АЛЫБАЕВ Мидин: МИДИН АЛЫБАЕВ: ТӨЛГӨЧҮНҮН СЫРЫ

АҢГЕМЕ

Канчанчы жылы экени эсимде жок, айтор, кийинки согуш жылдарынын бири. Жайдын күнү болучу. Шилбили дегенди өрдөй Соң-Көлгө жалгыз бара жаттым эле. Жанымда жолдош жок эригип, эриккенден барып уйкум келип, талыкшып бара жатам. Зооканын түбүндөгү көлөкө менен өткөн жолго жаңы түшкөнүмдө алдымдан бир жөө чыкты. Саламдашып, алик алыша баштагандан кийин эле:

– Ээ, иним, маңдайың жарык, ырыска шерик, жолуң ачык, адамга жамандыгың жок, ак пейил жигит экенсиң. Төлгө ачтыра кет, – деп алаканын жайды.

– Төлгөчүсүңбү?

– Ооба, иним. Кудай Таала кайсы ишти буюрса ошону кылган адам боломун. Быйыл отуз алтыдамын, кудаанын айткан жышанасы менен сол колум тубаса чолок, – деп шилбинин дүмүрүндөй манчалары жок сол колун жеңиңден бир чыгарып көрсөттү да сөзүн улады:

– Төлгөчүлүк менен бирөөнүн келечегин, бирөөнүн өткөндөгүсүн жана азыркысын айтып берем. Кудайга куру күнөкөр болбоюн. Пайгамбардын кырк бир дамбыр ташынын айтканын айтам, – деди да менден макулдук сурабай эле башындагы чоң кара калпагын төшөй коюп, койнунан кичинекей баштыкты сууруп чыкты. Мен дагы муну эрмек кылганча атымды чалдырып алайын деп, эки буттан тушап коё берип, алдыма жая салынып келе жаткан боз шинелди көлөкөгө төшөнүп олтуруп:

– Кел, эми төлгөңдү тарт, – дедим.

Кара калпактын үстүнө кыпкызыл жүгөрүдөн чыгарып алган төлгөсүн жайып, көзүн жумуп бирдемени күбүрөп, көзүн ача коюп сөөмөйү менен улам бир ташты сайгылап ичинен сүйлөшкөн болуп, көптөн кийим чычайган кара мурутун эки-үч сылап, жерге «чыйт» дедире бир түкүрдү да, мага карап сөзүн улады:

– Иним, кырк бир таштын атынан, алдымдагы тогуз топ таштын айтканын айтам. Иним, бактылуу экенсиң, – деп мени бир карап алды. («Бактылуу дебей, суук тумшук экенсиң деп кантип айтмак элең?» – деп мен ичимен ойлондум.) Төрт жолу ажалдан калыптырсың, төлгө ачык айткан жок, согушта жүргөнүңдөн болсо керек. Аскерден келгениңе туура эки ай болуптур. Он бутуңан жарадар болуптурсуң, эч нерсе эмес, эки жарым жылда соо бутуңа теңелип, аксабай каласың… Оюңда көп нерселер бар экен… баары тилек… Ал тилектериңдин үчөө орундалат, бирөөнө айылыңдан бир киши каршы чыгып орундалбайт. Иним, төрт тилегиңдин биринчиси: «Чоң кызматка турсам экен, аябаган көп айлык алсам экен» – дейт экенсиң. Бул тилегиңе жетесиң. Бирок жакын арада болбойт. Анткени көтөрмөлөйт деп бир кишини карап турасың, ал бирдеме берер бекен деп сени карап турат. Берсең эле көтөрүлөсүң. Анан ал кишиге кошомат кылууну унутпа. Экинчи тилегиң: «Аял алып, бала чакалуу болсом» – дейт экенсиң, бул тилегиң да орундалат. Үчүнчү тилегиң: «Азырынча бир кызматка тура турсам экен, ылайыктуу табылар бекен» – деп бош жүрүп жатыпсың. Үч күндөн кийин ал тилегиң да орундалат. Төртүнчү тилегиң: «Өкмөттөн чоң сыйлык алсам» дегенде эки көзүң төрт экен. Бирок өз айылында бир киши сени өкмөткө жамандап, алдырбай жүрүптүр. Сен да ошону жамандабасаң болбойт. Мындан ары жолуң ачык, маңдайың жарык экен. Оомийин! – деп сөзүн бүттү.

– Төлгөңө канча аласың?

– Жыйырма сом… – деп мукактанды.

– Ме, жыйырма эмес, отузду алгын, – деп отуздукту чолок эмес колуна карматтым да, – сен төлгө салат экенсиң. Себеби тиги колуң казыктай болуп керекке жарабаса, өзүң кат билбесең эптеп жан багышың керек. Төлгөгө ишенгендер азыр эл арасында бар, ошондуктан эл кыдырып эптеп курсагыңды тойгузганыңа каршылыгым жок. Бирок азыркы мага тарткан төлгөңдө башынан аягына чейин ырысыңды жеп чыктың… – дедим эле ээн үйдөн сүт ичип жатып, байкоосуз шилиден алдырган күчүктөй чакчайды. Чакчайды да:

– Эмне болду? Айтчы! – деп кылмыштуу көзү менен мага тигилди.

– Айтсам: а дегенде эле «аскерден келиптирсиң» дедиң. Оорулуу болгондуктан, келмек турмак бара элекмин. Алдымдагы шинелди көрүп алып айттың көрүнөт. Муну былтыр Токмоктон үч пут жүгөрүгө сатып алганмын. Кичине сылтып басканымдан жарадар го дедиң көрүнөт, жарадар эмес эле өтүгүмдүн мыгы бутума өтүп жүргөндүктөн сылтып жатам, аны азыр экөөлөп сууруп таштасак эле айыгып калам. «Биринчи тилегиң чоң кызматка туруу» дейсиң. А мен болсом, азыркы кызматыма жеткенге кубанып ушундан түшпөсөм экен деп жүрөм. Анан пара берип, көтөрүлбөй эле койдум. Көтөрүлсөм өз эмгегимден көтөрүлөрмүн. А менин аял алганыма эки жыл болду, бир балам бар экенин кайдан билесиң? Аял алууну тилемек турмак, ушул аялымды бирөө бузуп алып кетпесе экен деп тиленем. Үчүнчү «тилегим азырынча бир кызматка турсам экен» – деп жүрөсүң дейсиң? Айтып олтурбаймынбы, кызматтамын. Мурун участковый зоотехник элем, азыр старший зоотехник болгонума бүгүн сегиз күн болду. Ушундан түшүп калбай эле турсам жакшы. Сыйлык маселесинде ырас, тилегим бар. Өкмөт сыйласа, мен да, сен деле жок дебеспиз, досум?! Бирок аны актап алышалы. Ырас, ичи тарлар, ушакчылар тоскоолдук кылар, бирок анык алууга тийиш болсок алабыз. Эми эң аягында менин айтарым: минтип айтканыңдын баары чындыкка жолобой турса, өзүн элге жолобой каласың. Бул жерде менин оттоп турган атымдан башка эч ким жок, ушу төлгөдөн канча табасың? Ме, бул отуз сомду да ал, сырыңды, чыныңды айтчы баатыр, мен эч кимге айтпайм, – дедим.

Төлгөчү көпкө чейин жер карап олтурду да:

– Ээ, иним, иши кылып, өзүң айткандай оокат да, – деп коюп кайра: – Буга ишенгендер да бар, өзүнө окшоп ишенбегендер да бар, – деп жылмайымыш болду.

– Деги өзүң ишенесиңби?

– Чынымды айтайын, иним, – төлгөчү эки жакты карады, чынымды айтайын, өзүм деле ишенбейм, – деп борсулдап күлүп, мурутун сылады да, – иши кылып бир айла да, жүз сөз айтсам эптеп үчөө-төртөө туура чыгат. Жүз үйгө төлгө салып чыксам кокусунан бир-эки үйдөн айткандарым чындыкка жакыныраак болуп калат. Анан өзүң билегиң го эл: «Төлгөчү, төлгөчү. Бул анык олуя экен» – деп чуулдап келе беришет эмеспи, хе… хе… хе… Көпчүлүгүн өзүң айткандай болжоп зуулдатамын. Маселен, бир кемпир төлгө салдырса, кантип аны «Чоң кызматка турганы жаткан экенсиң» дейин хээ… хэ… хе… Өзүндөй кээ бир жигиттер тарттырып калса чоң кызматты ошондо козгойм. Анткени баары ошону каалашат экен. Сүйүнгөндүктөрүнөн кээ бирөө элүүлүктү да ыргытып кетишет. Мен сенден жыйырма сом сурагандыгыңдын себеби ошол. Мең сүйүнүп кетти го дедим эле… жыйырма эмес, бир сом берсе деле ыраазы болом. Деги төлгөнү тартаарда алдындагы кишинин кебете-кешпирине, үй ичине карай байкоо саламын. Мына ушуларга карата гана көздү жумуп коюп сого беремин… хе… хе… хе… ха… Маселен, бир аял үбүнө чакырып барып төлгө ачтырам десе мен аны көрөр замат канча жаштарда экенин болжой баштаймын. Үйүнө кирем… кирер замат үй ичине, казан-аягына көз жүгүртөм. Чөйчөк, чыныларынын, кашыктарынын чекелери кетик болсо, «демек, майда балдары бар экен го» деп ойлоном. Агер үйүнө баланын кийим-кечеси, оюнчуктары көзгө илинбесе «ии… куу баш экен го» деп байкоо салам. Агер бир үйдө түрүлгөн көшөгө илинип турса, төлгө тарттырып жаткан неме картаң аял болсо: «Үйүңүздө сизден уялган ыймандуу кишилер бар экен. Алар экөө…» – деп коём. «Ии… айланайын, балам, менен келиним. Балам аскерде. Кеткенине баланча жыл болду» – деп өзү эле айтып берет. Мына ушундайларга болжоп айтып калсам бир тобу туура чыгып калат. Маселен, бир боз бала, шапкесин же калпагын бир жагына кыйшык кийип алып, жанына бир кызды ээрчитип келип: «Кана эми, тартчы, айтсаң да ток этер гана жерин айта кой» – деп бөйрөгүн таянат. Ал тиги кыз уялымыш болот. «Ии… алганы жүргөн бала экен. Өзү кыйгач көөп жүргөн кези экен бачагар!» – деп ага жараша сүйлөп калам. (Албетте: «Сени эч кандай кыз сүйбөйт экен» – десем төлгөнү чачып кетет. Сени эки кыз бирдей сүйүп жүрүптүр» – десем шапкесин бергенче шашат.) Адамда ар түрдүүлөр көп эмеспи. Кээ бирөөлөр өзүлөрүнүн оюн өздөрү айтып беришет. Бир жаш жигит мени ээн чакырып барып: «Мен бир кыздын артынан түшүп жүрүп убара болдум. Ошол мени сүйөбү? Сүйбөйбү?» – деп үшкүрүндү. Өзү артынан түшүп жүрсө, анан үшкүрүгү бул болсо, демек, кыз сүйбөйт экен да. Ага: «Кыз азырынча жактырбайт экен. Аны бир жигит азгырып жүрөт. Ошону менен өлбөгөн жерде кал. Түпкүлүгү кыз сеники болот», – десем мени кучактап өөп жибере таштады. Дагы бир келинчек келип: «Менин күйөм жыйналышты, жумушту шылтоолоп эле күндө кеч келүүчү болду. Жүргөн кишиси барбы, жокпу?» – дейт. «Ичи тар баатырдан экенсиң ээ» ичимен ойлоп төлгөнү тарттым да: «Сиздин күйөөңүздүн жакындашып жүргөн кишиси бар экен, бирок сиз ич тарлыгыңыз менен аны ого бетер өчөштүрөт экенсиз…» – дедим эле: «Деги түбөлүгүбүз кандай болот?» – деп сурады. «Эгер ичи тарлыгыңыздан күйөөңүздү куура берсеңиз ажырашып кетесиздер» – деп төлгөмдү жыйдым. Келинчек капаланган бойдон колундагы 100 сомдукту мага ыргытты да көзүнүн жашын чубуртуп үйүнө кетти. Дагы бир чал келип мындай дейт: «Мен бир бээмди айылыбыздан бирөө уурдап союп алганынан этин, терисин кармап алдык эле, төлөп береби, жокпу?» «Агер ич ара келишебиз дебей, өкмөткө билдирсеңиз төлөтүп аласыз. Болбосо, көпкө суу кылат», – дедим эле: «Ой, төлгөңдөн айланайын. Ошо тууганча сүйлөшөбүз деп бир жыл сүйрөбөдүбү», – деп кубанып калды. Кайсы жерден экенин эсимде жок, бир келин мени үйүнө чакырып барды да, эшигин ичинен илип коюп жалдырайт: «Менин жолдошум аскерге кеткенине бир жарым жыл болду. Азыр боюмда бар, эмне болом?» – дейт. Мен ичимен ойлоно калдым. «Эмне болом дегени эмнеси чунак келин? Күйөөсүнүн кеткенине бир жарым жыл өтсө, анын боюнда болсо? Эмнеси болсо да: «Аман-эсен көз жарар бекемин» – деп жаткан жери жокпу?!» Деги дөөдүрөп көрөйүн, туура чыкпаса секирип кетер, анда айтып баратып оңдоп коём» – деп ойлондум да төлгөнү тартып: «Аяш, ичиңизде кыйын санаалар бар экен?» – деп өзүн карап калдым эле, оор үшкүрүнүп: «Таптыңыз», – деп башын ийкеди. «Ал санаа ичиңиздеги бала жөнүндө экен?» – деп дагы тиктедим. Дагы башын ийкеди. Ии… эми үстүнөн чыктым го деп жүрөк токтотуп алдым дагы: «Эмесе, төлгөнүн сүйлөгөнүн төкпөй-чачпай айтып берүү менин милдетим болот. Ичиңиздеги бала никелеш жолдошуңуздан эмес экен!» – деп дагы карадым. Аяшым кызарып, уялбай кумсарып алды да «туура» – деп дагы башын ийкеди. «Кимден экенин жана канча ай болгонун менден жакшы билерсиң. Эмне болооруңузду гана айта берейин» дедим эле: «Ошону айтыңыз» – деп жалдырады. «Эмесе, эч нерсе болбойсуз. Аман-эсен эркек бала төрөйсүз. Ушул азыр да бойдон түшүрүү үчүн көп аракет кылат экенсиз, антпеңиз. Өмүрүңүзгө зыян табасыз (кокус өлсө жооптуу боломбу деп ойлодум). Эл билбесе деп аракет кылат экенсиз. Чын эле эл билбейт экен, кенен көйнөк кийип жүрө бериңиз», – десем: «Бир топ аялдар боюнда бар деп жүрүшпөйбү», – деп жалдырады. «Алар калп эле чычалатмакка айтып жүрүшөт. Андайга кулак салбаңыз. Эч ким менен урушпаңыз, ошо уруштан ырбатып аласыз», – дедим. «Күйөөм менен эмне болом?» – деди эле: «Аны менен болсо баштагыдай каласыз. Жок, «бир нерсеге түшүнгөн жигит болсо сиз менен турбайт» – деп төлгөмдүн аягын жөн эле кеңеш сөз кылып бара жатканымды сезе коюп: «Иши кылып өзүңүз жиберген каталыкты өз мойнуңуз менен тартасыз. Түбү уят болбойсуз» демиш болуп төлгөмдү жыйнадым. Көп нерселер берди.

Эми мындай учурлардын нечен жүздөгөнүн айтууга болот. Төлгөдөн ушинтип оокат кылып жүрөм. Кээ бир жерлерге барганымда өзүңө окшогон жигиттер оюн-чындан: «Баланча үйгө барсаң аты-жөнү мындай. Иштеген иши тигиндей» – деп баарын толук айтып беришет. Мен андай үйгө барып алып, бардык укканды төкпөй-чачпай айтып берем. Алар мени пайгамбардын кара чечекей бөлөсүндөй көрүп калышат. Азыр элдин арасында төлгөгө ишенген туюк көкүрөктөр бар. Ошолордун аркасы менен эптеп жүрөм. Же чот какканды билбесем, анткени кээ бир бухгалтерлер дале мен сыяктуу жол менен акча табышат экен. Ушинтип жүрөм. Төлгөгө өзүм да ишенбейм деп менден алган акчасын чөнтөгүндөгү кош тутам акчаларга кошту.

Мен атыма минип жолума түштүм эле узап калганымдан кийин:

– Ээй, баатыр! Мени көргөн жерден абийиримди кетире көрбө. Сырымды сага гана айттым! – деп кыйкырды.

Ошол бойдон мен аны көрө элекмин. Дагы бир жерде жобурап олтургандыр.