АЛТАЙ Азкен (АКЫЛБЕКОВ Азамат): КАЗАК АКЫНЫ АЗКЕН АЛТАЙДЫН ЫРЛАРЫ

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН

Азкен Алтай (Азамат Акылбеков) – 1963-жылы Талдыкоргондун Алтынемел аймагында туулган казак акыны жана жазуучусу. Анын Тезек төрө жана анын урпактары, о.э. адабий мурастары туурасында монографиялык эмгектери жарык көргөн. Айрым чыгармалары англис, орус, кыргыз жана өзбек тилдерине которулган.

Котормо Жумагүл ГАЗЫБАЕВА

ДӨӨ МЕНЕН ЧЫМЧЫК

(Көчмөндөр философиясы)

Илгери бир чоң алп дөө болгон экен,
Жанына майда куштар толгон экен.
Өзүнө тең келерлик бир жан таппай,
Көөнүнө текебердик конгон экен.

Чымчыкты мазактаптыр көргөн кезде,
— Кудайым түр күлкүнү берген экен.
Кетерсиң бир үйлөсөм желге учуп,
— Ушинтип айта берди зериккенден.

Чымчык дейт: — Келгин анда сынашайлык,
Ким күчтүү, чындыкты анда биз ачалык!
Көрсөтө бер күчүңдү, мен даярмын,
Бирөөбүз, бирибизден чын ашалык.

Дөө анда ачууланып, каарданды,
Теректи тамырынан жулуп салды.
Чымчыкты жок кылмакка кыжырданып,
Бар күчүн ошол жакка буруп калды.

Турмакпы, “пыр” этти да, чымчык учту,
“Бурк” этип кара жерге терек түштү.
Соккусу аба жарып, бошко кетип,
Сапырык чаңга оронду дөөнүн үстү.

Чымчык күлдү: — Эй дөөм, алың кандай,
Тынч жүргүн, мындан кийин тилимди алсаң.
Акмак куш башыңа бир пайда бербес,
Күлкү болуп каласың мына ушундай.

Буга дөө дагы катуу каарданды,
Көтөрүп бир чоң ташты колго алды.
Чымчык учуп дал анын төбөсүндө,
Калкылдап, канат кагып тура калды.

Дөө көтөрүп көккө атты ошол ташты,
Чымчык учуп, беттеди жогор жакты.
Чоң таш келип эпкин менен кайра түшүп,
“Дүрс” этип, кача албаган дөөнү басты.

Баш жарылып, сыныптыр, кол да, жамбаш,
Андай ишке кабылган асти оңбос.
“Элин билбес, эч качан оңбойт” деген,
Калктын сөзү жаштарга болсун жолдош.

КҮҢҮРТ ДҮЙНӨ
(Көчмөндөр философиясы)

Бул өмүр келмей кезек, ак же кара,
Аны ошондой жараткан Кудай-Таала.
Мисал сөздүн маанисин уга билип,
Баарына калп айтпастан, туура кара…

Байыркыда болуптур бир кемпир-чал,
Колдорунда аз оокат, аз гана мал.
Тилеги, байлыгы да — жалгыз уулу,
Көңүл бур, мына ушуга кулагың сал.

Ал уулу нагыз баатыр, алп да экен,
Кемчилдиги — тубаса сокур экен.
Мына ошого кейишкен кемпир-чалдын,
Күндөрү сыйынууда, наалып өткөн.

Картайган ата-энеси муңайгандан,
Жаш баатыр бир күндөрү ойго баткан.
Көрмөккө дүйнө жүзүн, көзүн ачып,
Чыдабастан, сапарга даярданган.

Бата алып атасынан чыгып кетти,
Ай талаада чет жакка жүрүп кетти.
Сезди ал бирөөрдүн согушканын,
Кулагына канмайдандын чуусу жетти.

Бирөөсүнүн дабышы шуулдады,
Бирөөсүнүн дабышы ызылдады.
Жаш баатыр жай сурады жакын келип,
Экөөнөн тең коркподу, кысылбады.

Тигилер да токтой калып, жамырашып,
Ал-жайын айтышты анан амандашып:
— Адамзат, жакшы келдиң, калыстык кыл,
Кыйналдык, тартышуудан биз талашып.

– Мен бүркүтмүн, бул болсо чаар жылан,
Жасаганы арамдык, нагыз ылаң.
Тамак издеп чыгамын, ыйлап келем,
Ушу мойсойт билемин, салган уям.

– Мен да айтайын өзүмдөн берип дарек,
Эй адамзат, билесиң жем-суу керек.
Ошондуктан, өзү жокто чыгып барып,
Жумуртка, балапанын соруум керек.

Жигит айтты: жоосуңар элдешпеген,
Жообум жок силерге дурус деген.
Көрбөй туруп дооңду чече албадым,
Көрсөткүлө ишиңерди, оң-терс дейин.

Бир көздү салып койду анда жылан,
Дүнүйө күңүрт экен, мунарыктап.
Өзү дагы ийрилген, сыпайы экен,
Кызыгып ыраазыдай, жигит турат.

Бир көздү учуп келип бүркүт берди,
Заматта бүткүл аалам өзгөрүлдү.
Айлана жарык болуп, анык болуп,
Кулпуруп чыга келди. Баарын көрдү.

Караңгыдан, калптардан тазаланды,
Жылаандын шумдугуна туталанды.
Түшүнгөн адилеттүү, баатыр жигит,
Бүркүт менен жоону карай умтулганы.

Адилдикти жаш баатыр билди ошондо,
Жамандыктан адал иш болгон мыкты.
Бүркүт менен бирдикте күчтү топтоп,
Эзелки жоону экөө жеңип чыкты.

Эски сөз мааниси күч байыртадан,
Туу туткан адилдикти ата-бабам.
“Көзүң менен көрүп туруп ой толго” деп,
Билсеңиз бул ибарат андан калган.

Жаштарга үлгү болсун адал ниет,
Азкен Алтей деп билгиле муну жазган.

КАРА КАЗАН

Кара казан, тай казан,
Ал эмес го жай казан.
Ашып-ташып тойдурар,
Берекелүү, бай казан.

Бүтүргөн чыгар бир ишти,
Жигиттер алып жүрүштү.
Кабыл албай кошуна апа,
Аларды катуу урушту:

— Алдыңар кечээ сурап казанымды,
А бирок калтырдыңар назарымды.
Жуубастан, кир-пир кылып алып келдиң,
Кандайча түшүнөмүн мазагыңды?

Энең менен курбу-кудаш жүргөн элек,
Келин болуп бул айылга келген элек.
Сен туулганда энемден эжең алып,
Жентекти бул казандан жеген элек.

Биздин эл кан төгүүнүн көбүн көргөн,
Урпак үчүн бабалар жанын берген.
“Бир тукум калсынчы” деп жаш баласын,
Казан менен көмкөрүп, өздөрү өлгөн.

Касиеттүү казагыма ушул казан,
Жалгашып келе жатат нечен заман.
“Кара казан, наристенин камы үчүн”
Деген сөз кечээ эле айтылбаган.

А силер, ата салтын билбедиңер,
Салт сактап, жөнү менен келбедиңер.
Кептин баары анда эмес, көңүлдө да,
Тарбиялуу, ызаат менен жүрбөдүңөр.

Ойлонсок, эженики абдан дурус,
Кара казан жөн эле эмес да идиш.
Көп кыйын замандардан келе жаткан,
Символу — бак, береке, кут жана ырыс.

СЕЙИЛБАКТА

(Күз… Өргүү бүттү… Жумуш… Жакында Алматыда жүргөн элем. Абай …Х кесилиши… Шагын сквери…)

Баягы көргөн сейилбак,
Сейилдеп жүрдүм аралап.
Ак кайыңды көргөндө,
Эрксизден турдум, аялдап.
Чакырды мени ал сезим,
Эсиме түштү ал кезим,
Отурган сени аярлап.

Үндөбөйсүң ак кайың,
Тыңдайынчы мен дагын.
Айтып берчи шыбырап,
Махабаттын ал-жайын.
Сыргаларың салбырап,
Жалбырагың жалбырап,
Шыбырачы, тыңдайын.

Атырып таңды, үмүттүү,
Толкуган сезим шок болуп.
Сүйүшүп, күлүп, турчу элек,
Толкундап, кээде токтолуп.
Сааттарга таттуу берилгем,
Ырахат алып эрдиңден,
Түрсүлдөп жүрөк. От болуп.

Ал кезде көктөм, азыр күз,
Эсимде менин ошол кыз.
Айрылбастай көрүнгөн,
Ал кездерим муң-зарсыз.
Тосту кайра сейил бак,
Мага жайып кең кучак.
Бирок турам мен жалгыз.