АЛТАЙ Азкен (АКЫЛБЕКОВ Азамат): АЗКЕН АЛТАЙ: КОСМЕТИКАНЫН КУДУРЕТИ

АҢГЕМЕ

Экинчи баламды төрөгөндөн бери аялыма көңүлүм толбой жүрөт. «Кыз кезинде бары жакшы…» дегендей, азыр айрым кыймыл-сыймылы олдоксон көрүнүп, шарт этме жаным анысын айта салсам, эларалык деңгээлдеги «нота» алмашмай жагдайга да жетип калдык. Мурдагы «жаным-күнүмдүн» ордуна «эй, сен…» деп баштасам, ал «эй, желмогуз…» деп баштала турган демейдеги «маданияттуу», «акылгөйлүк» мамиле калыптанды. Албетте, жеңилгениңди сезгениңде көңүлүң аза түшөт экен.

Мына ушунун баары жутуп жиберчүдөй сулуу бир келиндин коңшу батирге көчүп келгенинен бери ого бетер оркое түштү. Түгөттүкү, бу акындар: «сүйүү деген эч нерсеге карабайт» деп, төгүн жеринен жазышпайт тура. Аны көргөн сайын жүрөгүм дирт этет. Муну менен аялымдын иши эмне, анда-мында далисте тура калып, күдүңдөшүп калышат (аялдар тез тил табышат эмеспи). Андайда эшикти кыңайта ачып, кулак түрөм. Эси-дартымдын бары келинде болсо кантмек элем! Бир сапар анын аялыма: «Эх, чиркин, мен сага окшоп аксаргыл болсом эмне, чачымды ачык баклажан түсүнө боеп, «эффектная блондинка» болуп чыга келет элем» дегенин кулагым чалды. Эх, десеңчи, ал өзү деле кара торунун сулуусу, мындайча айтканда «жгучая шатенка!» болучу. Мага негизинен ошондой жандар жага турган, айтор, ал эсти эки кылды.

Ошентип жүргөн маалда колго «отпускной» тийип калды. Бирок тийгени да куруп кетсинчи, аялым «эй, желмогуз…» деп атып, эки жүз миң теңгени санатып алып, чөнтөккө урду. Мунун аркасы менен кучунашым кармап, анын азыркы турпаты, фигурасы бузула баштаганын, үстүңкү эринин желки басып киргенин айтып, балп эттирип салдым… Кудай бетин көрсөтпө… соккон добулга чыдабай, талаага чыга качтым. Бактыга жараша, классташым кезигип, «банкоматка» бакандай 31 миң теңге «премия» түшкөнүн сүйүнчүлөдү. Карап турмак белек, экөөбүз бир жарым миңден «собраздап», пивонайга шуу койдук.

Акыры эркиндиктин да кадыры кетти, «барар жер, басар тоо жок» дегендей, үйгө келдим. Калган отуз миңдин кубанычы көөдөнгө сыйбайт. Атаңкөрү, «сыйга — сый, сыр аякка — бал» дейт эмеспи, «эми аялдан жеңилбесмин» деп, өзүмө-өзүм сөз бердим. Далисте баратканымда коңшу Афродита алдымдан чыга калбаспы, тобокелге баш байлап, болгон оюмду жайып таштадым. Эртеси кечке маал кафеден күтөрүмдү айттым. Жылмайган калыбында кылыя карап, кылактай басып кетти.

Сыранын күчүбү же эмелеки бакыттан баш айлана түштүбү, айтор, өзүмдүн бекем тактикам бар эмеспи, ошону тутуп келатып, эшиктин саал ачылып калганын байкадым. Эми чегинерге алым жок, рингге чыккан Тайсончо «стойка» менен шарт кирип бардым. Бирок бардыгы тескерисинче болду. Албетте, аялым Посейдондон көмөк сурабаган жан эле, айтор, жер титиребеди. Эми «бүтпөгөн монологун баштайт» деп демимди ичиме алып турсам, мага тигиле карап, мелтиреп турду, кудум ойго тунган Сократ кейиптенип. Анан телевизор тарапка басып кетти. Мунусун түшүнө бербесем да, ичимден кудуңдап, алгачкы жеңишим катары эсептеп койдум. «Мына, эми акылы кирип, мени тигил Афродитага кетип калат деп коркту. Бали, акыры сага эс кирип, акылдуу Афинага айланган экенсиң да…» деп ойлоп алдым. Ушул ойдон ажырай албай, өзүмдү жыргал сезимдин кучагына таштап жибердим.

Эртеси да аялым экөөбүз үндөшпөй үйдөн чыгып, эки тарапка кеттик. Мындайда чиркин убакыттын мойну узарып, өтпөй калганын кантесиң! Болжошкон кафеге бир саат эрте келип отурдум. Ичи күңүрт тартып, күүгүмдөнөт. «Светомузыка» жарк-журк, гүрс-гүрс, ал эми жүрөк болсо дүк-дүк. Акыры, периштем келди сызылып, көңүл болсо кетти бузулуп. Чаркөпөлөк айланып, болгон ызатымды көрсөтүп жатам.

Анда-мында «тамак-ашка, таксиге, арак-шарапка, анан мейманканага» деп санап туруп катып койгон 30 миң салынган чөнтөгүмдү тигиге байкатпай сылап-сылап коем. Өзүмдө болгон бардык айла-амалдардын эшигин ачып таштап, алдымда отурган ханышага Одиссей кебетеленип сөз баштадым:
— Мен сиздей сулууну али кезиктире элек болчумун. Сизге өмүр бою ашыкмын.
— О, о, о!
— Сиздин табитиңиз абдан жакшы экен. Бардык макияжыңыз керемет жасалыптыр. Колдонгон помада, түстүү крем, упа, тушуңуз бири-биринен ашып турат. Сизден көктөмдөгү сирень гүлү аңкып тургандай.
— Ооба, мунун баарына француз атырын кошкондо 75-80 миң кетти.
— Оо! Бирок сиз үчүн дүйнөдөгү бүт акча түккө турбайт. Кашыңыз карлыгачтын кош канатындай экен.
— Ооба, дурус айтасың. Бул татуаж 15 миңге жасалды.
— Жалынтап эриндериңиз адамды өзгөчө тартат экен.
— Бир таанышым үстүңкү эриниң жука экен деп айта бергенинен улам 40 миңе Ботэкс жасаттым. Негизинен СПА процедураларына 30 миңдей кетти го.
— Ал эми күн көрүнүп турган танооңузга пирсинг жасатуу оңой эле болгондур? Эптеп силикон да салдыргансызбы?
— Ой, кайдан, бир аз ооруду. Буга 15 миң кетти.
— Маникюр, педикюр, тырмак өстүрүү, каш терүү, кирпик кошуу деген нерселердин бардыгы сиздин айдай көркүңүздү ого бетер ачып турат.
— Буга эми бир аз фитнести кошуңуз. Бир таанышым фигураң бузула баштады деп жанымды чыгарса болобу.
— Ал таанышыңыз акмак неме го, табитти билбеген. Мына бул сиздин мелирование жасаткан поп-кареңизди эле мисалга алалы. Бул деген өзү дүйнөлүк моданын үлгүсү дээр элем!
— Уау!
— Ал эми назик колдоруңуз, андагы шакек, билериктериңизчи, тим эле ичти элжиретет.
— Аттиң! Булардан тышкары бижутерияга кеткен 200 миңден калганына ушул билерик менен шакекти алганга гана жетти.
— Ага кейибеңиз, эч нерсе эмес. Мен турам го, сизге накта бриллиант белектерди алып берем!
— Ой-ууй!
— Баса, сиз 200 миң дедиңизби, дал менин «отпускноюм» экен да?
— Сыйлыкпы?
— Жоок! Ал… мындайча айтканда… алиги менин айлыгыма кошумча ала турган акча, үстөк бонус деп койсом болот.
— Аа, ошондойбу?
Ушу кезде мөлтүрөгөн официант кыз счетту алып келди. Кагазга көзүм түштү, 9550 саны бадырайып турат, ага сулуум да көз жибергенин байкап калдым. Колумду чөнтөккө сойлотуп, 10 миңдикти столдун үстүнө кабелтең таштадым да, кызга «сдачанын кереги жок» дедим.

Өзүмдү дүйнөдөгү чириген байлардай сезип, бир семирип алдым дейсиң. Кыз жымыңдай түштү. Мен да ичим жылый, өзүмчө жылмайып карап калдым. Дал ошо маалда: «Эй, желмогуз, сен каратып туруп 450 теңгени бошко ыргытып жибермексиңби? Баарына чыдасам да, буга кантип чыдайм, ок…» деген кадимки тааныш, кулакка сайыла түшкөн дабыштан селт этип, эми эле суйсалып отурган периштемди карадым. Кудай бетин салбасын, башындагы паригин жулуп алып, өзүмдүн аялым мени көздөй жулунду. Мына сага периште!..

Афродита бул сапар акылдуу, түймө көйнөгүнүн өңүрүн кармаган Афинага эмес, жоокер, найза көтөргөн Афина Палладага айланды! Көздөрүнөн учкан жасалма кирпиктер жүрөгүмө келип сайылды. Эсим ооп, оозумду аңырдай ачып кулап түштүм. Оозума «мелированный парик» келип тыгылды…
Казакчадан которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ