АЛАХАН Садык: САДЫК АЛАХАН: ЫЙЫК КИТЕПТЕРДЕГИ БЕЙИШ ЖАНА НУРМОЛДОНУН САРКАЗМЫ

Нурмолдо өтө билимдүү, ашкере акылгөй, даанышман ырчы болуптур. Көп окуганынан, көптү билгенинен улам Библия менен Курандагы терең тарбиялык мааниге ширелген ар кандай уламыштарды да өзгөчө иш билги пайдаланып, ал уламыштар менен икаяларды тек гана супсак кайталап койбостон, өзүнүн чыгармачылык лабораториясынан өткөрүп, акындык жүрөгүнүн оту менен жылыта, көкүрөк нуру менен шоолалантып, натыйжада, окуган ар бир адамдын акыл-сезимин козгоп, дилин тазарта турган деңгээлге жеткирип берген.

Бул айткан ойлорубуздун айкын күбөсү болуп Нурмолдонун «Адам ата» аталган көркөм туундусу эсептелет. Чыгарма башталганда эле пенде баласынын түпкү атасы менен түпкү энеси Адам ата, Обо эне жүргөн бейиштин ажайып көрүнүшүнө туш болобуз. Акын сөз нугун минтип баштайт:

Айланада миң булак
Агып атат шылдырап.
Аппак, кызыл, көк, жашыл
Ачылыптыр гүл бурап.
Булбул сайрап багында
Отуруп алып жаныңда,
Дүйүм жемиш: алма, өрүк,
Мөлтүрөп жүзүм шагында.

Мына ушинтип, бейиштин ажайып бир картинасы көз алдыбызга тартылат.

Жаннатин жан жыргатар төрүндө
Адам ата, Обо эне
Акырын басып бейиште,
Ары, бери жүрүшөр
Асты түшпөй кейишке.

Адам ата, Обо эненин бейиштеги турмушу жана андан кантип куулгандыктары жөнүндө Билбиянын байыркы осуят китептериндеги Мусанын биринчи китебинде «Тирилик» деп аталган бөлүмдүн экинчи, үчүнчү баптарында айтылса, Курандын «Изеңги» деп аталган экинчи сүрөөсүнүн 28-37-аяттарында баяндалат. Куранда минтип айтылат:

(2-сүрөө, 32-аят) «Мына ошондо Биз периштелерге: «Адамга таазим кылгыла!» дедик. Ошентип алар бир Ибилистен башкасы таазим кылышты. Ал болсо, баш тартып асманга учуп динбезер болуп кетти

(33-аят) Биз айттык: «О, Адам! Бейиш төрүнөн аялың менен орун ал, каалаган жеринде жыргап даам тат, бирок мынабу даракка тийип, арам болуп калба.»1

Ал эми Библияда болсо бул баян момундайча берилет:

«15. Жана Кудай Теңир адамды бул Едем багын карап, кайтарыш үчүн ошол жерге жайгаштырды.

  1. Жана Кудай Теңир адамга насаат айтты: бактагы жемиштердин ар түрүнөн жейсиң;
  2. Ал эми жакшылык менен жамандыкты билдире турган дарактан жебе: анткени андан даам татсаң өлөсүң.»2

Алла Таала айткандай эле Адам ата менен Обо эне бейиштин түркүн түс мөмө-жемишинен даам татпай, Ибилистин (Шайтандын) азгырыгында алданышпай, напсилерин тыйып бейгам жашап жүрүштү. Даанышман акын Нурмолдо икаяны андан ары мындайча улантат:

Чертип көрдү Обо эне
Чарт жарылган анарды.
Чайнап жесе мыкчасын
Чаңкагы бир канарбы?
Анда секин шыбырайт
Оң ийинде Периште:
Төкмөгү бар жемектин
Шайтан менен келишпе.

Анан Адам атанын «лабизине жан кирди» эле Периште аны да тыйды. Ошентишип, Адам ата, Обо эне экөө тең

Жемиштен жеп жутпайды,
Эч нерсени төкпөйдү.
Тартпайт такыр кур кайгы.
Жебей, ичпей жашаган
Жыргал болот турбайбы!

Бирок Адам ата менен Обо эне азгырыктын тилине киришип, напсилери бузулуп Алла Таала тыйуу салган, жебе деген жемиштен жеп койушту. Куранда бул окуя мындайча айтылат:

 (2-сүрөө, 34-аят) Ошондо шайтан сайып, даракка мүдүрүлтүп, аларды жаткан жайынан азгырып чыкты. Анда Биз: «Бейиштен кеткиле. Бириңе-бириң кас болуп өткүлө! Өмүрүңөр өтөлгүчө турган жайыңар – жер болсун, бирок убактылуу болсун» дедик.

 (35-аят) Алланын сөзүн кабыл алып, Адам Анын өзүнө кайрылды, анткени Ал кайрылганга Кайрымы артык!

 (36-аят) Биз айттык: «Жерге бирге бет алып, ал жактан бирге кеткиле! Эгер менден буйрук болсо, Менин буйругумду жолдогондор кор болбойт, коркунуч да туулбайт.»

 (37-аят) Ал эми биздин аятка ишенбегендер, аларды жалган дегендер түбөлүккө тозок отуна күйөт.»3

Ал эми Библияда болсо Адам ата менен Обо эненин бейиштен куулуп чыгышы бир топ кененирээк да, бир топ тереңирээк да мындайча баяндалат:

«3-бап. 1. Кудай Теңир жараткан жердеги бардык айбанаттардан жылан айлакер болгон. Жана жылан аялга айтты: чын эле бейиш дарагынын эч бир жемишинен жебейсиңер дедиби Кудай?

  1. Аял жыланга айтты: биз түркүн дарактын жемишинен жей алабыз.
  2. Бейиштин ортосундагы бир гана даракка тийбегиле, жемишин жебегиле, өлүп каласыңар, деген Кудай.
  3. Жылан айтты аялга: жок, силер өлбөйсүңөр;
  4. Бирок ал дарактын жемишин жеген күндөн көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты тааныган Кудай сыяктуу болоруңарды билген экен Кудай.
  5. Анан, дарактын жемиши жакшы, көрүнүшү көзгө жагымдуу, өзүнө тартып тургандыгын көрүп, билгиликтүү билим берет деп, аялы мөмөсүнөн алып жеди, күйөөсүнө да берди, ал да жеди…
  6. Теңир айтты: …Мен жебе деген дарактын жемишинен жеп алдыңбы?
  7. Адам айтты: Сен мага жуп кылып берген аял алиги дарактын жемишин берди, анан мен жедим…
  8. Адамга болсо мындай деди: аялыңдын тилине кирип, «андан жебе» деп Мен сага насаат кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн жер каргышка калды; өмүр сүргөн бардык күндөрүңдө эми азап менен жерден азыктанасың…
  9. Жерден жаралган денең жерге жатмайынча, жантериңди төгүп наныңды жейсиң; анткени сен топурактан жаралгансың, топуракка кайра айланасың…
  10. Жана Кудай Теңир аны өзү чыккан жерде жер айдап, мээнет тартсын деп, Едемдеги бейиш багынан айдап чыкты.»4

Адам ата менен Обо эненин бейиштеги окуяларын Нурмолдо да өзгөчө бир элестүү сүрөттөп берет.

Сол ийинде шайтан бар
Солго буруп жайпаңдар.
Арбады Адам атаны
— Жүрсөңчү —  деп – тыңырак.
Үгүтү арбып шыгырап
Обо энени ныгырат:
— Жесең ушул жемиштен
Болгойсуң, — дейт – чыңырак.
— Татып ушул буудайды
Эске алгын, — дейт – кудайды.
Мөлтүрөтүп апкелип:
— Ке, жегин – деп сурайды.
Адам ата, Обо эне,
Шилекейи чубуруп.
Тилип туруп бир кесим
Бөлүп жешти сугунуп.
Калган экен ошондон
Буудайдын тырык тилиги
Көрө замат түшүнөт
Кишинин жетик билиги.
Уктап калган периште
Ойгонуп түштү кейишке:
Жеген киши буудайды
Турмагы жок бейиште.

Алла Таала тыйуу салган жемишти азгырыктын тилине кирип жеп алган Адам ата менен Обо эненин бейиштеги андан аркы окуясы Нурмолдо акын тарабынан окуган адамды бир туруп кайгыга салып, бир туруп жылмайта турган деңгээлде баяндалып берилет. Ыйык китептердеги бул окуянын Нурмолдо тарабынан көркөм баяндалышын чогуу-чаран окубасак бул баян көркүнө да чыкпайт, катынган мааниси да ачылбайт. Нурмолдо акын минтип жазат:

Мыйзамы бар Эгемин,
Чычмагы бар жегендин.
Төрөлмөгү өлгөндүн
Чечмеги бар кийгендин.
…Адам ата, Обо эне,
Эртесинде ээлене.
Чычып койду сасытып
Бейишке болуп бегене.

Мына ушундай бир кызык иш болду. Айласы түгөнүп, амалы куруган Адам ата менен Обо эне заңын бекитти алгач чатына

Артканын салып топуга
Кийип алды башына.
Жаагынан акканын
Колтугуна кыстарды.
Көрдүңүзбү бейишти
Кишиден шайтан кызганды.
Ошон үчүн башына,
Колтук, ээк, чатына,
Калган экен жүн чыгып
Сакал, мурут, кашына.

Албетте, Адам ата менен Обо эненин бул жосунсуз жоруктарына Жараткан Эгемдин жаны кашая ачуусу келип,

Обо эне, Адам атаны
Алкымынан алганы:
Бейиштен катуу ыргытты,
Жер үстүнө зыргытты.

Болгондо да көрбөгөн азапты көрүшсүн деп экөөнү эки жакка ыргытты. Мына ошентип жер бетинин эки бурчуна түшүшкөн Адам ата менен Обо эне тоодо тоңуп, чөлдө күйүп, буттарын таш тилип, кийимдери тытылып, азапка түшүп аябай бирин-бири издеп жөнөшөт. Мындай азаптуу күндөрүндө да аларды шайтан жөн койбой, экөөнө эки башка сөздөрдү айтып жолдон чыгарганга арам аракетин аябай жасайт.

Жолдо шайтан азгырат:
— Маймылга тий! – деп жазгырат.
Апчып аны Обо эне
Адымдоону маш кылат.
Алдынан тосуп кеп айтат
— Аялың өлдү деп айтат.
Адам ата алданбай
— Азгырба шайтан, – деп айтат.

Ошентип, бул ирет Адам ата менен Обо эне шайтандын азгырыгына алданбай азаптуу жол басышып акыры бирин-бири табышат.

Сүйүүдөн бала төрөлүп,
Сандадык биздер көбөйүп.
Шайтан жүрү жапжалгыз,
Шагы сынып сенейип, — дейт Нурмолдо бабабыз.

Албетте, ар кандай уламыш, икая калемгер тарабынан белгилүү бир идеяга баш ийдирилип, белгилүү бир автордук ойду дагы да тереңирээк, дагы да жеткиликтүү ачып бериш үчүн колдонулушу кажет. Андай болбогон учурда мындай уламыш менен икаялар эч бир идеялык жүк көтөрбөй, эзелтен айтылып келе жаткан баяндын тек гана бир кезектеги варианты болуп калат. Тилекке жараша, Нурмолдо бабабыз Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү бу чыгармасын аруу жолдон адашбоо, ак жолдон айрылбоо керектиги жөнүндөгү тунук идеялар менен ширелиштирип, пенде баласын аруулукту бийик тутууга, ашыктыкты аздектей билүүгө чакыра алган. Анан да ырдын соңунда:

Азгырылып шайтанга,
Асти жаштар кор болбо! — деп көкүрөккө конорлук дидактикалык тыянак чыгаруу менен чыгармасын эң сонун жыйынтыктаган.