АСАНБАЕВ Насыпбек: НАСЫПБЕК АСАНБАЕВ: БОЛБОГОН НЕРСЕ

АҢГЕМЕ

Эки-үч күндөн бери байкаса тиги мусулман кошунасы көрүнбөй калган экен. Адатта, мечиттен калбай намазын кылып же короосундагы бак-шагын карап күдүңдөп жүрө турган. Андан дагы, өтө билимдүү киши болсо керек, адамдар тынбай эле келе берчү. «Аалым, олуя, устат» деп дегеле жерге-сууга тийгизбей көтөрмөлөп да турушат ага келгендер. А тиги жарыктык болсо алардын минтип даңазалап атканын дегеле таназарына да албайт окшойт. Кандай адам келбесин, баарына бирдей мамиле кылып, карапайым жүргөнү жүргөн. Анан калса анын адамгерчилигин айт. Ушул өзүнө кылган мамилеси эле канчалык таң калыштуу.

Мына, бул жерге, мусулмандардын арасына көчүп келгени канча жыл болду. Ошондон бери катуу сүйлөп, кыр көрсөткөндү мындай кой, кайра тууганын көргөндөй жаркылдап, ар дайым ал-акыбалын сурап турат. Болбосо өзүн «каапыр, кайырдин» деп жактырбай карап же жок дегенде эле алыстан айланып, бирдемеси жукчудай денесин качырып турган далай мусулманды көрбөдү беле.

Ушуларды ойлоп отуруп эмнеси болсо да дымырап дайыны чыкпай калган кошунасын бир көрүп коюуну чечти. Таш төшөлгөн жол менен акмалай басып тигинин эшиги жакка басты. Шаардын эли өтө тыгыз жайгашкандыктан, экөөнүн үйү да жабыштырыла салынып, ортосун бир эле дубал бөлүп турчу. Ал тургай сырттан жагынан үйлөрү да бири-бирине окшошуп кетет. Болгону эле калаа жантайма бетке отурукташып калгандыктан, мусулман кошунасынын тамы бир кыйла жапысырак.

Эшигине жакындай келип  жыгач каалгасын үч жолу такылдатып койду. Муну ал так ушул кошунасынан үйрөнгөн.  Өзүн зыярат кылып келгенинде да дайыма, үч жолу гана такылдатар эле. Эгер ушул маалда үйдөн жооп чыкпаса, кайтып кетип калчу. Оюна кошунасынын ушул жоругу келип, өзү да жооп болбосо, кайра тартууну көздөп турду. Аңгыча үйдөн добуш чыгып калды. Тестиер бала шыпылдай келип эшикти кыңайта ача берди да, кайра үрккөн улактай сербеңдеп чуркап кетти. Кыязы, атасына кабар берди окшойт. Үй анча чоң болбогондуктан, наркы үйдөн «киргиз тезирээк» деген үн угулду кулагына. Көп өтпөй жанагы тыпылдаган тестиер кирүүсүн өтүнүп алдында турду. Негедир уялып калганбы же атасын тартып адептүүбү, айтор, көзүнө тик карабай, ыйбаа кылып турат.  Босогону аттап, эми кире берерде мурдуна каңырсыган, өтө жагымсыз жыт «бур-р» дей түшпөспү. Аз жерден кайра бурулуп чыгып кете жаздады. Жийиркеничтүү жыттан иренжий, бети-башы эрксиз тыржыйып, «жыт кайдан келип атат» дегендей үй ичин айланта карап ийгенге да жетишти. Адатта мал өлүгү же жедеп таштанды үйүлүп, кароосуз калган жерлер ушундай жыттанат эмеспи. Бирок үй ичи андай деле ыплас көрүнбөйт. Тескерисинче, көп деле көрөн-шөрөнү жок, жупуну болгону менен баардык оокат орду-ордунда ирээттүү жайгашкан экен.  Далистен өтүп, наркы добуш чыккан бөлмөгө баш бакты. Жанагы жагымсыз жыт бул бөлмөдө тим эле уюп калгандай. Бул жакты да бир сыйра карап алды. Бир капталы китепке, ар демелер жазылган барактарга толуп турган, анча чоң эмес бөлмөнүн төр жагында жаткан экен коңшусу. Мунун келгенин көрүп турайын деди окшойт, жакшы эле обдулду. Бирок тура албады. Төшөк тартып, катуу ноокастап калган го бечара. Жүйүртө басып жанына отуруп ал-акыбалын сурады:

— Кандайсың, жарыктык? Ары бери өткөнүңдө тынбай учурашып, ал-абалымды сурап турчу элең, ошонуңа көнүп калган окшойм. Эки-үч күн көрүнбөй калдың эле, издеп келбедимби.

— Ырахмат, кошунам, рахмат. Келгениңе кубанычтуумун. Акыбалым Кудайга шүгүр. Бир аз ноокастап калыпмын. Өзүң кандай жүрөсүң? Бала-чакаң жакшыбы? Соодаң жүрүшүп атабы? Минтип төшөктөн тура албай, ден-соолугуңду сурап бара албай жатам. Капа болбоссуң?..

— Оой жарыктык, эмнеге капа болойун? Андан көрө өзүңө кара. Суукка урунуп алдыңбы? Үй-жайың жылуубу? – деп сураганча оң жак тарабын карай берип, таң калып отуруп калды. Дубалга шыптан жерге чейин бир кара чүпүрөк тартып салышкан экен. Эшик дейин десе, анын наркы бети өзүнүн үйү. Демек, терезе да эмес. Эмнени жаап коюшту экен? Бир маалда үй ээси өзүнүн көзкарашын байкап отурганын биле калып, ыңгайсыз боло кепти кандай улантарын билбей карбаластап кетти. Караса, кошунасы деле бир нерседен тартынып, кыжаалат болуп отургандай. Кыязы, ал деле эмне деп сөз улап кетерин таппай калды окшойт. Акыры чыдабай сурап жиберди:

— Э кошуна, тиги дубалды эмне жаап койгонсуң?

— Аа жарыктык көңүлүңө алба. Былтыр ошол жер бир аз жарылып кетти эле. Анан жаап койгом.

— Кандай, шыбагы түшүп калдыбы?

— Ии, ошентип атат.

— Кайра шыбап койсоң болмок да,- деди акылдуусуна.

Чынында «бул шыбаганды билбегенинен чүпүрөк тартып койду го» деген ой мээсине зып эте калган болчу.

— Эми, кандай десем. Нары жагынан бир аз суу сарыгып чыгып, шыбак токтобой койду. Анан чыкса чыга берсин деп чүпүрөк тартып салдык.

— Нары жагынан? Нары жагы менин үйүм эмеспи.

— Ооба, ооба. Бирок көп деле эмес. Арзыбаган эле суу.

Эми түшүндү жанатан берки жыттын себебин. Көрсө, өзү үй-бүлөсү менен жуунуп, кийимдерин жууган жайдын так эле тушу тура тиги жер. Жанагы жагымсыз жыт да ошол жактан чыгып жаткан турбайбы. Уялганынан жүзү албырып кетти.

— Э катыгүн! Мурда эле айтпайт белең. Мен бирдеме кылат элем да, — деп чебелектеп жиберди бир маалда.

— Койсоңчу, кутманым. Болбогон нерсени деле сага айтып, сени убара кыла берсем, менин кошуналыгым кайсы. Эч камтама болбочу.

Эмне дээрин билбей калды. Демек, бир жылдан бери мунун байкабастыгынын азабын тартып келатышкан тура булар.  Болбогон нерсе дегенин карачы эми… Кантип чыдашты? Кандай сабыр, кандай адеп менен ушунчалыкка чыдашты булар? Мээсине миң бир суроо туулуп, сүйлөөргө сөз таппай отурду бир саам. Жандүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп, жүзү бир албырып, бир бозоруп кубулуп, акыры:

— Айтчы, урматтуу олуям, бул силердин динде ушундайбы? – деп сурады жүзүнө эңиле.

— Жарыктык, анын несине таң каласың? Бизге — мусулмандардын баарына,  колу-коңшуга жакшы мамиле кылуу катуу буйрулган.

— Ошондой де. Анда кадырманым, бүгүндөн баштап мени да диндешиң деп бил. Мага дин Исламды үйрөт олуям, — деп сабылып жиберди. Ой пикирин түп тамырынан өзгөрткөн чечиминен толкунданып кеттиби же жүрөгүнө капилет орногон ыймандын жылуулугу сууруп чыктыбы, айтор, көзүнүн кычыгынан тоголонгон жаш жаак ылдый салаалап, жерге куланып жатты.