АЙТЫМБЕТОВ Орозбек: ОРОЗБЕК АЙТЫМБЕТОВ: КЫЗЫЛ ӨРҮК

АҢГЕМЕ

Чилденин жаланып турган учуру. Күн бүркөк. Ичтен кармаган суук. Бүт Күнгөй тоолорун жер бешенесин ичиркенткен жөө туман басып, тоо кабагы бир жумадан бери ачылбай, түнөрүп, анын каабы этектеги адырларды кошо сермеп, кечээ жааган кардын аягы боройлоп басылгандыктан адырдын айдарым жерлериндеги карлар жылга-жыбыттарга көчүп, ушундан улам адыр агала тартып, бир караган адамга тоодо да, адырда да тирилик токтоп, баары зыңкыя тоңуп калгандай. Көл үстүндө сур булуттар самсаалап, демейде аттын кашкасындай көрүнүп турчу Тескей тарап тумандуу көшөгөнүн далдаасына жашынган. Кара бууранын чуудасындай түрмөктөлгөн коюу булуттардан улам суукка камыккан көл бетине бирде каралжын, бирде бозомтук шоола түшүп, бүт өрөөндүн маанайын баскан суздукка ортоктошо, тоонун да, адырдын да «датын» бөлүшкөндөй.

Жада калса көл кылаасындагы айылдар да демейдегиден дымып жатты. Тоо-ташты аймаган аяз айылдардын да кыймылын суутуп, көчөлөрдө баскан эл азайып, эртели кеч бажактаган адамдарынан бурала баскан кыз-кыркындарынан улам жандана калчу кыштак ичи азыр ээндиктен коңултактап турду.

Асылбек директордун бөлмөсүнөн кабагы салыңкы чыкты. Бир нерсеге итатайы тутулуп, бирөө ле кычык сөз баштаса баса калчудай, тарс жарылчудай болуп баратты. Кара жолго жетип калган экен, биринчи эле жол киреге кол көтөрдү. Токтобой өтө берди. Асылбек сөгүнө кетти. Ачуусу ташкындап, «урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай» жол жээгинде ары-бери күүлөнө басты. Көчөдөн бирөө кезиксе тийишкиси, эч кимге ээ-жаа бербей балжа-булжа кылгысы, ошентип, шакардай кайнаган кыйыгын баскысы келди. Ээн жаткан көчөнү карады. Чоргодон суу алып бараткан секелек кыздан башка көзүнө эч ким чалдыкпады. Аңгыча тээ бурулушта зымырап келаткан «ГАЗ-69» көрүндү. Ага серп сала, Асылбектин кыртышы сүйбөй, бирдеңкелерди туталана күбүрөнүп алды. Кол көтөрдү. Токтоду.
— Кайда? — Шашып сураган үн чыкты тормоздун «чы-ыйк» эткен үнүнө удаа.
— Саргамышка.
— Отур.
Машинанын ичинде эки киши бар экен. Бирөө — элүүлөргө барып калган шоопур, экинчиси — отуздарга чамалап калган жигит. Алар кайдагы бир өрүктүн көчөттөрү, таштак талаа, долбоор жөнүндө кызуу сүйлөшүп баратышты.

«ГАЗ-69» тун ичи бензин, тамекинин түтүнү жыттанып турду. Асылбек артта олтуруп келатты. Машина өтө жай жүрүп келаткандай сезилди ага. Бир аз жүрө түшкөндө кайрадан туталанып, буулуга баштады. Муштумдары таштай түйүлүп, көздөрү кектүү жылтылдады. Анын көз алдынан көлтөйгөн директор кетпей койду. «Эх, бюрократтарды сабагандыгы үчүн жоопко тартчу мийзам жок болсо, ээ! Анда, бул мансапкорду кууп жүрүп сабайт эле… Өзөртө-ө, өзөртө тебет эле… «Байкелегенине» карабай жалпайта чабат эле. Тиштерин бирден күбүйт эле… Анан, чачынын теңин кайчылап, жоор эшекке тескери каратып мингизип, түшө качпагыдай кылып колу-бутун кайыш чылбыр менен ага бекемдеп таңып, эшектин куйругун кересинге чылап туруп от коюп жибермек. Эшек куйругунун күйгөнүнө чыдабай элирип чуркап жөнөмөк. Бир маалда деректир ооп түшүп, сүйрөлүп калмак. Эшектин туяктары анын башына мөндүрдөй жаамак…»

Асылбек баш көтөргөндө беркилер дагы ле жанагы сөздүн айланасында бакылдап келатышыптыр. Чырпыктыдан небак өтүп кетишкен экен. Машина бир калыпта дүркүрөйт. Жол боюндагы зым карагайлар бир калыпта артка агылат…

«Эх, мийзам жок болсо, ээ! — деп ойлоду Асылбек кекене. — Ушу суурдун айгырындай болгон деректирдиби, тим эле… Ээн жерден кармайт эле. Албетте, жансоогаламак. Бирок Асылбек анын сөзүн укмак эмес. Темирдей уюган муштумун быйпык мурдуна такамак. А тиги, жандан ашкан куу эмеспи, алдына жыгылып, керза өтүгүн өпкүлөп, кечирим сурай кетмек. «Эмне күнөөм үчүн?» деп жалоорумак. Ошондо Асыкең мындай деп кекетмек: «Эмне үчүн дейт тура! О, атаңдын оозуга урайын, түлкү! Анткорлоносуң, ээ? Өз кылыгыңды өзүң унутуп калдыңбы?… Айыл четинде көк шибер баскан эң сонун футбол талаабыз бар эле, аны «жери семиз экен» деп айдатып салдың. Бул — бир! Райондо жаз сайын спартакиада болот. Биздин экинчи ферма мындан да кур калат. Ага совхоздун борборунан гана барып катышат, же бир сандуу байгеден жок. А биздик айылдык разрядчылар, спорттун мастерлигине кандидаттар ошо кезде сакмалда же кыркында, сугатта же жер айдоодо жүрүшкөн болот. Аларга совхоздун дирекциясы тарабынан мелдешке катышуу үчүн шарт түзүлмөк турсун, иштен бир-эки күн бошонууга да катуу тыюу салынат. Бул — эки. Эми өзүбүздүн экинчи ферма үчүн спорттук эмеректерди сатып алганга каражат сурап кирсем алаканыңды жаясың. Минткидей, биз эмне, кудайдын тузун уурдаппызбы?.. Бул — үч. Биз жайдыр-кыштыр жаныбыз тынбай, белибиз мекчейип, көзүбүз чекчейгичекти иштеп эле жүрөбүз. Биздин ферма айыл чарбасы же мал чарбасы болсун, планды гана эмес милдеттенмени да дайым ашыра аткарат. Ошондой боло туруп, профсоюз уюму жаштардын маданияттуу эс алышы үчүн эч кам көрбөйт.

Тескерисинче, анын төрагасы саа кошулуп алып ичкени арак, мингени «Волга», жүргөн жери «ак жоолуктардын мекени» — сүт фермасы. Бул — төрт. Мына ушунуң аз келгенсип эми мартабалуу орден менен сыйландың! Кайсы кылганың үчүн! Ия?! Ушинтип эле, элдин эмгегин уялбай, бозорбой туруп эле, кышкысын жылуу, жайкысын көлөкө жерге корголоп олтуруп өзүңө ыйгарып ала коёсуңбу? Айт! Канчыктын гана куйругу! Ии?! Айткың келбейби? Сендей эки жүздүүнү билбегендер сыйлыкты чарбанын ишин көтөргөнү үчүн алды деп ойлоор… Жок! Андай эмес! Сен орденди чеке тердеткениң үчүн алган жоксуң, улуктарга жүгүнгөнүң, бөйпөңдөп кошомат кылганың, ошолордун чоорун тартканың үчүн алдын. Бул — беш… «Мына сага! Мына сага канчыктын гана куйругу!..» Асылбек аскер куру менен директорду май куйрукка ийлемек. Ошондо ал торопойдой чыңырып, итче улумак… Эх, мийзам жок болсо ээ!…
— Э-жигит, жиги-ит.
Үн Асылбектин кыялын бузуп кетти.
— Эмне, Саргамыштыксыңбы? — Шофердун катарындагы чолок кара тончон, боз тумакчан жигит сол колун өзү олтуруп келаткан жөлөнгүчүнөн арта салып, кылчая карап туруптур. Асылбек шашып калды.
— Иги. — Баш ийкеди.
— Эмне иш кыласың?
— Ар кандай…
— Суу да сугара аласыңбы?
— Ооба.
Жөн-жай собол салып келаткан байтааныш бул сөздү укканда көздөрү негедир кыбыңдап, саал шайдоот тарта түштү.
— Жакшы-ы. Иштеген жериң жагабы? — Ал суроосуна жооп алалекте ле шопурга кайрылып калды. — Токтотуңуз.
Токтошту. Кургактын адырына келишиптир. Жерге түшүштү. Алиги жигит жолдун үстү жагына чыгып, илгери басты да атам замандан бери какырап жаткан боз адырды эргий тиктеп калды. Кийин машиненин жанында турган шопур менен Асылбекке «бери баскыла» дегендей белги кылды.
— Дал ушу биз турган жерден башталат… Так ушу жерге биринчи үйдүн түбү түшөт. Анын батыш жагына катары менен үйлөр курулат.
Тиги тончон алдыга түшүп, адырды көздөй кадам шилтеп баратты. Берки экөө аны ээрчип алды.
— Ал эми бул катарга медпункт, клуб, ашкана, дүкөндүн имараты түшөт,— деп кол жаңсап, узата жерди көрсөтө берди. — Ошондо эл турган үйлөр менен бул маданий жайлардын аралыгында өзүнчө көчө пайда болот. А мобу клубдун алдында фонтан атып туруш керек. Көчөнүн эки тарабында тең кыяван болот. Үйлөрдүн алды түркүн гүлдөргө бөлөнөт.
Дагы илгерилей басып токтоп калды. Беркилер да токтоду.
— Биздин винсовхоздун филиалынын мөмө берчү багы эми башталат. Так ушу жерден, түптүз өөдө карай тээтиги майда бөксөгө чейин абрикос тигилет. Ошо бөксөнүн этегин батышты көздөй жээктей тээ какыраган сайга чейин, андан төмөн бойлоп ушу кара жолго дейре баш аягы миң гектар жерге апорт алма, алмурут отургузулат. Алар үч жылдан кийин эле отуз миң сомдук, төртүнчү жылы сексен миң, бешинчи жылы үч жүз миң, алтынчы жылы бир миллион, жетинчи жылы эки жарым миллион, сегизинчи жылы жети миллион… Жыйырманчы жылы элүү алты миллион сом киреше берет.
Жанында тургандарды унутуп, өйдө-төмөн кол серпип, эргип сүйлөп аткан кара тончон жигитти аңкая тиктеди Асылбек.
— Эгерде бир мөмөлөрдү өз учурунда консервалоочу чоң комбинат куруп албасак ушу каражаттын баары коромжу болот. Андыктан, мөмөлөрдү консервалоочу комбинатты курдуруп алууга жетишүү үчүн эмитен киришүү керек. Айыл чарба министирлигинин эшигин жыртыш керек. Бул комбинатты курдурууга кандай гана болбосун пландоо мекемелеринен жеткидей каражат бөлдүртүш керек. А комбинат курула баштаганда тиешелүү жогорку окуу жайларга билги адистерди сурап кайрылыш керек. Мыкты адистерди топтош керек… Кийин киреше көбөйгөндө, шарап заводун өз эсебибизден эле курдуртуп алабыз. Жогорку сорттогу «Апорт», «Алмалуу» өңдүү таза шараптарды чыгарабыз. Анда чарбанын кирешеси беш эсе артат.
Асылбек томсоруп жаткан ээн талааны, анан күпүлдөп сүйлөп аткан немени карады. «Капырай, мунун дени сообу деги? Же маспы?» деген ойго кетти…
— Чарбага багбандыктын сырын беш колундай билген агрономдор талап кылынат. Эгерде, мөмө берчү дарактардын чоо-жайын мыкты билген адистер болбосо, биз оозубузду көптүрө сүйлөгөн кирешелүү түшүм да өстүрүлүп алынбайт. Ишке жогорку окуу жайды бүткөн эле айыл чарба адисин ала бербейбиз. Ылгап алабыз. Мөмө берүүчү дарактардын «тилин» билүүгө дилгирленген, ошонун үстүндө толгоно баштаган же көптөн бери түйшүктөнүп жүргөн илимпоз азаматтарды тартабыз. Алар үчүн биздин чарба тим эле «дары» болот. Кийин алар «Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы какыраган таштуу адырдан мол жемиш өстүрүп алуунун илимий жолу» деген темада кандидаттык же доктордук диссертацияларын жакташат. Ал эми мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга өз үлүшүн кошкон, кезегинде ак эмгек эткен илимпоздорубуздун ысымын биз чарбанын ардак китебине алтын тамга менен түбөлүккө жазып калтырабыз…
«Жок, сүйлөп аткан неме кызуу эмес, жөн эле мүнөзү ушундай окшойт» деп ойлоду Асылбек. А тиги бапылдап, сөзү түгөнчүдөй эмес. Тонунун бүчүлүктөрү чечилип, жагжайган төшүнөн жүндөн токулган калың ак свитери булаят.
Адыр желдей баштады. Боом тараптан сого баштаган шамалдын эпкини ушу какырга да жетип, андагы бирин-серин чекендекин баштары кылкылдай кетти…
— Ушулардын баарын жүзөгө ашырыш үчүн биринчи иретте суу маселесин чечиш керек. Миң гектар жердеги мөмө көчөттөрүн бир эле жолу кандыра сугарыш үчүн кеминде эки жүз миң куб суу кетет… Тээ бөксөнүн этегинде артезиан кудуктарыбыз болот. Сугат иштери толук механизациялаштырылат. Химия жагын да көз жаздымда калтырбайбыз. Мөмөлөргө курт түшүрбөө камында иштеген «У-2» болуш керек. Ал мөмөлөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскаларга каршы дары чачып турат…
«Ого-о! — Таң калып турду Асылбек ээн талаага. — Демек, ушу бозоргон адыр гүлзарга айланат экен го. Бали!» Бирок бул оюнан шектенип да кетти. Какыраган таштак адыр күчөй баштаган шамалдан улам карандай ызылдап турду. Алыстагы жамаатташ айдоолордон учуп келген бирин-серин камгактар дөңгөлөнө баштады.
Анан, машинанын жанына кайтып келгиче эч кимиси ооз ачпады. Тончон жигит да үндөбөдү. Ойлуу. Анын саал чытылган кабагынан эмне жөнүндө кыялданып жатканын билүүгө мүмкүн эмес эле. Бир маалда ал жандана кетти.
— Мобу жерге,— деди ал чаң ызгып жаткан кара жолдун алдына кол сермеп. — Спорттук комплекс курабыз. Футбол талаасы, баскетбол, волейбол аянтчасы болот.
— Койчу?! — Чочуп кетти Асылбек. Анын бул үнүнөн ишенээрин же ишенбесин билбеген эки анжы адамдын элдирөөсүн байкоого болор эле. Тиги «койчу» деп чочуган сөз да оозунан капыстан атып кетти.
— Эмне, ишенбей турасыңбы? — Күйүп-бышкан үнү чыкты беркинин. — Биз аны баарылап бир эле ишембиде куруп таштайбыз.
— Кайсы, кимдер менен? — деди Асылбек таңданып.
— Биздин филиалдын келечектеги жумушчулары менен. О, андай стадион райондо да жок болот,— деди ал өз пикирине ыраазы боло, чаң ызгыган айдарымга кол сермеп. — Көлү да жакын. Кечкисин, футбол ойногондон кийит түшүп, сергип алса кандай жакшы!
Шоопур эбак эле кирип олтуруп алыптыр. Эми тиги тончон да эшиктин туткасына кол созду. Асылбектин ушул жерден кеткиси келбей кетти…
— Аба,— деди ал жөнөй бергенде алдыда отуруп бараткан жигитке. — Сиз эмне иштейсиз?
Тиги алигисиндей эле кылчайып, сол колун олтургучтун жөлөнгүчүнөн арта салып:
— Таанышып коёлу. Атым Азык. Пржевальскидеги жашылча- жемиш өстүрүүчү мекеменин директорумун.
Асылбек өзүн тааныштырганды унутуп, сестене түштү. Азыркы эле күпүлдөп сүйлөп аткан карапайым жигиттин бир чарбанын директору болуп чыгышы анын шаштысын кетирип койду. Анын эч максатсыз эле оюна келгенин сурай кетти.
— Көптөн бери иштейсизби? — Ушу осол суроону айтарын айтып алып, өзү да уяла түштү.
— Үч ай болуп калды.
— Мурда кайда иштедиңиз эле? — Асылбектин бул суроосу да өзүнө олдоксон өңдөндү.
— Ошол эле жерде башкы багбан болуп.
— Кайдан бүттүңүз эле?
— Ленинграддан.
«Ого-о. — деди Асылбек ичинен,— мында кеп бар тура. Күпүлдөшү да башкача». Ал ушу ойлорго чырмалып келатканда директор өзүнчө эле сүйлөй кетти.
— Ленинград… Беш жыл окудук. Анда жаштыгыбыз өттү. Эх, кайран гана сүйкүм шаарым! Сенин ак түнүң, сезим сергиткен Неваң, асман көздүү кыздарың…
Ал бир оокумга тунжурай калды.
— Ленинградда кышкысын жемиш жагы бир аз сээлдей калат…
Директор ушул сөздү эмне үчүн айтканына Асылбек түшүнбөй калды. Кулак какты.
— Тилеген тилек орундалса,— деди директор кайрадан эргин, — биздин жаңы филиал биринчи иретте Ленинградды шефке алат. Невадагы шаарды жемиш менен камсыз кылчу чарбага айланат. Бул жөнүндө мобу долбоор бекиир менен Ленинград обкомуна кат жазамын, соода уюмдары менен келишим түзөмүн. Алма, өрүктөрүбүздү Ленинградга гана жөнөтүп турабыз.
Асылбек айылына жакындады. Ал директордон бир нерселер жөнүндө сурагысы келип оозун эптей бергенде директор өзү баштап калды.
— Мектепти бүттүң беле?
— Жо, быйыл бүтөм.
Директордун кайдыгер боло түшкөнүн байкап, Асылбек дагы шашып калды:
— Кечки мектепте окуйм.
— Аа, ошондой де. Дурус! Мектепти бүткөндөн кийин кайсы окуудан окугуң келет?
— Дене-табия институтунан.
— О, спортсменсиңби? Кайсы түрүнөн?
— Велоспорттон, футболдон, оор атлетикадан.
— О-у! Баса дейм да. Түрүңөн көрүнүп турат… Ленинградда өлкөбүзгө атагы чыккан Лесгафт атындагы институт бар. Дене тарбия адистерин эң сонун даярдайт…
Ошо тапта «ГАЗ-69» жол четине токтоп калды. Асылбек сыртты карады эле айылдын орто ченине токтошуптур.
— Аба,— деди ал шашкалактап. — Биздин үй тээтиги жалпак там. Өзүм ушул айылдыкмын. Бу жердиктердин кимисинен болбосун «Асылбек кайда?» деп сурасаңыз либою айтып берет.
— Жарайт! — деди директор Асылбектин колун кыса кармап.— Эсен бол! Зарыл учурда сага сөзсүз кайрылам.
Машина узай берди.
Асылбектин жүрөгүн кандайдыр бир жылуу сезим уялады. «Зарыл учурда сөзсүз кайрылам» деген сөз анын кулагына ыр болуп, обон болуп, күү болуп жаңырып жатты.
* * *
Сыртта ызылдаган шамал!
Асылбек ички үйдө ичик жамынып, жамбаштап жатат. Жерде «Согуш жана тынчтык» ачылган бойдон. Ал таттуу ойго чөмүлүп кеткен.
«Атаңкөрү-ээй, ушундай болот экен да. Кургактын адыры гүл бакчага айланат экен да. Ленинградды мөмө менен жабдыган чоң чарба болот экен да. Төх-х, миң гектар жердин түшүмү не деген түшүм?! Не деген байлык?! Андан да футбол талаасы болот тура!
Бали!»
Асылбектин көңүлүнө «ошо жерден иштеш керек» деген азгырык ой кылт этти. Ал эми көмкөрөсүнөн түшүп жатты.
«Мына, эртең арыз бере салат. Директор бошотпосо да бошойт. Көшөрүп ишке чыкпай койсо, аргасыздан бошотот да. А Асылбекке винсовхоздон иш табылбай койбойт… Сөзсүз иштей баштайт. Арадан беш жыл өтүп-өтпөй эле алма-өрүктөн бир миллион сомдук түшүм алынат. Чарба дүркүрөп өсө баштайт. А өзү Лесгафтан сырттан окуйт. Ага чейин жумушчулар көбөйөт. Албетте, алардын балдары болот, дагы төрөлөт. Өзү институтту бүтө жаздап калган кезде мектеп да ачылып калышы ажеп эмес. Адегенде башталгыч же түз эле сегиз жылдык… Асылбек мектепте мугалим болуп иштей баштайт. Кийин аларды футбол ойногонго үйрөтөт, көнүктүрөт. Анан балдардан футболдук команда түзөт. Алар «Булгаары топ» байгесине сөзсүз катышат. Албетте, биринчи жылы ийгилик өзүнөн-өзү эле келе койбойт. Бирок экинчи жылы райондон биринчи орунду ээлеп, республикалык биринчиликте ат салышат. Балким аяктан үчүнчү же төртүнчү орунду ээлеп калуулары этимал. Эгер, анда болбосо, соңку жылы республикада сөзсүз биринчи орунду ээлешип, Союздук мелдешке укук алышат. Иши кылып, алар Союздун баш байгесин да жеңип алышат. Айтмакчы, Асылбекке «Республиканын эмгек сиңирген машыктыргычы» өңдүү наамдар, күбөлүктөр жамгырдай жаайт. Эл мындай ийгиликке таң калат, сыймыктанат, кол чабат. «Булгаары топтун» кубогу менен кайтып келатканда аларды музыка, гүл меңен тосуп алышат… Баса, келер менен чоң банкет өткөрөт. Ага бүт саргамыштыктарды, башка жактагы тааныштарынын баарын чакырат. Аларды өзүлөрүнүн заводу чыгарган «Апорт», «Алмалуу» деген шараптар менен сыйлайт…»
Асылбек ары оодарылып кетти.
«Бу директор деген неме тилинен да, ишинен да келген Азыктай болуш керек эле да. А биздин совхоздун көлтөйгөн директиричи? Ага эт менен жүндүн, эгин менен тоюткордун планы толуп, «үстөлүнөн» ажырабай турса гана болгону. Ага ошо гана керек. А план толсо, сени менен иши да жок. Сенин маданияттуу эс алышыңды уруп да койбойт.»
Асылбек деректирге дагы кекенип алды.
«Албетте, Асылбек иштен бошоп жаңы уюшулган чарбадан иштей баштаганда көлтөйгөн деректир ары-бери өткөн сайын мыйыгынан күлүп өтүшү мүмкүн. Бирок чарба бир кезде дүркүрөп өсөт, кабары «кыска жердин кыйырына, узун жердин учуна» дейре угулат. Угулбай анан, Ленинградды мөмө менен камсыз кылып атса, угулбай коймокпу? Чарба он миллион, жыйырма миллион киреше алган кез келет. Өзү республикадагы белгилүү машыктыргыч катары таанылчу мезгил анча алыс эмес. Ага чейин көлтөйгөн деректир да кызматынан алынып калышы мүмкүн. Себеби, мансапкордун, бюрократтын куйругу кууш… Ошондо, шөмтүрөп турган деректирди көрүп, өзү мыскылдап өтөт».
Асылбек ошол кырдаалды көз алдынан чубуртуп, ыраазы боло жылмайып койду.
Сыртка чыкты.
Мал келер учур болуп калыптыр. Күн калкылдап батып барат. Айыл четинен кой-эчкилердин маараганы, мал тозгону келген кишилердин чойт-чуйту бу жерге шашпай угулат. Чаң көтөрүлөт.
Асылбек короого кирип, аштоого биртике жем төгүп кайра чыкканда койлору эски дарбазанын жанында маарап турушуптур.
Кой короологондон кийин сабагына жөнөдү. Негедир токтоно албай, ырдагысы келет. Ичинен кыңылдап коёт. Жаңы уюшчу чарбага алагды болуп келатып, бир маалда теректи сүзүп алды. Тумагы башынан ыргып кетти. Кайсактап, айланасын карады. Эч ким жок. Мектепке келип калыптыр. Жерде жаткан тумагын алып, залга кирди. Сабак небак башталган. Болгондо да химия.
Танапис учурунда Асылбек Кургактын адырында уюшулчу чарба жагдайында бабырай кетти. Кээси ишенди, кээси ишенбеди, а айрымдары түз эле аны келекелөөгө өттү.
— Э, укмуш-де! —деди Абит куудулдана. — Ошентип беш жылдан кийин бир миллион, он жылдан кийин отуз миллион сом киреше түшөт дечи?! Стадиону, заңгыраган ак сарайы, анын алдында фонтаны, самолету, окумуштуулары болот дечи?! Пыш-ш…
Балдар кыраан каткы күлдү.
— А баким, ошо стадиондун тушуна аэропорт курулуп, «ТУ» лар конуп турушу да күмөн эмес, — деди дагы бирөө кыткылыктап.
Асылбек тигилерге эмне дээрин билбей калды. Уруша кеткиси келди, бирок уруша албады. Дегинкиси, купуя ишенимге берилип турду.
— Аны келечек көргөзөт! — деди чорт. Оозуна кирген сөз ошо болду.
Ушул окуядан кийин ал жаңы чарба жөнүндө эч кимге ооз ачпады. Эми күндөр нары табышмактуу, нары кызыктуу өтө баштады. Күндөр ой жаңыртып кыялданууга мелт-калт толду. Адаттагыдай эле таттуу кыял анын көңүл жубатаар жан шериги бойдон кала берди.
Азыкты Асылбек экинчи жолу март айынын баш ченинде көрдү. Бир топ тели-теңтуштары менен кара жолдун жээгинде турган. Ойдо жок жерден эле, көзгө тааныш брезент жабуусу оңо түшкөн «ГАЗ-69» өтө берип токтоп калды. Эшиги ачылып, «Асылбек!» деп чакырган үн чыкты. Жетип барды. Жаш директордун чарчаңкы кебетесин, капалуу жүзүн Асылбек илгиртпей сезди. Санаасы санга бөлүндү. Амандашып, сөз учугун шар улай албай буйдалды.
— Ий, иш кандай? Окуу кандай? —Бул суроолордо эч кандай куштарлык жок эле.
— Түзүк. — Асылбектин жообу да шалкы чыккансыды.
Унчукпай бир пас туруп калышты. Анан Азык бет келди күбүрөндү:
— Бошсуңбу?
Асылбек сөзү түгөнүп калган немедей баш ийкеди.
— Түш машинеге.
— Кайда?
— Тиякка.
Асылбек машинага түшкөндөн кийин гана Азыктын кызымтал экендигин байкады.
— Абал ушундай, мырза,— деди ал жанатан берки бир бүркүм сөздү жыйынтыктагандай. Иш чатак экенин баамдады Асылбек. Анан чыдамсыздана:
— Баягы бойдон эми келатасызбы? — деп сурап жиберди.
— Кайда-ан? Баягыдан бери онунчу же жыйырманчы келатышым.
— Филиал эмне болду?
Ушу суроо менен Асылбек директордун жарасын чукуп алгансыды. Араң эле келатканбы, айтор, ал кыйкырып жиберди муштуму менен тизесин сабап.
— Мен тирүү турганда бу жерге филиал ачылбай калбайт. Ачтырам! Совет министиринин чечимине жетишем. Чечимге жетүү үчүн баарын иштейм! Баа-арын!
Кичинекей машинанын ичи жаңырыкка толуп калды. Асылбек Азыкты мынчалык кызуу кандуу деп ойлогон эмес эле. Оозу ачылды да калды.
Машине баягы тушка жетип токтоду.
— Карачы! — Азык күүлөнүп, ээн адырды көрсөтө берди. — Канча жер иштелбей жатат! Канча байлык жатат. А тигилер муну билгиси да, уккусу да, көргүсү да келбейт. А мен ал кашка баштын көзүн заматта ачып таштайм. Москвага — ЦКга жазам, Жогорку Советке жазам. Министрлер Советине жазам. Жазам! Жазам!
— Ой, кантесиң! — Шоопур директорун тизгиндей унчукту. — Сөзсүз эле кыйкырып сүйлөш керекпи? Биз акырын сүйлөсөң деле угабыз…
Азык шылкыйып калды.
— Деле балалыгыңар калбайт,— деп жубаткан үнү чыкты шоопурдун көп өтпөй.
Арада тынчтык өкүм сүрдү.
— Фрунзе көчөт чарбасы менен келишим түзүлүп болду ле,— деди Азык супсуну сууп. — Суу чарба министрлиги беш эмес, беш жүз кудук казып берүүгө да даяр эле. Бир гана каражат чечимине кол коюлса бүттү эле…
Азык түнөрдү. Баары түнөрдү. Асылбек оозунан алдырган бечарадай бөөдө кайгыга чөгүп турду. Кейибей анан. Адам бүткүл ысык үмүтүнөн ажырап атса кантип кейибесин?..
— Эч нерсе эмес! — Азык бир маалда баш көтөрүп, өзүн да, отургандарды да чыйралтты. — Азыр да кеч эмес. Азыр да чечимге жетсе болот. Эч кейибейбиз! Кейип да кереги жок. ЦКга телеграмма менен кат жаздым. Натыйжасы бир жуманын эле ары-берисинде маалым болот. Айда! Кеттик.
— Азыке, бул бала да чогуу кетеби? — Шоопур директорго суроолу тиктеди.
Азык Асылбекти эми гана көргөндөй көзүн бардап-бардап алды. Анан:
— Кайра жеткиребиз,— деди жайбаракат.
Асылбектин ичи күйүп турду. Жаралганы тагдырдын мындай соккусуна кириптер болгон эмес эле. Мынчалык жылдызы түшкөн эмес эле…
Алар Асылбекти жеткирип кайра тартышты. Коштошуп жатып Азык баягыдай «зарыл болгондо сөзсүз кайрылам» деди. Үнүндө зор ишеним. Бул сөз үмүт отун кайра тутантты. Асылбек кайрадан жоомарт кыял менен жашай баштады.
* * *
Кызыл кеч. Асылбек сабагына даярданып олтурат. Алдында китеп, дептер. Бирок жаагын таянып таттуу ойго көшүйт, кыялы алыска чабыттайт.
«Ооба директор Азык гана алигидей чарбаны ачышы мүмкүн. Ошо гана «филиал ачылсын» деген чечимге жетиши мүмкүн. Ал эртең эле «жогор» жакка телеграмма менен кат жазат. Ал бир эле күндө жетет. Балким, ал жерде олтурган жооптуу киши ошол эле күнү телеграмманы окуп, ачууланып, кайра алиги кашка баштын өзүнө телефон чалып, «чечимге кыңк этпей кол кой, же болбосо…» деп опузалашы мүмкүн…»
Асылбек кашка баштын ошондогу абалын көз алдына келтирди да бүлкүлдөп күлүп ийди.
Бир жума эмес, эки жума, үч жума өттү. Эми Асылбектин ээлигүсү бастап, жаңы жердин «азгырыгы» улам өчүп баратты. «Мейли,—деп сооротту өзүн. — Жок нерсенин эмнесине кейийин. Ана, жакында жазгы туут башталат. Былтыркыдай сакмалга барат. Баштагыдай эле көңүлдүү болот. Өзөндөргө былтыркыдай эле жадырап жаз келет — суу бою көк шиберлеп, какымдар ачылып, талдар көктөйт. А жаздын авасычы?! Асылбек былтыркыдай эле чоң сакмалды бекиттирип алат, жашыл сайма бөксө тоого козуларын жаят…»
Ошентип, өзүнө-өзү тил эмизип жүргөн күндөрдүн биринде күтүлбөгөн окуя болду. Асылбек эч нерседен капары жок уктап жаткан. Түн ортосу эле. Капыстан эшик каңкылдап калды. Ачса Азык шоопуру экөө. Үйгө киришти. Асылбек газга чай коё салды. Апасы да ойгонуп, бейтааныш меймандар менен амандашып, келгендердин жөн-жайын билгенден кийин туруп, чый-пый кылуунун камына өттү.
— И, кайдан? — деди Асылбек алар жайланып отургандан кийин.
— Фрунзеден,— деди Азык. Кабагы жарык. Кантсе да уйкудан калган көздөрү кызарып, чаркаңкы. — Он экиде чыктык эле үч жарым саатта келдик. Таң да атып калды.
Үн ыргагынан улам Асылбек тигинин адамды кубанта турган кабары бар экендигин жүрөгү сезип турду. Ошентсе да сурамжылаганга даабай турду. «Ким билет,— деп ой жоруду Асылбек,— башка ле бир нерседен улам кабагы жарыктыр? Же…»
Азык жаңылыгын чай-пай ичип, сыртка чыгышканда гана ортого салды:
— Чечимге кол коюлду.
— Коюлдубу? — Асылбек сөзүн жула качты.
— Коюлду! — Азык зор кубаныч билдире оң колун тигинин ийинине койду. — Баары жайында! Эми киришиш керек.
Асылбек толкунданганынан сүйлөй албай турду.
— Азыр жолго чыгабыз. Саат тогузда Пржевальскиде иште болушум керек. Эртеңден калтырбай эки «С-100» ду быякка жөнөтөм… А өзүң бизден иштегенге кандайсың?
— Иштейм! — Асылбек тигинин сөзүн дагы илип кетти. — Иштебегендечи!
— Жарайт. Сени бүгүндөн тартып сугатчылардын биргадири кылып дайындайм. Буйрукту жетерим менен жазам,— деди Азык жанында турган Асылбекти далыга таптап. — Андан көрө, филиалга иштегенге дагы киши тап…
— Макул!
Асылбек кубанганынан абдырап турганда Азыктар жөнөй берди. «ГАЗ-69» тун жарыгы караңгылыкты как жарып, узун шоола чачып, алыстап баратты. Ал жарык көрүнбөй калганча узата карап турду.
Таңкы үрөң-бараңда Асылбек совхоздун директорунун ысымына бошоо туурасындагы арызын жазды да ферма башкаруучусунун «макулдугун алып кол койдурганы» кеңсеге жетип барды. Кулпу. Эч ким келе элек. Эми бул жерде чыдап күтүп тура албай «берменин» үйүнө бет алды.
Четки көчө иттердин чуулдагына толуп чыкты. Али байлана элек короочулар абалап, Асылбекти тыяк-быягынан качырып, айласын кетирди. Көчөнүн баш жагында турчу «берменин» үйүнө көз ачып жумганча жетти. Тим эле учуп баргансыды. Бош жүргөн күр дөбөттү ташка алып, жалтантып, дөбөттүн бучкактап аркыраган ырылдагы астында короого кирди. Нан жапчу очоктун жанында сынык бакан туруптур. Ага жеткенден кийин дөбөт союлдан айбыгып, четтеп үрүп калды.
Асылбек оюнда эч нерсе жок, эшикти тарс-тарс койгулай кетти.
— Берме байке!
Үй ичинен уйкусунан чочуп ойгонгон эркек кишинин: «Бу ким?!» деп кардыккан үнү чыкты да эмеректерге чалына-булуна басканы, чылапчындын калдыры угулду. «Э, катын, өтүгүм кайда?» деген үнгө удаа ле ич жактан: «Ой, бу ким?! деп чындап эле кабатырланган суроо дагы кайталанды.
— Мен эле…
— Курамасыңбы? Олда атаңдын оозуга урайын ай! Кечээ дүкөндүн жанында ичип жүрөт деп уктум эле тоого кет десе болбой. Малын дагы кырдырган экен ээ! Ой атаңдын көрү, ай! Ансыз да чыгаша көбөйүп жатканда… Эми эмне кылдык?! Э, кудай, эми эмне кылды-ык?! Мындай ичкичтердин айлына кайдан гана кабылдым экен, аа!? О, шордуу башым!
Илгичтин темири шалдырай түшүп, эшик шарт ачыла берди. Каалгага чукул турган Асылбек эшиктин эпкини тийгенде темтеңдей түштү да кийиндей берип, бет маңдайында көйнөк-дамбалчан, жылаңаяк, жылаңбаш дардайып турган «бермени» көрдү. Тиги жарык үйдөн сыртка чыккандык кылып, көзү ымыртка көнө албай карайлай түштү бейм: «Ой, кайдасың?!» деп демите барк этти.
— Байке, мен Курама эмесмин. Асылбекмин.
— Асылбек? Кайсы? Узунбу же кыскабы?
— Узун.
— Ии! Деги жайчылыкпы?! Жүрөктүн үшүн алып бүтмөй болдуңар го…
— Жайчылык эле, байке.
— Мен да бирөөнүн малына карышкыр тийген экен десе…— «Берме» эми гана кадимки «бермелик» кейпине келип, компоё кетти. — Сүйлө.
— Арызга кол койдуруп алайын деп…
— Кандай арыз?
— Бошой турган.
— Бошой турган?.. Ой, көпкөн атаңдын оозуга урайын! Мындай такилипти кеңседе чечет! Иш үстүндө, үстөл кашында чечет! Көрүнгөн короодо чечпейт. — «Берме» сөгүнүп, кайра кирип эшикти карс жаап алды. — Булардын баласынан бери зөөкүр, баары көпкөн…
Берме кеңсеге чоң шашкеде гана келди.
— Бо-о, кандай? — деди ал Асылбекти үрпөйө карап. — Баарыңар тарап кетсеңер сакмалга ким барат? Эгин-тегинди ким багат? Чөптү ким чабат? Жо-о, кол коё албайм…
— Коёсуз! Азыр адамдын өз эрки кайдан иштесе. Сакмалга үйүңдө колоктоп бош жүргөн балдарыңды жибер. Сугатка сал. Алар да билсин «таман акы, маңдай тер» эмне экенин…
— Тигини, тигини… Ой, сага мындай сүйлөгөндү ким койгон ия?
— Өзүм!
— Жо-о, андай эмес,— деди «берме» чыртыйып. — Бошоо, коюу маселесин биз сен окуган мектепте, эстүү-баштуулардын алдында чечебиз. Сен азырынча окуучусуң, биздин чарбанын жумущчусусуң.
— Бүгүндөн тартып мен силердин жумушчу эмесмин. Мен винсовхоздун бригадиримин.
— Эмне дейт? Кайдагы винсовхоз?..
— Ак-Тамдын ары жагындагы.
Берме «ушундай да жер барбы?» деген кыязда кеңседе олтургандарды карап калды. А жердегилер ийин куушуруп, «билбейт экенбиз» дегендей маани кылды.
— Ой, дениң сообу деги? Ак-Тамдын ары жагы ээн адыр эмеспи?
— Кечиресиз, ээн адыр эмес. Ал винсовхоздун филиалы.
— Тобо-о! — деди тиги күлкүсүн зорго тыйып. — Ал адыр качантан бери филиал болгон?
— Кечөөтөн бери.
— Жо-ок, балакай. Мында бир шойком бар… Ал винсовхоздун филиалы болбойт окшойт. Ал сен сыяктуу иштен жаа бою качкан жалкоолордун, бекерпоздордун филиалы болот окшойт…
— Токтотуңуз!
…Асылбектин бошошу жөнүндөгү маселе бу жолу чечилбей калды. Ал арызын «бермеге» таштап баса берди. Кеңседен чыккан бойдон Абитке келди.
— Сен биздин филиалга кирип иштегенди каалайсыңбы? — деди ага.
Абит алыстагы Кургактын бозоргон ээн адырын узакка телмире тиктеп турду да арсарсып, кийин таңдайын шык коюп, баш чайкады.
Асылбек таарына кетти:
— Сени жолдош экен деп жүрсө…
Ошо бойдон ал артын караган жок. Үйүнө келди. Шашып-бушуп өзөк жалгап, велосипедине минип Кургактын адырына жөнөдү.
Марттын аягы жылымык тартып, апрель жаңыра турган кез келип калган. Көлдөн сары жел лепилдеп, ага аралаш жээктеги жазгы талаанын жыты уруп турду. Адыр али көктөй элек болгон менен күнөстүү жыбыттарда таштардын түптөрүнө жаздын нариете көгү жаңыдан чырымталдана баштаган экен.
Көптөн бери күн мынчалык мемиреп тие элек эле. Бүгүн кыш бою думугуп жаткан тоң жердин бешенесин жибите шаңкайды»
Асылбек велосипедин жетелеп алып какыраган ээн адырды кыдырып, тээ бөксө тоолорго чейин жетип, сай жээктеп, айтор жер кезип жүрүп айылга кеч кайтты.
Ошо түнү кыял менен таң атырды.
«Стадиондун атын «Толкун» деп койсо болот. Жарашат. Ал эми жаңы кыштакты эмне деп аташ керек? «Жаңы турмуш» деш керекпи?» Же эзелки жердин атын өчүрбөй «Кургак» кыштагы деп коюш керекти?». Ушу суроолордун агымында термелди.
Эртеси «сугатчылардын бригадири» адырга келген жок, соңку күнү келди. Анын колунда жазы такта кагылган мамы бар эле. Ал Азык «үйлөр ушу жерден тартып салынат» деген тушка келди да жолдун өйүзүнө чыгып, лом менен жерди оюп кирди.
Чейрек саат өтпөй такталуу мамы зыңгырап орноп турду. Анын бетинде кара сыр менен бадырайта жазылган «Кызыл өрүк кыштагы» деген жазуу бар эле…
Кечээ тээ бөксөгө жер бургулоочулар келишкен. Асылбек орноткон мамысынын бекемдигине ыраазы боло көз жүгүрттү да велосипедин ага жөлөп коюп, тээ бөксөдөгү темир мунараны көздөй бет алды. Ошол тарапта кубаттуу мотор үнү какыраган ээн адырды эркелете сылап турду.
Асылбек «Кызыл өрүк» кыштагын аралап баратты…
1976