АЛАХАН Садык: КОНКУРСТА ЖЕҢГЕН ҮЧ ЧЫГАРМА

Балдар адабияты боюнча сынактын эң башкы үч байгесин жеңип алган авторлордун чыгармалары менен окурмандарды тааныштырабыз. Аталган сынактын калыстар курамында белгилүү адабиятчылар: Садык АЛАХАН, Бекташ ШАМШИЕВ, Жолдош ТУРДУБАЕВ жана Улан ТУРДАЛИЕВ болду.

Самара НАСЫРОВА, биринчи орундун
ОЮНЧУКТАРДЫ «ЭМДӨӨ«

 

Куурчагымдын бир буту,
Кайда калды болду экен?
Канаты жок чымчыгым,
Кайда барып конду экен.

Арабамдын дөңгөлөгү,
Жерде жатат чачылып.
Машинамдын эшиги жок,
Оозу турат ачылып.

Мамалагым бир көзү жок,
Жиби жүрөт чубалып.
Ыргытам деп баарын топтоп,
Сыртка койдум чыгарып.

Эжем көрүп эскилерди,
Дарылайбыз кел деди.
Тигип, жамап, жууп тарап,
Оюнчукту «эмдеди».

АЙЖАМАЛ
Кичинекей Айжамал,
Упчу соргон баладай.
Кой десе да бармагын,
Оозго салат тажабай.

Татынакай жаш балдар,
Сорбогун кир колуңар.
Андан көрө конфет жеп,
Эстүү бала болуңар.

ЧАБАЛЕКЕЙ
Ачык турган терезеден,
Чабалекей кирди учуп.
Үйдүн боорун мекен кылып,
Үй салууда тырмышып.

Кыштай кынап саман кошуп,
Татынакай уясы.
Тукум таштап жөжөлөөгө,
Ашыгууда кыязы.

Бир күн эле эрте менен
Чыйп-чыйп деген үн чыгат.
Жем сураган балапанын,
Катат эне тумчулап.

Ата чымчык жемин ташып,
Уясына утуру.
Эне чымчык таптап багып,
Балапанын учурду.

АРСТАНДЫН ШААР АЙЛАНГАНЫ
Күпкүндүзү зоопарктан,
Чыгып кетти арыстан.
Темир капас эшиги,
Ачык калып капыстан.

Бейгам гана хан басыш,
Арстан аке баратат.
Жаныбардын төрөсү,
Сөөлөт күтсө жарашат.

Эмнегедир көчөдө,
Кымгуут түштү баарысы.
Тийбесе да эч кимге,
Качты жашы, карысы.

Бирөө чыкты жармашып,
Бийик кулач даракка,
Тамга чуркап бирөөсү,
Кечиккендей сабакка.

Чымчыктар да сайрабай,
Жашырынды уяга.
Коркконунан секирди,
Жылан, бака чылага.

Адамдар жок көчө ээн,
Жан жаныбар жашынды.
Кайтсам окшойт капаска,
Деди, башын кашынды.

Эч кими жок шаардагы,
Эркиндиктен зерикти.
Зоопарк шаңдуу эл толо,
Кайтамын деп ээликти.

Сайрабүбү КАСЫМОВА, экинчи орун
ӨТҮКЧҮ ЖИГИТ
Жомок

Илгери-илгери өткөн  заманда бир   өтүкчү   болгон  экен.  Ал  кечке  ар  кимдин  өтүгүн  жамап,  эки  нандык   гана  акча  таап,  анын  бирөөнү  аялы, а  экинчисин аялы   экөө  бөлүп  жечү  экен.  Ошентип  жок  дегенде  бир  нанды  толук  жебеген  өтүкчүнүн  аялы  аны  кемирип  кесип,  акча  таппайсың  деп   кулагынын   кужурун  ала  берчү   экен.  Мына  ушундай  тагдырдан  тажаган  өтүкчү  бир  күнү   эки  нанын  аялына  таштап,  ага  айтпастан  үйүнөн  чыгып  кетет.  Арып-ачып,  өзү    ыргайдай  болгондо   жолдо  жер  айдап  жүргөн  бир  карыяга  жолугуп  калат.  Анан  ал  болгон  тагдырын  айтып,   жашоодон    бакыт  издеп  келатканын  айтат.  Анда  ал  карыя:

— Мен  кечке  чарчадым,   үйдөн  тамак  ичип  келе  калайын,  сен  өгүздү  жетелеп кош  айдап  тур, –  деп  суранат.

Өтүкчү  макул  болот  да,  карыя  үйүнөн  келгенче  кошун  бүтүрүп  коеюн  дейт,  бирок  соко  жер  алдынан  бир  нерсеге  такалат  да,  такыр  жылбайт.  Өтүкчүнүн  айласы  кетип,   соконун  тишин  жерден  сууруп  алганга  аракеттенип,   жерди  алынын  келишинче  казат. Бир  убакта  жердин  алдынан  жаркыраган  эле  алтын, күмүш   тыйындар  чыга  баштайт.  Эмне  кыларын  билбеген  ал  карыяны  чыдамсыздык  менен  күтөт.  Карыя  эки-үч  күндөп  кош  айдоосуна  келбейт.  Өгүз  менен  сокосун  же  алтын, күмүш  тыйындарын  таштап  кеталбаган  баягы  өтүкчү   карыяны  күткөнү менен болгон  жерин  айдап  коет.
Анан  бир  аптадан  соң   карыя   келет.  Өтүкчү   болгон  окуяны  карыяга  айтат:
–Билем,  – дейт карыя. Өтүкчү  абыдан   таң  калат.  – Мен  баарын  билем. Сага  мен  азыр  он  кап  алтын  күмүш  берем,  сен  жардылыктан  кутулуп,  бактылуу  жаша, –  деп  ага  он  кап  алтын, күмүш  салып  ал  дейт.

Бала  карыя  айткан  он  кап  алтынды  салып  алат  да  калганына   тийбейт.

– Сен  эмнеге  көп  салып  албайсың? – деп  сурайт  карыя  өтүкчүдөн.

– Мага  артыкбаш  оокаттын  кереги  жок,  сиз  мага  берген  гана  он  кап  алтын, күмүштү  алам, –  деген  өтүкчү  карыяга  ыраазычылыгын  билдирип,  андан  ары  сапарын  улайт.

Бирок  өтүкчү  жолдо  катар  алтын, күмүштөрүн   жетим- жесирлерге,  жарды-жалчыларга  таратып  жүрүп  олтурат.  Ушинтип  берешен  өтүкчү  жөнүндө  аңыз  кеп  бүт    элге    тарап  кетет.

Муну  уккан  айлакер  дагы  бир  жигит  өтүкчүгө  жакындап  дос  болуп,  анын  алтын, күмүштөрдү  кайдан  алганын   сураштырат.  Өтүкчү  ага болгон  окуяны  айтып  берет. Анан  байлыктан  үмүт  эткен  ал  жигит  өтүкчү   айткан  жол  менен  карыяны  издеп  жөнөйт.  Айткандай  эле  карыя   өгүзүн  минип  кош  айдап  жүргөн  экен.  Саламдашкандан  соң  тиги  жигит  арып- ачып  келатканын,  барар  жери  жок  экенин  айтат.  Анан  карыя  өтүкчүгө  кандай  мамиле  кылса,   ал  жигитке   так  ошондой  кылып,  өгүзүн   ага   таштап  кетет.  Амалкөй  жигит  жер  айдоодо  өтүкчүдөй  эле   алтын,  күмүштүн    корун  табат,  бирок  карыяны  күтпөстөн,   баарын  каптарга  салып,  өгүзгө  жүктөп  жолуна  түшөт.

Аз  жүрдүбү,   көп  жүрдүбү,  айтор   бир  убакта  кеч  кирип, жол  көрүнбөй  баштаганда,  баягы  амалкөй  жигит   алтын, күмүштөрүн   түшүрүп,  баарын   башына  жаздап,  өгүзүн   аркандап   уктап   калат.  Эртең  менен   кыйналып  көзүн  ачса,  жыландын  уюгунда  жатат.  Өзүн  болсо  жыландар  дулайдай  кылып  бардык    жерин   чагып  салган  экен.  Маңдайында  болсо  баягы  карыя  турат,  ачуулуу  тиктеп:

– «Жигиттин  ач  көздүгү – ажалы,  артык  дөөлөт  баш  жарат”, —  деген  ушул,  бирөөнүн   эмгегине  көз  арткан  акыры  мына  ушундай  болот,  бул  менин   хан  салыгым  эле. Сен   аны  ачкөздөнүп   алып,  жыргоону  ойлодуң,  бирок  ал   сага  ажал  алып  келди.  Акылы  кыска  адамдар  сендей  дүнүйөкор  болушат,  бирөөнүн   эмгеги  менен   байыганды  жактырышат,  бирок   мындай    байлык  эч  кимге  буюрган  эмес,  буюрбайт  дагы, – карыя  өгүзүн   минип  көздөн  кайым  болот.

Амалкөй болсо кылган  кылыгына  абыдан   өкүнөт,  бирок  артка  жол  жок  эле…

Өтүкчү  болсо  карыядан   алган  байлыгынын   бардыгын  жетим-жесирлерге,  мискиндерге, жарды-жалчыларга таратып  берип  турат.  Негедир  анын  10  кап  алтыны   такыр  түгөнбөйт.  Мунун  сыры  эмнеде  экенин  билбеген баягы  өтүкчү  жигит  ойлонуп  жүргөндө,  түшүнө  баягы  карыя  кирип  минтип  айтат: «Балам,  сен  эли-журтуңду,  кедей-кембагалдарды,  жетим-жесирлерди  сыйлаган  адилеттүү  жигит  экенсиң. Сен  элге  жакшы  карашкандыктан,  элдин  көбү сени  хан  шайлап  алсак  дешет. Сен  эл  менен  бийиксиң, элден  чыксаң  кийиксиң. Ушул  шакекти сага  берем, ортонуңа  салып  жүр. Кандай  тилек  айтсаң, баары  аткарылат, –  деп  колуна  шакек  салып  коюп  кетип  калат.

Ойгонсо  чын  эле  оң  колунун  ортонунда  алмаздан  көзү  бар  алтын  шакек.  Өтүкчү  жигит  эмнелерди  ойлосо  бардыгы  аткарыла  берет.  Мына  ошондо  ал «Элим  бай  болсун,  бакубат  жашоодо  жашасын,  алардын  бардыгынын  тагдыры жакшы  болсун»,-  деп  ойлонот. Анын  жакшы  пейилинен  улам  эл  аны  хан  шайлашат.  Ошентип  ал  узак-узак    жылдар  бою адилеттүү хан  болуп,  элин  башкарып, эли  аны  абыдан   сыйлашчу  экен.

Ошондон  ушул  кезге  чейин “жигитти  ач  көздүк  өлтүрөт”,  “пейли  тар  адам  бай  болбойт”,  “пейилиңе  жараша,  берди  кудай  тамаша”,  “туура  бийде  тууган жок,  туугандуу  бийде  ыйман  жок”-  деген  макал-ылакаптар калат  эл  арасында.

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА, үчүнчү орун
АК ЭМГЕК – ДААМДУУ НАН

Жомок

Илгери, бир үй-бүлө жашаптыр. Ак эмгек менен нан таап, эл катары оокат кылып күн көрүшөт. Балдары чоңойгон сайын кем-карчтары көбөйүп, жашоолору оорлой баштайт. “Буйруса, балдарыбыз эр жетсе колубуз узарып, жашообуз оңолот”, — деп келечектен үмүттөрүн үзбөгөн ата-эне, балдарына  жакшы тарбия бергенге аракет кылышат. Эмгек кылууга, ак эмгек менен нан табууга үйрөтүшөт. Бирок ар баланын ар кыял-жоругу болот тура.

Надыр дегени тентек, жалкоо, уйкучу чыгат. Ал эр жеткен сайын колунда бар, бардар жашагандарга көз артып, алардын жашоолоруна кызыкканын койбойт. Ата-энесине: “Неге биз алардай боло албайбыз?! Силердин эч нерсе билбегениңердин айынан биз азап чегип жүрө беребизби?!” — дей баштайт.

Атасынын: “Кой, балам… Ар бир пенденин өз ырыскысы болот. Бирөөгө көз арткан жаман. Андан көрө жалкоолонбой эмгектенсең, жакшылыктарга жетесиң”, — деген акыл-насаатына кулак салбай, уурулукка кызыга баштайт.

Бир күнү Надыр акча таап келээрин айтып, жолго камына баштайт. Ата-эне макул болот, бирок жанына иниси Кадырды кошуп алаарын айтышат. Уулдарын узатып жатып ата  мындай дейт: “Өстүрдүк, колубуздан келишинче багып-чоңойттук.  Менин айткандарымды эсиңерден чыгарбай жүргүлө. Кандай күнгө туш келип, эмне болсоңор да уурулукка барбагыла. Бирөөгө кыянаттык кылбагыла. Башканын жашоосуна көз артып, өзүңөрдүкүнө нааразы болбогула. Нанды маңдай тер менен таап, адал тамак жегиле. Эмгексиз табылган нан – даамсыз, эмгек менен тапкан нан – даамдуу болот”.

Атасынын бул сөздөрүн бала кезден бери угуп жүрүшкөндөрүнө  карабай Надыр  этибар албайт. Кайра атасын мыскылдап: “Эмгек мененби, жөн элеби… Айырмасы кайсы? Нандын даамы өзгөрүп кетмек беле?” — деп күлөт.

Ошентип  жөнөп кетишет. Аз жүрүштүбү, көп жүрүштүбү ким билет, айтор, бир алма бакка туш болушат.  Күз маалы болгондуктан мөмөлөр бактардын шагын ийип, берекесин төгүп турган. Кадырдын: “Бирөөнүн алмасын суроо-сопкуту жок жей бергенге болбойт, ээсин табалы…”  — дегенине кулак төшөбөгөн Надыр улам бир алманы жеп, курсагынын камын ойлой баштайт.  Аңгыча:“Жол болсун, жигиттер!” — деген үндөн чоочуп кетишип, аларга карап турган абышканы көрүшөт.

“Ассалом алейкум ата!” — Кадыр тура калып абышка менен учурашат. Надырга алик алуу да оор эле. Эптеп баш ийкемиш этип, алма жегенин улантат. “Жигиттер, бул алма багы меники… Карылык жеңип, каруум кайтып, алмаларды да жыйнап алууга жарабай калдым. Мага жардам бергиле… Баарылап бул алмаларды терип, базарга алып баралы… Пайдабызды тең бөлөлү”, — дейт абышка, жолоочулар  менен сүйлөшүп отуруп.

Бул сунушка кубанып кеткен жолоочулар  дароо макул болушат.

Абышканын сунушун кабыл алгандары  менен, жалкоолукка көнүп алган Надыр дароо уйкуга кетет. Ошентип абышка менен Кадыр алмаларды терип бүтүшкөнчө уйкусун кандырып, курсагын тойгузуп жата берет.  Жумуштары бүткөн соң  абышка: “Жүргүлө, базарга барып келели”, — дейт да,  арабага алмаларын жүктөй баштайт. “Абышка, базарга өзүңөр  эле бара бергилечи, мен чарчадым, эс алайын”, — деген Надыр кайрадан уйкуга кетет.

Соодасы ийгиликтүү өтүп, абышка менен Кадыр көңүлдүү кайтып келишет. “Келе эми акчадан беришкиле, пайдасын тең бөлөбуз дебедиңер  беле”, — деген Надыр абышкадан акча талап кылат. Жигиттин мындай мамилесине абышка таң кала карап, баш чайкап нааразы болот. “Менин пайдамды эле ал, абышканыкына тийбе”, — деген бир тууганынын сөзүнө кубанып кетип, анын акчасын чөнтөккө кымтыйт. Эки бир туугандын эки башка кулк-мүнөзүнө абышка таң калат. Пайдадан куру калган жигитке койнунан бир эски дасторкон алып чыгып Кадырга сунуп: “Ме, муну сен ал. Ушунча эмгек кылып, куру кол калганың жарабай калат го”, — дейт.  “Рахмат ата”, — деп абышканын бергенин алып турган Кадырды  Надыр  каткыра күлүп, шылдың кылат.

Ошентип экөө  үйлөрүнө жөнөшөт. Жолду катар Кадыр ачка болуп Надырга акчасына нан сатып алуусун өтүнөт. Надыр сатып алган нандын көбүн өзүнө калтырып, азын инисине берет. Кадыр койнундагы абышка берген дасторконду алып чыгып, жерге жайып нанын коюп, четинен үзүп жээринде баягы дасторкондун үстү дүйүм тамак ашка толуп калат. Муну көргөн Надырдын көзү күйүп кетет. “Сыйкырдуу дасторкон тура…” Кадырга: “Сен акчаны эле ал, мага бербейсиңби бул дасторконду. Акчасы жок, үйгө кантип барасың?” — деп ар кайсыны айтып атып көндүрөт. Кадыр макул болот.

Бир туугандарды ата-эне кубанып тосуп алышат. Ар ким тапканын ортого салат. Надыр дасторкон жөнүндө мактанып айтып, ортого жая салат. Дүйүм тамак-ашка толгон дасторконго баары кубанышат. Надыр дасторкондогу тамак-ашты жеген сайын, даамы жок экенин сезет. Бирок башкаларына даамдуудай… Эч ким эч нерсе сезбегедей жеп отурушат. Улам бир нерсени оозуна салган Надыр нес болот. Тамактын даамы кускусун келтирип, курсагын бурап чыгат. Айласы кетип, тура калып, окшуп да жиберет.

Баарын байкап отурган эле. Атасы ошондо бул дасторкондун  кандай жол менен Надырда болуп калганын сурайт. Баарын төкпөй-чачпай айтып беришет. Ошондо карыя : “Аа балдарым, бирөөнүн эмгегине карасанатайлык  кылбагыла дегеним ушул да… Эмгексиз тапкан нан – даамсыз болот. Анын сиңиши да кыйын…” — деген экен.