АПИШ уулу Сыдыкбек: АСЫЛКЕЧ, КАДЫРКЕЧ АЛАЙКУУЛУКТАРЫМДЫН АЛАКАНДАЙ АҢГЕМЕЛЕРИ

Жаш калемгер

Ош обласынын Кара-Кулжа районунун жогору жагында капчыгай менен өрдөп кеткен, күрпүлдөп таштан-ташка урунуп, узунан чубалган тоолору менен киндиктеш аккан кадимки Тар дарыясынын жээгинде отурукташып, мейман достугу, айкөлдүгү, берешендиги, жаратылыш менен коюндаш өскөн нукура таланттары менен айырмаланган Алайкуу өрөөнүндө он чакты айылда жалпысы болуп 25 миңден ашуун калк жашайт. Сүйлөсө чымчылап, какшыктап сүйлөгөн алайкуулуктардын керемет жоруктарын окурмандарга сунуштайбыз.

Алайкуулуктар аңгемелешкенде

— Досум кандайсың?

— Семиз элемин.

— Кар кандай?

— Кар аппак.

— Кар канча?

— Кар бекер, 1 метр.

— Жол кандай?

— Жол ийри-муйру.

— Азыр кай жердесиң?

— Ал жер сага көрүнбөйт.

— Айылда кимдер бар?

— Балдар, чалдар анан малдар бар.

— Эмне жаңылык?

— Алкаштар ажы, чоң муштумдар «чоң» болуп алышкан.

— Свет барбы?

— Ал Ошуңарда өчөт.

— Эл-журт кандай?

— Россия менен Казакстанга кеткен.

— Көрүшкөнчө.

— Көз мененби, кол мененби.

— Жакшы тур.

— Жатып алып сүйлөшүп атам.

Алайкуудагы айылда турган достор менен мындай мааниде аңгемелешүү өмүрүңдү узартат.

 

Той болбоптур

Алайкуунун Ой-Тал айылында кадыры эл ичине сиңген, кезегинде көптөгөн эмгектерди жасап, Ой-Тал айыл өкмөтүндө  үзүрлүү эмгектерин калтырып кеткен, сүйлөгөн сөздөрү куюлушкан Орунбеков Куланчы деген инсан жашап өткөн. Бул инсандын көптөгөн жоруктары айыл ичинде байма-бай айтылып келет.

 Айылдын жаңы үйлөнгөн жигиттеринин бирөөсү Куланчы абага жолугуп калат. Куланчы абам, тиги жигитке карап:

— Үйлөндүңбү?

— Үйлөндүм!

— Той болдубу?

— Болду!

— Эл ичтиби?

— Ичкендер болду!

— Уруш болдубу?

— Уруш болгон жок!

— Анда той болбоптур, — деп өз жолу менен кете берген экен.

 

Жаш кезимде эмнени кыйраттым эле

Мындан кыйла жыл илгери Алайкууда Апенди деген бир инсан жашап өткөн. Картайып карылыкка моюн сунган мезгили болсо керек. Ээри жок жайдак атка мине албай, аябай шайы ооп “аттигиниң, жаш кезимде болгонумда” деп оор үшкүрүнүп, атын алыс эмес жердеги ташка тартып минип, кайра “Жаш кезимде эмнени кыйраттым эле” деп атын бастырып кеткен экен.

 

Ай жарык болгондо

Бир күнү Турат деген агабыз өзүнөн бир топ жаш улу кошунасы Мама деген ыраматылык аксакал менен баарлашып отуруптур.

Анан Турат ага:

— Бүгүн ай негедир аябай жарык ээ? — десе, капарсыз отурган Мама аксакал:

— Илгерки ай мындан да жарык болчу, — деп коет дейт.

 

Айрым деген жерге киребиз

Ой-Тал айылында дене тарбиядан сабак берген Орозов Эшен деген агай бир күнү үйүндө аба ырайын угуп отуруп.

— Биз Кыргызстандын «Айрым» деген жерине киребиз, — деп күңгүрөнөт.

Жанындагылар, эмнеге десе.

— Качан болбосун “Айрым» жерлерде кар жаашы күтүлөт дегенде эле бизге жаай берет, — деп кейиген экен.

 

«Апаң биринчи Ленинге турмушка чыккан»

Көк-Арт айылында бир аксакалдын баласы атасынан:

— Ата, айтсаңыз, эмнеге Ленинди ата дейбиз, — десе, атасы бейкапар:

— Апаң биринчисинде Ленинге турмушка чыккан, деген экен.

Сыдыкбек АПИШ уулу