АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДЫРАМАНОВ: БУШАЙМАН

АҢГЕМЕ

…Кабыл эмгектеп ноюбаган, билеги чулу айылдагы азаматтардын бири. Өзүнүн чоюндай салмагына жуп келишкен күжүрмөн кесипти тандап алганын карасаң. Ала жаздан боз кыроого чейин беш күн үйүндө удаа жаткан учурлары кем. Трактордун жанында болбой калган күнү өмүрү бекер өтүп жаткансып оңкулдап чыдай албайт. Каржалбаган эмгекчил жан. Бир айта кете турган нерсе, өз үй-тиричилигине бүйрөлүгү жогураактай. Ошон үчүн сөзү азыраак кыска болуп, үйдөгүлөрү кээде беттен алып, тынчсыздандырып коюшат. Мындай учурларда Кабыл унчукпай гана чайын ичип эшикке чыгат.

Мунун себеби Айгүл эшикке чыкса эркектин, үйгө кирсе аялдын ордун басардай чыйрак жан. Кабыл ошого сүйөнүп калса керек. Албетте, Кабыл деле үй-тиричиликтен бир жолу эле сыртта калган жан эмес, чынында үй-бүлө ошонун маңдай теринин эсебинен жашап жатканы бештен белгилүү.

Айгүл менен Кабыл медпункттан сабыры суз чыгышты. Кабыл ийкемге келбей турган москоол чор колдорунун манжаларындагы мыжыга кармаган кичинекей ак кагазды улам карап коюп, Айгүлдүн алдында шалкайып бошоң абалда эле. Ал узун жото жилигинин жарымынан араң келип, бутунан суурулуп түшчүдөй болгон кең кончтуу керзовой өтүгү менен жолдун опурулган чаңын борп-борп жайпата басып, те алысты карагансып келатты. Анткени менен көзүнө эч нерсе түшкөн эмес. Анын артындагы аялы Айгүл табы айныган эки жашар уулун көкүрөгүнө туурасынан кучактап, элеңдеп үрөйү учкан абалда кайра-кайра бир нерселерди сураса да Кабыл үн катып жооп бербейт.

Жооп бермек турсун кеберсип кеткен калбыгый эриндерин тили менен нымдап жыйнап алууга да чамасы келбей, суюк сары муруту түксүйүп бириндеген. Көздөрүн жүлжүйтүп бет маңдайынан башка жакка бурбайт. Демейдегидей убак болсо, этибарсыз Кабылдын көздөрүн Айгүлү мыскылга алар беле: «— Ушул көк көздөрүң менен айланаңды боз чалгандай бүдөмүктөтүп араң көрөсүң го дейм?» — деп жинине тиймек. Бирок Айгүлдүн он сөзүнө араң бир жооп кайтарган Кабыл адатынча: «Көрбөйт экен-а, менин көзүм турнабай… турнабай билдиңби. Сенин кара көзүңө алмашпайм»,— деп колдур сүйлөп, өз сөзүнө маашырланып, мурутунан жылмаймак.

Мына азыр айланасынан эч нерсени көрбөгөндөй бир багыттан көз албайт. Айгүлү тамаша айтмак турсун, өз алдынча ыйламсырап үнсүз. Анткендеринин себеби башка болучу…

Кабыл он беш күндөй мезгилден бери күздүк айдоого байланыштуу колхоздун тээ алыскы участкасында жүргөн. Күн-түн дебей трактор үстүнөн түшпөйт. Күтпөгөн учурда атчан бала барып «Айгүл жеңе, сизди тез келсин» деди. Сабырдын табы айнып калыптыр дегенде, анын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Сабыр эки жашка чыгып, тили буудай кууруп калган жалгыз уулу эмеспи. Ал токтоосуз жөнөдү. Жол ката түрлүү ойлор өтүп кетти башынан. Кабылдын жашы кыркка куушуруп баратат. Бирок балдары токтобой, оозу күйүп жүрөгү чыгып калган жан да. Жолдо тиги баладан бир, эки ооз сөз сурады да, кашаң тору атты салмактуу керзовой өтүгү менен күрс-күрс теминип, үнсүз тунжурап бастыра берди.

Үйүнө киргенде апасы Бапы кичинекей Сабырды алдына алып, анын бетине тигиле карап турган экен. Кемпир башын кекчейге берип,- ачуу көз караш менен Кабылды зекий бир тиктеди. Анын эти качкан бетинин отунун сөөктөрү оркоюп билинип, борсуган алмадай: бөлбүрөп бырышкан жаак эттери титир-титир эткенсийт. Апасынын аябай ачуулуу экенин сезе койгон Кабыл тайсалдам берип:

— Эмне болуп кетти, апа?—деди. Кемпир жука эриндерин чүрмүйтө кымтып, анан башын кылтың эттирип.

— Эмне болмок эле,— деди какшыктап,— сен талаада жүрө бер, үй-бүлө, бала-чакаң менен ишиң болбосун…

— Деги айткылачы, эмне?— Кабыл эңиле берип баласынын бетине үңүлдү. Бала уктап жатабы, же табы жоктуктанбы, иши кылып, көзүн ачкан жок.

Ушул учурда тиги бөлмөдөн Айгүл чыгып, шашмалап сүйлөгөн адаты боюнча иштин жайын күйөөсүнө түшүндүрө баштады.

— Эти деле анча ысыбайт,— деди шиш мурдунун таноолору кынчылгансып, — бирок үнү бүтүп шыбырап калды. Кээ-кээде деми кыстыгып, тамагын тырмалап чаңырат. Энем кечетен бери кирнелеп коюп жатып чарчады.

— Доктурга алып койгонуң жокпу?

— Ооба, сага доктур. Доктур кудайың болуп калгансып, деги көөнүң калбайт.— Төрдө отурган кемпир негедир өзүнчө силкинди.

— Доктур дебей анан эмне дейбиз, апа?

— Баягы жылы доктурдан апсалаң пир болгон эмес беле? Эрте апкелгениңер жок деп балаңдын өлүгүн колуңа карматты го. Аз келгенсип наристенин өлүгүн жөн койбой сойгонучу…

— Апа, керек болсо соёт да.

— О момун,— уулунун оор мүнөзүнө чыдабай кеткенде кемпир ушинтип жиберчү.— О түркөй, аны тирилтип бербегенден кийин бейишке барар наристенин жүзүн кара кылып эмне кереги ;бар эле?

— Өлгөндөн соң соймоктон…

— Жап оозуңду,— кемпир Кабылдын сөзүн бүтүрбөй жулуп кетти.— Дили бузук. Ошон үчүн жашың отуз бештеп ашкыча балдарың токтобойт. Кудай деп келме келтир.

— Апа, үч баланын атасы болдум. Түгөтүп ысырык салып төрдө кармап отуруп, бирин кызамыктан өлтүрдүңөр. «Илгерки бала ушинтип эле чоңойчу»— деп жазгы суукка жылаңач коё берип, өпкөсүнө суук тийгизип, анан бир жолу жетиккенде доктурга алып барып, кийинкисип дагы өлтүрдүк…

— Келме келтир дейм, дили азар, келме…— Кемпир ачуусунан дудалактанып сүйлөй албай калганда, чөлмөктөгү суудай жылтыраган көздөрү бир жолу жоголуп, бырыш беттери кыймылдап кетти. Кемпирдин ачуусунун четке жеткенин көргөн Кабыл, азыраак басаңдап, бир жагы өз кыялында: «Күнөкөр болуп жүрбөйүн» деген ой кылт этип, аз аздап жалтайлап калды.

Кемпир көпкө чейин какшанып сүйлөп жатты. Кабыл эми жер чукулап гана отурат. Түн узап баратат. Кемпир унчукпай калды да, жаны күйгөн кишиче кайра күрсүнүп сөзүн баштады.

— Сен эч болбосо молдо-кожо дегенди үйүңө чакырып, тилават-куран түшүртүп, жети атаңдын арбагына бата окутуп коёюн деп ойлобойсуң. Антпесе илешкен немелер үйгө байыр алып, бала-чакага «жүк» түшөт имиш. Ошондонбу, менин да эки күндүн биринде эле бир жерим ооруп калат. Мына бул уулуң ойноп жүрүп, бир паста чырныктай калды…

Ушундай кур жеме аралаш үгүт сөздөрүн улам кайталай берип, кемпир Кабылды уктаткан да жок. Эртең менен эрте камынган Кабыл аялы экөө баласын көтөрүп, медпунктка бара коюшкан. Жаш фельдшер кыз баланын колтугуна даража коюп, көкүрөгүн түтүгү менен тыңшады. Бирок оорусун ажырата албады көрүнөт, райондук доктурканага буюрду. Мына, Кабыл менен Айгүлдүн медпункттан чыгып сестейиңки басып келатканы ушундан.

Кичинекей Сабырдын эриндери көгүш тартып, иреңи саргайыңкы. Көздөрү чылпактагансып, чыргоолонот. Айгүл болсо баланын жүзүнө улам карап алып, ичинен кудайга жалыныч айтат. Кабылга байкатпай көз жашын сүртөт: «Кудай,— деп жакасын карманат,— эмне жазыгым бар эле? Эми мунумдун жамандыгын көргөзөр болсоң, өзүмдү да кошо тарт». Бирок Кабылын бир пас болсо да капа кылгысы келбей, кээде аны-муну сурамжылайт.

— Доктурга азыр эле жөнөйбүзбү?— Кабыл болсо чөнтөгүнде жүрүп кирдеп уйпаланган газетага ортон колдой жоон кылып оролгон ачуу тамекисин үстү-үстүнө соруп, чоң-чоң арыштап басып баратып жооп бербейт.

— Машина күтөбүзбү?— Кабыл дагы эле үнсүз.

— Жооп берип койсоң болбойбу?— Ошондо гана ал көк көздөрүн жүлжүйтө, Айгүлгө кайрылып, калбыгый эриндерин акырын кыймылдата күңкүлдөдү:

— Күтөбүз… Айгүл эми үнсүз артынан келе берди.

Эрди-катын үйүнө жеткенде Кабылдын апасы негедир жок экен. Кабыл Айгүлдү «камын» деди да, өзү баласын алдына туурасынан кучактап, дубалга сүйөнө отурду. Бапы кемпир жогортон желип-жортуп келип Кабылдан иштин жайын сурады.

— Эмне болду?

— Ооруканага буюрду.

— Ооруканаң омурайса экен. Азыр молдо келет, дем салат. Кудай өзү райым айтар.

— Апа!— деп Кабыл сөзүн баштарда тамдын жол жак бурчунан ак селдечен молдо, кылаң этип чыга калды.

Молдо үйгө кирип чөк түшө отурду да, «алхамдулилладан» баштап куран окуп, бата тартты. Бапы кемпир кичинекей Сабырды алып молдонун маңдайында отурду. Молдо балага дем салып кирди. Ал үнүн кыраат менен чыгарып, өз үнүнүн такты боюнча жөө желип кыймылдап, кээде үнүн басаңдата барып, үргүлөгөндөй үн чыгарбай калат. Кээде уйкудан ойгонгондой күчөп кетет. Эриндери шыбак оттогон эчкиникиндей эбиресе, ээгиндеги серейген көк сакалы сербеңдейт. Анан үч жолу удаа үйлөп дем салат.

Молдо болсо түн терметип балага дем салып чыкты. Эртең менен ал чайга отурду да, башын азыраак чайкап коюп шыбырай сүйлөдү.

— Кабыл балам,— Кабыл ормоё тиктеп тыңшайт,— үйүңдө «жүк» оор экен. Анан, баса, атаң ыраматылыктын арбагы азыраак капалуу…

— Айланайын молдом,— Бапы кемпир чайын жерге коё коюп безилдеди,— айтың, айта бериң.

Молдо көзүн жуумп сөз баштады.

— Иши кылып, арбак ыраазы болмоюнча, адам агарып-көгөрүп кете албайт. Атаңдын арбагын ыраазы кыл, балам…

— Айтың, айта бериң,— деди Кабыл түшүнө бербей.

Молдо түндө түшүндө Кабылдын атасын көргөндүгүн айтып, сөздүн аягын «Тилават—куран» түшүртүү керек деген пикирге такады. Молдо өз сөзүнүн ишеничин бекемдеп:— Балам,— деди,— биз кудайдын адамы. Өкмөт өзү хам биздин ишти жөндөп жатпайбы…

Атасы жөнүндө айтканда Кабыл да токтоно албай кетти. Ал шир баш козусун союп, атасына «Тилават-куран» өткөрүп, анан сопулар менен бирге баласынын «Чилиясын» окутту. Ошо күнү да кеч кирип кетти. Бала ийни менен дем алып чабалактайт. Кеч курун молдо баланын жүзүнө карап туруп: «Илешкени» күч, кара жинге бир каптырып койсоңор түзүк болгону турат деген болучу. Аны нессиреп калган Кабыл түшүнгөн да эмес, бирок небересин кучактап отурган Бапы кемпир шып илип алган. «Кара жин» дегени албетте — бакшы. Ошон үчүн, Бапы кемпир таңга маал ат чаптырган болучу. Мына таңдын атышы менен «Келин бакшы» деп аталган бакшы даяр болду. «Келип бакшы» жашы элүүдөн ашып кеткен узун бойлуу жапылдап сүйлөгөн аял эле. (Жаш кезинде эле бакшылык кесибинде «ийгиликтерге» жетишип, ошондон улам «келин бакшы» деген атакты алган дешет.) Ал төрдөгү оору баланы көрөр замат кайра-кайра оозун чоң ачып эсинеп, кээде ачырканган немедей бетин тырыштыра силкинип, отургандардын көзүнө өзгөрүлүп кууланды.

— И-ий, үй ичи пасырык болуп кетиптир. Ушунча да оонабас жан белең, айланайын Кабыл,— деди бакшы далысын күйшөп,— «жүк» дароо мага түштү.

Дубалга сүйөнө көчүк баспай отурган Кабыл сестейип бакшынын оозун карайт. Бакшы анын көзүнө бардык балекеттерди азыр элө кууп чыгарчудай түр менен сүрдүү көрүндү.

Көп өткөн жок. Бакшы майга бышырылган токочтун бетине жети шамын катар сайып күйгүзүп, анын күлүн үйдөгүлөрдүн маңдайына сүйкөп чыкты. Анын баарын Кабыл кунт коюп байкап отурат. Кезеги менен өзү да бакшыга карай тура калганда, сары өңү аябай өзгөрүлүп, карамай болгон фуфайке шымынын тизелери оркоюп чыгып, алда кандай кызык көрүнүшкө келе түшкөн эле. Муну казан-аяк жакта жүргөн Айгүлү байкай коюп, Кабылына эрксиз ичи ачышты. «Байкушум ай, эки күндө үрпөйүп өзгөрүлө түшкөнүн карасаң. Алда кудай ай…»

Коңшу-колоңдогу бала-чакалар Кабылдын үйүнө жык толуп калышкан. Кабылдын апасы оору баланы алдына алып, бакшынын маңдайында. Бакшы бая дүкөндөн алдырган кара сатинди оору баланын үстүнө жаап коюп, «Алда-үй, алда-үй» деп секирип эки-үч айланды да, анан кош бөйрөгүн таяна тамдын шыбын карап алып, кошок кошкон аялдардай үнүн созуп заңкылдады:

Кожом-с ейпил-а кош мазар, авлээй.

Сизден бир медет-а тиледим, авлээй…

Бакшы капкайдагы мазарлардын атын атап, алардан «медет» тилеп, жарым саатча кыйкырды, секирип бийледи. Акыр аягында буркурап ыйлап отуруп калды. Бул— бакшы оюнун көрбөгөн жаш балдар үчүн укмуштай кызык көрүнүш болду…

Бакшы бир топтон кийин «көз жашын тыйып», Кабылга кайрылды.

— Кабыл балам, менин «каргылуу кара тайганым», «Ак чуудалуу тайлагым», «Гүл кыздарым» түшпөй турушат. Азыр бир кара жандык таап келишиң зарыл болду.

— Жандык дейсизби?— үрөйү учкан Кабыл таңдангандай колдур сүйлөдү.

— Ооба, эчкиби, койбу, иши кылып, кара жандык болсун, көчүрткү кылам.

— Көчүрткү?.. Соёбузбу?..

— Жок,- көчүрткү кылган мал союлбайт.— Кабыл ичинен «андай болсо мейли» деп ордунан салмактуу турду да, кече шериги союлуп, жалгыз калган коюн жетелеп чыкты. Андан кийин бакшы көпкө чейин ойноп, баланын оорусун «койго көчүрдү».

Эртең менен «көчүрткү» кылган койду жетелеп, беш метр кара сатинди койнуна салып бакшы жөнөй бергенде Кабыл башка чапкандай көзүн пар ачып, бармагын тиштеп отуруп кадды…

Кызматы кетсе да, малы кетсе да баласы жакшы болуп калса баарына ыраазы болбос беле… бирок баланын оорусу кечекиден да оорлошуп калгандай. Ийнин көтөрө берип дем алган сайын тамагы кыркырайт. Утур-утур эки ууртунан шүйшүн кан кылая берип кайра жоголот. Чынында бул бир укмуштуу оорудай..

Айласы түгөнгөн Кабыл эки көзү чачыраганда колхоз конторасына. шашылып барды. Андагылар салмактуу Кабылдын алактап калганын көрүшүп, телефон чалып райондон тез жардам чакыртышты. Кабыл үйүнө жетип Айгүлүн шаштыра жөнөөгө камынды. Кабыл менен Айгүлдү салган тез жардам машинасы зымырап учту. Эрди-катын бири-бирине сүйлөөгө да дити барбай, экөө эки жерде мүрзө болуп кетип баратышты. Алардын ар кимисинин башында ар түрдүү ойлор ойноп жаткан эле.

Оору баланы узун бойлуу гана арык чырай жигит кабыл алды. Ал ооруну жылаңачтап жаткырды да, баары жогун кылдат карап жатып, оорунун белгилерин ата-энеден сурайт. Акыр аягында күзгү сыяктанган тегерек немесин маңдайына иле коюп, баланын оозунун ичин жарык кылып көпкө чейин шыкаалап жатты. Бир кезде оң колуна чымчуурун ыңгайлап, экинчи колу менен балага дары жыттатты… Ачууга чыдабай бала кыңылдап башын булгалайт. Бир убакта кыпчуурун баланын тамагы жакка узата берип, бир нерсени чымчып сууруп алды. Узундугу кере сөөм, чоң кишинин ортон колундай болуп жоонойгон жыландай кара немени стол үстүндөгү айнектин бетине таштады. Баланын оозунан кызыл кан жошулуп агып кеткенде Айгүл ыйлап жиберди.

— Коркпоңуз,— деди арык чырай доктур жигит,— мына бу сүлүктү көрдүңүзбү? Балаңыздын жумшак таңдайына жармашып, канын соро берип жыландай жооноюптур. Бул — баланын демин бууп өлтүрүп коюшу мүмкүн эле. Бактыңыз бар экен, андай болбоду. Эмне үчүн бул убакка чейин мында алып келбедиңиздер?

— Айланайын колуңдан, айланайын…— Айгүл көзүндөгү жаш менен сөз сүйлөй албады,— кудай ырысым бар экен!..

— Бул сиз айткандай «кудай жиберген дарт» эмес, жеңе. Жаш бала арыктан жата калып суу ичет, көзгө илешпес кичинекей сүлүк тамагына жармашат да, канын сорот. Сиздер кудайга жалынып жүрө бересиздер. Ушундай эмеспи, аксакал,— деп доктур жигит Кабылга карап мыйыгынан жылмайып койду.

Анын жылмайышы Кабылдын кечетен берки молдо, бакшыларга алдатканын угуп алып, тилин тиштеп жылмайып мыскылдагансып туюлду. Кабылдын бүткөн бою чымырап, жаак эттери түйүлө, тиштери бири-бирине кабышып калган эле. Кимгедир кекенүүсү ташкындап, муундары калчылдап кетти. Ал токтоно албай:

— Үкө, мен кете берейинби?— деп жибергенин өзү да билбейт.

— Жок, Кабыл аке, балаңызды алып кетиңиз. Азыр эле ойгонгондо кант таап бер деп жаңжал кылат. Анткени анда температура да, оору да жок.— Доктур жигит сөздүн аягын тамашага салды.

Кабыл өзүнүн орунсуз суроосуна уяла түшүп, тамекиден жоон ороп чекти. Шпристтерин спирт менен сүртүп жаткан доктордун колун өзүнүн колуна окшотту. «Мен да, ал да бирдей адамдарбыз,— деп ойлоду Кабыл,— анын колу да, менин колум да метал кармайт»

Жок жерден үч кой чыгым кылганын эстеп ичи ачышат. «Акмак! Ушул күндө ошолорго алдаткан мен…» Оюнун акырына чыга албай туруп калды. «Акмак!» деп катуу айтып жиберди. Жаш врач жалт каранды: муну ал өзүнө албадыбы деп чочуп кетти. Кабыл бушайманы ичине батпай, өзүнө-өзү кыжырданган түрдө артына шарт бурулду…