тал чѳп асфальтты жарып чыккандай, дүркүрѳп ачылат турбайбы? Казак акыны Мукагали Макатаев:

«Аңыздардан терип жүрүп масакты,
Ырас, ырас кѳзүмүздѳн жас акты.
Бирок да сол добул жылдар, от жылдар
Баарымыздан бир-бир баатыр жасапты» — деп сонун жазган.

Айтса-айтпаса тѳгүнбү, ошол баатыр муундар куруп кеткен казынаны азыр да кемирип-кесип жеп жашап жатпайбызбы. Ал муундар – ушул эле Айтматовдун, Кайназарованын, Атабекованын, Раззаковдун, Усубалиевдин муундары эмеспи?

Улуттук мыкты сапат баарынан мурда элдин терең интеллектине, кесип өнөрчүлүгүнүн күчтүүлүгүнө байланыштуу. Ошондуктан, бүт илим, билим берүү системасын инновация, жаңы технология жагына чечкиндүү бурушубуз керек. Айрыкча, окуу жайларында азыртадан базалык предметтерге физикага, математикага, химияга ж.б. басым жасалбаса оңолбойбуз. Ансыз санарип экономикасына ээ боло албайбыз. Артта калган эл болуп кала беребиз. Бул – биринчиси.

Экинчиден, коллективдүү жоопкерсиздикке, кайдыгерликке көнгөн элди жеке адамдын жоопкерчилиги, ар бир инсандын турмуштагы жеке ийгиликке умтулуусу аркылуу жалпы улуттук чыйралууга, ар-намыс ызасына келтирүү керек. Жада калса, шайлоодо да жүз грамм арак, бир кесим этке добуш берип жүргөндөрдөн кандай жоопкерчиликти күтөсүң!

Υчүнчүдөн, улуттун уюткулуу жашашынын эң зарыл улуттук каражаттары — көркөм адабият, кинематограф, театр, көркөм сүрөт, пресса ж. б.

Булар — улуттук масштабдагы проблемаларды көтөрүп, дайыма талкуулоо аркылуу улут канын жүгүртүп, жүзүн ачып турган маалымат аспабы. Бирок тилекке каршы, булар чыгармачылыктын бир жарк эткен кѳрүнүштѳрүн бере албай жатат, информациялык чѳйрѳ майдачыл, ушак-айыңга толтура.

Илгери, миңдеген жылдар мурда, Муса пайгамбар 40 жыл бою чөлдө темтиреп жүрүп, Кызыл Деңизди жарып өтүп, өз элин эркиндикке чыгаргандай, Чынгыз Айтматов, Атлантика, Тынч океандарды аттап өтүп, кыргыз элин бүт ааламга таанытты. Кылычтын, Замбиректин күчү менен эмес, акыл-парасаттын күчү менен. Биз кыргыздар, Айтматов менен көкүрөк керип мактанабыз, сыймыктанабыз. Биздин ыйык милдетибиз – Чыңгыз аганын осуяттарын талыкпай ишке ашырышыбыз керек.