АПЫШЕВ Мамасалы: МАМАСАЛЫ АПЫШЕВ: АКЫРКЫ СҮЙҮҮ

АҢГЕМЕ

…Сиз жазуучусузбу? Сиз чын эле жазуучусузбу?.. Же мага тамашалап жатасызбы? Чын элеби?! Эмнегедир, ишене албай турам… Мен эмгиче бир да тирүү жазуучуну көрө элекмин. Алардын аттарын гана угуп жүргөнмүн: Достоевский, Чехов, Лермонтов, Пушкин… А сиз, кызык, эмне жөнүндө жазасыз? Турмуш жөнүндөбү? Бардык нерселер жөнүндөбү? Айтып бериңизчи, кызыгып турам? Жок, андан көрөкчө окуганга бериңиз?.. Азыр жок дейсизби?.. А кийин болгондо бересизби? А-а, ырахмат! Сиз билесизби, өзүңө тааныш жазуучуңдун чыгармасын окуу аябай жагымдуу болсо керек?! Менин өмүрүмдө бир дагы тааныш жазуучум болгон эмес эле. Алардын аттарын гана угуп, окуп жүргөнмүн… А мен кимди жактырам дейсизби? Мен көптөгөн жазуучуларды жакшы көрөм, а баарынан жакшы көргөнүмбү? Пушкин менен Лермонтов! Эмнеси менен мага жагат дейсизби? Анысын шайтан билеби, жагат — жакканы ошол да! Маселен, тигил Пугачевдун: «Мыр-рза генералдар, чырдашпагыла!..» деп турганы. Жакшы — турбайбы? Ха-ха-ха… Же болбосо, ашык болуп калган Печориндин…

А жазуучулар, кызык, кантип жазышат? Столго олтурушуп, колдоруна кагаз менен калем алып жаза беришеби? Ушунчалык жөнөкөйбү баары? Жок, мен баары бир жаза албаймын. Аракет кылып да көргөнмүн,— колумдан келген эмес, жаза алган эмесмин. Жаш кезде да кыздарга кат жазганымда кыйнала берчүмүн. А сиз билесизби, менин жаш чакта бир ыр жазган досум боло турганын; туура, ал көбүнчө эле сүйүү жөнүндө жазчу. Кийин ал, туура, акын болгон жок, ошентсе да, эң жакшы ырларды жазчу. Каалайсызбы, мен сизге анын ырларынан окуп берейин? Азыр, азыр… Токтой туруңуз, шайтан алгырдыкы, тилимдин учунда эле тургансыйт — көп жылдар өтүп кетпедиби андан бери…

Менин мына ошол досум ал тургай бир жолу редакциядан да кат алган. Ал катта мындай деп жазылыптыр: «Урматтуу жолдош баланча бастанчаев, сиздин кээ бир ыр саптарыңыз менен ар бир акын сыймыктанса болмок, бирок жалпысынан алганда ырларыңызда бирөөнү тууроочулук сезилип турат, өзүңүзчө жазууну үйрөнүүгө аракет кылыңыз, адабияттык саламым менен түкүнчөев…» — дептир. Көрдүңүзбү, мына?! Дал ушундай деп жазылган: кээ бир саптары менен ар бир акын сыймыктанса болмок! А мен болсо, теримди тескери сыйрып алсаң да, эки сап ырдын башын кошуп жаза албайм. Аракет кылып көргөмүн, жаза алган жокмун. Эч колумдан келбеди. Эч окшошподу… А сиз өзүңүз кантип жазасыз, айтып бере аласызбы? Ар түрдүү жолдор мененби?.. Бардык жазуучулар турмуш, жашоо жөнүндө жазышат экен да, демек? А кандай жашоо жөнүндө жазышат? Бир өзгөчө же баатырларча жашалган жашоо жөнүндөбү?..

А сиз, мага айтып бериңизчи, мүмкүн болсо, мындай бир роман болушу мүмкүнбү? Маселен, айталы; бир жаш жигит,— студент, бул кезге чейин окууга тапшырып, кулап калган. Бирок кийин, экинчи ирет окууга тапшырып өткөн,— тири укмуштай чоң конкурстан өтүп,— бир орунга он беш адам туура келген,— ал окууга өткөн себеби, өзүнүн өмүрүн геологдун кесибисиз элестете алган эмес. Бир жыл бою катуу даярданып, окууга өтөт, бирок өткөн соң тез эле көңүлү калып, окуусун таштап кетет. Кийин башка окууга, педагогикалык институтка кирет,— калган өмүрүн тынч, бактылуу жашап өтүү жөнүндө кыялданып. Мына ошол студент бир күнү, дем алыш күнү киного эртелеп барып, анан зериге басып жүрөт. «Ала-Тоо» кинотеатры бул күнү — жайдын жылуу, мемиреген тынч күнүндө элге толуп-ташып кеткен. Анан мына ошол студент жигит сандаган көп кыздардын ичинен бирөө менен — кыялында көптөн бери эңсеп жүргөн кыз менен таанышат. Кийин өзүнүн аялы болчу кыз менен… Айтыңызчы, ушундай роман болушу мүмкүнбү, сиздин оюңузча?..

Андан кийинби? Кийин мындай болот: алар бактылуу болушат, эң сонун, сулуу кыз төрөлөт. Анан алар узакка,— бир нече жылдар бою чексиз бактылуу жашап жүрүшөт. Ал мугалим, аялы болсо котормочу. Эң сонун үй-бүлө болчу… Кандай, сиздин оюңузча ушундай жашоо романга окшойбу?

Андан кийин мындай болуп кетет: аялы котормочулардын кайсыл бир конгрессинде башка бир котормочу менен таанышат, кийин ал экөө бирин-бири сүйүп калышат. Ошондон баштап баягы үй-бүлөдө таптакыр башкача жашоо башталат: алар бир нече жыл (эки-үч жылча), аябай салкын жашашат,— урушушпайт бирок да мурдагы жылуулук, бакыт жок эми, бир күнү, акыркы бул жашоого чыдай албай аялы мындай деп чечет: «Болду, мен апамдыкына кетем, мындай жашоого чыдай албайм, кечир, кош бол!»

Ал болсо аялы жөн гана аны коркутуп, сынап жатат ко деп ойлойт, ишенбейт. Бирок аялы ошол эле күнү кечинде кызын өзү менен алып, апасыныкына кетип калат. Ал өзү бир нече күн бою азаптанып, ойго батып, жалгыз жашап жүрөт; кийин аялына келет, кечирим сурап, кайра үйүнө алып кеткени. Бирок ал аялынын башка, бейтааныш адам менен олтурганын көрөт,— мурдатан бери өзү билип жүргөн аялынын сүйгөнү менен ушинтип таанышат. Ал албетте, жаны ачыйт: анткени, аялынан кечирим сурап, кайра алып кеткени келген, ансыз жашай албайм го деп ойлогон. Анан ал бир азга ойлонуп турат да,— баары бир ар-намысы көкүрөгүн ээлейт,— ал: «Силер үйлөнөсүңөрбү же жөн эле ушинтип жүрөсүңөрбү?» — деп сурайт, аларга карабай туруп. Бейтааныш эркек ага: «Жакында үйлөнөбүз»,— деп жооп берет. Ошентип, ал үйдөн чыгып кетет,— оюнда аялын таптакыр укутууну чечип. Кандай, романга окшойбу? Мен сизге өмүрүмдү айтып берип жатпаймынбы,— а сиз өзүңүз айтпадыңызбы, романдын өмүрү, жашоо-турмушу жөнүндө жазылат деп?..

Андан кийинби? Угуп туруңузчу… Кийин мен, жок, баягы дал ошол студент, качандыр «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында сүйгөн кызы менен таанышкан,— өзүнүн болочок аялы менен таанышкан адам, эми көпкө чейин жалгыз жашайт. Акыры, жалгыздыкка чыдай албай, бир күнү түнү кеч маалда, колуна муздак трубканы алып, телефон чалат,— жөн гана болжолдоп, иши кылып бирөө менен сүйлөшсө болгону, ким менен болсо да мейли. Ал кокусунан, дал ушул кыштын суук узун кечинде өзүнө окшоп жалгыз олтурган аялга туш келип калат. Аял ага телефондон адресин берип, «келиңиз!» — деп үйүнө чакырат!.. Эмне үчүн мындай болушу мүмкүн эмес? Мен өзүм башымдан өткөрбөдүмбү ушуну, анан кантип эле мындай болушу мүмкүн эмес? Мен сизге баарын болгондой айтып жатам, силер өзүңөр, жазуучулар гана оюңардан чыгарып жаза бересиңер китебиңерде?! Мына ошентип, мен баягы аял менен өмүрүмдүн бир нече жылын өткөрдүм,— биз үйлөнгөн жокпуз, жөн гана жакын достордой жашап жүрдүк. Бири-бирибизди аябай жакшы көрүчүбүз,— ошол менден көп жашы улуу аял менин өмүрүмдөгү эң жакын досторумдун бири болуп калды… Ушунун баары романга окшош, чынбы? Абдан окшош, туурабы? Кээде ал тургай, мен өзүмдү кайсыдыр бир романдын каарманы сыяктуу да сезип кетем. Башым чаташат.

Ушунун баарынын бүтүшү да дал романдагыдай болгон: мени менен сүйлөшүп жүргөн аял окумуштуу эле же тагыраак айтканда, окумуштуу болууга аракеттенип жүргөн адам болчу. Өтө узакка, жанын аябай иштей турган. Менин көптөгөн идеяларым диссертациясынын негизин да түзгөн. Кандай идеялар дейсизби?.. Маселен, айталы… Тилимдин учунда эле тургандай, шайтан алгырдыкы, кыскасы, бул анча деле мааниси жок, менин көңүлүм башкага кейийт: ал аял нече жылдар бою ушундай оор акыл эмгегине чыдабай, акыл-эсинен ажырап, жин оорусу менен ооруп калды,— аябай оор түрү менен. Ошондон баштап, ал аял бир ооруканадан экинчи ооруканага көчө баштады. Бул беш-алты жылга созулду. Мен дайыма анын артынан жүрдүм: ооруканаларга анын артынан тамак-аш ташып, керектүү буюмдарды жеткирип, баары жакшы аяктаар деп, үмүтүмдү үзө албай. Анан, акыры, ал аял мени такыр тааныбай калганда гана үмүтүмдү үзүп, жок, үмүтүмдү думуктуруп өлтүрүп, олтуруп калдым… Менин экинчи сүйүүм мына ушундайча болуп бүткөн. А сиздин оюңуз боюнча кандай, ушунун баары кызыкпы, романдардагы сүйүүгө окшойбу? Чын элеби?..

Мен сизге кайсыдыр бир романдын мазмунун айтып жаткансыймын, туурабы?..

Андан кийин эмне болду дейсизби?

Болуптур, сизге кыскача айтып берейин,— үйлөндүм, кайрадан ажыраштым. Башка адамдардай эле жашап жүрдүм. Эмнеге ажыраштым дейсизби? Сизге кандай кереги бар ажырашуунун себептери? Жөн гана ажыраштым. Турмушта баары боло берет да. Адамдар үйлөнүшөт, ажырашышат,— баары болот. Эмне үчүн? Жөн гана эч нерсе болбойт дейсизби?.. Болуптур, мен сизге айтып берейин — баары бир биз экинчи көрүшпөйбүз да. Мындайча болгон менин үчүнчү аялым жеңил ойлуураак аял эле, ким билет, мүмкүн, мен да мында айыптуудурмун. Аягы суюк жан болчу. Турмушта ушундай адамдар да болушат да, туурабы? Кудай өзү билет, эгерде мен да айыптуу болсом. Мүмкүн, башымдан өткөргөн көп азаптардан кийин көңүлүм сууп, мен аны жакшы сүйө алган эместирмин.

Аялым башкалар менен жүрүп кетчү. Мен кээде билсем да билмексен боломун. Бирок бир күнү кечке жуук үйүмө келсем, аялым биздин үйдө квартирада жашап жүргөн студент жигит менен жатып алыптыр… Мурда аялым биздин кембагал экенибизди, акча жетишпегенин айтып, квартирант жигитти киргизген эле, көрсө, иш башка жакта экен… Кыскасы, мен аялым менен урушуп кеттим. Ал мага актанып: студент ага баласы сыяктуу экенин айтат: а мен ага кыйкырам: «Жинди, балаң менен тең болсо, ким өзүнүн баласы менен жатып жүрөт?» — дейм. Ошентип, ажырашып кеткенбиз.

Сиз кандай деп ойлойсуз? Романдарда да ушундай окуялар болот да, туурабы? Кайсыдыр бир романдын мазмунун айтып жаткандай сезилип жатабы сизге?

Ушул мен сизге айтып берген окуялар жөнүндө эмне деп ойлойсуз? Мен баарын сизге болгондой кылып айтып бердим! Мен өзүм башымдан өткөрүп, жашап өткөнүмдү айттым сизге,— өзүмдүн өмүрүмдү…

Бир романды жашап өткөндөймүнбү?

Андан кийин мындай болду: мен көпкө чейин жалгыз жашадым, качанкы жоготкон бактымды издөөгө аракет кылбай. Качандыр, мүмкүн биринчи жолу үйлөнгөн аялым менен кошо жоготкон, а балким, экинчи аялым,— сүйүктүү досум ала кеткен бактымды издебей, тынч гана, жалгыз жашап жүрдүм.

Анан, кокусунан, кайсы бир күнү үй-чарба магазининен кайын энемди жолуктуруп калсам болобу, туура, мурдагы кайын энеме, биринчи аялымдын апасына. Ал карып, кемпир болуп калыптыр, бирок биз бири-бирибизди таанып, саламдаштык. Анан, көпкө чейин өтө узакка созулган ажырашуудан кийин жолуккан туугандарчасынан магазиндин кире беришинде сүйлөшүп турдук. Аны-муну өткөн-кеткенди сүйлөштүк. Кайын энем мага менин мурдагы аялым жөнүндө айтып берди. Баягы бир кезде өзүнүн үй-бүлөсүн таштап, башка адамга турмушка чыккан аялым жөнүндө. Анын күйөөсү — ал да өз үй-бүлөсүн таштаган адам, менин мурдагы аялыма үйлөнгөн котормочу менин аялымды, жок, менин мурдагы аялымды, дале өтө ысык сүйүп, урматтай турганын айтты,— ушунун өзү да өзүнчө бир романга окшош, чынбы?.. Чынын айтсам, мен мурдагы аялым үчүн өтө кубандым,—анын турмушунда баары жакшы экенине ыраазы болдум. Анан дагы кайын энем мага менин мурдагы аялымдын кийинки күйөөсүнүн биринчи аялынан болгон балдары дагы үйлөрүнө келип турушарын, алар дагы менин мурдагы аялымды аябай жакшы көрүшөрүн айтты.

Мурдагы аялым жөнүндө ушуларды билдим мен. Анан кийин кайын энем мага үйүндөгү телефондун номерин берди. Мен көпкө чейин чалбай жүрүп, акыры, өзүмдү аябай начар сезип турган учурда телефон чалдым. Чалып, аялыма туш келип калдым. Анын үнүн заматта эле тааныдым,— ушунчалык узак убакыт өтсө да өзгөрүлбөптүр эч! Ал да, чамасы, мени тааныды окшойт, биз кыйлага унчукпай, үнсүз туруп калдык — бир нече көз ирмемге. Мен ушул көз ирмемдерде «мүмкүн, аялым менин телефон чалышымды күтүп жүргөндүр?» — деп ойлодум. Бир аздан соң аялым өзүнө келип, менден мага эмне керек экенин сурады — бейтааныш, чоочун адамдай. Мен ага өзүмдүн кызымды көргүм келгенин билдирдим. «Жакшы болот,— деп тез эле макул болду ал,— кызың сага жолукканы барат…» Ошол бойдон мен баягы тааныш үндү, өзүм азыр да кээде түшүмдө угуп жүргөн үндү уга элекмин…

Бир нече күндөн кийин мен кичинекей кол сааты салынган кутучаны колтугума кысып алып (кызыма алган белекти), жолугушууга жөнөдүм. Баратып аябай толкундандым,— так эле качандыр анын апасы менен алгачкы жолугушууга бараткансып. Бир аз күтүп турган соң, кызым да келди. Биз буга чейин бири бирибизди көрбөсөк да жолукканда эле тааныдык, же, мүмкүн, жүрөк көзгө караганда таамай көрөт деген чынбы? Кызым экөөбүз скамейкада,— шаардын калың, ээн багында көпкө чейин сүйлөшүп олтурдук. Кызым чоңоюп, бойго жетип калыптыр. Көп мезгил өтүп кетпедиби апасы ээрчитип алып кеткенден бери да?! Мен ага өзүнүн апасына аябай окшош экенин айттым, а кызым күлүп, апасы ага кичине кезинде дайыма мага окшош экенин айтып жүргөнүн эсине салды… Ошентип, мен кызым менен да ажыраштым. Азыр болсо кызым күйөөгө чыккан окшойт,— мен кайсы бир күнү телефон чалып, кызымды сурасам өгөй атасы кызымдын бир офицерге турмушка чыгып, түндүк жактагы кайсы бир шаарчага көчүп кетишкенин айткан. Кийин ошол бойдон мен телефон чалбадым, анын эмне кереги бар, кимге?

Ушунун баары бир романга окшойт, чынбы?

А кийин мындай болду: мындай, мындай… Жок, кийин эч нерсе деле болбоптур. Мына,— мен алдыңызда турам, картайып, тагдырдын түрдүү сыноолоруна моюн сунуп калган чагым. А-а, айтмакчы менин өмүрүмдө дагы бир сүйүү бар! Мен дагы кокусунан бир аялды жолуктурдум,— сүйүп калдым. Ал аял мени менен чогуу иштейт. Мугалим, мектепте. Дайыма маанайы пас жүрө турган. Жалгыз жүрчү. Анан, кайсы бир, бирге иштеген адамдын үйүнө тойдо чогуу олтуруп, сүйлөшүп калдык: ал өзү мага басып келген, ким билет, ал мүмкүн, менден да өзүнүкүнө окшош терең кайгы, көңүл оорусун байкагандыр? Сүйлөшүп, кыйлага олтуруп калдык. Кийин тез эле жакын болуп кеттик. А кийинчерээк, мен анын башка бир адамдан боюнда бар экенин, бирок тигил адамы ага үйлөнгүсү келбей жүргөнүн билдим, бирок ушунун баары мен үчүн азыр мааниси жок эле. Мен ошол аялга жакында үйлөнгөнү жүрөм… Ушунун баары бир романга, романдагы сүйүүлөргө окшойт ээ, чынбы?..

Азыр мен ошол аялга,— сүйгөн адамыма баратам, төрөт үйүндө жатат ал. Төрөт үйү жаңы микрорайондо,— шаардын чети тарапта. Жетинчи гана каттайт ал жакка азырынча…

А сиз өзүңүз, кызык, кайдан келдиңиз? Кайда барасыз? Сүйүүдөн башка нерсе жок дейсизби?.. Ооба, сиз туура айтасыз. Менин жашоомдо сүйүү гана болгонсуду,— андан башка эч нерсе болбогондой…

Мен сизге айтып берген жашоолор баары романга окшойбу же сиз мени тамашалап жатасызбы?..

Сүйүүдөн башка эч нерсе жок, демек, бул али роман эмес экен да? Азыр, токтоп туруңуз, мен жашоомдо болуп өткөн бир нерселерди эсиме түшүрөм,— эмнеси болсо да узун өмүрдү жашап өтпөдүмбү. Азыр, мындай… Мына менин бала кезим: согуш жылдары. Мен кичине элем. Ошентсе да баары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Аябай ачарчылык болгонун билем: дайыма курсагым ачып, тамак жегим келе берчү. Картошканы подвалда сактачубуз, апам подвалга кирип баратканда мен дайыма көзүмдү айрый албай, карап олтурчумун… Мени апам биринчи жолу балдарга кошулуп, согуш оюнун ойногонумда урганы да эсимде. Анан, апам мени сооротуп, көкүрөгүнө мени кысып алып, өзү да кошулуп ыйлаган көпкө чейин. Атам ал кездеги көп адамдар сыяктуу эле, согуштан кайтпай калды,— ал дайынсыз жоголгон. Апам да ушул сыноо-кыйноолордун азабына чыдабай — ачарчылыкка, көңүлүнө туш келген түрдүү ооруларга,— ошол оорчулуктарды көтөрө албай, ал кездеги кайсы бир жугуштуу оору менен ооруп, кайтыш болду… Өлдү… Анан, мени балдар үйүнө алышты. Ушунун баары күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.

Анан кийин мен баягы студент — тапшырып, кулап калып, кийпн өжөрлөнүп даярданып, окууга өткөн. Анан мен ал окууну таштап… А кийин, мен «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында баягы кыз менен, мурдагы аялым менен жолукканмын… Анан, мына мен алдыңызда турбаймынбы?..

Анан дагы бала кезимден бир нерсе эсимден чыкпайт: менин агам боло турган,— мени аябай жакшы көрчү. Анан, ал өзү согушка кетип баратып мага кичинекей топту белек кылып берген. Мен ойноп-ойноп, кийин оюнум канган соң, аны бычак менен жарып кесип алганмын,— ичинде эмне бар экенин көрүүгө кызыгып… Кийин өзүм жарып алып ыйлаганмын,— кичине бала элем да, хи-хи.

Өткөн өмүрүмдөн мына ушулар эсимде. Ушунун баары болгон. Башка эч нерсе болгон эмес. Мен сизге болгон нерселер жөнүндө гана айтып бердим. Романга окшош аябай, чынбы? Сиз андай деп айтпасаңыз деле мен өзүм билчүмүн ушуну,— турмуштун романдарга аябай окшош экенин… Жөн гана, ошол оюмду туура экенин текшерип көрөйүнчү деп сурадым мен сизден.

А сиз өзүңүз каяктан келдиңиз? Командировкагабы? Фрунзеденби?.. Азыр каякка барасыз, а-а, вокзалгабы?! Вокзалга бул жерден төртүнчү гана барат, ошого олтуруп барсаңыз болот…

Анан дагы, мен сизден бир нерсе жөнүндө сурайын дедим эле: «Сиз кандай деп ойлойсуз,— эгерде ушунун баарын роман кылып жаза турган болсо, анда үчүнчү аялым тууралуу жазбай эле коюу керек, туурабы? Баары бир басмадан өткөрүшпөйт, көрбөйсүңбү, жеңил ойлуу, аягы суюк аял экен» — деп… Анан романды башкы каарман өзүнүн сүйүктүү аялына үйлөнүп, балалуу болуп бактылуу жашап калганы менен бүтүрүү керек, чынбы? Ушул эң сонун аякталыш болот да, туурабы? Же турмушта али боло элек нерсе жөнүндө романда жазса болбойбу? Кандай айырмасы бар,— баары бир биз үйлөнүп, баары ушундай болот да! Ушундай бүткөнү жакшы, чынбы?! Эң сонун болуп бүтөт да роман…

Ах, мына, сиздин автобусуңуз да келип калды, а мен жанагы каргыш тийген жетинчини күтүп, дагы олтурат окшоймун…

Ак жол болсун, ишиңизде бардыгы жакшы болсун, жакшы барыңыз, жазуучу…