АЛАХАН Садык: «МАНАС» КҮНҮ КАНТИП БЕЛГИЛЕНГЕН?

27-ноябрдан тартып улуу эпосубузду күнү-түнү айтуунун бир жумалыгы башталды. Ал эми 4-декабрда атпай журтубуз “Манас” Күнүн” чыныгы элдик майрам катары белгилешет. Ушул салтанаттуу күн кантип элдик датага айлангандыгы тууралуу адабиятчы Садык Алахандын эскерүү баянын окурмандарга тартуулайбыз.

2014-жылдын 6-май күнү. Баш калаабыз Бишкек сирень менен алманын жадырап ачылган гүлүнө аңкып турган учуру. Ошол күнү асман да шаңкая ачылып, жаздын жан жыргатар табы сонун Күнү чыккандан баштап Бишкек андан бетер көркүнө келип турду. Бул күн буюрса, дагы бир тарыхый окуясы менен биздин эсибизде кала турганы мерчемделип жаткан эле. Ушул күнү Республикабыздагы адабий, маданий, илимий  жана саясый чөйрөнүн өкүлдөрү өзгөчө бир жыйынга чогулмакпыз. Тагырак айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 3614-V “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу токтомун ишке ашыруу боюнча КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы материалдык эмес маданий мурастар жаатында эксперттик кеңештин курамы жана манасчылар, маданий, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен чоң жыйын болмок. Белгиленген убакыт да келип, министрликтин биринчи кабатындагы жыйындар залына чогулдук. Күн тартибинде төрт маселе бар эле:

  1. “Манас” эпосунун үчилтигин ыйык сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу, бул багыттагы иштерди координациялоо, уюштуруу үчүн “Манастаануу” борборун түзүү маселеси;
  2. “Манас” эпосун эл арасында кеңири даңазалоо жана пропагандалоо максатында “Манас” эпосун майрамдоо күнүн (“Манас” Күнүн”) белгилөө;
  3. Кыргыздын улуу мансачысы Саякбай Каралаевдин туулган күнүнүн 120 жылдык юбилейин 2014-жылы майрамдоого байланыштуу 2011-жлдын 18-февралында КР Өкмөтүнүн № 37-буйругу чыккан. Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча сунуштарды угуу жана эске алуу;
  4. Ар түрдүү маселелер.

Көрүнүп тургандай, карала турган маселелердин баарысы тең өзгөчө маанилүү болчу. Улуу эпосубузду көз карегиндей ыйык сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу, бул багыттагы иштерди координациялоо, уюштуруу үчүн “Манастаануу” борборун түзүү күн тартибиндеги кечиктирилгис маселелерден эле. Анткени, элибиз эгемендикке ээ болгондон кийинки идеологиялык ваакумду ыктуу пайдаланышкан, өздөрүн жайсаңчылар атап алган топ улуу эпосубузду төбө чачты тик тургуза тугандай кылып бурмалашып, “Жайсаңдын арбагы айтып берип жатат” дешип он томдон турган текстти калың журтка көшөкөрлөнө таңуулашып, бул бузуку иш республикабыздын маданий, адабий, илимий жана саясый элитасынын алдыңкы өкүлдөрүнүн биргелешкен катуу каршылыгынан улам өзүнүн реалдуу баасын алган мезгил болчу. Мындай учурда “Манастаануу” борборун түзүү аба менен суудай керек эле… (Тилекке каршы, бул үмүт ушу күнгө чейин ишке ашпай келет).

Экинчи маселе, өзүңүздөр күбө болуп тургандай, өзгөчө мааниге ээ болчу. Ырасында эле элдин элдигин даңазалап, атпай журттун асыл баа рухун чагылдырып турган бул улуу мурасыбызды адамзаттын аруу дүйнөсүндөй аздектеп, жүрөк толтосунда ыйык сактоо менен бул улуу рухубузду зор салтанат менен бүткүл элдик майрамдай кылып атайын бир күндө белгилөө чынында эле жалпы журттун мекенчилдик сезимин, тарыхый мураска болгон аздек мамилесин жана жоопкерчилигин көтөрүү үчүн өтө керек жана зарыл нерсе болчу.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине “Манас жумалыгын” же “Манас” Күнүн” салтанаттуу белгилөө боюнча беш сунуш келип түшкөн. Мурдатан белгилене майрамдалып келе жаткан бир күн да кошо сунушталып, жыйындын катышуучуларына алты башка күн сунушталды. Жыйынды ачкан министр К.Талиева ар бири тууралуу кыскача маалымат берди. Анан калса, министрликтин кызматкерлери тарабынан алты барак көлөмүндө мурдатан даярдалган материалдар да ар бирибизге таркатылып берилген болчу. Бул да жыйын жүрүшүн бир топ жеңилдетти. Анткени, кайсы дата ким тарабынан сунушталганы так, даана жазылып колубузда турду.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты (сөз 5-чакырылыш жөнүндө болуп жатат – С.А.) Каныбек Иманалиев “7-сентябрь Саякбай Каралаевдин туулган күнүн “Манас Күнү” деп 7 күн белгилөө” деген сунуш түшкөн. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин туулган күнү 7-сентябрь эмес болчу. Демек, бул жерде күн тартибин даярдап жаткандардан чекилик кеткен болсо керек деп боолголоп койдук. Тактайлы десек К.Иманалиев өзү жыйында жок болду. 

КР эл жазуучусу Асан Жакшылыков “Манас” майрамын күн узарып чегине жеткенде 30-июнда өткөрүүнү сунуштаган. Асан Жакшылыков өз пикирлештери менен жыйында олтурду.

Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манастаануу институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев “Манас” майрамын” жыл сайын жетинин айынын (ноябрь) экинчи жумасында 7 күн өткөрүү туура болорун сунуштаган. Бакай калпагын кийип, сакалы жайкалган Топчуке төр жакта олтурду.

Кыргыздын чыгаан уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун чыныгы мекенчилдик иш аракеттери менен Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 8-жыйынынын чечими менен кыргыз элинин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине катталган күндү – 4-декабрды “Манас майрамы” же “Манас Күнү” катары белгиленсе деген сунушун 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында манасчы Талантаалы Бакчиев билдирген. Карганбек Самаков жыйында олтурду.

Белгилүү публицист, чыныгы интеллектуал Эсебай Нурушев 1952-жылы 6 – 10-июнда Бишкекте (Фрунзеде) Бүткүлсоюздук илимий конференцияда “Манас” эпосунун элдик чыгарма экендиги сакталып калгандыгына байланыштуу ар жылдын 6 — 10-июнь күндөрүн “Манас” жумалыгы” деп атоону сунуш кылган. Э.Нурушев тажияда жүргөндүктөн жыйынга катыша албай калгандыгы маалымдалды.

Мындан сырткары “Манас-мурас” коомдук фондунун негиздөөчүсү Шерниязов Абылкасым (Баткен) Эсентаевич манасчылардын биринчи Эл аралык фестивалын 2013-жылы, ошондой эле “Манас” майрамын жыл сайын 18-майда өткөрүп келе жатканы да алтынчы болуп талкууга сунушталды.

Талкуу өтө кызуу, ал турсун катуу өттү. Ар бир пункт сунуштаган топ тарабынан корголуп жатты. Айталы, эл жазуучусу Асан Жакшылыков “Манас” майрамын (акын дал ушинтип “майрам” деп эле айтты) жылда 30- июнда жайлоо толуп, төрт түлүк күтүрөп турган маалда, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык болгон” малчылардын майрамы менен эриш-аркак өткөрүү максатка ылайыктуу болорун зор ишеним менен айтса, аксакалыбыз Топчубек Тургуналиев өз сунушун ноябрдын экинчи жумасында эл жыйын-теримин биротоло бүтүрүп кол бошоп, студенттер да сабактарынан жеңилдеп калган учур болору менен аргументтеди.

Ушулардан соң сөз алган белгилүү адабиятчы, көрүнүктүү сынчы (бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу) Кадыркул Даутов “Манас” Күнүн” белгилөөнүн мааниси канчалык терең экендигине токтолуу менен бул маселеде белгиленчү датанын улуу эпостун тагдыры менен канчалык деңгээлде ширелишип турары, көөнөрбөс көркөм дөөлөтүбүз тарыхтын узак сапар жолундагы жылдызы жанган учуру менен канчалык деңгээлде шай келишип турары, анан да атпай журт тарабынан айныксыз кабыл алынары биринчи сапта туруш керектиги тууралуу жан күйө айткан сөзү, бул иште адаттагыдай аш-тойду, дасторкон толгон тамак-ашты, дегеле кара курсакты аргумент кылуу жарамсыз жорук экендиги жөнүндөгү жан ачыта айткан кеби олтурган элдин баарын муютту.

“Улуу эпосубуздун жылдызы жанган кездери, менимче, соңку жаңы  тарыхыбызда эки учурда болду, урматтуу жолдоштор, – деп кебин улады айтылуу адабиятчы. – Ал учурдун бирөө, баарыңар жакшы билгендей, 1952-жылкы 6 – 10-июндагы Бүткүлсоюздук конференция күндөрүндө болсо, экинчиси мына кечээ улуу эпосубуз ЮНЕСКО тарабынан бүткүл дүйнө элдеринин асыл мурасы катары кабыл алынган күнү болду. Ушул эки учурда эпосубуздун жылдызы андан бетер жаркырап жанды. Демек, биз ушул эки датанын бирин тандаганыбыз оң. Менимче, 4-декабрга токтолгонубуз калыстык болот. Аны кайталап айтып олтуруунун кажети жок дейм”.

Айтылуу аксакал аалымдын мына ушундай адилет сөзүнөн кийин жыйынга катышып олтургандардын баарысы 4-декабрды “Манас” Күнү” деп 7 күн белгилөөнү ылайык көрүшүп, 4-декабрь “Манас” Күнү” деп кабыл алынды. Баарыбыз зор кубануу менен шатырата кол чаптык.

Мына ошондон бери “Манас” Күнү” ар жылы 4-декабрда зор салтанат менен белгиленип келет. Бул иште Самат Ибраев жетектеген “Саякбай манасчы” эл аралык фонду, ал фонддун жетекчиси Самат Ибраев өзү да жакындан жардамын аябай жүрөк жылытарлык иштерди жасап жаткандыгын адилдик үчүн айта кеткенибиз оң.

Быйыл болсо “Манас” Күнү” төртүнчү ирет белгиленип олтурат. (Алгач “мурдагылардан айырмаланып быйыл жумалык эмес бир айлык мөөнөттө өткөнү жатат” деген маалымат эл ичине желдей таркады эле, анан кайра баштагыдай эле бир жума белгиленери айтылып калды). Алгачкы эки жылда – 2014, 2015-жылдарда –  “Манас” Күнү” “Дасмия” эс алуу борборунда өтүп келсе, былтыр – 2016-жылы чыныгы мекенчил инсан маркум Табылды Эгембердиев агабыз куруп кеткен “Супара” эс алуу этноборборунда өттү. “Супаранын” администрациясы улуу дастанды жети күн, жети түн тынбай күпүлдөтө айткан манасчыларыбызга, аягы үзүлбөй келип кетип турган атпай журтка кабагым-кашым дебей эң сонун шарт түзүп беришти. Бул үчүн аларга калың эл терең ыраазычылыгын билдиришкен. Бар болушсун, канат-бутактары дагы да жайылсын дешкен…

Ал эми үстүбүздөгү 2017-жылда болсо “Манас” Күнү” 1995-жылы Эгемендик күнгө карата ачылган (о-о, ошондо бул жерде болгон салтанат майрам кандай гана укмуш өттү эле!) айтылуу “Манас айылында” өтүп жатат. “Манас айылынын” администрациясына да атпай журт терең ыраазычылыгын билдирүүдө…

Жылдагыдай эле быйыл да 4-декабрда “Манас” Күнү” баш калаабыздагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониябызда зор салтанат менен белгиленүүсү мерчемделүүдө.

Мына ошентип “Манас” Күнү” элдин элдигин эсинен чыгарбай турган күн катары кылымдарга кала берет деген ишенимдебиз.

Садык АЛАХАН, филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, профессор.