АБАЗОВА Айзада: ТИКЕНЕК ГҮЛҮ

АҢГЕМЕ

(Бул аңгемемди 20 жылдык бүтүрүү кечебизге арнадым).

Автор

Тикенектин өз аты Тилек. Тикенек деп аны бир кыз айтып калды. Ата-энесинин ак тилек менен койгон Тилек аты Тикенек атка конгондон далай жыл мурун эле өчкөн. Ошол кезде эле аны «ок жылан» кичинекей желмогуз», «шайтанча» өңдүү түрдүү аты боло турган. Ал наристе кезинен ашкан тентек чыкты. Баладан башкача тентек бул баланын жоруктарын айылдагылар жомок кылып айтышчу болду. Коңшу-колоңдун тоокторун кукулдата жумуртка жыйнап, алар менен өтүп бараткан машиналарды койгулайт.

Кычыраган кышта так маңдайга урулган жумуртка дароо тоңуп, алды жак көрүнбөй канча машина ала салды. Айдоочулар атасына даттанып келишсе, анда да жөн калбай үйгө кирген айдоочунун ботинкасына клей төгүп, эшикте машинасынын дөңгөлөгүн жарып же дагы бир жерин бузуп, айтор жабырлануучу айдоочу дагы далай жеринен жабырланганын көрүп бул үйдөн кеткиче шашчу. Мындай ыңгайсыз коноктордон тажаган ата-энеси аягында: «Билбейбиз, билгибиз да келбейтке» өтүштү. Же колдон суурулган тентек карматсачы. Кармасаң да, бакырып-өкүрүп тиштегилеп жатып каягынан кантип кутулуп кеткенин билбейсиң. Анан калса, бет келген киши менен чоң экен, кичине экен дебей колуна эмне келсе, ошону менен коёт.

Үйүнүн жанынан өйдө өткөн кишини өйдө 100 метр, ылдый өткөндү ылдый 100 метр таш менен кубаламай адаты. Айылдыктар баланчанын кабанак дөбөтү бар, үйүн айланып өткүлө дегендей эле бала-чакасын улам эскертип турушат. Айласы кеткен ата-энеси «кичинесинде тентек болсо, чоңойгондо аябай токтолот» деп өздөрүн соороткондон башка арга табалбады. Ал эми «ок жылан» чоңойгон сайын күчөп, мурда жумуртка менен машина ургулаган тентек болсо, эми жүрүп бараткан машинага жабыша калып, ичиндегилерди түшүрүп алчу чоң жинди-каракчыга айланды. Ансыз да Ош-Фрунзе кан жолунун боюндагы бул Торкен айылы илгертен айдоочулардын кооптуу чекити эле. Эми мындай коогалаңдуу айыл Ок жыланга куп жарашты да калды.

Түнкүсүн жортуулга чыкканга ыраазы болбой чак түштө машинага чап салчу болгон. Анткен менен түшүрүп алган буюмдарына кызыкчу эмес. Аны түшүрүп алган дүйнө эмес, «карактап алуу кумары» кызыктырчу. Баланын тентектигине кээ бирлер «бул балаң башкача» деп таң калышса, кээ бири Адылды кадимкидей тилдешет. «Балага ата-эненин тарбиясы жетишпейт. Айтканы менен болуп алчактатып коюшкан да. Мага беришсинчи, бул суу тентекти бир айда жүгүнүп кирип, жүгүнүп чыга тургандай кылайын» деп кыйынсынгандар да бар. Акыры тажаганда Адыл ошондой керооздонгондордун бири Асанбек деген кишиге «ал баланы, кыйын болсоң тарбиялап көр, сөөгү меники, эти сеники» деп кармата берди.

Асанбек айылда оокаттуу адам эле. Бул дүйнөсүн кайтартуу үчүн, бир чети сүр болсун деп шаардан пародалуу ит сатып алган. Анысы ажаандыгынан дайым байланып турат. Асанбек баланы алдап үйүнө ээрчитип келип иш жасатмакчы болду эле, бала кыймылдап койбоду. «Муну коркутуп койбосом, бирдеме болсо ажыратып алармын» деген Асанбек ажаан итин балага агытып жиберди. Арсылдап келип түз беттен алган килейген дөбөттүн оозуна колун сала койгон Окжылан заматта ит менен кошо жыгылды. «Эмне болду кокуй күн, кантип бошонуп кетти экен» деп жетип келген ээсине бала каруусуна чейин салып жиберген колун иттин оозунан сууруп чыгып, канжалаган колу менен тап берип: «Өлтүрөм, эшек, итиңди атайылап агыттыңбы?» деп тура келди эле, баланын жаалынан жалтанган Асанбек актанып сүйлөп үйүнө кире качты.

Жаалданган бала аны кубалап барып, тополоң салмакчы болду эле, колунан аккан кан токтобой үйүнө кайра тартууга аргасыз болду. Баратып үйдүн терезесин талкалай чаап: «Сен мени итиңе талатып өлтүрмөк экенсиң да, эми өзүңдү өлтүрөм, ага чейин өлгөн итиңди көмүп ал» деп баратып, иттин өлгөнүн текшере тээп өттү. Ит өлүп калган эле. Баланын тамагына чейин салган муштуму иттин кокосун жарып кеткен.

Ушул окуядан кийин айылдыктар жандарынан түңүлүп Окжыланды талкуулаганды да, Адылга акыл үйрөткөндү да коюшту. Ал эми Асанбек жанындай көргөн итинен ажыраганы аз келгенсип, баланын өмүрү менен ойногон күнөөсү үчүн козусун көтөрүп келип, Адылдан да, Окжыландан да кечирим сурап араң кутулду.Окжыланга бул окуя оң колунун каруу сөөгүнө доо кетип айыккыча сол колу менен жумуш жасап жүрүп, бир башына толтура ысымдарына «сологой» деген жаңы аталыш кошкону болбосо, Асанбек айтмакчы, «жүгүнүп кирип, жүгүнүп чыкчудай» шайтаны күбүлүп калбады. Күбүлмөк түгүл жерге-сууга батпай жүрүп 15 жашында бирөөнү катуу сабап салып кесилип кеткен.

Жашы жеткиче 3 жылын балдар колониясында өткөрмөк. Бирок ооруканалап жүрүп көр оозунан калган курмандыгынын тирүү калганы себеп болдубу же Адылдын акчасы жардам бердиби, минтип бир жылда бошоп келди. Ал жактан деле оңолбоптур. Кайра пейили бузулуп «зек» аталып, бардык жакшы нерселерге тетири мамиле жасоочу болуптур. Жакшы окуган балдар, сулуу кыздарды көрсө итатайы тутулуп сабап жибергенден кайра тартпайт. Же кыз экен деп аябайт. Тескерисинче, «кыздардын эки жаны болот, бири өлсө экинчиси бар» деп коёт. Анан калса, колу кол эмес эле коргошун.

Ушу кичинекей немеде кайдагы күч деп таң калгандар мындан көп. Же спорт менен машыкпайт. «Сенде энергия күчтүү, машыксаң чемпион болосуң» деп мамиле түзгүсү келген дене тарбиядан берген агайынын сабагына да оңдуу катышпай: «Алдагы маскарапоздоруңду машыктыра бер, спортсмендерди жинимдей көрөм» деп моюн толгоп койгон. А балким агайынын машыктырганынан намыстангандыр. «Чурка! Отур! Тур!» деген командага көнө турган дил анда жок болучу. Суурулган балдар менен сулуу кыздардын мокочосуна айланган Окжылан минтип «Зек» атка конуп, эки эсе үрөй учуруп турганда жалгыз жиндини ой-боюна койбой балдар өз атаманы кылып шайлап алышты.

Башынан көпчүлүк менен бийликке табити тарта бербеген Окжылан: «Аныңардын мага эмне кереги бар» деди эле, балдар: «Жай келди, жакында чөпкө барабыз, коңшу мектептин балдары келип бирден сабап кеткиче, баарыбыз биригип бир атаман шайлайлы. Андай башчыга сенден өтөрү болобу? Бир топ атың таанылып калды. Өзүң да эч нерседен коркпойсуң. А биз сенин каалаганыңа көнүп баш ийип беребиз» дешти. Анда Окжылан: «Эмнеси бар экен, болсо болом. Өз башыңарга өзүңөр ээ болбой, бирөө башыңардан басып турганды кааласаңар, өз убалыңар өзүңөргө. Ал эми коңшу мектептин балдары келип көрсүнчү» деп ызырынып койду.

Ушул эле керек болгон балдар Окжыландын көзү менен тегеренип, жандап басып калышты. «Зек» болуп келгенден бери сулуу кыз көрсө жини кайнап кетчү баланын бутасына бул жолу Диля илинип калгандай. Анан калса, ал келгени «Окжылан», «Шайтан», «Зек» аттуу сүрдүү аттары унутулуп, ушул кыз койгон «Тикенек» аты көп айтылчу болду.

Жакында эле шаардан келген бул кыз аз эле убакта таанылып, кыздардын оозунан кетпес ушак, балдардын көңүлүнөн кетпес тузак болду.

Жүргөн-турганы шаардык кыздарга окшогон кызга бул кыргызча өөн учураган ысмы куп жарашчу. «Калпычы, атың Дилбар турбайбы» деп жөөлөп өткөн жаңы классташын адегенде эле Окжылан:

— Сен Ди-ля болсоң, сенин атыңа дагы толтура «ля-ля- ларды» кошуп айттыра турган Зек менмин.

Кыз таң кала карап калганда жанындагы кыздар сүйрөп жөнөшкөн.

— Кокуй, бул Зекке сөз кайтарба. Бөөдө өлтүрөт. Анын үстүнө сулуу кыздарды көргөндө ушинтип кучунашы кармай берет. Эми оолак жүрбөсөң балээге калганың ошол. Тим эле кудайыңды көзүңө көрсөтөт, — деп дагы шумдук нерселерди айтышкан.

Таймануу дегенди билбеген бул кыз дилинде жүрөгү тирилип турса да кыздарга кошулган болуп унчукпаган. «Тийишсе көрөрмүн», — деген шок дили. Бирок Тикенек тийишмек түгүл аны көргөндө көзүн ала каччу болду. Бул жоругу үчүн өзүнө өзү жини келип, ал үчүн кызды күнөөлөп «ушул боюн көтөргөн кызды көрөйүн деген көзүм жок. Эмне келди талаага? Чөп чапкангабы? Ушул ак колдун колунан бирдеме келмек беле? Кетпейби келген жагына» дечү болду. Балдарга да жаңы келген көйрөң кызга эч кимиңер сүйлөбөгүлө. Тим эле өзүн периште сезет окшойт деп койду. Зектин сөзүн ашыра аткарган балдар да Диляга жолобос болушту.

Кечинде бий болгондо да аны эч ким бийге чакырбайт. Күндүз да жумуштан Диля сүйлөп калса кагып-силкип оңдуу жооп беришпейт. Дайыма балдардын көңүл борборунда жүргөн кызга бул дароо эле сезилди. А түгүл айылда жаңы дос болуп жолугушуп жүргөн Мирлан да сыртын салып калыптыр.

Буга ал катуу ызаланды. Бир жолу жумуштан чатырга келаткан жолдо арткы топ менен кетип бараткан Мирланды чакырып калды. Мурда жакшынакай эле жүрүшкөн неме Дилянын чакыруусун укмаксанга салып кетүүгө батына албай буйдала түштү.

— Мирлан! — кыз дагы кайталай чакырды.

— Эмне болду?

Мирлан эки жагын карап, топтон бөлүнүп басып келди.

— Коркпой эле кой. Жан алгыч тикенегиңер эчак эле чатырга кеткен.

— Корккон деле жокмун. — Улан бош айтты.

— Корккон жокмун деп коёт. Баарыңар жанагы кичинекей желмогуздан сурап дем алып калыпсыңар го?

— Ага эмне жиниң келип атат. Тикенек жаман деле бала эмес.

— А сен демек, аны жакшы да көрөсүңбү?

— Жок. Бирок башка мектептин атамандарын деле көрүп жүрөм го: байпагын жуудуруп, бутун жалатып, кышында жылаңач карга сойлотуп кылбаганды кылдырышат. Биздин Зек антпейт. «Тийбегиле» дегенине тийбесең болду башкасы менен иши да жок.

— Анан сен ошого макул болдуңбу.

— Эмнеге?

— Тийбегилеге.

Мирлан мукактана түштү.

— Диля, сен жакшы кызсың. Мага мындай суроо бербей жүрчү. Бул жөнүндө кийин сүйлөшөбүз. Мен азыр шашып атам, балдарга жетишип калайын. Бүгүн бир жакка бармакпыз.

— Кайда?

— Ал эркекче сөз. Болуптур анда, сен шашпай келе бер. Мен кеттим.

Диля унчукпай кала берди. «Эркекче сөз» деп коёт. Эркек имиш» деп өзүнчө күбүрөнүп койду. Кечинде балдар оюнга кеч чыгышты. Мирлан ал кечте оюнга да, эртеси жумушка да чыкпады. Жумуш бүткөн соң кыздар кечки тамакка отуруп жатып кобурашып калышты:

— Мирланды көрдүңөрбү? Тим эле бети көрүнбөйт.

— Кечээ балдар башка мектептин балдары менен мушташканы барышыптыр. Ошол жактан энчисин ашыкча алып алган го?

— Антпей эле ал жакка Мирлан барбаптыр. Зек анын энчисин бул жактан эле берип коюп, анан эрчитпей таштап кетишиптир.

Эртеден бери Мирландын балдардын арасынан көрө албай жүргөн Диляга иштин жайы дароо түшүнүктүү болду.

— Акмак! Зек эмес балакет болсоң да, сенден келгенди көрдүм деп ичип жаткан тамагын таштап жөнөдү.

— Диля! — Кыздар коркуп ээрчий чыгышты.

— Эй сен! — деди Диля чатырдын оозуна токтой калып.

Балдар кашыктарын коё кала карап калышты. Аларда бул көйрөң кыздын чатырга мындай үрөй менен киргени бир эсе таң калтырса, анын Зекти түз карап сүйлөгөнү эки эсе таң калтырды. Көкүрөгүн көктөтүп жиберчү үнгө селт эте калган Тикенек кыздан жалтана түштү да, балдардын көзүнчө токтоо болууга аракеттенип:

— Кимди айтып атасың, — деп кайдыгер кишиче сурап койду.

— Сени айтып атам, Тикенек. Зексиңби, Тикенексиңби, Окжылаансыңбы, Тилексиңби, желмогузсуңбу — мени ал кызыктырбайт. Сен эмне өзүңдү дүйнөгө түркүкмүн деп ойлойсуңбу?

«Оо, Кудай!» — балдар жакаларын кармап жибербей араң калышты. «Тикенекке кыз түгүл балдар батынып түз сүйлөй алган эмес. Бул көйрөң кызды ажалы жетелеп келгенби»,- деп катып калышты.

Тикенекке бул кыздын жиндене сүйлөгөнү да, зек, желмогуз дегени да оор тийгени жок. Тескерисинче, кыздын ага өзүнүн ар бир аталышы менен кайрылып жатышы бүт боюн жагымдуу аралап өттү.

Ал ордунан туруп кызга утурлай келди да: «Эмне болду анча?» — деп жылмая каршы алды. Тикенектен муну күтпөгөн Диля ыңгайсыз боло түштү. «Сен ушундай гана кыз болушуң керек эле» — деп ичтен кыздын жоругун кубаттай ыраазы болуп басып келген улан кызга тике басып келип туруп калды. Таң калган кыз анын жүзүнө үңүлө карап, көзүнө суроолуу тигилди. Тикенек кыздын суроолуу көз карашына жооп кылып кайрадан жылмайды. Анын жылмайганда нурдана түшкөн көздөрүнөн көзүн ала качкан кыз жер карап: «Эмне Мирланды урасың?» — деп акырын сурады. Дал ушул акырын айтылган сөздөр Тикенектин дилине уу жебедей сайылып, эмелеки жалындаган сезимине суу сепкендей болду.

— Эмне сага арыздандыбы?!

— Арызданбаса деле кебетесинен көрүп турам, — кыз кайра чыйрала түштү, — кечээ экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү сенин куйруктарың жеткирип келди да.

— Анан сүйгөнүңдү алып кетип дарылайын дедиңби. Алып кет! Ээ, Мирлан. Тур, сүйгөнүң келди.

Мирлан тескери карап жаткан ордунан козголбоду.

— Эй, Мирлан! Тур дейм!

Мирлан шашып тура калды. Эмне сүйгөнүңө кебетеңи көрсөткөндөн уялып жатасыңбы?

— Уялбайт. Эмнеге уялмак эле, Мирлан ушул кебетеси менен деле сенден жүз эсе сулуу. Сени кыз да сүйбөйт, кодо! — Мирландын ордуна Диля жооп берди.

Акыркы сөздөр Тикенектин талуу жерине тийди. Диля эңшериле таяк жеген кишидей оор онтоп жиберди.

Балдар Тикенекти таң кала карашты. Баятан берин анын жоругу кадимки Зекке түк окшошпой турган эле. Балдардын көз карашы менен кездеше калган Тикенек арына келе калды да, кайрылып туруп Диляны жаакка чаап жиберди. Балдар да бая эле ушундай болмок, эми мындан аркысын кудай сактасын деп, кээ бири бакпай балээден сырткары деп чыга башташты.

— Токтогула! — деди Тикенек. Баары турган жээринде селейип туруп-туруп калышты.

Ал эми кызга кайрылды:

— Эмне ыйлайсың? Алың ушул эле беле? Ким коргойт деп ойлодуң? Ушуларбы (ал балдары көрсөттү)?! Буларың «алгыла!» десем, азыр көкбөрү тартып кеткени турушат. Же сыртта бүжүрөгөн кыздар коргойбу, же тетиякта укмаксан болгон агайларбы? Эгер мен сени кааласам, азыр ушул жерден беш мүнөттө өзүмдүкү кылып коём. Эч ким эч нерсе дей албайт. Же мынабул сулуу жигитиң коргойт дейсиңби?! — Э, сулуу жигит, бери кел! — Мирлан жакын басып келди. Балдар бир шумдук баштайт деп туруп калышты. Дилянын да жаман ойдон жүрөгү шуу дей түштү.

— Эй, ак куу, Диляны сүйөсүңбү?

Мирлан унчукпады.

— Коркпой эле айта бер. Урбайм деп сөз берем. Эгер мен сөз берсем сөзсүз аткарарымы билесиң.

Мирланда үн жок.

— Эй, эшек! Жок дегенде ыйлап атканды сооротуп койбойсуңбу?

Мирлан дале жооп бербеди.

— Бок жүрөк десе! — Тикенек чатырдан чыгып туш келди басып кетти.

Артынан батынып эч ким барбады. Диля да эсине келе өз чатырына жөнөдү.

Түн бир оокум. «Дилбар, Дилбаржаным менин, кечир мени. Мен сени чабуу түгүл, чекеңен черттиргим келген эмес. Кечир мени, периштем».

Чатырдын этегин түрүп уктап жаткан кыздын баш жагында отурган бирөө кыздын колун кармап чачын сылап, ушуларды айтып жалбарып жатты. Кыз уйку-соонун ортосунда «Дилбар» деген үндү укту. Аны ушинтип эч ким чакырчу эмес. Ата-энеси да , бир туугандары да, достору да. Бул атты класстык журналдан өз ысмын фамилиясына кошуп атаган мугалимден гана укчу. Ал дагы түз кайрылбай жөн гана атап койчу. Бул жолу аны бирөө башкача назик үн менен атап жаткан. Кыз ойгонуп кетти. Чатырдын баш жагынан кимдир-бирөө анын колун эриндерине акырын тийгизип жаткан экен.

Мирлан деп ойлоп койду Диля. Башта эле Диля дебей ушинтип айтса болмок экен. Ал өз атын ушунчалык назик атоого болоруна таң калды. Өз ысмы ага жакчу эмес. Бул жолу ага эркелете назик айтып жаткан үнгө элжирей, дагы эмне кылар экен деп уктамыш болуп жата берди. Анын үстүнө үндү да даана ажырата албай жаткан. Бирок алиги неме бул жолу унчукпай, жөн гана чачтарынан сылап жатты.

«Чын эле Мирлан экен» деп оюн бышыктады Диля. Экөө айылда жолугушуп жүргөндө Дилянын үйүнө жакын жыйылган дөңгөчтө отуруп ушинтип чачтарынан сылашчу. Диля адегенде Мирландын тизесине башын койчу да ар нерсени сүйлөп кирчү. Мирлан кыздын чачтарынан сылап, унчукпай угуп отурчу да «эми сен» деп орун алмашчу.

Экөө эмнелерди сүйлөшчү эсинде жок, алардын сүйүүгө деле тиешеси жок болсо керек эле, бирок экөөнө тең ушинтип чач сылаткан жакчу. Чачтарды сылап өткөн алакандын жылуу илеби бүтүн денелерин жагымдуу аралап өткөн мүнөттөргө экөө тең арбалып, бул жолугушууну ушул мүнөттөр үчүн гана күткөндөй сезилчү.

Алиги неме Дилянын колдорун сылай келип акырын өөп койду. Диля да анын бетин сылап келип, алаканынын суу боло калганын сезди да, көздөрүнө колун тийгизди. «Ыйлап жаткан экен» деди ою. Оңбогон гана Тикенек. Бирөөлөрдүн көз жашына гана жаралган окшойсуң. Бала кыздын колу көз жашын байкап калганын сездиби же жөн эле өзүн кучактаткысы келдиби, кыздын колун акырын алып өз ийнине койду. Диля Мирландын чачынан сылагысы келип колун көтөрүп баратып, чоочуп кетти.

Колуна Мирландын жумшак тармал чачтары эмес, тикенектей катуу чачтар урунду. Шарт колун тартып алды. Бала да чатырдын этегин түшүрүп жиберип, качып жөнөдү. Диля чатырды көтөрдү да Ай жарыгында качып бараткан караанды даана тааныды.