АЙТЫМБЕТОВ Орозбек: ОРОЗБЕК АЙТЫМБЕТОВ: ТҮШТҮКТҮН КАРЫ (ШЕДЕВР)

АҢГЕМЕ

— Алло?

— Да-а.

— Нази кайда болдукен?

— Мына, ме-ен.

— Ий, кандай?

— Жакшы-ы.

— Түндө кандай эс алдың?

— Жакшы-ы.

— …

— Э-э, Калыс аке, сиз кызык киши экенсиз да-а.

— Ий?

— Мени бир кызы-ык жолдор менен жеткирип келдиңиз да-а

— Ий, үйдөгүлөр бирдеңке деп атабы?

— Жо-ок. Түндөсү эшикти жеңем ачты да-а.

— Ий?

— Келсем үйдөгүлөр эба-ак уктап калыптыр.

— Ий?

— Ал: «Кайда жүрөсүз, кыз?» деди да. А мен жо-оп бере албай тура-а берипмин.

— Ий?

— Жеңем агама «Назини курбу кызы чакырып кеткен эле» деп айтып койкон экен.

— Ий?

— «Кайда жүрөсүз?» дейт.

— Ий?

— Мен: «Карамат туулган күнүн берди» деп жалган айтып: алып, рас-са кызарып кетипмин.

— Ий?

— Кийин туфлимди секи-ин чечип, аягымдын учу менен бөлмөмө кирип кеттим.

— Ий?

— Ээ, Калыс аке, сиз кызы-ык киши экенсиз да-а.

— Ий?

— Түндө жама-ан түш көрүп атыпмын.

— Кандай?

— Э-эй, аны жигиттерге айтууга болбойт, да-а.

— Неге?

— Ал бир кызы-ык түш да-а.

— …

— Ээ, Калыс аке, нме унчукпай калдыңыз?

— Ие.

— Сүйлөбөйсүзбү?

— Нази, бүгүн кечки саат жетиде жолугалы?

— Э-э, коюң.

— Неге?

— Э коюң, Калыс аке.

— …

— А сиз авалга карабайт экенсиз.

— …

— Кечээ Ак-Бууранын боюндагы гиласзарга бекер эле барган окшойбуз.

— Ий?

— Бүгүн аягым огруп калыптыр.

— Неге?

— Э, Калыс аке, чарчап калдык да.

— …

— Э, сиз кызык киши экенеиз да-а. Авалга карабай эле бастыра берет экенсиз да-а.

— Көңүл ачыш керек ко?

— Ие, гиласзарга барбай эле көңүл ачса болот эле да-а, а?

— Аяктын авасы тунук ко!

— А биз барып алып, түн ортосуна чейин баса бериппиз.

— А бүгүн аягым огруп, катта-а чарча-ап калыпмын.

— …

— Э, Калыс аке, гиласзарга барбай эле койсок болмок экен, а?

— Ийи.

— А сиз кечээ болбой койдуңуз ко «баралы» деп.

— …

— Ие, нме сүйлөбөй калдыңыз?

— Нази, келчи, жолугалы.

— Э, коюң.

— Неге?

— Э, Калыс аке, коюң. Эл көрсө нме дейт?

— Эмне демек эле?

— Жо-о, коюң, Калыс аке, коюң…

— Жолугуп эле кайра кетесиң.

— Э, коюң, кечээ эле жолуктук ко.

— Бүгүн да жолуксак жаман болбос?

— Э коюң. Учураштык ко? Э, Калыс аке, ихи-ги-ги…

— Ий?

— Ихи-ги-ги… А сиз билесизби, кечээ жолугушканда колумду ысык кылып ийдиңиз.

— Ий?

— А бизде антип учурашпайт.

— Кантет?

— Ихи-ги-ги…

— Үйдө киши жокпу?

— Ие.

— Эригип атасыңбы?

— Жо-о.

— Нази, кел жолугалы.

— Э, коюң.

— Анда барайын?

— Э-э, коюң. Агам көрсө…

— …

— Биз кечээ ле жолуктук ко.

— …

— Ээ, Калыс аке, нме сүйлөбөй калдыңыз, а?

— Жолугалы.

— Э, сиз жолуккандан тажабайсызбы?

— Эми бир эле.

— Э, коюң.

— Анан бүттү.

— Э, коюң, Калыс аке.

— …

— Сиз авалга карабайт экенсиз да-а.

— Эми, караганда эмне кылайын?

— Э, кечээ сиз бастыра берип бүгүн аягым огруп калыптыр деп айттым го.

— …

— А гиласзарда түндөсү киши болбойт экен, а?

— Иги.

— А кечээгини бирөө көрүп калганда, чагымда, чатак болмок окшойт, а?

— Иги.

— Өла-а-а.

— …

— А сиз ал гиласзарды кайдан билесиз?

— Биз ага капыстан туш келип калдык.

— А сиздин иштер дайым эле капыстан боло берет окшойт, а?

— …

— Э, Калыс аке, сиз өзүңүз жөнүндө сураганда дайым эле жооп бербей калат экенсиз, а?

— Жо-о…

— А Мырзагүл деген ки-им?

— Кайсы?

— Э, биз түндө гиласзардан кайтып келатканда айтып алдыңыз го?

— Качан?

— Э, Ак-Буурадан өтүп аткандачы?

— …

— Алиги дарыянын үстүнө ташталган жоон устун менен өтүп аткандачы?

— …

— Мен сууга жыгылып кете жаздадым го?

— …

— Мени жыкпай кармап калдыңыз ко? Ошондо.

— А-а, карындашым.

— Кайда-агы?

— Тияктагы.

— Эмне кылат?

— Университетте окуйт.

— Ихи-ги-ги…

— …

— Пакиза кийинеби?

— Иги.

— Э, Калыс аке, карындашыңызга бизден салам айтып коюң.

— Макул.

— …

— Нази, эмне унчукпай калдың?

— Унчугуп атам го…

— А эмне сүйлөбөй калдың?

— Э, Калыс аке, сиз азыр кай жердесиз?

— Аэрокассада.

— А жерде нме кылыбатасыз?

— Билет…

— Алдыңызбы?

— Ооба.

— Качанкыга?

— Эртеңкиге сегиз он бешке.

— А-а, демек кетет экенсиз да.

— Иги.

— Анда жакшы бары-ың. Мырзагүлге салам айты-ың. Э, Калыс аке?

— Ий?

— Чүйдө да гиласзар барбы?

— Ие.

— А сиз ошо гиласзарга кеп барып жүрүп расса жаман көнүп алыпсыз, а?

— Эмне болду?

— А сиз гиласзарга барбай чыдай албайт экенсиз да, а? Эми гиласзарды коюң. Гиласзар сизди жама-ан көндүрүп иет экен да-а.

— Ий.

— А сиз отузга келип калыпсыз, а?

— Ийи.

— Эми гиласзарды унутуң…

— …

— Гиласзар сизге куп жарашпайт экен да-а.

— …

— Э, Калыс аке, ихи-ги-ги…

— Ий?

— А сиз өзүңүздү эч ким тааныбаган жерге барып алып, бойдок болуп алат окшойсуз, а?

— Койчу?

— Ону Мырзагүл билеби?

— Нази.

— А мен сиз менен сыймыктанып жүрөйүн деген элем да-а…

— Нази дейм. Койчу…

— Э, Калыс аке, эми гиласзарды да, бойдок болууну да коюң.

— Жо, андай эмес, Нази.

— Э, Калыс аке, аны коюң. Суранып атабыз го, коюң…

— …

— Эми жакшы барың. Биздин Ошту эстей жүрүң. Ак-Бууранын гиласзарын унутпаң…

— Нази.

— Азыр жаныңызда болсом сизди жүзүңүздөн сүйү-үп, кучакта-ап коштошор элем.

— Нази.

— Ие.

— … ошондой деп ойлойсуңбу?

— Э, Калыс аке, сиздин тартибиңиз өзүңүзгө жарашпайт экен да-а.

— …

— Эми биз да өзүбүзчө кетебиз да-а.

— …

— Э, Калыс аке, сиз маган таарынып калдыңызбы?

— Жо.

— Ие, анда нме унчукпайсыз?

— Кыялданып атам.

— Гиласзардыбы?

— Аха-га-га…

— Ихи-ги-ги… А сиз билесизби, менин ичим та-ар… Сиз эми башка гиласзарга такыр барбаң. Унутуң. Ие, Калыс аке? Ошентиң.

— Нази, номерге келчи?

— Э, коюң… Эки түнү тең кеч келсем үйдөгүлөр нме дейт?

— Эмне демек эле?

— Э, коюң, Калыс аке. Огруп турам деп айттым го?

— Нази.

— Ие.

— Келчи.

— Ие, коюң. Биз кийин да жолугабыз го.

— Качан?

— Качан келесиз?

— …

— Нме унчукпайсыз?

— Ойлонуп атам.

— Гиласзардыбы?

— Аха-га-га-га…

— …

— Нази, жаз качан келет Ошко?

— Апрелде.

— Анда жазында келейин.

— Неге?

— Ий?

— А минечүн жаңы жылда келбейсиз?

— Келейин.

— А минечүн бир аптадан кийин келбейсиз?

— Келейин.

— Ихи-ги-ги… Сиз өзүмчүл окшойсуз…

— Ий?

— Сиз өзүңүздү гана ойлойт экенсиз да-а.

— …

— Гиласзарга барчу ынак табылса, сиз, чагымда, күндө ле учуп келе берчүдөйсүз, а?

— Нази.

— Аския. Таарынбаң.

— Нази, эми көрүшпөй эле…

— Неге? Антип ойлобоң. Биз эми эч качан ажырашпайбыз. Бир аптадан кийин Пишпекке барам.

— Кел.

— Мырзагүл менен тааныштырасызбы?

— …

— Э, Калыс аке, нме үндөбөй калдыңыз?

— Ие.

— Э… Кечириң, Калыс аке… Эшик тыкылдап атат. Агам ва жеңем түштөнгөнү келди окшойт. Эми жакшы барың. Биз кийин жолугабыз.

— Өзүң да.

— Көрүшкөнчө. Э, Калыс аке, коё туруң, мен жүзүңүздөн сүйүп коёюн…

Телефондун муздак сабынан «чоп» эткен жагым үн угулду да соңунан: «Күтүп алың» деген кыялкеч үн чыкты.

Калыс бир үзүм тагдырды жашырып турган телефондун гүүлдөгөн сабын узакка-а дейре тыңшаган тейде телефон-автоматтын ичинде талып тура берди.

Сыртта күн бүркөк болгондуктан телефон-автоматтын айнектеринин ички бетин буу жалай калыптыр. Аны сүрттү. Эми айнектин алакандай жеринен сыртта агылып өтүп жаткан тирилик көрүндү. Адегенде көчөдөгү бу кыймыл ага өтө ле суз сезилди… А кийин көкүрөгүн кандайдыр бир назиктик, жылуулук уялап алды. Сыртты суктана карады.

Ак таңдан баштап балпылдап жаай баштаган аппак кар дале сампарлап, али жапжашыл бак-дарактын шактарына буладай конуп, береги дүрдүйнө дүкөнүнүн алдындагы Назинин чачтары өңдүү тарам-тарам самсаалаган мажүрүм талды тегиз жаап, дарактардан үстөккө-босток улпа кар үбөлөнүп, аны менен кошо жазы жалбырактар да күбүлүп түшүп, жер бетинде шөкүлөдөй жайнап, бирок бул саамалык кар түштүктүн нары күңүрт, нары мээрим асманы астында тез эле эрип кетип жатты…

1978