АЛАХАН Садык: САДЫК АЛАХАН: КАЗЫБЕКТИН ЗАМАНА ЖӨНҮНТӨГҮ ЫРЛАРЫ

Замана, заман көйгөйү жөнүндө Казыбек казалчы да бир топ жүрөк-жүлүнгө жетээрлик деңгээлде ырдап кетиптир. 1929-жыл Казыбектин өмүрүндөгү эң бурулуш жыл эле. Эгерде буга чейин капаздагы булбулдай болуп Жараткан берген шык-жөндөмү үнүнүн болушунча бийик чыкпай келип (анткени, атасы Мамбетимин уулунун эл алдында “дубана кейиптенип” ырдап жүрүшүнө катуу тыюу салып койгон болчу), эми гана эркиндик алып канатын кеңири жайып күүлөнөйүн деп турса, пенделик тагдыры минтип азаптуу бурулушка тушугуп, башына кайгы-муң түштү.

Мындай окуя ырчынын бүт жан-дүйнөсүнө эбегейсиз катуу таасир этип, кечээги менен бүгүнкүнү өтө зирек электен өткөрүүнү шарттап турат болчу. Ошол жер оодарып сүргүнгө айдалган учурду ырдоо менен эле Казыбек мындан аркы чыгармачылыгынын багытын аныктагандай ой калтырат.

Миң тогуз жүз жыйырма
Тогузунчу жылында,
Бай-манап деп кармалып,
Маалым болдук кылымга.
Кимдер кимди аясын,
Кирип келсе ыгына,
Буйрук менен кез болдук
Бул өңдөнгөн кыйынга.
Кармаган-туткан дүйнөдөн,
Калбады бирөө ырымга.
Кантели Алла тагдыры,
Каламда бүткөн чыгымга,
Конфисковать этүүгө,
Комиссия шайланып,
Үйгө келди бир топ жан,
Үркөрдөй болуп айланып,
Турасың «куп» деп айла жок,
Турмушка колуң байланып.
Арзыңды угар киши жок,
«А кудайлап» жалбарып,
Санап туруп малды алып,
Саналуу сарай тамды алып,
Өкмөттүн колуна
Өтүп кетти жамдалып.

Биринчи мартта биз кетип,
Визилке болуп айдалып.
Кайран эл сени көрөмбү,
Кайта келип айланып… (1)

Бул ырда айтылган негизги ой Казыбектин кийинки чыгармаларында андан ары өркүндөтүлүп, андан ары тереңдетилген. Айрым адамдар айтып жүрүшкөндөй жер которгондорду караламан журт ташбараңга алып айылдан кууп чыгышкан эмес. «Баш-аягы алтымыш үйлүүдөй» айдалгандарды «калың эл дүркүрөп, чуркурап аттуусу аттуу, жөөсү жөө ээрчип узатып келишти. Бир туруп ошончо калайык-калктын коштошууга келгенине «тобо» десең, бир туруп өлүмгө кетип бараткандай, экинчи кайрылбастай муун-жүнүң бошоп, зээниң кейип, сай-сөөгүң сыздап, турумуң менен көк түтүнгө айланып, быкшып турасың, көзүңдөн жаш кылгырып… жерге тып-тып таамп… Казыбек казалдарын кайрып, бадыбаттын үстүндө туруп ырдап келатат. Эл ансайын ээрчийт.»

Бул эскерүүдөн көрүнүп тургандай, эл Казыбекти чоң сүймөнчүлүккө ээ болгон өзүнүн сүйүктүү акыны катары алыскы жерге узатышкан. Казыбек да ырчылыгы андан бетер ташкансып, башты салып мүңкүрөбөй келген жеринде ырын сабалатып жаадырып жүрүп олтурат.

Тогуз күндө Пишпекке,
Токтолдук келип түшмөккө.
Буюрган жерден насипти,
Бура тартпай ичмекке,
Көчө келдик ушинтип,
Кыргыздын борбор шаарына.
Көбүнчө салам айтабыз,
Көргөн билген баарына.
Айтарсың салам биз үчүн,
Ак сакалдуу карыңа.
Кеңештердин өкүмү,
Кеңчилик кылса алыма.
«Кечирээр» деген үмүт бар
Кечүү берип дарыя. (1)

Мына ошонтип, Казыбек өз үнүнүн элдин калың катмарына жетишин тилеп («Көбүнчө салам айтабыз // Көргөн – билген баарыңа») ошол эле учурда келечек күндөн да, бийликтин кеңчилик кылуусунан да үмүтүн үзбөй учу бүдөмүк көрүнгөн сапарына кете берет. Бул сапар аны алыскы «Российдин калаасы Орумборго» алып келет. Ушул кезге чейин адабиятчылардын, Казыбектин өмүр баянын изилдеген адамдардын арасында ырчынын сүргүндөн кайтып келиши жөнүндө ар кандай кайчы пикирлер жашап келди.

Айрым бирөөлөр казалчыны «…туулган жерине жашырынып качып келген» (2) деп кесе жыйынтык чыгарышса, айрымдар «1931-жылы аяктан (Оренбургдан – С.А.) качып баса бериптир» (3) – деп айтышат. Казалчынын өмүрлүк жары болсо минтип эскерет: «Казыбек ырдаса ыры, сүйлөсө сөзү менен ал жерде да кадырын түшүргөн жок. Көптөгөн адамдар колун – мөөрүн басып, Маскөөгө арыз жазышып, Казыбекти айдактан бошотуу жөнүндө суранышты… «Атага бала байланбайт, Казыбек эч нерсе жасаган эмес, күнөөсү жок. Тогуз жыл бий болгону үчүн Мамбетимин да күнөөлөнбөйт. Ар ким аракетине, мээнетине, багына жараша байыган» дешип, бизди жөнөтүшмөк болушту…

Бизди узатып кары-жаш турду. Почто ташыган поюзга (тез жүрүүчү) түштүк… Бишкекке жол тарттык.» Бул айтылган пикир ошол 30-жылдардын нукура турмуштук чындыгын күбөлөп турган саптар. Баланы атадан ажыратуу үчүн, баланы атага чыккынчы кылуу үчүн тымызындан жүргүзүлгөн «За отца сын не отвечает» («Атасы үчүн баласы жооп бербейт») деген бул көз караш, бул ураан жаш өспүрүмдөрдү бир гана «партия» деген «кишинин» баласымын дедиртип тарбиялоо мүдөөсүн көздөп ташталган тымызын чакырык, узакты мерчемдеген идеология эле.

Сандыкта сакталып жатып кийинки жылдары гана жарык көргөн улуу акын А.Т.Твардовскийдин «По праву памяти» деген поэмасындагы адам тагдырлары, сүргүнгө айдалган адамдардын нарк-насили жөнүндөгү ой толгоолор «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол саясаттын бүт бет пардасын ачып берет. Зуурабүбү эне дал ушул саясаттын Казыбектин өмүрү менен тогошкон учуру жөнүндө айтып жатат бул жерде. Ошондой эле Казыбекти «Оренбургдан качып келди» дегендердин жүйөөсү суу кечпей калып жатат бул жерде. Анткени, Казыбек жалгыз жан эмес аялы, бала-чакасы менен кайтып жатышпайбы. Эгер чындап качып жөнөшкөн болсо бул кебетелери менен баардык жерде тинтип жүрүшкөн НКВД кишилерине заматта эле колго түшүшмөк. Демек, чындык бул жерде адабиятчылар тарабында эмес Зуурабүбү эне жакта экени эч күмөн туудурбайт.

Казыбектин чыныгы элдик ырчы экендигин биз аны  калың журт жер которуудан келген учурда чоң сүйүнүч, сагынуу менен тосуп алышкандыгынан эле билсек болот. Казыбекти үч күн бою Ат-Башыдан жылдырышпай, үч миңдей киши тегеректеп үйүнө жибербей коёт. Бирок көп өтпөй эле чагымчылардын ушагынан улам кайрадан Нарындын абагына камалып, алты айдан кийин бошоп чыгат да, Ат-Башыга барбастан Ак-Талаага кайын журтуна келет. Анткени, бала-чакасы ушул жерде эле. «Ырчыбыз кайын журтунда күчкүйө болуп жүрөт» деп намыстанган туугандары көнбөгөнүнө болбой Ат-Башыга кайрадан көчүрүп келип алышат.

Кытай менен танапташ турган бул чөлкөм чынында ошол 30-жылдардын орто ченинде деле тынч эмес болчу. Мал тие качуулар, чек ара бузуулар анча-мынча болсо да боло калып жаткан. Бир аз күндөн кийин эле бул жердин эли чек арачы солдаттарды алдап колго түшүрүп алышып, 21 беш атар, 1 тапанчаны тартып алышат да, ошол эле күнү ашууну ашып Кытайга ооп кетишет. Көпчүлүктүн шарданы менен Казыбектин үй-бүлөсү да кетет. Кайрадан ачылып-чачылуу, кайрадан жат жердеги көөдөндү эзген турмуш башталат да, качкын жашоо 3 жылга созулат. Качкындарды Ат-Башыда эл башкарып жүргөн, жергиликтүү элдин кадыр-барктуу адамы Абдылда Жаанбай уулу жетектеп жүрөт. Ушул жерде биз Үсөйүн ажынын төмөнкү маалыматына токтолуп кетүүнү эп көрүп турабыз. Ал киши минтип жазат: “1934-жылы 8-айда Улуу-Чаттык Осмоналы сыжаң (комдив) болуп турганда Совет өкмөтү КГБдан шпион жиберип, Осмоналыга: «Бизден качып кеткендердин башчыларын кармап берсин, анда сыжаңдыгы сакталат, көп ингамга ээ болот». Болбосо андай-мындай дейт да, басым иштеткенде Осмоналы “мен аларды кубалап, чегараңа ашырып берейин” дейт… Осмоналы аларды кубалап, Көк-Арттын белин ашырып берет. Шпион күндө кузгундай каттап турганда белди ашырышы менен нар жактан армия келип, баарын кармап, көчүрүп кетет. Кызыбек ошолордун ичинде кармалып кетет».

Казыбек казалчыга табият бардык жагынан эч нерсесин аяган эмес экен. Келишкен келбет, аргендей үн, ташкындаган таланттын баарын кошо бериптир. Ийиндүү, шыңга бойлуу, өңү карасур, көзү капкара, мурду кырдач, даана байкалган коюу каштуу, муруттуу, кыскасы, келбети келишкен адам болуптур. Бирок табият аны көп нерседен кур да коюптур. Биринчиден, бул тирүүчүлүктө ырыс-кешиктүү жашоодон. Экинчиден, укум-тукумун улай турган урпактан да бактысы узарбаптыр. Биринчи алган аялы илээнди чыгып, оту күйүшпөй калып, кийин эки ирет үйлөнсө, эки жубайы тең төрөттөн көз жумушат. Андан кийин беш көкүл Зуурабүбүгө үйлөнүп, уулдуу болсо, (атын Насыр коюшат) көптөн күткөн наристеси темир канат кезинде чарчап калат. Дилиндеги ышкысы кош канаттуу Казыбек үчүн азап-армандуу өмүр жолундагы эң алгачкы кайгы эле бул…

Албетте, Казыбек казалчынын көркөм мурасы али толугу менен окурман журттун колуна тие элек. Бирок басылып чыгып, көпчүлүктүн энчисине айланган чыгармаларын дыкаттап окуган адам Казыбек ырасында эле көркөм сөздүн чыныгы устаты болгондугун, жан дүйнөсү бөтөнчө бир инсан экендигин жана да баарынан мурда кыдыр даарыган талант болгондугун сезбей койбойт.

Ушу күнгө чейин басылып чыккан эки жыйнагына Казыбектин эл ичинде сакталып калган чыгармаларынын баары эле топтоштурулган эмес. Залкар казалчынын көркөм мурасын 18 жыл бою эл ичинен дыкаттап издеп, 5 томдук кылып топтогон Болотбек Исабековдун өздүк архивинде дагы көптөгөн көркөм туундулар бар. Бар экенинин айныксыз далили болуп “легендарлуу парламенттин” депутаты, Казыбектин чыгармаларынын дагы бир күйөрманы Бактыбек Максүтов тарабынан 1992-жылы “Кыргыз маданиятына” жарыяланган “Өкмөт жөнүндө”, “Эл жөнүндө” деген көлөмдүү-көлөмдүү ырлары эсептелет.

“Өкмөт жөнүндө” деген ырында сөз падышалык же Убактылуу өкмөт жөнүндө эмес, Совет өкмөтү тууралуу болот. “Уриятчыл большевик” орноткон бул өкмөттүн идеологиясы, чарбалык иштери, жалпы эле аткарган жумушу калк мүдөөсүнө карама-каршы келген иш чаралар катары ырга кошулат. Большевиктик бийлик жүргүзгөн иштердин Казыбек тарабынан сүрөттөлгөн айрым көрүнүштөрү төмөнкүлөр:

Кудай жок деп сүйлөдү,
Жаңы өспүрүм жаштарды
Жаман жолго үндөдү. (4, 68-б.)

Кыскасы:

Шайтан болуп большевик,
Шариятты танганы.

Ал эми чарба жагында болсо:

“Биздики” деп жүрүшөт,
Пикирсиз кедей балдары.
Бүгүнкү биздин заман деп,
Бүтүрдү жеке чарбаны.

Ошону менен бирге:

Түгөнбөй күндө көбөйдү,
Турдүү налог салганы.
Туругу жок Советтин
Түйшүгүн тартып зарлады,–  
деп келип, анан:

Пейлиң курган большевик
Көрбөдүк сендей айбанды, 
– (4, 68-б.) деген оюн ортого салат.

Казыбектин бул ырынан биз ошол отузунчу жылдардын баш чениндеги жашоо-турмуштун укмуштуудай так тартылган картинасын, б.а. жеке чарба бүлүнүп, бүт жерде коллективдүү чарбага өтүү башталган соң жер ээсиз калып, натыйжада, түшүм алынбай эл турмушу кургуйга кулагандыгы баяндалат…

Көйнөк таппай жылаңач

Көбү жүрөт элиңдин, – деген эки сап ырында эң таамай көрсөтүлгөн. Ырасында эле большевиктик чарба жүргүзүү саясатынын көптөгөн аша чабууларын, “бөрк ал десе баш алган” иш аракеттерге жол берген айрым бир фактыларын кечээ жакынкы 60-70-жылдардагы турмушубуздан эле өз көзүбүз менен көрүп калбадыкбы. “Жүн планын толтурбасаңар үйүңөрдөгү жууркан, төшөгүңөрдү тиле сөгүп жүнүн алып тапшыргыла” деген зордукчул саясатты туу туткан обкомдун катчысы тууралуу Казыбектин урпактары жийиркенүү менен айтып жүрүшпөйбү. Большевиктик бийликтин мындай зордукчул саясатын залкар казалчы ошол отузунчу жылдары эле таамай көрө билип минтип ырга кошуптур:

Жазып бардык планды,
Жазгы, күзгү жүнгө деп.
Жаңыртып кийиз жасатып,
Жабылбасын үйгө деп.
Жарлык кылды элине,
Жасалган байпак кийбе деп.

Ал турсун:

Кысасы жүндөн кемисе,
Кырктырып алдың тондорун.
 (4, 69-б.)

Албетте, мындан өткөн кордук жок эле. Анан залкар казалчы большевиктик бийликтин мындай өкүмзордугунан кутулуунун жолун издейт. Аны Алла Тааланын жардамынан, бир Кудайдын көрсөтчү көмөгүнөн, Көкө Теңирдин колдоосунан табат. Ошондон улам минтип ырдайт:

Жазасын тартар бекенсиң
Жардамы болуп теңирдин.

Алла Таалам  жар болуп
Артын өзүң оңдогун.

Кайта орду толобу,
Кадыр Алла жар болуп. ж.б.
 (4, 68-б.)

“Өкмөт жөнүндө” деген бул ырды шарттуу түрдө эки бөлүккө бөлүп алып окуп үйрөнгөнүбүз оң. Эгерде чыгарманын биринчи бөлүгүндө, жогорудагы сөздөн ачык көрүнгөндөй, Совет өкмөтүн катуу сынга алып, ага келишкис мамиледе болуп ырдаса, экинчи бөлүгүндө Кеңеш дооруна салыштыруу менен өткөн заманды кепке тартат. Мурдагы замандагы кыргыз турмушу, эл жашоосу казалчы тарабынан белгилүү бир деңгээлде идеализацияланып сүрөттөлөт, б.а.

Өтүп кеткен заманда
Өрүшү толгон мал болуп.
Көтөрүлгөн сыймыгы,
Көрүнөө кыдыр жар болуп.
Жегени казы, жал болуп,
Жергеси толгон мал болуп.

Элден чыккан бузуктар,
Эл ичинде кем болуп.
Эстүүсүнүн айтканы
Эл-журтуна эм болуп.
 (5)

Албетте, атактуу казалчынын “Өкмөт жөнүндө” деп аталган бул чыгармасы бир катар кайчы ойлорду жарата турган, бир катар карама-каршы пикирлерди пайда кыла турган көркөм туунду болуп эсептелет. Элибиз эгемендикке ээ болгонго чейин бул чыгарма тууралуу чыгарылуучу тыянак, арийне, белгилүү болчу, б.а. бул ыр коммунисттик идеологиянын чен-өлчөмүнөн туруп идеясы тескери чыгарма катары, Кеңеш өкмөтүн жаманаттылаган, большевиктик бийликке карасанатайлык менен көө сүйкөгөн башкы пафосу бузук ыр катары баалануусу турулуу иш эле.

Ал эми Жер шарындагы кургак жердин алтыдан бир бөлүгүн ээлеген, коммунисттик идеологияга негизделип түптөлгөн СССР деген улуу держава кулаган соң бул система жашап тургандагы бардык кемчиликтер, дегеле коммунисттик идеологиянын өзөктүк өксүк жактары жапатырмак айтыла баштаган соң ал система, ал коом жөнүндө өз учурунда акындык интуициясы менен туюп айткан казалчынын ойлору, тыянак пикирлери, белгилүү бир жыйынтыктарды чыгарууга түрткү болбой койбойт. Кеңеш өкмөтүнүн, коммунисттик идеологиянын кыйрашында көптөгөн себептер менен бир катарда акылы тунук казалчы ошол 30-жылдары эле таамай-так белгилеген себептер да негизги мааниге ээ болду.

Дагы да тагыраак айтсак, “жаңы өспүрүм жаштарды” ишенимден ажыраткандыгынан, жеке чарбаны бүлдүрүп, ээси белгисиз коллективдүү чарбаны таңуулагандыгынан, экономиканы өнүктүрүүнүн пландык жолун тандагандыктан улам Совет өкмөтү жетимиш жылдай араң өмүр сүрдү.

Ошол эле учурда Кеңеш өкмөтү патриархалдык кыргыз турмушу жалпы адамзаттык цивилизация жолуна түшүп, илим, маданият, экономика жагынан салыштырмалуу түрдө гүлдөп өсүшүнө себепкер болгонун да эсибизден чыгарбаганыбыз эп.

Бактыбек Максүтов жарыялаган “Эл жөнүндө” деген экинчи ыр да негизинен Кеңеш өкмөтүнүн мурдагы байларга (казалчынын айтуусунда –  «Элге») жасаган өкүмзордук мамилеси тууралуу кеп салат. Тыянак пикирлер, жыйынтык ойлор мурдагы ырдагыдай эле кесе айтылып, кескин чыгарылат.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Дөлөев Ө. “Казыбегим кайрылбаган каркыра”.//Кыргыз маданияты, 1991, 31-октябрь.
  2. Жигитов С. «Бакыбат дабыштар, жансыз жаңырыктар». // Советтик Кыргызстан, 1987, 13-май.
  3. Токтогулов А. Баш сөз. – “Ала-Тоо”, 1991, №4, 58-бет.
  4. Исабеков Б. «Мен уккан Казыбек».// Ала-Тоо, 1991, № 4, 68-бет.
  5. Казыбек. «Өкмөт жөнүндө ыр». (Жарыялаган Б.Максүтов) // «Кыргыз маданияты», 1992, 20-август.